Бул тууралуу маалыматты “РухЭш” сайтына журналист Канат Алманбетов өзү билдирди жана бул боюнча тиешелүү күч түзүмдөрүнө расмий түрдө арыз-кат жолдогонун кошумчалады. Ислам-фанаттарынын коркутуп-үркүткөнү боюнча кесиптешибиз мындайча баяндайт:

Урматтуу калайык калк! Баарыңыздарга жакшылык каалап, бир маселени ортого салгым келип турат. Мен журналистмин. Жаңы жыл алдында христианчылыктагы протестант агымындагылар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдашат. Кыргыздардын арасында да Иса пайгамбарга ишенгендердин бар экендиги жаңылык эмес.  Эмесе, мен ошол майрамга утурлай бул агымдын бир өкүлүн студияга чакырып, “Кыргыздар эмне үчүн Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдап жатышат?”деген суроонун айланасында маек кургамын. Себеби коомчулук арасында ар кандай аңыз кептердин чыгышына себепкер болуп жүргөн бул адамдардын ишеними, жүрүм-туруму, коомго пайдалуу же зыяндуу жактары тууралуу өз ооздорунан угуп, билгим келди.

Тагыраагы, бул адамдарга карата эмне үчүн калайык тарабынан кастык көп экени, алардын арасынан көз жумган маркумдарын жерге берүүдө эл арасында, диний өкүлдөр арасында эмне үчүн курч мүнөздөгү тирешүүлөр болуп келе жатканы менде да кызыгуу жаратты.  Ошол берүүнүн алкагында мусулман деп эсептелип келген кыргыздардын арасынан эмне  үчүн башка динге өтүп жатышат деген эң негизги суроо да берилип, угармандар тарабынан ар кандай маанайдагы суроо, сунуш-пикирлер айтылган. Менин журналист катары милдетим бул ишенимдин өкүлдөрү менен элдин ортосундагы айрым түшүнбөстүктөрдү ачыктап, туура маалымат алып берүү гана болчу. Бирок ошол уктуруудан кийин жеке менин дарегиме ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр, адепсиз мазмундагы сөздөр, жеке инсандык аброюма шек келтирген  билдирүүлөр келе баштады.

Мен мындай кылып жаткандардын ким экенин тааныбайм. Жагдайдан пайдаланып ошол адамдарга кайрылгым келет. Айланайындар! Силердин кандан башка күсөгөн нерсеңер жокпу?  Максатыңар силердикинен айырмаланган көз караштагы адамдарды жеп-жутуубу?

Менин журналист эле эмес адам катары да тилегим – алакандай кыргыз элибизде тынчтык болушу. Ансыз да кыйынчылыгы көп бул турмушта бири бирибизге колдоо көрсөтүп, жыгылганды тургузуп, адашканга жол көрсөтүп, адамгерчиликтин асыл сапаттарын колдонбойлубу?!

3 Replies to “«Окей» радиосунун журналисти Канат Алманбетовго ислам-фанаттарынын тынымсыз коркутуулары эмнеге күчөдү?”

  1. ислам темасы жонундо ой пикир алмакчы болгон журналист жана башкалар,,,биринчи исламды,жб.окуп изилдеп чыгып анан суроо узатсанар сураныч,журналист грамотный болушу керек,неге бул же тигил жак мени жаман корду-деп бушайман болбойт эленер да,оз жумушунарды так,майын чыгара аткарган болот эленер.кыргыз журналисттери ото карангы экенин мындан билели,берген суроолору 6 жашар кызымдын суроосундай.кечиресинер,передача алып барбай эле,озу биринчи билиши керек.

  2. динчилдер кыргыздын түбүнө жетет, буларды бийлик катуу көзөмөлгө албай келгенинин азабын эми тартып атабыз. Күч органдарынын күчкө салуусу менен тыйганга да болбойт буларды, буларды коом өзү тизгиндеши керек.

    1. динчил дегениниз Кудайга баш ийгендер дегениниз го,таксыр,Кудайдан жогору нерсе бул ааламда барбы деги-деп озунузго суроо берип корунуз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.