Аңгеме-жомок

Илгери-илгери кооз жана сулуу жазуу боюнча атагы алыска кеткен Теңиз аттуу бир адам болуптур. Аны падыша алтын сарайына чакыртып алат да, сарайын кооздотот, мечиттерине, чайканаларына, түрдүү мунараларына кооз-кооз сүрөттөрдү тарттырат, сулуу жазууларды жаздырат. Падыша ал үчүн Теңизге көп маяна төлөп, өзүнөн алыс кетирбейт, башка бардык сүрөтчү жана жазгычтарды кызматтан бошотот. Теңиздин жазган ажайып жазуулары жана керемет сүрөттөрү менен падышанын да атагы алыска кетип, даңазасы артат.

Мындай абал Теңизден башка сүрөтчүлөр менен жазгычтардын көчөдө жумушсуз калышуусуна алып келет. Алар бул үчүн нааразы болушуп, баары чогулуп Теңизди жок кылууну ойлошот.

Бир күнү алар киши өлтүргүч каракчыларды жалдап, көп акча беришет да, Теңиздин “көзүн тазалоого” жумшашат. Бирок каракчылар чебер сүрөтчүнү, устат жазгычты өлтүрүүгө колдору барбайт да, анын эки колунун манжаларын бүтүндөй кесип салышат.

— Сен тагдырыңа ыраазы бол,- дешет каракчылар, аны ээн талаага жалгыз калтырып кетип жатышып,- досторуң сени өлтүрүүгө жумшашкан. Бирок сендей атагы алыска, даңкы далайга кеткен сүрөтчү-жазгычты өлтүрүүгө колубуз барбады…

Ошентип, керемет сүрөттөрдү тарткан  колдорунан ажыраса да,  каракчылардын кайрымдуулугунан  улам аман калат.

Теңиздин  мындай абалы туурасындагы суук кабар акыры падышага жетет. Абалын билмекке падыша жигиттерин жиберет. Манжаларынан ажыраган бул мунжуну падышанын жигиттери көрөт да, “эми мындан ары падышага сенин керегиң жок”,- деп сарайга келүүсүнө тыюу салышат.

Мунжуга айланган кечээки даңазалуу Теңиз эми эмне кыларын билбей, үй-бүлөсүн кантип багуунун жолун таппай, шаар ичинде каңгып калат.

Сүрөтчүлүк менен жазгычтыктан башка эч нерсе колунан келбей турганына, ансыз ал бир үзүм нан да таба албастыгына көзү жетип зарлап ыйлайт.

Анын ордуна баягы ичи тар, Теңизди өлтүрүүгө  каракчыларды жумшаган достору падышанын сарайына ишке орношот. Теңизден кутулганына  сүйүнүшүп, сайран курушат.

Даңазалуу жазгычтын ысмы  бат эле унутула баштайт.

Ал ошондо үй-бүлөсүн, ал тургай кара курсагын бага албаган бечерага айланса да, анын көкүрөгүндө жараткан берген улуу өнөр бар болчу. Кандай болгондо да, ал баягыдай чебер жазууну, кооз-кооз сүрөт тартууну көздөй берет. Андай сулуу жазуулар, кооз сүрөттөр ойгоо болсо көзүнөн, уктаса түшүнөн  кетпейт. Кандайдыр бир күчтүү сезим аны мүңкүрөп калуудан сактап турат.

«Мен баары бир сөзсүз баягыдай сулуу жазам жана кооз сүрөттөрдү тартам,- деп өзүн  өзү ишендире берет Теңиз, — Бирок кантип?»- деп башын катырат.

Ошондо ал бир күнү аялынан сүрөт тартчуу кыл калемин манжасы жок каруу  жилигине байлап берүүсүн  суранат. Анан ал ийкемсиз каруу жилигин жазууга  жана сүрөт тартууга күнү-түнү көнүктүрө баштайт.

Адегенде, кайра баягыдай кооз жазуудан калдым деп кайгырып, көз жашын көлдөтөт. Бирок бар күчү менен эркин жумшап машыга берет, каруу жилигине таңып байлаган калеми менен жазууга аз-аздап көнүгө баштайт. Көшөрүп кылган аракети текке кетпейт. Бара-бара жазган жазуулары менен тарткан сүрөттөрү мурдагыларына окшошуп, акыры алардан  да кооз болуп чыга келет.

Теңиз, качан өзүнө-өзү ишенгенде, баягыдан да кооз тамгаларды көшөрө тизип жазып,   кат жиберет падышага. Падыша ушунчалык кооз тамгалар менен жазылган катты таң кала окуйт да, бул жазгычтын тезинен өзүнө келүүсүн өтүнүп, жигиттерин жөнөтөт.

Көп өтпөй падышанын алдына манжалары жок, каруу жилигине калеми байланган баягы өзүнүн жазгычы алынып келинет. Падыша жазгычын  көрүп, анын башына мындай оор абал кантип түшкөнүн сурайт. Теңиз болгон ишти жашырбай айтып берет. Кайра канткенде сүрөтчүлүк өнөрүн кайрып алганын  өз оозунан угуп,  падыша эркинин  күчүнө  тан берет.

Ошондо падыша жазыксыз жазгычын сарайына киргизбей койгону үчүн  уялып,  кечирим сурайт да, аны далай жыл азапка салган, ушундай абалга жеткирген,  манжаларын кестирип мунжуга айланткан  ичи тар сүрөтчү достору менен жазгычтарды орго салдырат.

— Мен сага мурдагыдан да көп акы төлөп берейин. Менин сарайыма кайрадан кел,- деп өтүнөт падыша.

Теңиз падышага ыраазы  болот да, бир  суроосу бар экенин айтат.

— Айт, — дейт падыша.

— Өтүнөрүм,  орго салган сүрөтчүлөрдү эркиндикке коё бериңиз,- дейт ал,- оокатын кылып жүрө беришсин. Адамды өлтүрүп коюуга болорун, бирок өнөрдү эч качан өлтүрө албай турганын алар өз көздөрү менен көрүшсүн.

Падыша Теңиздин чеберчилигине гана эмес, адамдык бийиктигине да, акылына да  ыраазы болуп, айтканын аткарат.

Теңиз кайрадан  кооз сүрөттөрдү тартып, сулуулап жазып, “манжалары жок чебер жазгыч” аталып, даңазасы мурдагыдан да артыптыр…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.