Азыркы кыргыз тилинде жыпар сөзү 1. аӊкыган жакшы жыт; 2. жыты аӊкыган, жыты жакшы, жакшы жыттуу деген зат атоочтук жана сын атоочтук маанилерди туюндурат (Кыргыз тилинин сөздүгү 2010:520). Көп учурда антропоним катары да колдонулат. Бул жөнүндө кыргыз ысымдарын изилдеген белгилүү окумуштуу Ш. Жапаров мындай дейт: «Жыпар кыргыз жашаган аймактын бардык жеринде (бүгүнкү күндө кыз баланын ысымы катары) кездешет. Анын мотиви жыттуу, жагымдуу, сүйкүмдүү, жылдызы жанган кыз болсун деген тилек менен байланышкан» (Жапаров 2004:71). Мындан тышкары бул сөз жыпар самын, жыпар мончок деген сыяктуу кошмок сөздөрдүн курамынан да учурайт.

Жыпар сөзүнүн «мускус» деген байыркы көөнө мааниси азыркы кыргыз тилинде унутулуп, жогоруда көрсөтүлгөн маанилери гана сакталып калгандыктан, К.Сейдакматов өзүнүн «Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү» аттуу эмгегинде бул сөздүн келип чыгышын төмөнкүдөй божомолдогон: «Буркураган жагымдуу жыт кыргыз тилинде жыпар аталат. Бул сөз иранча чахар-бар «төрт кырдуу» сөзүнүн чарбар > йапар > йыпар > жыпар болуп тыбыштары өзгөрүшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Анткени төрт кырдуу сандык куурайдын, көкөмөрөндүн, жалбыздын, кийик оттун жыты жыпар жыттанат. Алгачкы «төрт кырдуу» деген иран сөзү кийин тыбыштык жактан өзгөрүү менен бирге, мааниси боюнча да өзгөрүүгө учурап, «жагымдуу жыт» дегенди туюнтуп калган окшойт» (Сейдакматов 1988:113).

Ал турсун кыргыз тилин, тарыхын жакшы билген атактуу лексикограф К.К.Юдахин да тилдин бүгүнкү абалы менен чектелүүгө аргасыз болуп, төмөнкүдөй маалымат берген: «жыпар — благовоние, благоухание; благовонный, благоухающий; жыпар — самын туалетное мыло; жыпар жыттан — благоухать; жыпар жыттуу — благоухающий, благовонный (Юдахин 1965:283). Бирок сөздүктүн башка бир жеринде ал көбүнчө «Манас» эпосунан кездешүүчү «жыпар аӊкып, жеп бурап» деген сапты «благоухая мускусом и издавая запах жести» деп которуу менен жыпардын азыркы мускус экенин даана көрсөткөн (Юдахин 1965:160). Ушундан улам окумуштуу бул сөздүн төркүнүн билген эмес деп айта албайбыз.

Жогоруда айтылгандай, жыпар сөзү «Манас» эпосунан да кездешет жана мындагы мааниси түпкү маанисине жакыныраак. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Жыпар менен буулган Жибектен боону тагыпмын» деген саптар бар (Орозбаков 2017: 52). Бирок котормочулар анын түпкү маанисин билбегендиктен, түрк тилине: «Itır ile yıkanan İpekten kuşak takmışım» деп которушкан, тагыраак айтканда, жыпар сөзү арап тилинен кирген ытыр ( > атыр) сөзү менен берилген (Орозбаков 2017: 52).

Ал эми А.Алдашев өзүнүн «Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгүндө» бул сөздү «мускус» деп орусча атап, «Айбандардын атайын жаралган бездеринен чыгарылган бөтөнчө жыттуу суюк зат» деп аныктама берген (Алдашев 1998:59).

Бирок жыпар затынын жана аны туюндурган сөздүн байыркы бабаларыбыздын жашоосунда болгонун тарыхый маалыматтар тастыктайт. Алсак, Мухаммад ибн Наджиб Бекрандын «Жахан-наме» аттуу эмгегинде жыпар боюнча төмөнкүдөй маалымат берилген: «Жыпар (мускус). Жыпардын эӊ мыктысын Хотандан алып келишет, андан кийинкиси Тибеттен алып келген жыпар, андан кийин татар жыпары, андан кийин кыргыз жыпары, андан кийин кашмир жыпары, андан кийин деӊиз жыпары. Жыпардын эӊ начары – деӊиз жыпары, анткени деӊиздин бууланышынан улам анын жыты кайтып калат. Жыпар дабет ал-мушк (б.а. жыпардуу жаныбар) деген маӊдайында мүйүзү бар чоӊ эликтин киндигинде болот. Жыпар бул жаныбардын киндигине чогулган кандан пайда болот, [киндик] кычыша баштаганда, ал киндиги менен ташка, дарактарга кашына баштайт жана акырында жыпардуу баштыкча түшүп калат да, [киндик] кычышпай калат» (Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары 2002:77).

Кыргыз тилинде буга байланыштуу «жыпар киндик» деген сөз сакталып калган жана ал «аялзатына сүйкүмдүү, кыз-келиндер жакшы көргөн адамдарга айтылат» (Кыргыз тилинин сөздүгү 2010:520-521). К.Юдахин бул сөздү мээр чөбү бар же мээр чөптүү дегендин синоними деп аныктаган: «мээр чөп приворотная трава; мээр чөбү бар или мээр чөптүү (о мужчине) покоритель сердец, сердцеед» (Юдахин 1965:548).

Жогорудагы жыпар киндик байыркы мезгилде кош сөз катары колдонулган болушу да ыктымал, анткени киндик сөзүнүн айрым Сибирь түрк тилдеринде «мускусная железа самца кабарги; струя кабарги» деген маанилери бар жана байыркы түрк тилинде «мускус» деген мааниси да болгон. Этимологдор муну эликтин жыпар калтасы киндикке жакын жайгашкандыгы менен түшүндүрүшөт. Ушул сыяктуу эле перс тилиндеги наф «киндик» жана нафэ «мускусная железа кабарги» деген сөздөрдүн да уӊгусу бир экени маалым. (Этимологический словарь тюркских языков 1997:68-69).

Бирок байыркы мезгилде түрк тилдеринде жыпар сөзүнүн «мускус» деген мааниси болгону сөздүктөрдө белгиленген: «жыпар: 1. мускус: мен жыпар чачтым я разбрызгал мускус; 2. аромат, запах (Древнетюркский словарь 1969:267). Түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүндө бул сөздүн төрт мааниси берилген: 1. мускус; 2. приятный запах; 3. выхухоль; 4. желтоватые цветы колючего растения, произрастающего в бесснежных местах, не теряющие своего запаха при увядании (Этимологический словарь тюркских языков 1989:284). Этимологдордун ою боюнча, бул сөз түрк тилдеринин төл сөздөрүнүн курамына кирет жана жыт деген сөз менен тектеш. Алар байыркы түрк тилиндеги жыд-жыпар «запахи, ароматы», жыдлыг-жыпарлыг «имеющий запах, благоухающий» деген кош сөздөрдү буга далил катары келтиришет. Мунун изи азыркы кыргыз тилинде да сакталып калган: «жыт-жыбыр — всякие запахи; бир нерсенин жыт-жыбыры билинеби — не пахнет ли чем-нибудь» (Юдахин 1965:284).

Ал эми мускус сөзүнө келе турган болсок, азыркы кыргыз тилинде бул сөз термин катары колдонулат. А.Алдашев «Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү» аттуу эмгегинде ага төмөнкүдөй түшүндүрмө берген: «мускус (биохим.) – мускус; айбандардын атайын жаралган бездеринен чыгарылган бөтөнчө жыттуу суюк зат» (Алдашев 1998:59).

Этимологдордун ою боюнча, бул сөздүн теги байыркы санскрит тилине барып такалат. Андагы мушкас «калта» деген сөз кийинчерээк перс тилине «муск», андан латын тилине «мускус» шекилинде өткөн. Байкалып тургандай, орус тилине латын тилинен кабыл алынган. Ошентип, азыркы кыргыз тилинде бир эле нерсе жыпар жана мускус деген ат менен эки түрдүү аталып жүрөт деп айтсак болот.

Жогоруда айтылгандай, К.Юдахин сөздүктүн иллюстрациялык материалдарында жыпарды «мускус» деп туура которгон: «жыпар аңкып, жез бурап фольк. благоухая мускусом и издавая запах жести (Юдахин 1965:160); жыпар күңкүп, жез бурап, жөн эле кыргоолдой кулпурат фольк. благоухая мускусом и издавая запах жести, (она) красуется, как фазан» (Юдахин 1965:468). Туруктуу колдонулган бул сөз айкашы көбүнчө аялдарга карата колдонулат:

«Көрсөң жеңең жаркылдап,
Аркардай таңы кылайып,
Айкөл төрө алдында
Акырын сүйлөп муңайып,
Шекер сөздүү, нур көздүү
Жыпар аӊкып, жез бурап.» («Манас»)

Жетинчи күнү болгондо,
Айнектей болгон сулуу кыз
Алмаңа бурала басып жеткени.
Жыпар күӊкүп, жез бурап,
Жөн эле кыргоолдой кулпурат.
Кыздын аты Бурулча,
Акыл-эси кыйынча. («Манас»)

Кыргыз тилинде буруксу-, буркура- деген этиштер менен тектеш бура— этиши «буруксуп жыттануу» деген маанини билдирет. Бирок металлдын бир түрү болгон жез буруксуп жыттанышы мүмкүн эмес. К.К.Юдахин да мындай учурлардын бардыгында жезди «жесть» деп которуп коюу менен чектелген: «атыр бурап, жез күңкүп фольк. издавая аромат духов и запах жести» (Юдахин 1965:468).

Көбүнчө «Манас» эпосунан кездешүүчү бул туруктуу ыр сабы эмне үчүн мындай айтылып калган? Биздин оюбузча, мунун себеби жогорудагы мускус сөзү менен байланыштуу. Бул сөз перс тилинен арап тилине өтүп, андан түрк тилдерине миск түрүндө өткөн жана жыпар деген төл сөздү сүрүп чыгарган. Мисалы, азыркы түрк тилинде жыпар сөзү жок, анын ордуна миск сөзү колдонулат жана  «misk gibi kokmak – жыпар жыттануу» деген сыяктуу сөз айкаштарынан курамынан көп кездешет (Түркчө-кыргызча сөздүк 2005). Белгилей кете турган нерсе, түрк тилинде бул сөз мис түрүндө да колдонулат. Жыпар сөзүнүн «мускус» деген түпкү мааниси унутулуп калганына караганда, мис сөзү кыргыз тилинде да колдонулса керек.

Ал эми кыргыз тилинде иран тилдеринен кирген мис деген дагы бир сөз бар жана ал «жез» маанисинде колдонулат: Туурдугуӊ киш болду, ит аягыӊ мис болду (Тоголок Молдо). Көрүнүп тургандай, бул иранизм жогорудагы мис деген арабизм менен тыбыштык жактан дал келип калат. Албетте, бул сөздөр оозеки тил аркылуу келип киргендиктен, алардын мааниси чаташып, түшүнүксүз болуп калган. Натыйжада, түшүнүксүз сөздү төл сөз менен алмаштырып айтуу аракетинен улам «жыпар, мускус» маанисиндеги мис сөзү элдик оозеки чыгармачылыкта жогоркудай жез деп айтылып калса керектигин болжолдоого болот.

Таалайбек Абдиев

филология илимдеринин кандидаты, доцент

Кыргыз-Түрк «Манас» университети

taalaykambar@gmail.com

Адабияттар

  1. Жапаров Ш. Адам аттары – эл байлыгы. Бишкек, 2004.
  2. Сейдакматов К. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сөздүгү. Фрунзе, 1988.
  3. Юдахин К. Кыргызча-орусча сөздүк. Москва, 1965.
  4. Орозбаков С. Манас. 1-том. Стамбул, 2018.
  5. Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары / Котор. М.Кожобеков, Т.Абдиев – Бишкек, 2002.
  6. Кыргыз тилинин сөздүгү. Бишкек, 2010.
  7. Древнетюркский словарь. Ленинград, 1969.
  8. Этимологический словарь тюркских языков. Москва, 1989.
  9. Алдашев А. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. Бишкек, 1998.
  10. Жумакунова Г. Түркчө-кыргызча сөздүк. Бишкек, 2005.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.