Олжобай Шакир: Бата фокусуна байланган элдик түшүнүк

Кыргыздын кылымдап келген “бата менен эл көгөрөт” түшүнүгүнө философия илими кандай жооп берерин билбейм, бирок бул түшүнүктү карандай акылга, логикага, турмуштук сезим-туюмга салып кароого эч ким тыйуу сала албас маган. Андыктан ушул түшүнүктүн тегерегинде өз акыл чөйчөгүмдү калчап отуруп, логикалык мындай бир суроо туулду: дүйнөдө эң алдыга өнүгүп-өскөн кайсыл элде бата түшүнүгү жашайт болду экен? Маселен жапон, еврей, немис, француз, кытай, корей же малай элдерин бата менен агарып-көгөргөн элдер деп айтууга болобу бүгүн? Ушул элдердин аң-сезиминде, түшүнүгүндө ата-бабаларынан калган бата […]

Эстон эл жомогу: Ар ким өзүнө тийиштүүсүн алды

Бир кембагал жолоочу абышка сапар тартып  келатты. Күн батып, түн жамынып калгандыктан жакын жердеги үйлөрдүн бирине суранып, түнөп кетүүнү чечти. Чоң үйдүн терезесин черткилеп: — Түнөгөнгө уруксат бекен?- деди. Байдын аялы чыгып аңкылдап, кыйкырып калды. — Азыр итти бошотом! Дегеле түнөгүчүн көр! Жогол көзүмө көрүнбөй! Жолоочу андан ары жолун улады. Келатып эски кичинекей үйдү көрдү. Терезесин черткилеп: — Түнөгөнгө уруксат бекен?- деди. — Келиңиз, кириңиз! Бирок менин үйүм тар, нааразы болбо, — деди сыпайы. Абышка үйгө кирип: анын жакыр жашаарын, […]

Бахтияр Шаматов: Дөңгөлөк  жылдар

(Алыскы сапарга жүрүүчү поезд узатуучусунун жол аңгемелери) Кириш сөз Бир кезде темир жолго келип, болгондо да алыс сапардагы поюздарга узатуучу болуп иштейм деген түшкө да кирген эмес. Менин да буга чейин жакшы кызматым бар эле. Бирок улуу мамлекет тарагандан кийин эгемендик менен кошо кирип келген, ойго түшкө кирбеген шумдук заман бүтүндөй бир муунду жапырт көчөгө ыргытты. Алардын ичинде карайлаган мен да жан багуунун аргасын жасадым, тагдырдын жолу ары-бери калчап отуруп, акыры темир жолго алып келди да, күндөрдүн бир күнүндө мурдакы […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Асман. Үпүп. Жамбы эжем

ЭССЕ Эмнеден улам коркуп калдым экен? Асмандан абдан коркчумун. Жомоктогу жезкемпир, кара дөө, сыйкырчылардын баары мага келсе, асмандан гана келүүчүдөй туюлчу. Жердин үстүндө жакшылар, асманда жамандар жашайт деп ойлочумун… Бирок менден өйдө жактагы асманга учуп кеткен, канаты бар: чымын, көпөлөк, аары, чиркей, чымчыктардын баарына суктануум эч токточу эмес. Алар каалаган жагына учуп барышат, гүлдүн, талдын, тамдын үстүнө, керек болсо тээ булуттардын арасына да учуп барып конуп олтуруп алышат деп кызыкчумун. *      *      * Бир күнү өзгөчө кооз, өзгөчө сулуу канаттууну […]

Харуки Мураками: Уйкум келет…

АҢГЕМЕ Cорпо ичип жатып эле уктап кеттим. Кашык колумдан жылмышып, тарелканын кырына тийди. Күтүлбөгөн добуштан улам бир нече адам мен тарапка карап, жанымда отурган кызым жөтөлүмүш болуп калды. Айла жок, столдо уктап кеткенимди  сезбесин деп, деги эле укмуш бирдеме көрүп жаткандай оң колумдун алаканын ары-бери оодара тиктейм. Он беш секундадан кийин алаканымды жайына коюп, улутунуп,  жүгөрү сорпого кайрадан кириштим. Башыма эч нерсе кирбей, көзүм тумандап, көк желкем сыздайт.  Эки размер кичине бейсболка-кепканы алдын арты кылып, башыма кептеп алгансып кийдим. Тарелканын […]