Тажик эл жомогу: Эшек менен төө

Бир жолу эшек менен төө кербенчилерден калып калышты. Чөбү белден буралган шалбаага туш болгон алар бат эле семиришти. Төө токтоолугун сактады, эшек майын көтөрө албай ары-бери ойдолоп баса баштады, жата калып оонады, кыскасы, көпкөлөңүнө тартты. — Менин ырдагым келип атат, — деди буулуккан ал бир күнү. — Койсоңчу досум, ырдаганды билсең бир жөн, айкырганга эле барсың го, ал үнүңдү адамдар укчу болсо экөөбүздү тең айдап барып жүк артышат,- дейт коркуп кеткен төө. — Талантыңды көрө албайм деп эле ачык айтпайсыңбы, […]

«РухЭш» сайтын колдоо акциясы Нодирбек Каримовдон Чыныбай Турсунбековго өттү

Улуттук адабиятыбыздын жана маданиятыбыздын жүгүн көтөрүүдөгү “РухЭш” сайтынын аракеттери Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынып, аталган сайтты өнүктүрүү максатында уланып келе жаткан эстафета саамалыгын мен да чын жүрөгүм менен кабыл алдым. Коом агартуу максатындагы алгылыктуу иштерди колго алгандыгы менен кеңири окурмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон “РухЭш” сайтынын чыгармачыл жамаатынын ишине ийгиликтерди каалайм! Ошондой эле буга чейинки эл өкүлдөрү улантып келе жаткан эстафета шарты боюнча сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине өзүмдүн атымдан 3000 сом көлөмүндөгү жардамымды жөнөттүм. Ал эми өзүмдөн […]

Улуттук маданияттын өсүүсүнө эмгеги эбегейсиз Мануйлова

Бишкектин скульптура-архитектуралык келбетин көркөмдөөдө Ольга Максимилиановна Мануйлованын эмгеги зор. Ал өз эмгектери үчүн Эл сүрөтчүсү наамына 1954-жылы татыктуу болгон биринчи скульптор. Сиз эгер жоон топ адамга бет келсеңиз, алардын арасынан Ольга Мануйловага сөзсүз көңүл бурмаксыз. Чачтары куудай ак, ак жубар жүздүү, моймол көз, мээримдүү, алпейим байбиче. Менин эсимде Ольга Мануйлованын элеси дал ушундай сакталып калды. Анын жан отунан, чебер колдорунан жаралган эмгектер көбүңүздөргө тааныш. Опера жана балет театрынын маңдайы — фронтонунун көркүн ачкан фигуралар. Жоомарт Бөкөнбаевдин Эркиндик бульварындагы бюсту. “Ала-Тоо” […]

Еврей макалы: Аялдар аз сүйлөсө, эркектер көбүрөк иш бүтүрмөк

Кайсы эл болбосун, баарынын дүйнө таанымы алардын макал-лакаптарында, учкул сөздөрүндө катылган. Дүйнө элдеринин түркүн маданияты, ар кыл менталитети жана азил-шакабалары менен таанышканда, биз да алардын дүйнөгө, жашоого, жарыкчылыкка болгон мамилесин дагы да тереңирээк түшүнөбүз. Еврей элинин бүтүндөй акылмандыгы да алардын учкул сөздөрү менен бир сүйлөмүнө бүтүндөй жашоо камтылган макалдарында. Акчасын жоготуп, уурдатып ийишсе, акылман еврейлер мындай дешет: “Жаратканга миң шүгүр, болор кырсыкты акча менен алып кетти!” *     *      * Эгерде маселени акча менен чечүүгө мүмкүн болсо, анда бул маселе эмес, […]

Жусупова Риза: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести (өспүрүмдөр конкурсуна)

«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна №6 дилбаян Айтматовдой мугалим боло электир… Мезгил жана мораль, абийирдүүлүк жана амалкөйлүк, инсандык жана көрпенделик… Эзели эскирбес бул түшүнүктөр жайында ой өкчөп, акыл калчабай калган маал кулак угуп, көз көргөн бул өтмүштүн мүлдө тарыхында боло элек болсо керек. Менимче мезгил өзү негиздүү менен негизсиздин көбүн айырмалап, кайсынысы кыярбас чындык да, кайсынысы кызылдай калп экендигин аныктоо кыйын болуп турган чакта Айтматовду окуунун зарылдыгын күн тартибине койду окшойт. Ч.Айтматовдун мен өзгөчө сүйүп окуган чыгармасы «Деңиз бойлой жорткон […]