«Айтматовдун мен окуган чыгармасы» конкурсуна

№6 дилбаян

Айтматовдой мугалим боло электир…

Мезгил жана мораль, абийирдүүлүк жана амалкөйлүк, инсандык жана көрпенделик… Эзели эскирбес бул түшүнүктөр жайында ой өкчөп, акыл калчабай калган маал кулак угуп, көз көргөн бул өтмүштүн мүлдө тарыхында боло элек болсо керек. Менимче мезгил өзү негиздүү менен негизсиздин көбүн айырмалап, кайсынысы кыярбас чындык да, кайсынысы кызылдай калп экендигин аныктоо кыйын болуп турган чакта Айтматовду окуунун зарылдыгын күн тартибине койду окшойт.

Ч.Айтматовдун мен өзгөчө сүйүп окуган чыгармасы «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести болду. Адегенде баары  адаттагыдай эле адабият сабагынан башталды. Эжейибиз Гүлипа Таирова повесттин китепте берилген үзүндүсүн бизге окутуп, үйгө чыгарманы толук окуп келүүнү тапшырма берди. Адамдын адам болуп калыптануусунда китеп окуунун орду эбегейсиз экен. «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» мени табият тарыхынын эзелтен басылбай келаткан өчөгүштүү каармандар жүргүзүп келаткан жер менен деңиздин, күн менен түндүн, караңгылык менен жарыктыктын айыгышкан кармашы жүрүп турган алыскы Охот деңизине ээрчитип кетти. Ал жерде коюу тумандуу бороон-чапкын коштогон толкундар кайыгын чабындыдай айлантып адаштырган төртөө: Орган аткычх, Эмрайин карасакал, Мылгун аки жана бала Кириск табигаттын зор сыноосунда калышкан. Кайыкка ташыган суу толуп чөкмөк болушканда бар буюмдарын: нерпанын этин, ором-ором аркандар, гарпун, эки бирдей винчестер мылтыкты бүт деңизге ыргытышты. Үч күнчөлүк убакытта кол бочкедеги ичерге суу калбай, кыйырсыз деңиз бетинде бу төртөөнун кубат берээр азыгы, жол көрсөтөөр жылдызы жок, айла-амалдары да түгөнөт. Мага берилген окурмандык бир гана мүмкүнчүлүк бар. Ал да болсо, туталанып, бушайман болуп окуяны кайра-кайра башынан окуй берүү…

Адамга өмүр бою керек болгон адамдык акыл, айла-амал, ишеним, эрк, сабыр жана башка инсандык сапаттарды калыптандыруучу, тарбиялоочу касиети менен бул повесть мен үчүн баалуу. Менин өмүрүмдөгү эки тилде: орусча да, кыргызча да салыштыра окуп, кайра окуган сайын жаңы түшүнүктөрдү жараткан чыгармам «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» болду. Залкар жазуучунун акыл-туюмунан жаралган, чиеленип-чаташкан бул повесттеги окуяга сүңгүп кирип, түшүнүү менен окуп, жана акырында дил баяндамасын жазып көрүү бактысы ар бир эле окурмандын тагдырына буюрула бербесин ойлойм да, шүгүр кылам. Чыгарма абдан кызык окуяны баяндайт.

Баш каарман өспүрүм Кирисктин алгачкы жолу нагыз мергенчилер менен чоң деңизге чыгышы, ата кайыгына түшүп чыныгы ууга жөнөшү эле. Ошондуктан ич толкунун билдирбеске тырышса да, тула боюн мактаныч бийлеп, кара тору өңү албырып, таноолору дердеңдеп, бетиндеги ууру сепкилдери байкала түшүп, бакыт чалкыган нурдуу тунук көздөрү жалтылдап келатты. Орган чал ордунда ойдолоктогон баланын көңүл күүсүн билсе да ууртуна кирген жылмаюусун басып, жаактарын шимирилте эрдиндеги канжасын үстөккө-босток сорот. Анткени ушуну менен деңиз мергенчисинин өмүр жолун баштамак. Деңизде башталган өмүр акыры бир күн деңизде бүтмөк. Бала сапарга азыртан бышсын, деңиз аңчысы болуу оңой эмес. «Жаман аңчы – ашыкча жүк» деп мурункулар бекер айтпаган. Ала-дөбөттүн жакасын жайлаган нивхилердин Айым-Балыктан тараган уруу журту да баланын бул сапарын байкамаксанга алды, көп деле маани бербегендей болушту. Жалгыз апасы узатып чыгып уулуна атайылап үн катты: «Токойго бар, байка, отунун кургак болсун, адашып кетпе!» Ал анткени Кинр деген  азыткы, жин-перилердин зыян берүүсүнөн баласын коргогону эле. Баланын атасы, өзүнүн күйөөсү менен да сүйлөшпөдү. Эмрайин менен Кириск ата-бала экенин кинр жиндер туюп калышса ата менен баланын бирин мерт кылып, эми кайра деңизге же токойго бет албаска касам ичкидей көңүлүн калтырып салыштары мүмкүн. Булуңга чейин жетпей эне калды, уулу болсо кинрлерди адаштыруу үчүн бадалдарды аралай ийри-буйру чуркап, анан узап кетишкен чоңдордун артынан жөнөдү. Каруу-жарак, азык-түлүк артынган үч мергенге бат эле жете барды. Эң алдыда түтөгөн канжасын соргон Орган карыя, анын артынан кажырлуу, эңгезердей кара сакал Эмрайин, үчүнчү болуп майпаң аяк, чулу дене, быжыгыр Мылгун баратат. Эгер жолдору болуп уудан олжолуу кайтышса акжолтой аңчы баланын урматына той түшүп, майрам болот, түпсүз тереңде көбөйгөн балыгы менен аңдарга бай деңиздин жоомарттыгына арналып ыр ырдалып, бий бийленет. Ошондо журт акылманы делген камчы-шаман чыгып, добулбасын күрсө-тарс кагып, аңчы бала тууралуу Жер-Сууга тайынып, алардан балага ар дайым ырайымдуу болушун суранат. Анан кызуу бийлеп жаткан бакшы Кирискти асмандагы жылдыздардын бирине тапшырмак. Ар бир мергенди сактаган тумар жылдызы болот эмеспи…

Айтматовдун чебер калеми нивхилердин руханий ыйман-ишенимин да, Ала-Дөбөт булуңунун жакасын жайлаган Айым-Балыктан тараган журттун турмуш-тиричилигин да, ал жактын табигатынын көрүнүшүн да окурмандын көз алдына кинодогудай даана, көркөм сөз боегу менен тартып берет. Каармандарычы? Башкалардан эч айырмаланбаган, өзүнчө жакшы көргөн баалуулуктары бар, аракетчил, кызыккан ишинин аягына чыкмайын тынчыбаган, аз билсе да ошого амал кылган, эл катары турмуш кечирген, чыныгы адамдар. Мисалы Орган аткычх эмгекти талбай кылып, кайык жасаган, иштеп атып элдик акыл менен көп ойлонгон, элдик ишенимди туу туткан киши. Деңиз аңчылыгында жүргөн чактарында да акылын айраң кылган, эч ким менен бөлүшпөгөн сыры – уламышта айтылган Айым-Балыктын түшүнө кире бериши аны терең ойго батырат. Эмрайинчи, ал Айым-Балык уруусунун чыныгы атуулу, белгилүү аңчысы, үй-бүлөдө камкор ата. Анын аталык камкордугун мен Айым-Балык уруусунун уламышта айтылган үч бир туугандын ортончусу, аксак балыкчыга окшоштурам. Анткени Ала-Дөбөттүн этегин жайлаган бир уруу Нивхилер аксак балыкчынын деңизден тапкан уулунан тараганын айтышат. Эмрайин да ар качандан бир качан өлүм алдында турса да, өзүн эмес, алгач уулу Кирискти ойлойт. Уулу жоо жүрөк, тез эле сүйүүсүн тапкан, тор салса элин балыкка тойгузган, мылтык атса деңиз жаныбарларына кайыгын толтурган ак жолтой аңчы болушун теңирден тилей берет. Мылгун ак көңүл, деңизге чыкса Эмрайинден ашса-ашкан, эки жаш кичүү болсо да калышпаган, турпаты дүмүрдөй быжыгыр, ичкиликке жакын, кайдан чыр чыкса, ошерде катышкан, көктүгү, кежирлиги боюнча да элге таанылган, акыйкатты күч менен далилдеген баатыр аңчы. Анын бир алсыз жагы ачуусу келгенде өзүн кармай албайт эле. Акыры ошонусу түбүнө жетти. Кайыктан эңилип ожоо толтура деңиз суусун ичип-ичип, ансайын суусап, акыры түнгө жетип Орган аткычхтай болоюн деген ниетине да чыдамы жетпей, деңизге бой таштайт.

Кириск кандай бала? Ал чыгармада эң эле назик, кыялкеч, уламыштарга ишенген, ата салтын туу туткан, апасын, карындашы Псулкту, кошуна кыз Музлукту сагынган, ажыдаардай жутунган кара туманды биринчи байкап кабарлаган, сезимтал бала катары сүрөттөлөт. Башында аңчылар ага убара чегип, өтүп кеткен кайыкты буруп, нерпалар жаткан жээкти көрсөтүшүп, тийгизе албаса да үйрөнсүн деп биринчи аттырып, кийин кыйынчылыктарда аны аяшып, ыйласа сооротушуп, бүткүл билгендерин арнап отуруп, чыгарманын соңунда үлбүрөп өчпөй жанган шамдай жашоону улай турган бала аман калат. Кириск кадыресе чоң мергендей баарын эстен чыгарбаш үчүн акылын токтотуп, чаңкап өлгөнү турса да, жаратылыштын ага оң салган жакшылыгын байкап, түндүктөн соккон шамалды – бар билгенине ишенип, өмүр бою аң уулаган Орган аткычхка, төбөдө биринчи жол көрсөткөн колдоочу жылдызын – Эмрайин атасына, кайыкты жээкке карай күрсүнө айдап турган толкундарды – Мылгун акесине окшотуп, өмүр бою айтып калар төл арман ырынын башы ушул болорун түшүнөт:

Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөтүм,

Кыйын жолдон жалгыз кайттым мен өзүм.

Жанымда жок Орган аткычх чоң атам,

Жанымда жок Эмрайин менин өз атам,

Жанымда жок Мылгун аки – карасаң.

Ал үчөөнүн айтам жайын сурасаң,

Обол суу бер, чаңкап өлүп келатам…

Деңиз жээгиндеги элдерде калыптанган Айым-Балык жөнүндөгү уламышты алардан ыраакта жашаган бизге Айтматовчо түшүндүрүп, сабак бере билген кыргызда окумуштуу мугалим деле боло электир.

Ноокат райондук билим берүү бөлүмү

One Reply to “Жусупова Риза: «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» повести (өспүрүмдөр конкурсуна)”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.