Кыргыз эл жомогу: Макмут

Илгери бир Макмут деген киши отуз эчкиси менен аялы экөө оокат кылчу экен. Ал киши ар күнү эртең менен мөөнгө жуурат куюп алып, эчкисин жайып кетет. Ошол убакта бир карышкыр, бир түлкү болуптур. Түлкү келип Макмутту куйругу менен жыга чаап, жууратын ичип кеткени аз келгенсип, карышкыр бирден эчкисин жеп кетчү экен. Күнүгө экөө ошентип жей берип, он беш эчкиси калат. Макмут өзү ачка болуп жүрүп, арыктап бүтөт. Макмут бир күнү чоң Карадөө дегенге айтат: — Эртең сиз биздин үйгө конокко […]

Жамалбек Ырсалиев: Эстен кеткис чылапчын

АҢГЕМЕ Досум чалды таң атпай. — Жүрү баняга барып келели?! — Каякка баралы? — “Грин сити”, “С легким паром”, “Кристалл…” — деги койчу, бир топ банянын атын айтты. Мен баняны жакшы көрбөйм. Ысык парда кийиз калпак менен шыпыргыны көтөрүп алып бууга оронуп отура да албайм. Менин бала кезден жакшы көргөн мончом бар. Ал апамдын темир чылапчыны (дагыра). Бала кезде чач алдырган менен жуунганды ушунчалык жек көрчүмүн. Кумурсканын уясын көрсөтүп, “сени башың дал ушундай биттеп кетиптир. Эми биттер сүйрөп барып кумурсканын […]

Бахтияр Шаматов: Дөңгөлөк жылдар

<<<<< Башы Жалалабат – Бишкек, №187 поюз Бүгүн, буюрса, Москвага жөнөгөнү турабыз. Жанагы мени темир жолго кийирбей койгон тууганым менин жумушка кирип иштеп жүргөнүмдү көрүп уялды окшойт, бригадасына кошуп алды. Москваны картаң карышкырлар «элитный направления» деп коюшат экен. Жалаң «деловойлор» жүрүп, жүдөгөн-сүдөгөндөр «местныйда» (жергиликтүү каттамдарда) анан Жалалабатта жүрүшөт тура. Кандай гана бактылуумун дейм ичимен, резервде жүргөн жалалабатский составдын проводниктерине өөдөсүнүп карап коем. Вагондун пардаларын илип жатсак, бирөө келип: «Бул деген силердин Жалалабатыңар эмес, сбордон бир тыйын кем болсо экинчи жүрбөй […]

Рубен Гальего: Ак темгил жашоо (№ 28 конкурска)

Толук аты-жөнү – Рубен Давид Гонсалес Гальего. Орус тилдүү жазуучу, журналист. 1968-жылы 20-сентябрда Москвада туулган. Таятасы Игнасио Гальего (1984-жылдан Испания Компартиясынын Башкы катчысы) небереси колу-буту шал туулганына уялып, бир жашында жетим балдар үйүнө өткөрүп салат. Кызына “бала чарчап калды” деп коёт. Рубен кийин Соода техникумун бүтөт. 2001-жылы Прагада апасы менен табышат. Үч ирет үйлөнгөн, үч кызы бар. “Ак темгил өмүр” (“Белое на чёрном”) деген автобиографиялык чыгармасы 2003-жылы эң мыкты роман деп таанылып, “Букер-Открытая Россия” сыйлыгына татыйт. Бул роман англис, француз, […]

Касым Тыныстанов: Мариям менен көл боюнда

АҢГЕМЕ Жаздын күнү жаратылыштын түрлөнгөн кези. Жан-жаныбар кубанычка өнүүдө, өсүүдө. Жок-бар болгон бир жан эки болгон. Кой козусу менен, уй музоосу менен, төө ботосу менен өз-өзү сүйүнүчтө. Кез жаз чарбагы. Чарбачыл кыргыз бир сыйрасы көл жакалай конгон. Күн бешим. Мен дөңдө… бет. Алдыда көл. Көл тунук, тынч. Бетиндеги чыбыр-чыбыр майда толкун. Ал жаздын түрдүү күнү менен алек, кубанат, ойнойт, күлөт. Билинер-билинбес ай дөшүлөп көтөрүлгөн, көл бети бешиктеги күнөөсүз дүйнөдөн капарсыз жаштын (элесин) карашын берет. Көл тынч, тунук… Кыркалай тигилген ак […]