АҢГЕМЕ

Досум чалды таң атпай.

— Жүрү баняга барып келели?!

— Каякка баралы?

— “Грин сити”, “С легким паром”, “Кристалл…” — деги койчу, бир топ банянын атын айтты.

Мен баняны жакшы көрбөйм. Ысык парда кийиз калпак менен шыпыргыны көтөрүп алып бууга оронуп отура да албайм. Менин бала кезден жакшы көргөн мончом бар. Ал апамдын темир чылапчыны (дагыра). Бала кезде чач алдырган менен жуунганды ушунчалык жек көрчүмүн. Кумурсканын уясын көрсөтүп, “сени башың дал ушундай биттеп кетиптир. Эми биттер сүйрөп барып кумурсканын уясына салып жиберет”, — деп коркутар эле. Мен болсо чийдин башын шилекейлеп алып: “кумурсканын уясына салып койуп кымыз бер?! Кымыз бер”, — деп телмире тиктеп отурар элем. Анан чийдин башын сындырып жалап жиберсең эмне экенин ким билсин, тилди ачыштырып жиберген кычкыл даамы болор эле… Анан апам коркутканын эстеп менин башымдагы биттер менен кумурскалар сүйлөшө калып, кумурсканын уясына тартып кетчүдөй коркуп, башымды кыйшайтып алып кайра кымыз сурар элем…

Апам байкуш айласы кеткенде атайын мага арналган башына шакекче жасап, жип тагып, аны кастарлап, кире беришке илип койгон таягын алып артыман кубалап келер эле. Ошол таяк илингени эсимде калган менен жонума же жамбашыма тийгени эсимде жок.

— Алып келчи таякты, өлүгүңдү гана көрөйүн, — деген эле сөз менен таякты эстеп койор элем.

Лениндин сөөгүндөй же пайдасы, же зыяны жок ошол таяк СССР менен кошо энем менен жок болду. Бирок мени жуунтууга айдап келген сүрдүү таякты энемдин мээрими үчүн сагындым. Мени эмес атамды кошо жуунткан энемдин айдалган жазгы талаадай жик-жик болуп туурулган жумшак колдорун сагындым. Айласы кеткенде катып койгон короз момпосуйун алып чыгып же жезден жасалган беш тыйынды берип жуунтар эле. Жуунгандан качып өкүрүп-бакырып ыйлап жүрүп энемдин мени таштап кетерин ал кезде кайдан билмек элем.

Эми болсо мончого барып энемдин тырмагына тең келбеген колдорго өлүктөй сулап жатып берип, жууп бүткөн соң акча төлөп жуунуп жүрөм… Дүйнө кыдырып кандай мончого түшпөйүн, энемдин чылапчынына жетпейт. Ал тазик биздин үй-бүлөлүк мончо болчу. Биринчи атамды жуунтаар элек. Атам да ыйлап жуунчуу.

Ал болсо карыганда көзү көрбөй калганына, кор болуп кемпири жышып жуунтуп, менин чедирейип туруп, бирде шарылдатып катуу куюп жиберип, бирде сурап келген суудай жыбылжытып суу куйганыма ичи чыкпай, чындап ыйлаганда сокур көзүнөн аккан жаш жүзүн жууп турар эле…

— Кудай мени карыганда кор кылбай алса эмне?! — деп кейисе, энем байкуш абышкасына боору ооруп:

— Кудайдын сыноосу, абышка. Жаратканга акаарат келтирип алба. Балдарыбызга зыяны тийип калбасын, — деп кайталаар эле…

Атам менден уялып, турсийин чечпей жуунар эле.

— Ой эми балакатка жетелек кенедей балаңан уялбай эле чече берсең, — деп энем күңкүлдөсө,

— Балакатка жетпеген менен балакеттин баарын билет мунуң, — деп корс этип койуп мага авааратын корсотпой өттү…

Анан энемдин кезеги келет, энем да көк дамбалын чечпей жуунат. Сууну да аркасынан куйдурат. Мен чуркап келип баса калып эмип жүргөн эмчегин жуунганда менден катып жуунат… Мен эле – болгон нерсемди көрсөткөн…

Дайыма аягында мен жуунам, себеби менден кийин майда кум аралашкан топурак менен темир чылапчынды таза жууп, күнгө какшытып көмкөрүп койот байкуш энем.

— Эмнеге мен аягында жуунам? – десем:

— Сен күлгө оонап, кыкты казган кызыл короздой болуп топурак менен кыкта ойнойсуң, анан биттеп келесиң. Биттин сокур атаңа жукса эл эмне дейт?.. Карыганда абышкасын карай албай биттетип жибериптир деп элге шерменде болбойбузпу… ыя катыгүн, — деп жылмайып койот.

Качан гана Күмүш эжейдин башталгыч классын бүтүп, ар кайсы сабактан ар кандай мугалим окутар убакка келгенде мектептен бизди чоңойдуңар дегенде – мен дагы турсийчен жуунам деп чырдап калдым.

Энемдин сүйүнгөнү али эсимде. Абышкасына сүйүнчүлөп келип:

— Абышка, балам турсийчен жуунам деп калыптыр, — дегени…

Атам ошол күнү кечинде мен жуунуп бүткөндө өзүнө чакырып:

— Мойнуңду тосчу, секетим, — дегени…

Мойнумдан шорулдата жыттап, көпкө кучактап ыйлап отурганын,

— Неге ыйлап жатасыз? – десем:

— Сен бүгүн балалык менен коштоштуң, — деп мени бооруна бекем кысып көпкө отурганын эстедим…

Тунжурап ойлонуп отуруп, чапанын чечип мага жайнамаз кылып жайып, биринчи жолу намазга жыгып:

— Эми сен балакатка жеттиң. Убагы келгенде намаз оку. Мен болсо Кудайдын алдына барып сени күтөм, ошондо мени уят кылбай таза бар, — деп чекемден өптү.

Ошол күн менин балалыгымдан жана мен жаман көргөн; мени тазалай турган чылапчындан айрылар күн экенине акылым жеткен эмес экен…

Азыр менин балдарым чылапчын эмне экенин билбейт… Мен да унуткам. Бирок силерди унутпайм. Мени Кудайдын алдында күтүп жатканыңарды эстейм. Мен болсо силерге барууга татыксыз жашап жүргөндөймүн…

Кантип барам деп уялып жүрөм. Кудай дагы, силер дагы убакыт бергилечи! Мен татыктуу болгон кезде барайын…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.