Гезитиң белге жетпей,
китебиң элге жетпей… күйүккөндө,
кыргыздын рух-дөөлөтүн жеткирем деп
Москвага, Мадридге, Мюнхенге,

почта деген чобурду,
поюз деген кашаң атты,
кара өрүктүн данегиндей бүркүп салып,
үндөн озгон самолётту,
калдактаган вертолётту түртүп салып,
зымырык интернетти минип алып,
алдында Алай, Арпа, Алтай калып,
чыкты да бүт дүйнөнү чарк айланып,
бүтпөгөн ишин карап бүтөт деген
сайт ачты бүркүт канат “РухЭш” деген.

Турду да бир топ күнгө башын кашып,
кирди анан башы менен жерди казып,
чачылган дөөлөтүңдү терип кирди,
чарчаган саясатты чачтан алып
чыйралтып түбүн түйүп өрүп кирди.
Чачырап кеткен кыргыз эмне сурайт
чапкылап жүрүп Олжош толук билди.

Бүт ааламдын жүгүн алып моюнуна,
бүт ааламдын сүңгүп кирип коюнуна,
мына деп маданият!
мына деп адабият!
тарыхыңдын ичегисин чубап кирди,
сайраган саясатты улап кирди.

Чапкылап жалаң көзгө иш көрүнүп,
жанчылган жалгыз жаны жүз бөлүнүп,
чымындай жаны тынбай чымын-куюн,
албастан акысына сокур тыйын…

“Олжошум, Олжош!” дешип,
өзүң гана жөнөтпөсөң болбос дешип,
жаңылыкты жаңылап киргиз дешип,
дүйнө жүзүн каптады кыргыз дешип,
адамыбыз жок азыр кыйын сенден,
маданият жөнөт деп Москвадан,
адабият жөнөт деп Мюнхенден,
жасаар жумуш түгөнбөй түтөп турат,
туш тараптан өтүнүч күчөп турат.

Бүт дүйнөнүн кыргызы Олжош дешип,
кайран кыргыз караанын калкылдатып,
энесинин эмчегин соргон өңдүү
ээмип жатат «РухЭшти» балкылдатып…

Эх Олжошум!
Баштаган романыңды уланталбай,
жазам деген ырыңды жаза да албай,
жаш алган жубайыңды кубанталбай.
жарым саат маектешип жата да албай…

Убак жок бошогонго,
Толстоюң, Чеховуң кезек күтүп
турат дале босогоңдо:
“Мээнетиңди алайын Олжош дешип,
“РухЭшиңе” бизди да киргиз дешип,
бүт дүйнөнүн жарымы кыргыз дешип,
“Сабизиңди макулбуз отогонго”,
“Азыр бизде билесиң кол бош” дешип,
“Колдоп койгун господин Олжош!” дешип…

Тарам-тарам тартылган арык сымал,
океанга ашыккан агын суудай
саясатчы, жазуучу, тарыхчылар…

Тарсылдатып тарткандай ташка сүрөт,
кыргыз тилде сүйлөйм деп Селенжериң,
кыргыз тилде какылдап Кафка жүрөт.

Өткөн заман оту өчпөй каары мында,
Чыңгыз ханың, Керейиң, Аксак Темир…
керек десең каркайып баары мында.

Бүт дүйнөгө тараган кыргызыңды
китеп менен сугарып багамын деп,
жылтыраган кыргыз от өчпөс үчүн
кыргыз үчүн Улуу от жагамын деп,
акысы жок,
чеги жок жумуш жасап,
жараймын деп кыргыздын керегине,
өзүнө эмес,
өзгө үчүн жүргөн жашап,
Олжокебиз жигиттик ченеминде
түшүнгөнгө көңүлдүн бийигинде,
түшүнгөнгө көңүлдүн тереңинде!

…Шайы кеткен гезиттер керсарыда,
элге жетпей китебиң күйүккөндө —
жеткирүүдө Олжокем жер шарына
Москвага, Нарын-Ош, Мюнхенге!

8 Replies to “Нуралы КАПАРОВ: Олжобай иним жөнүндө ода”

  1. Ооба, агайдын ыры эркин, шыр кетет турбайбы. Аягына кантип жеткенинди билбей каласын. Олжобай агайдын бейнесин ырас ачыптыр.

  2. Элге жакшы маанай жараткан авторлорго терең ыраазычылык. Рухий байлыктын ээлери ушинтип жакшы ишти сүрөмөлөп, бирин бири колдошуп кеткенде гана коомубуз алдыга өнүгөт дейм. Мен эл агартуучу катары ушул сайтка жарыяланган чыгармаларды студенттериме ар дайым окугула деп келем. Көңүлүбүздү тунук суудай тазарткан чыгармаларды жарыялап жүргөн чыгармачыл тобуңуздарга ыраазычылыгымды билдирем

  3. Нуралы агайга таазим! Бизге Капаровдун чыгармачылык багыты чоооң сабак болуп келе жатат. Ыр жазуунун ыкмасы абыдан эркин мындай акын агабыз бизге өзүнчө мектеп болду. Рухэштин» окурмандарынан ыраазычылык

  4. Олжобай агайдын эмгеги биздей студенттерге табылгыс таберик болду. Кээде китепканадан таппагандарыбызды рухештен таап окуп, жеңил болду. Анткени китепканадан барып издегендерибизге көп убакыт коройт эле. Эми болсо ушул сайттан баарын тапса болот. Келечекте дагы көп ийгиликтерге жетиңиз, агай.

  5. Чынында Олжобай шакир заман талабына туура ишти жасап келе жатат. Өкмөт жасабаган идеологияны жалгыз ушул кишиге буюрса керек Аллахыбыз. Кээде фейсбукка жазып, эч болбосо тамекиме тыйын которуп турганга жарагыла дегени чынында жүйөөлүү доомат. Нуралы Капаров жазгандай, эч ким тыйын-тыпыр төлөбөсө дагы мындай милдетти аркароо кыйын иш.

  6. Cагыналы мырза Нуралы Капаровдун акындык айкөлдүгү тууралуу абдан туура айтат. Олжобайдын «РухЭшке» башын байлаган тиричилигин жана бүркүттөй интернет мейкининде калдайып учкан образын сонун саптар менен сүрөттөп бериптир. Ыр Нуралы акындын ак жүрөгүнөн жана мээнеткеч акын инисинин чоң милдетти артына илип алып, жалама жоого жабышып чыгып бараткан өжөрлүгүнө суктанып да, сыймыктанып да колдогонуна баракелде!

  7. Таланттуу акын Нуралы Капаровдой агалардын дем-ык бергени жакшы жаштарга. Чыгармачыл адамдар бири бирин так ушундай колдоого тийиш. Адабияттын жүгү жеңил эмес экенин түшүнгөн адамга бул абыдан маанилүү чыгарма, маанилүү мактоо болуптур

  8. Жакшыдан жакшы кебин аябаган да замандаш акындар бар экени сүйүндүрөт. Ич тар акын-жазуучулар гана мындай ийгиликке кубанычын билбирбейт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.