Элдияр Элчибек: Атанын бейити (конкурска)

АӉГЕМЕ Талаа калды, түз калды… Кайра кайтып келбей турган жол калды… (Автордон) Каргалар «карк» этип, карагай башында. Эшик суук болчу… — Апаӊ жаш калды. Күйөөгө тийиши керек!- дешти туугандар. Ал эми бала болсо, күйөөсү өлгөн жаш келиндер, андан ары жашоосун башка эркек менен өткөрүп, бөлөк-бөтөн бүлө күтүп кетишерин билчү, бирок өз апасы жөнүндө: “Уруксат бер, бул сенин милдетиӊ!» — деп айтышканда, ичи «тыз-з» этип кетти. Өлгөндүн өз шору, тирүүлөрдүн жашоосу андан ары уланыш керектигин бала кайдан билсин… Көӊүл ооруткан сөздөн […]

Касым КАИМОВ: Анарбайдын көпүрөсү

АҢГЕМЕ Тоо суусу миң кыялдуу. Аны сүйбөй койбойсуң, махабаттын азабына кайылсың. Кырка тоолордун мээримдүү койнунда мемиреген кең өрөөндүн көркүн ачып, атагын көкөлөтүп, кыял күүсүн козгогон — анын шар суусу менен көк-жашыл токою. Өзөн бойлоп, кыркалекей тартып, шуудураган токой кээде тирелишип, жыш, кээде суюлуп, өрөөндүн этегине жетпей түгөнөт. Өзөн болсо сай-сайдан куйган туура суулар менен кубаттанып, тоонун деми жана эпкини сүрөп, өрөөндүн чегинен алыска-алыска, чексиз мейкиндикке сапар тартат. Бул өрөөндүн табиятынын дагы бир өзгөчөлүгү: көкүрөк жагы да, этек жагы да ачакей, […]

Осмонакун ИБРАИМОВ: Хемингуэй жана биз

Кээ бир түшүнүктөрдү күндөлүк турмушта көп эле колдонсок да, анын тереңде катылып, бирок барып-келип бир гана кашкайган нокотко такалган адепки, түпкү маанисине анча маани бербеген учурларыбыз көп болот. Маселен, «спорт» деген сөз азыркы учурда коомдук, интернационалдык резонансы кең түшүнүк болгону менен, акыры келип барабар мүмкүнчүлүктөргө таянып өз ара күч сынашуу, дене-тарбиясын өстүрүү дегенди түшүндүрөт эмеспи. Ошол сыңары «жазуучу», «сүрөткер» деген сөз да көп кырдуу синоним-ассоциациялык маанилеринен тышкары тикелей, өзгөрбөс өзгөчөлүгү, коомдук милдети бар бир түшүнүккө келип такалат. Башкаларды айтпайлы, бирок […]

Жолболду Султанбек уулу: Жыртык шым (конкурска)

Жыртылып, түлөп калган шымды кийип, Сөгүлгөн жемпирдеги жеңди түрүп: Ичимден кедеймин деп кейигенмин Жыртыгын кайра жамап, кайра тигип. Оо анда онго деле толбогонмун, Ошентип бүтүн кийип оңбогонмун. Чоңойсом жыртык кийбей калаармын деп, Чыркырап канча ирет шорлогонмун. Чоңойдум жоро-доско тең жүрүп мен, Канча ирет уялганмын көпчүлүктөн. Өтүк май көргөн эмес бут кийимим, Өйдө-ылдый турмуштагы кемчиликтен. Араздап, намыстанып ыйлаганмын, Атамдын кыйналганын туйбаганмын. Акчасы жок экенин билсем дагы, Апамды алып бер деп кыйнаганмын. Көз көрүп андан өткөн кесепетти, Көздөгөм кийим үчүн келечекти. А […]

Абибилла Пазыловдун котормосундагы Конфуцийдин накыл сөздөрү

*     *     * Кепти барктаган жолоочу менен баарлашпасаң, адамдан айрыласың. Ал эми кепти барктабаган жолоочу менен баарлашсаң, сөздөн айрыласың. Көсөм адамды да, сөздү да көздөй кадырлайт. *     *     * Чын-чынында жашоо дегениң жөпжөнөкөй жараян, бирок биз аны атайлап татаалдаштырабыз. *     *     * Билимге үч жол жеткизет: ойлонуу жолу – бул эң нарктуу жол, тууроо жолу – бул эң шарттуу жол, тажрыйба жолу – бул эң катуу жол. *     *     * Кетирген катаңды оңдобосоң, ката кетиргениң ошо. *     *     * Арада […]