Жыртылып, түлөп калган шымды кийип,
Сөгүлгөн жемпирдеги жеңди түрүп:
Ичимден кедеймин деп кейигенмин
Жыртыгын кайра жамап, кайра тигип.

Оо анда онго деле толбогонмун,
Ошентип бүтүн кийип оңбогонмун.
Чоңойсом жыртык кийбей калаармын деп,
Чыркырап канча ирет шорлогонмун.

Чоңойдум жоро-доско тең жүрүп мен,
Канча ирет уялганмын көпчүлүктөн.
Өтүк май көргөн эмес бут кийимим,
Өйдө-ылдый турмуштагы кемчиликтен.

Араздап, намыстанып ыйлаганмын,
Атамдын кыйналганын туйбаганмын.
Акчасы жок экенин билсем дагы,
Апамды алып бер деп кыйнаганмын.

Көз көрүп андан өткөн кесепетти,
Көздөгөм кийим үчүн келечекти.
А көрсө бай экенмин ошол кезде,
Башкалар жыртык шымга кечээ жетти.

Мезгилдер кыйла жылып, алмашыптыр,
Мен көрдүм, көптүн көзүн май басыптыр.
Жыртылып жынсылары улам-улам,
Жыныстык мүчөсүнө аз калыптыр.

Албайт деп көңүлүнө жыртыктыгын,
Апакем сатып берген кымтып тыйын.
Булардан алда канча бүтүн экен,
Мен кийген ошондогу жыртык шымым.

Мен азыр ашып-ташып кеткеним жок,
Турмушту кейип-кепчип сөккөнүм жок.
Кудайга шүгүр кылам үстүм бүтүн,
Мода деп жыртык кийип, көпкөнүм жок.

Жашоону чаташтырып алгандайбыз,
Жан дүйнө ачтыгынан арданбайбыз.
Көкүрөк, киндик тургай кыздар эртең
Көчүгүн ачып чыкса таң калбайбыз.

Көпчүлүк көрчүлүккө көнгөн экен,
Тирүүлөй башын көргө көмгөн экен.
Бүтүнгө алымсынбай жыртык кийген,
Балдардын ар-намысы өлгөн экен.

Арбагы бабалардын күйбөшү үчүн,
Азары ата-журтка тийбеши үчүн.
Азыртан чоң аракет жасоо керек,
Урпактын жып-жыңалач жүрбөшү үчүн.

  1. 02. 2019.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.