Чыныбай Турсунбеков:  Кумурскадай мээнеткеч «РухЭштин» негиздөөчүсүнө тилектешмин

Улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүнө билегин түрүнө киришкен Олжобай инимди кыйла жыл мурда билген калемдеши катары; бир-эки жагдайды эскере кетүүнү туура көрдүм. Бир канча жыл мурда мага анын шапалактай көлөмдөгү “Үшкүрүк” аттуу (1998-жылы жарык көргөн) алгачкы ырлар жыйнагы колума тийип калды. Олжобай Шакир деген ысым менен ошондон бери таанышмын. Бир курдай анын чыгармачылыгына болгон жылуу пикиримди айтып, кийинки ырлар топтомун “Акун” компаниясынын демөөрчүлүгү менен чыгарып берүү туурасында сөз болду. Бирок өндүрүш жаатындагы киреше дайыма эле күргүштөп агып турбайт. Арадан канча убакыт өткөнү […]

Даргын эл жомогу: Башы жок мергенчи

Тоолуктардын үчөөсү аюуга аңчылыкка жөнөшөт. Кокусунан алдыларынан аюу көрүнө калып, үңкүрүнө кире качат. Анда алабарман бирөөсү айтып турганы: – Аюунун артынан мен да үңкүргө кирейин, кокус бир балээ болсо, буттарым тыбырар замат артка сүйрөп чыккыла. Ошону менен кирип кетип, бир убакта буттары тыбырайт. Шериктери сүйрөп чыгып караса, тигинин башы жок. Анда бирөөсү айтат дейт: – О Кудайга шүгүр, тулку бою бүтүн экен, а бирок башы кана? – десе жанындагысы: – Мүмкүн мурда эле башы жоктур, сен аны даана билчү белең? […]

Нурали КАБУЛ: Талаа жолу

АҢГЕМЕ Буга чейин жер үстүндө аялзаты бар экен, алар жөнүндө кандайдыр бир жаңы сөз айтыш мүмкүн. С.БУФФЕР Жан жыргаткан жылуу топурагы кызыл ашыкка жете келген талаа жолунда оңуп кеткен кирза өтүгүмдү сүйрөй кырманга карап жол тартам. Ойлонуп баратканым үчүн анда-санда мүдүрүлө түшөм. А түгүл пединститутка кире албай шерменде болуп айылга кайра келгеним да көзүмө көрүнбөй кетет. Кырманчылардын окууга байланыштуу айткан азил-шакабаларына дале кулак бышты болуп калдым… — Окуп адам болгондо Турдукул кеңкелес адам болор эле. Бир техникум, эки институт жана […]

Василий Бартольд: Енисей кыргыздары ХVII кылымда

Сибирди, анын ичинде Енисей кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган. Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу. Профессор Котвичтин «XVII жана XVIII кылымдарда ойроттор менен карым-катыштар боюнча орустун архив документтери» деген жакындагы (1921-жылдагы) изилдөөсүнөн көрүнгөндөй бул маселеге тийиштүү материалдар али толук белгилүү боло элек. Сибирди каратып алуунун тарыхы боюнча эң илгерки жана баалуу […]

Антон Чехов: Мансапкордун өлүмү (конкурска № 29)

АҢГЕМЕ Жанга жыргал мемиреген кечтердин биринде, чарба иштериндеги төрө Иван Дмитрич Червяков экинчи катардагы отургучтардын биринен орун алып, “Корневиль коңгуроосун” дүрбү менен көрүп отурду. Көрөт да, өзүн ырахаттын туу чокусунда сезет, чиркин. Бир маалда эле… Аңгемелерде ушул “бир маалда эле” көп кездешет. Авторлор чын айтат бирок: жашоо ушундай кокустуктарга бай эмеспи! Бир маалда эле, ал жүзүн чүйрүп, көзүн элеңдетип, аба жетпей демигип кетти… Дүрбүдөн көзүн алып, эңкейе берди да… а-апчү!!! Өзүңөр көргөндөй, чүчкүрүп алды. Эми чүчкүргөнгө эч ким эч жерде […]

ЖЫЛДЫЗЧА: Теңир-Тоого баратканда

ЭССЕ Ал жылы жаңы көчүп келгем, бул айылга. Эч кимди таанычу эмесмин. Улууларды ата, апа дейм, андан жашыраактарын ага, эже дейм деп камданып келгем. Жаратылыш, жан-жаныбарга жакын болуп жашамак болгом. Келген күнү эле Бекбосун аттуу ата менен таанышкам. Бир аз күн өткөндөн кийин иттеримди ызы-чуу кылып эшигиме эки мырза келип туруп алыптыр. Бири менден жашыраак ак саргыл жүздүү, бири менден улуурак кара тору киши. Экөө тең чакан бойлуу, мендей экен. — Эже менин ысымым – Ула. Бул байкемдики – Токтоо! […]