Улуттук адабиятыбыздын өнүгүшүнө билегин түрүнө киришкен Олжобай инимди кыйла жыл мурда билген калемдеши катары; бир-эки жагдайды эскере кетүүнү туура көрдүм.

Бир канча жыл мурда мага анын шапалактай көлөмдөгү “Үшкүрүк” аттуу (1998-жылы жарык көргөн) алгачкы ырлар жыйнагы колума тийип калды. Олжобай Шакир деген ысым менен ошондон бери таанышмын. Бир курдай анын чыгармачылыгына болгон жылуу пикиримди айтып, кийинки ырлар топтомун “Акун” компаниясынын демөөрчүлүгү менен чыгарып берүү туурасында сөз болду. Бирок өндүрүш жаатындагы киреше дайыма эле күргүштөп агып турбайт. Арадан канча убакыт өткөнү эсимде жок, Олжокеге убада кылган мөөнөтүбүз анын чыдамын корото баштаса керек, бир күнү ал кезектеги ырлар топтому басмага даяр болгонун айтып кеңсебизге баш багып калды.

Бирок өндүрүш жаатындагы кирешебиз ойдогудай болбой жатканын, арийне, убада эч качан күчүн жоготпостугун түшүндүрүп, колуна бир аз акча карматып узатмай болдум эле: “Чыныбай байке, – деп калды бир аз кыйылгандай, – мага жардам берейин деген ниетиңизге ырахмат… Менин азыр туруктуу ишим, айлыгым бар кишимин. Андан көрө сиздин кабылдамаңызда таланттуу акын Алик Акималиев отурат. Өткөндө да отуруптур эле. Ал киши азыр эч жерде иши жок жүрөт. Менин ыр жыйнагымдан көрө ошол кишиникин чыгарып берсеңиз сооп иш болор. А сизге чын ыкыласымдан ыраазымын”, – деп чебелектегенинен: “Токтой тур, Алик экөөңдүкүн бирдей чыгарып берем” дегениме көнбөй, ошону менен басмага даяр деген ырларын колума тийгизген жок. Бирок Алик Акималиевдин калың китебине демөөрчү болуп чыгарып бердим.

Ошондон бери Олжобай экөөбүздүн ага-инилик мамилебиз бекемдей берди. Чыгармачылык алакабыз да үзүлгөн жок. Кийин “Кыргызстан маданияты” жумалыгында иштеп турган учурунда да менин түрк тилинен которгон эмгектеримди окурмандардын кеңири катмарына жеткирүүгө салымын кошуп, айтор, журналистикада жүргөн кезинен бери биздин компаниянын өндүрүш жаатындагы түйшүктөрүн чагылдырууда да ал экөөбүздүн ортобузда бир кыйла интервьюлар жарыяланды. Кызматташуубуз уланды.

Бир күнү ал мага телефон чалып калды:

– Чыныбай байке, мен сизге адабият үчүн, тарых үчүн тилемчи болуп телефон чалып аткандагым…

– Эмне болуп кетти? – дедим.

– Алым Токтомушевдин быйыл алтымыш жылдыгы… – деп келип, бирок эч ким аны эсине албаганын кеп кылып, басмага даяр турган кол жазмалары туурасында сөз козгогондон улам, кийин ардактуу устат-агасы Алыкенин “Эски дептер” (2008-ж) аттуу жалаң тандалма чыгармаларынан турган эмгегин “Бийиктик” басмасынан чыгарган элек.

Алыкенин «Ачылбаган дүйнөсүнөн»

Бул окуяларды сөзгө кыстарып отурганымдын себеби, Олжокебиз азыр да өз керт башы үчүн эмес, жалпы улуттук адабиятыбыздын учурдагы абалына тынчсызданып жүрүп “РухЭш” сайтын негиздеп, улуттук адабиятыбыз менен эле чектелбестен, дүйнө адабиятын кыргыз тилине түп нускасынан которуу жаатында атайы конкурс уюштурганына мен да кайдыгер боло алганым жок. Аталган конкурстун байге фондуна өз эсебимден жүз миң сом кошумчамды киргиздим.

Ошондой эле электрондук адабиятты өнүктүрүүнү максат кылганы кубандырат. Анын улуттук адабиятыбыз менен маданиятыбызды өстүрүүгө жасаган аракеттерине биз – Жогорку Кеңештин депутаттары арасында да Садык Шер-Нияздын “РухЭшти” колдоо багытындагы демилгесине кайдыгер эмес экенибизди буга чейинки уланып келген саамалыктардан байкасаңыздар болот.

Учурда туруктуу айлыгы болбогону менен, бирок өзү жалгыз бир редакциялык коллективдин түйшүгүн аркалап келатканы белгилүү. Аны акын Нуралы Капаров да өз ырында адилеттүү белгилегендей:

“Чапкылап жалаң көзгө иш көрүнүп,
жанчылган жалгыз жаны жүз бөлүнүп,
чымындай жаны тынбай чымын-куюн,
албастан акысына сокур тыйын…

“Олжошум, Олжош!” дешип,
өзүң гана жөнөтпөсөң болбос дешип,
жаңылыкты жаңылап киргиз дешип,
дүйнө жүзүн каптады кыргыз дешип,
адамыбыз жок азыр кыйын сенден…”
– демекчи, коом агартуу багытында ишин кылдыратып келатканынан улам мен да “РухЭш” сайтынын 0558 080860 ЭЛСОМ эсебине өз салымымды жөнөттүм. О.э. эстафетанын кийинки кезегин Жогорку Кеңештин депутаты, мекенчил замандашым Автандил Кулбараковго узаттым.

Нуралы КАПАРОВ: Олжобай иним жөнүндө ода

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.