Сибирди, анын ичинде Енисей кыргыздарынын өлкөсүн орустардын каратып алышынын тарыхына борбордук жана Сибирдин архивдеринен алынып жарыяланган көп документтер жана ошол документтер боюнча жазылган изилдөөлөр арналган.

Енисейде орустардын кызыкчылыгы ойроттор державасынын таламдары менен кагылышып турган, ошондуктан кыргыздардын XVII кылымдагы тагдырын изилдөө орус-ойрот мамилелерин изилдөөгө байланыштуу. Профессор Котвичтин «XVII жана XVIII кылымдарда ойроттор менен карым-катыштар боюнча орустун архив документтери» деген жакындагы (1921-жылдагы) изилдөөсүнөн көрүнгөндөй бул маселеге тийиштүү материалдар али толук белгилүү боло элек. Сибирди каратып алуунун тарыхы боюнча эң илгерки жана баалуу изилдөөлөрдүн бири Герард Фридрих Миллердин «Сибирь падышалыгынын жана анда болгон бардык иштердин сүрөттөмөсү» (1750) деген китеби болуп саналат.

Эң соңку тарыхый изилдөөлөрдүн арасында Енисей кыргыздары жөнүндө профессор Н. Н. Козьминдин «Хакастар» деген атайын эмгеги (1925) бар.

Енисей кыргыздары ал убакта бир бүтүн мамлекет түзгөн эмес. Н. Козьминдин изилдөөлөрүнүн маалыматтарына караганда, кыргыздардын төрт башкы хандыгы болгон: Туба хандыгы (Туба дарыясы боюнча, Красноярск уездинде жана Енисейдин сол жээги боюнча Абаканга чейин), Езер хандыгы (Енисейдин сол жээги боюнча түндүктү карай Батенёво токол тоосуна чейин), Алтыр хандыгы (Езерскиден батышты жана түштүк-батышты карай) жана Алтысар хандыгы (Езерскиден түндүк жана түндүк-чыгышты карай). Иван Петлиндин 1618-жылдагы элчилик жөнүндөгү баянына караганда Томскиден кыргыз жергесине чейин «кадимкидей катуу жүрүш менен он күндүк жол», кыргыз жеринен Абаканга чейин алты күндүк, Абакандан Кемчикке чейин тогуз күндүк жол, Кемчиктен чоң көлгө чейин, башкача айтканда Убсыга чейин үч күндүк жол.

Петлинге чейин 1616-ж. кыргыз жерлери аркылуу Василий Тюменец жана Иван Петров өткөн. Кыргыз жеринин акими катары Немек төрө (Петлинде Немей деп аталат) эсептелген, ал бийликти атасынан алган; Немектин кол алдында Номча жана Кора (Кара) деген эки мыкты төрө бар. Кыргыз жергесинен ары карай «Табындардын жери» болгон; Тюменецтин сөзүнө караганда бул— «ошол эле кыргыздардын жери, болгону оолак жашашат, салыкты кыргыз жерине жана Алтын падышага төлөшөт»; Батыш Моңголиянын ошол убактагы акими түмөт Алтан-хан жөнүндө сөз болуп жатат.

Иван Петлин кыргыз жеринен, башкача айтканда Немектин ордосунан Алтан-хандын жергесинин чек арасына чейин «жарым күн» гана жүргөн.

Жогоруда айтылгандардан Козьминдин китебинде сөз болгон төрт хандыктын ичинен Туба хандыгы башка үчөөнөн бөлөк каралган жана ал обочо турмушта жашаган деген корутунду чыгарууга болот. Тюменецтин сөздөрүнөн маданият жагынан тубалыктар башка кыргыздардан төмөн тургандыгы көрүнүп турат. Аларда уй да, кой да болгон эмес, «жылкы менен бугу гана болгон». Бүткүл кыргыз жеринин улуу төрөсү катары орустар Алтыр ханын эсептешкен. Биз өзүбүз көрүп тургандай, башкаларга караганда орустар менен мурдараак алака түзгөн Номча Алтысардын ханы, демек, кара-езердин да ханы болгон. Бүтүндөй алганда кыргыз элинин маданий деңгээли ал убакта анчалык жогору эмес, XIII кылымдагыга караганда бир кыйла төмөн болгон.

Кыргыздар «балык жешет, айбанаттарды атып алышат, ал эми кыргыздардын куралы жаа, жылкылары менен уйлары коп, бирок эгин эгишпейт» деп айтылган. Маданияттын
төмөндөп кетиши моңгол империясынын доорунда гүлдөгөн кербендик сооданын сээлдеп калышы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Енисейск (1618-ж.) жана Красноярск (1627-ж.) негизделгенге чейин эле кыргыздар орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн 1604-ж. негизделген Томскиге келип турушкан. Бир маалымат боюнча 1606-ж., башка маалымат боюнча 1608-ж. Томскиге кыргыз хандары Номча менен Кочебай өзүлөрүнүн нөкөрлөрү менен келишкен; алардан ант алып, Номчанын аялы менен Кочебайдын уулун барымтага (мында Номчанын аялы Кочебайга каршы бузукулук уюштурган) Томскиге алып калып, өздөрүн коё беришкен. Номча «Алтын-падышага жана Кытай мамлекетине барууга» тапшырма алган, аны кийин аткарбай койгон, ал эми Кочебай «Кыргыз хандары: Ноянды, Комкуну жана Обрайды падышага баш ийдирүүгө» тийиш болгон. Көп убакыт өтпөй араздашып кетишкен, Томскинин жаңы воеводасы Номчанын аялынын киш ичигин тартып алган, буга Номча ушунча «капа болгондуктан», орустарга душман болуп калган жана өзүнүн кастыгын Россиянын букаралыгындагы чулымдык татарларга кол салуу менен көрсөткөн. Кыргыздар менен согуш башталган, бул согуш келишимдер менен кыска убакытка гана токтолуп турган. Г. Ф. Миллердин сөзүнө караганда, «Россия тараптан канчалык аракет болсо да кыргыздарды таптакыр баш ийдире алышкан эмес».

1614-ж. кыргыздардын Томск уездине кол салгандыгы, 1615-ж., орустардын кыргыз жергесине биринчи, ордунан чыкпаган жортуулу жөнүндө баян бар. Ошого карабастан Василий Тюменец менен Иван Петров 1616-ж., Иван Петлин 1618-ж. кыргыз жергеси аркылуу Моңголияга эч бөгөтсүз өткөрүлгөн, анын үстүнө Немек хан, Петлиндин айтымында, ошол кезде эле «улуу падышанын кол астында болгон».

Тюменецтен бир аз мурун Томскинин воеводалары ошол эле 1616-ж. кыргыздарга Василий Ананьин деген көпөстү Лука деген тилмеч менен жиберишкен. Ананьин Алтанханга кыргыздын ханы Караны жөнөткөн. Тюменец менен Петров кайтып келгенде ошол эле Кара алар менен бирге Алтан-хандын Москвага бараткан эки элчисине өзүнүн элчисин да кошуп жиберген. Алтан-хан ал убакта кыргыздардын жардам көрсөтүү жөнүндөгү өтүнүчүн четке каккан жана тынчы жок кыргыздарды тынчытууга орустар алдында милдеттенме алган. Ошондуктан кыргыздар баш ийүү зарыл деп эсептешкен.

Петлиндин элчилиги Кытайдан кайтканда Алтан-хандын элчилери менен кошо жөнөтүлгөн кыргыз элчилери 1619-ж. Тобольскиге жана 1620-ж. Москвага барышкан. 1620-жылдын октябрында гана аларды кайра Томскиден «кыргыз чегине» чейин узатып коюшкан.

Ушундан көп өтпөй ойротторду жеңип алгандыгынын натыйжасында Алтанхандын абалы бекемделген; ошондуктан ал орустар менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон жана кыргыздарды өз букаралыгына алууга макул болгон. Ошондон кийин кыргыздар орус чектерине кол салууларын кайра баштаган. Орус воеводалары менен кыргыздардын ортосундагы сүйлөшүүлөр көп учурда түздөн-түз жүргүзүлгөн; бир жолу орустар сооданын коопсуздугу үчүн бейкуттукту орнотууга ынтызар болгон бухаралык көпөстөрдүн арачылыгын пайдаланышкан. Сүйлөшүүлөр воеводалардын сөзгө турбагандыгынын натыйжасында кыргыздар тарабынан токтотулган, сүйлөшүү үчүн Томскиге келген кыргыздардын ханы Караны ал жерде камап коюшкан жана кийин «жок кылышкан».

Алтан-хан менен ойроттордун ортосундагы согушта жеңиш ойроттор тарапка өткөн соң, 1630-жылдарда абал кайрадан өзгөргөн. 1634-ж. Алтан-хан Саян тоо кыркалары аркылуу Енисей менен Абаканга барып, орус букаралыгын кабыл алууга аргасыз болгон. Орустардын каалоосу боюнча ал кыргыздарды орустар менен жараштыруу үчүн өзүнүн кыргыздарга болгон кадыр-баркын пайдаланууга аракет жасаган; бирок бул максат менен жиберилген лама эч кандай ийгиликке жетишкен эмес (1635-ж.). Ал түгүл кыргыздар ойроттор тарабына өткөн, ал убакта ойроттордун башында 1635-ж. хун-тайчжи (орусча «контайша») титулун алган Батур турган. 1633—1634-жылдарда эле Кузнецкиге жакындап кирип келген Алтысар ханы Бектеней ойроттордун букаралыгына өткөн.

Ойроттордон жардам алабыз деген кыргыздардын үмүтү үзүлгөн, Батур 1641-жана 1643-жылдарда эле кыргыздарды өзүнүн букаралары деп айткан, бирок абалын оңоп алган Алтан-хан кыргыздарга кайрадан салык сала баштаганда, аларга оңчулуктуу жардам көрсөтө алган эмес. 1648-ж. ошол эле хан Бектеней орус букаралыгын алган.

1652-ж. кыргыз жергесине Алтан-хан жана анын уулу Лочжан кол салган; бул жолу кыргыздар жардам сурап Красноярскиге кайрылышкан; орустар аларга сүйлөшүүлөрдө гана колдоо көрсөткөн, бирок Алтан-ханды чегинүүгө мажбур кылуу үчүн ушул эле жетиштүү болгон. Көзүнүн тирүүсүндө эле Алтан-хан бийлигин өткөрүп берген Лочжан кыргыздарга жана орустарга каршы согушту кайра баштоону ойлогон, адегенде ийгиликке жетишкен жана Томскиге кол салмак болгон, бирок Алтан-хандын өлүмү жөнүндө кабар аны өзүнүн ээлеген жерлеринен ажырап калбаш үчүн кайра кайтууга мажбур кылган.

1660-жылдарда абал орустардын пайдасына өзгөрөт; Батур өлгөндөн кийин (1653-ж.) ойроттордун саясый биримдиги жана кубаттуулугу бир канча мезгилге чейин начарлаган; 1666-ж. хун-тайчжи Сэнгэ өзү орус букаралыгына өтүүгө макул болгон; ошол эле жылы Томскиге жардам сураган өтүнүч менен Лочжан кайрылган. Бирок ушул убакта XVII кылымда биринчи жана акыркы жолу кыргыздар арасында күчтүү инсан пайда болгон, бул Номчанын небереси (Ишейдин уулу) Иренек болуп, ал «20 жыл бою (1680-жылдардын ортосунда же экинчи жарымында өлгөн) Красноярскиге, Ачинскиге, Кузнецкиге, Томскиге, Канскиге жана ал түгүл Енисейск менен Удинскиге (Нижнеудинскиге) коркунуч келтирип турган».

Ал өз элинин же эч болбосо анын бир бөлүгүнүн өз алдынча башчысы болгон эмес; адегенде ал Лочжандын букарасы деп эсептелинген, ага орустар Иренекти кармап берүүнү талап кылып кайрылышкан; Лочжан талкаланып, ойроттордун туткунуна түшкөндөн кийин, кыргыздар хунтайчжинин бийлигине, адегенде Сэнгэгэ (1671-ж. өлтүрүлгөн), андан кийин анын бир тууганы жана анын ордун баскан Галданга баш ийишкен, анын тушунда ойрот мамлекети кайрадан улуу көчмөн державага айланган.

Ойроттордун державасы— бир эле убакта Енисей жана Тянь-Шань кыргыздары менен мамилеси болгон бирден-бир мамлекет. Белгилүү болгондой кыргыздардын бул эки тобун ойроттордун өздөрү да, алардын өлкөсүндө болгон европалыктар менен орустар да эч салыштырган эмес. Кыргыздардын эки тобунун ортосунда эч кандай алака, асыресе эч кандай келишимдер болбогондугу да маалым. 1680-жылдарда Тянь-Шань кыргыздары менен согушуп турган Галдан 1670-жылдарда эле өз душмандарынан Енисей кыргыздарынын жерине кире качып кутулган.

Галдандын жана анын ордун басуучулардын башкы ордосу Енисей кыргыздарына караганда Тянь-Шань кыргыздарынын жерине жакын, Иле дарыясынын боюнда болгон. Галдан орустар менен бейкуттукта жашоого аракеттенип, Томскинин жана Красноярскинин воеводаларынан кыргыздардын тынчын албоону өтүнгөн жана кыргыздарды орус кыштактарына кол салуудан токтотуп турган. Бирок бул аракет дайыма эле ордунан чыга берген эмес. Ал турмак 1673-жана 1674-жылдарда кыргыздар ойроттордун колдоосунда орус ээликтерине кол салышкан. Иренек 1678-жана 1683-жылдарда орус элчиликтерин кабыл алган; 1684-ж. ал бир эле убакта Томскиге, Енисейскиге жана Красноярскиге жортуул жасоого даярданган, бирок ошол убакта Москвадан анын элчилери кайтып келген жана жортуул болбой калган. Башка бир хандын, Иренектин союздашы катары көп айтылган Шандыктын акыркы жортуулу 1691—1692-жылдарга тийиштүү.

Орус архивдеринде 1684-ж. Иренектин элчилеринин Москвага келгендиги жөнүндө билдирүү сакталып калган. Ошол эле жерде Иренектин «калмак катынын» түп нускасы жана котормосу бар. Кыргыздар орустар менен болгон алакаларында ойрот тилин жана алфавитин пайдалангандыгы жөнүндө башка маалыматтар да бар, бирок ойроттордун өздөрү көп учурда орустарга бир кыйла түшүнүктүү татар тилин, кээде, ал түгүл перс тилин колдонушкан. Профессор Котвичтин изилдөөсү боюнча орус сарайы ойроттор менен кат алышууда 1696-ж. гана биринчи жолу «жооп берүү үчүн татар тилинин ордуна калмак тилин колдонгон». Ал убакта кыргыздарда өз тилинде жазуу болбосо керек.

1703-ж. күзүндө орустарга «2500 калмак кыргыз жергесине келип, алардын баарын өзүлөрүнө кууп алып кетишти, азыр кыргыз жеринде кыргыздар калбай калды» деген кабар жеткен. Бул кабарга адегенде ишенишкен эмес, бирок ал кийин ырасталган. Мына ушунун натыйжасында В. В. Радлов сыяктуу XIX кылымдын окумуштуулары гана эмес, Г. Ф. Миллер сыяктуу XVIII кылымдын окумуштуулары да кыргыздардын баары же дээрлик көпчүлүгү ал жерден көчүп кетип, бул крайды орустар каратып алгандыгына байланыштуу ал жерге башка калк келип отурукташкан деп болжошкон. Миллердин пикири боюнча, кыргыздар ал убакта «Сибирден таптакыр башка тарапка ооп кетишкен».

Башкалар, анын ичинде профессор Козьмин элдин бир бөлүгү гана көчүрүлүп кеткен, ал түгүл алардын көпчүлүгү кайра көчүп келген, ошондуктан калкынын курамы азыр да XVII кылымдагыдай эле кала берген деп ойлошкон жана ойлоп жатышат. Профессор Козьминдин пикирине караганда, мурунку кыргыз жергесинин калкы— орустар атагандай «минусиндик татарлар», же революциядан кийин өздөрү атагандай «хакастар» «автохтондор» деп эсептелүүгө тийиш, бул, албетте, учурдагы билимдердин өңүтүнөн караганда бул термин ээ боло турган салыштырма маанисинде»

Ошентип енисейлик кыргыздар эл катары жашоосун токтоткон, ал түгүл жергиликтүү уламыштарда кыргыздардын бир кыйла бөлүгү кырылып жок болгон деп айтылат. Кыргыз элинин Енисейде калган бөлүгүнүн тукумдарынын — кыргыздардын сагай уруусунан Радлов ойроттор салык жыйноо үчүн кыргыздарга жиберген 300 кишилик отрядды башчысы менен кыргыздар кырып салышкан деген уламышты уккан.

Бул отряддан бир жыл бою эч кандай кабар болбогон соң, хун-тайчжи казак-буруттардан турган (буруттар деп ойроттор кыргыздарды атаган; казактарды ойроттор казак-бурут деп, аларды туурап, орустар да казак-буруттар дешкен) 1000 кишилик отрядды жиберген; алардын жетекчиси ойроттордун отрядынын кырылгандыгына ким күнөөлүү экендигин кыргыздардан биле албаган соң, бүт элди өзү менен кошо хунтайчжиге көчүрүп кеткен; мурдатан жашырынып калган бир канча гана адам калган.

Дагы эле Радлов билдирген башка бир уламыш кыргыздардын көчүрүлүп кетишин калмак элинин эркиндиги үчүн белгилүү күрөшүүчү, 1757-ж. орустардын чегине келип жашырынып, ошол эле жылы Тобольскиде чечектен өлгөн Амурсанага (1750-жылдар) таандык кылат; албетте, бул уламыш чындыкка туура келбейт. Валихановдун сөзүнө караганда, Омскиде сибирдик кыргыздардын149 областтык башкармасынын архивинде— 1746-ж. жайында Усть-Каменогорскиге 12 «кыргыз-калмак» аялдары жана балдары менен келгендиги жөнүндө баяндалган документ бар; алардын сөздөрүнө караганда, 3000 түтүн кыргызды (Козьминдин пикири боюнча 2500 түтүн; документте: «полутысячи с три») калмактардын үч зайсацы—Духар, Сандык Чиньбинь (башка бир маалымат боюнча: Зухар, Сандык жана Бенбень; Козьмин таянган документ боюнча— Чинбиль) башында турган 500 кишилик отряд «50 же андан ашуун жыл илгери согушсуз, бирок күчтөп» көчүрүп кеткен.

Жергиликтүү калк Абакандагы көрүстөндү кыргыздарга таандык деп эсептешет, анын үстүнө бул жерде жоокер кыргыздар душмандары менен салгылашкан жана согушта өлгөндөрүн көмүшкөн деген уламыш бар. Көрүстөндү изилдөөдө Радлов бул уламыш чындыкка жакын эмес экендигине ишенген; көрүстөндөн кээде аялдардын жана балдардын сөөктөрү чыккан.
Мүрзөлөр курман болгон жоокерлерди көмүү үчүн талаада казылган болсо, ал жерде аялдар менен балдардын сөөгү болбойт эле, согуш болгондугун билдирген башка көрсөткүчтөр да жок. Эң кийинки изилдөөчүлөрдүн бири, Радловдун окуучусу С. Д.
Майнагашев (кийин граждандык согушта мерт болгон) Абакандын төмөнкү агымы чөлкөмдөгү качилердин арасынан кыргыз уруусун тапкан жана кыргыздардын мурда кеңири тарагандыгы жөнүндө далил катары төмөндөгү ыр саптарын келтирген:
Кыйры кенен кырк жайыктын ичинде
Жайык барбы кыргыз сөөгү жатпаган?
Кырга чыккан кырк кайыңдын ичинде
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган?
Бул ырдан качандыр бир кездеги кубаттуу элдин кырылып-жоюлушуна жаны ачып муңкануу даана байкалат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.