Хелен Мросла: Жакшы сөз жан эргитет

Миннесота штатындагы Сент-Мэри мектебинде сабак берип жүргөнүмдө, ал бала менин алгачкы үчүнчү классымдын окуучусу эле. 34 окуучумдун баарын кымбат көрчүмүн, бирок арасында бир Марк Эклунд миңине татып коё турган. Өзү классты эриктирбеген шумпай болсо да, сырткы көрүнүшүн абдан тыкан алып жүрчү. Дегеле жаагы тынчу эмес. Уруксатсыз сүйлөөгө болбостугун ага улам-улам эскертүүгө туура келчү. Айламды алты кетирер эле. Баарынан да, ар бир жолу туура эмес кылыгын оңдогонумда «Мени тууралаганыңыз үчүн рахмат!» деген чын дилинен чыккан жообу таңдандырчу. Күндө бир нече жолу […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Мүнөз

АҢГЕМЕ  Областтык телевидениенин эң алгачкы көрсөтүүлөрүн баштап бергени бир топ адис Ош шаарына бардык. Мейманканага жайгашаар замат, мурда Ошту көрүшө элек, Ысык-Көл, Талас, тянь-шандык курбуларым: — Туз, насип буйурган экен, минтип эли-жериңе келип калдык. Эми бирдеме дейсиңби же ушинтип эле унчукпай коюп кутулуп кетейин деп турасыңбы? — дешип каңкуулашты. — Эмне, Оштун атактуу базарын көргөзүп келейинби? — «Конок койдон жоош» деген эмеспи, биз толук бойдон сенин карамагыңдабыз. Кой союп берем десең да, тай союп берем десең да эрк өзүңдө. Такыр […]

Беганас САРТОВ: Он үчүнчү толкун

(Фантастикалык аңгеме) Марлестин атасы атактуу конструктор, легендарлуу астронавт болучу. Аны күн системасынан аркы планеталардын элдери да билише турган. Бирок анын уулу Марлес атасынын кесибин жактырбан зоолог болууну эңсөөчү. Ошол себептенби, кичине кезинде туулган күнүнө тартуу кылынган кандайдыр бир электрондук радио аппарат — барксыз оюнчуктардын эсебине кирип көмүркөйдө жатчу… Кызык… Атасы ошол аппаратты берип жатып, уулунун мурдунан чымчып эркелетип, тамашалаган: — Оо, энеси, көрдүңбү, уулуна атасы эмне белек берди?! Он үчүнчү толкунда иштөөчү радио аппарат. Кокус мен космостон кырсыкка учурап калсам, […]

Бахтияр ШАМАТОВ: Дөңгөлөк жылдар

<<<<<< Башы Курсагың ачпы деп сурасам жер карайт, айталбай уялды окшойт. Дароо ысык чайдан куюп, колбасадан кесип бердим, жолдон балдарыма деп Самарадан алган шакалаттан алып чыгып бир чоңун карматтым. Бала да, курсагы тойгон соң менден баягыдай коркпой, байыр ала түшкөндөй быдылдап сүйлөп кирди. Угуп отурам. Ара-чолодо бирдемелерди шыңкылдап, айткандарына өзү маашырлана күлүп калат. Балдарыңыз барбы, кызыңыз барбы деп коет. Экөөбүз көпкө отурдук. Экинчи поюзга чыкпа дедим, апкең жаман аял экен, оган акша эле керек экен, сен болсо окушуң керек, анан […]