(Фантастикалык аңгеме)

Марлестин атасы атактуу конструктор, легендарлуу астронавт болучу. Аны күн системасынан аркы планеталардын элдери да билише турган. Бирок анын уулу Марлес атасынын кесибин жактырбан зоолог болууну эңсөөчү. Ошол себептенби, кичине кезинде туулган күнүнө тартуу кылынган кандайдыр бир электрондук радио аппарат — барксыз оюнчуктардын эсебине кирип көмүркөйдө жатчу…

Кызык…

Атасы ошол аппаратты берип жатып, уулунун мурдунан чымчып эркелетип, тамашалаган:

— Оо, энеси, көрдүңбү, уулуна атасы эмне белек берди?! Он үчүнчү толкунда иштөөчү радио аппарат. Кокус мен космостон кырсыкка учурап калсам, ушул толкунда сигнал берем. Анткени бул толкун космостук антимагнит талаасындагы гамма нурларын түздөн-түз көсөп өтө алат. Ошондо уулум, сигнал шооласын кармап, космикалык кемеси менен мени алып келет, ушундайбы Марлес? Ал кезде мыкты космонавт болуп каласың ээ?

— Аный,- деп чайкаган, анда Марлес.- Мен жылдыздарга учкандан көрө, тоого барып жолборс кармайм…

— Кой, антпе! — деген атасы күлүп. — Сен астронавт болосуң…

Марлес атасынын мүдөөсүн жактырчу эмес.

Анткени алардын кошунасы Эридинин чоң энесинин уулу мейкинге чалгындап кетип кайтпай калган. А энеси чачы агарып токсондон ашканча уулум келет деп күтүп жүрөт…

Бул жагдай Марлеске жагымсыз таасир калтырып, космосту көп сүйө берчү эмес…

Турмушта окшоштук көп болот тура…

Марлес атасын дайыма ойлочу…

Кантип эле анын атасы Ырчуулча космостон кайтпай калсын?

Ал мектептен келатканда да, баратканда да Вега жылдызынын гиперболасына чыгып кетип, кайтпай калган «Колумб» звездолетунун экипажына кварцтан тургузулган эстеликтеги атасынын фамилиясын карап көпкө тура берүүчү. Атасынын элеси аны менен дайыма бирге жашап, ага атасы кандайдыр бир алыс жакта конокто жүргөндөй, же бир маанилүү иштерге илешип калып, колу бошоп келе албай жаткандай сезилчү.

Марлес атасынын тирүү экендигине сокур сезими менен ишенчү. Мүмкүн алардын космикалык кемеси аракеттенүүнүн максималдуу чегине жетип, галактиканын кыймылдуу орбитасынын огуна түшө албай мейкиндиктин бир чекитинде түртүлүп жүргөндүр…

…Күндөрдүн биринде классташы Рамазан бирдеме көтөрүп ага жетип келди:

— Марлес, оюңду бир чекитке багыттап, кайра сурабай кепти жакшылап ук. Мен бир жаңы аппарат конструкцияладым, аны сыноодон өткөрүшүм керек. Жардамчылыкка сен ылайыктуусуң. Себеби, сенин Суусамыр тоолоруна аңчылыкка чыгууга көптөн бери куштарланып жүргөнүңдү билет эмесминби. Сен эртең таң заарынан жөнөйсүң да, мобу, — ал картадан бир чекитти көрсөттү, — координаттарга жайланышып алып, он үчүнчү толкунда мага сигнал бере баштайсың. Пароль. «Мен — Гүлстан! Жооп бер, Чыгыш?» Эгерде мен жооп бербей тажай баштасаң, тиги автомат-роботтун кнопкасын басып кой да, өз ишиңди иштей бер. Бирок ар бир саатта келип кетип байкап тур. А азыр кош. Менин ишим чачтап көп, кечке чейин көп нерселерди камдашым керек.

Ал кетип баратып кайра кайрылды:

— Баса, менин жетип токтоочу чегим бир топ алыс болгондуктан, сенин түшкө чейин аң уулоого сонун мүмкүнчүлүгүң бар. Демек, сигналды саат экиден кийин баштайсың…

Марлес жалгыз калган соң «Эмне үчүн он үчүнчү толкун?» — деп ойлоду.- Неге он бир, же он төрт эмес, он үч?! Анын эсине кичинесиндеги атасы тартуулаган баягы аппарат түштү.

Рамазан романтик эле.

Марлес өзүнөн-өзү ишене албай шектенди.

«Тиги менен мунун ортосунда кандай жалпылык болушу мүмкүн?»

Ал аңтарып-теңтерип жүрүп аппаратты таап алып көпкө карап олтурду.

Микшер, усилитель туташтырылган динамикти дат баса баштаптыр…

Ал өткөн-кеткендерге боор толгоно ой улап олту руп-олтуруп оор улутунду да, жекшемби күнү саякатка кам урду…

Марлес көңүлдүү жүрүштөн кийин тоонун панорамасына суктанып, илбээсин аңдарга көңүлү тоюп, Ала-Тоонун муздак сыдырымына рахаттанып, теребелин карап отурду.

Тескейдин бадалчасынан чаарчык чыйылдап энесин чакырды.

Жогорку жалама зоодо бүркүт шаңшып уясына түшүп келатат. Тээ төмөндө туристтер жүрүшөт…

Ал саат экиден өткөндө аппаратты Кереге-Ташка орнотуп, он үчүнчү толкунда сигнал бере баштады:

«Мен — Гүлстан! Жооп бер, Чыгыш!»

Наушниктен зыңкылдаган жагымсыз үндөн бөлөк эчтеме угулган жок.

Жарым… Бир саат… Бир жарым…

Акыры ал соксоюп куру отура берүүдөн тажап, автомат-роботту ишке киргизип, тамактанмак болду. Рюкзактын түбүндө кече күнү чукулап отурган атасы тартуу кылган аппарат жүрүптүр.

«Кызык, апендилигимди кара, муну эмнеге салып койдум экен?» — деп ойлоду Марлес.

«Мен — Гүлстан! Жооп бер, Чыгыш?»

Рамазандан дале кабар жок.

Марлес ишсиздиктен эригип, атасынын аппаратын токко туташтырып он үчүнчү толкунду кармап, эрмек кыла баштады. Ал космостук зуулдаган башаламан үндөрдөн башы ооруп чыкканда гана аны таштап, көк майсанга чалкасынан түшүп, көктү тиктеп ойго батты… Эсине атасы түштү.

Ал дайыма атасын ойлочу.

Оо, ал атасын кандай гана сагынды дейсиң!

Марлес атасын көргүсү келчү…

«Ата… чын эле сен ааламдан кайрылбайсыңбы?..»

Ал тоо желине магдырап уктап кеткен экен, ойгонуп кетсе күн кечтеп кетиптир. Оо шумдук. Ал көргөн көзүнө, уккан кулагына ишене албады. Эки аппарат өз ара сүйлөшүп жатат.

— Толук түшүндүм, Чыгыш,- деди атасынын аппаратынын динамигинен кытыраган үн. — Ошентип менин берүүм Гүлстан координатынан кармалып, анан Чыгыш координатына берилип жаткан турбайбы. А эмне үчүн ошол объектидеги адам биз менеп түздөн-түз байланышпады?

— Мен да түшүнбөйм…

— Уккун, Чыгыш. Сен биздин сүйлөшүүнү магниттик-лентага бүт тарттырып алдыңбы? Космографиялык жылдыздар координаттары чаташкан жокпу? Сен эми тез, Жылдыздар Аралык Коомго жетип, биз тууралуу кабарла. Баса, эскертем, Астрономдор көчөсүндөгү №2 үйдө менин балам Марлес, аялым Наркүл жашайт. Эгер жоголбогон болсо уулумда он үчүнчү толкунда иштөөчү өзүм түзгөн аппарат бар. Аны Жылдыз Аралык Коомго алып барышсын, анда биз окумуштуулар менен түздөн-түз байланыша алабыз. Макулбу?

Мезгил көз ирмемге муздай тоңо түшкөнсүдү. Чыгыш координатынан толкундаган үн атылып чыкты:

— Жолдош капитан… Гүлстан координатындагы — сиздин уулуңуз, Марлес…

— Ия?.. Эмне дейсиң?.. Марлес!

Нес болуп отуруп калган Марлес аппаратты кучактай жыгылды:

— Ата-а!.. Атаке-е…

АУ, КАЙДАСЫҢАР!

Аалам койнун Жиреп эки кеме бир мезгилде учуп чыкты.

Бири — галактиканын периферийинен анын түпкүрүн карай жылдыздап учуп жөнөдү.

Бири болсо ошол эле галактиканын ядросунан анын четин карай периферийге багыт алды.

Бири жылдыздуу дүйнөнүн эң четине жайгашкан акыл-эсти, өз чөйрөсүнө өзүнө теңдеш жашоо каны жүрүп турган башка акыл-эсти таппай, эгер ал эми болсо галактиканын ядросунда гана болуш керек деген жыйынтыкка такалган соң, бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчүнүн принциптерин жобо кылып алып, боштуктан боштукка эленип, ааламдын жүрөгүнө супермейкиндиктин сырты менен кирип баратты.

Экинчиси болсо ядродогу жылдыздык дисгармония законун жеңип чыгып, ааламдын жүрөгүндө кокустук менен пайда болгон тиричилик экенбиз, жашоо каны галактиканын периферийинде гана болушу керек, биз издеп таап өзүбүз жөнүндө кабар берели деп супермейкиндиктин ичи менен ядродон сыртка карай куюндап келатты.

Алардын жолу ай-ааламдын өзү сымал учу-кыйырсыз чексиз эле.

Качан кайра өз мекендерине кайтышары да белгисиз болчу.

Демек, алардын качандыр бир убактарда арттарына кайтышы мүмкүн экендиги да белгисиз эле. Алар сандаган жылдыздар менен планеталарга жүрөктөрүн өйүгөн бир гана чакырыкты таштап келатышты:

— Ау, силер кайдасыңар, космостук акыл-эстин бир туугандары! Биз силерди миллиондогон жылдар бою издеп келатабыз. Бар болсоңор жооп бергиле. Биз мындабыз! Силер кайдасыңар, ау?!

Ал эми мейкиндиктин бир эле кырында кеменин жолдору дал келди — бири үч өлчөмдүк убакыт менен, бири болсо төрт өлчөмдүк убакыт менен бир чекитти учур чакта басып өтүп баратышты.

Бири өткөндөн келечекке, бири келечектен өткөнгө жиреп келатышты.

Дал азыркы, чыныгы учур чакта бир эле мейкиндикке эки башка өлчөмдө келген эки акыл-эс өзүндөй акыл-эсти ай-ааламдан таппай каңырыгы түтөп, жанаша кайып, кайчы өтүп кетип баратышты. Экөөнүн тең эңсегени, чакырыгы бир гана болчу:

— Ау, кайдасыңар?!

1978

One Reply to “Беганас САРТОВ: Он үчүнчү толкун”

  1. Менин ойум боюнча фантастика жанры (жакшы жазылган) философиянын дагы бир багыты боло тургандай (метафизикадан тышкары). Он жашымдан бул дуйного сингип киргенден бери, жашоого болгон коз карашым, дуйно таанымым чексиз, табышмактуу, сырдуу Аалам аркылуу калыптанды. Кыргыз тилинде жазылган фантастиканы кобуроок чыгара аласынарбы. Себеби мен окуган фантастика жалан орус тилинде болчу (СССР учур). Сиздерге чон ыракмат!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.