Эртең мененки газеталарды көңүл кош барактап жатып,  бурчунда басылган бир  жарыяны көрүп калдым: “Тонгарияк – сонун таттуу. Жаңы түрлөрүн жасоого конкурс. Семинар- көргөзмө”.  Кызык, тонгарияк деген эмне болду экен?  Мурда угуп да көрбөпмүн. “Таттуу”,- деп аткандан кийин, кондитердик  жактан болсо керек.  Бул тармакты жакшы эле билүчү элем, мен билбеген эмне таттуу болуп кетти?  Бош элем, барып көрөйүн дедим.

Семинар үчүн отелдин чоң залын алышыптыр, келгендерге чай жана таттуу сунуш кылып жатышты. Арийне, тонгариякты.  Татып көрдүм – өзгөчөлөнгөн эч нерсеси билинбейт, даамы деле анчейин. Кыртышы абдан эле катуу, илешчек-таттуу эле бирдеме. Азыркы жаштар мындай даамды жактырбайт деле болуш керек.

Бирок семинарга келгендер жалаң жаштар экен – менин жашымдагы, балким менден да жаш. Мага 952 номердүү бирка беришти, менден кийин дагы жүздөй адам келди. Ошентип, миңден ашык адам чогулсак керек. Бир топ эле экенбиз.

Катарымда линзасы калың  көз айнек тагынган жыйырма жаштардагы кыз олтурду.

— Сиз мурда тонгарияк жеп көрдүңүз беле? — деп сурадым.

— Ананчы, -дейт ал. — Бул бир укмуш керемет да!

— Мага анча деле жаккан жок…- деп айтарым менен кыз мени бутка тээп калды.

Тегерегибизде отургандар баштарын буруп мени тиктеп калышты.  Кудай урбадыбы…   Билмексен, Винни-Пухтан беш бетер маңыроо болумуш  эттим… бардыгы калыбына келди окшойт.

— Сен эмне, жиндисиңби? – кыз кулагыма акырын шыбырады. – Ушундай жерге келип алып тонгариякты жамандайсың. Тонгар каргасынын колуна түшсөң – бул жерден тирүү чыкпайсың.

— Тонгар каргасы? –  таң калып үнүм катуу чыкты. — Ал эм…

— Тс-с, — деди кыз. — Семинар башталды.

Биринчи “Тонгар кондитердик азыктар” фирмасынын президенти сөз баштап, тонгарияктын тарыхына токтоду. Билбейм, анын урдуруп жатканына ишенсе болобу же жокпу, айтор биринчи тонгарияк Хэйан[1] доорунда эле пайда болон экен. Бул жөнүндө “Кокин-вакасюда[2]  жазылган имиш. Күлкүм келет,  бирок айланамдагылардын  жүзүнөн ушул тантык жоромолду кунт коюп угуп жаткандыгы байкалат. Анын үстүнө тонгар каргасынан чочулап, күлгөн жокмун.

Президент бир сааттан ашык бабырады. Эриккенден өлөйүн деп калдым.  Анын сөзүнүн бардыгын бир эле сүйлөм менен: “Тонгарияктар – бай традициялуу таттуу азык”, — деп айтып койсо болмок.

Андан кийин фирманын башкы башкармасы конкурс жөнүндө түшүндүрмө бере баштады. Анын айтымында, кылымдарды карыткан тарыхы бар тонгарияк деген улуттук даам, мезгилдин талабына жооп бергидей болуп, жаңы кан кошулуп дегендей, диелектикалык жактан өнүгүшү керек экен. Тонгарияктын баа-баркы мурдагыдай эле бийик, бирок эл мунун даамына каныгып, эми азыраак сатып алып жатышат, ошондуктан жаңы идеялар талап кылынат, аны жаштардан күтүп жатабыз. Ушинтип эле айтып салды.

Чыгып баратканда конкурстун шарты жазылган китепче беришти. Бир айдын ичинде тонгарияктын негизинде кандайдыр бир таттуу даам жасап, фирмага өткөрүш керек экен. Жеңүүчү  эки миллион иен алат. Бул акча үйлөнгөнгө да, жаңы квартира алганга да жетет. Мен катышып көрөйүн деп чечтим.

Мен башында айтпадымбы,  таттуу нерсе жасаганга машмын деп. Эмне каалаганыңды жасай алам — анко[3], крем, пирог. Бир айдын ичинде тонгарияктын жаңы түрүн, тонгарияк – модерн жасап салыш, мен үчүн кеп деле эмес. Эки дюжина[4]  жасап туруп конкурстун акыркы күнү “Тонгар кондитердик азыктар” фирмасына алып бардым.

— Тышкы келбетине караганда даамдуу окшойт,-  деди кабыл алып жаткан кыз.

— Күнөм санабай койсоңуз да болот , — деп ишендирдим.

*     *     *

Дагы бир айдан кийин телефон чалышып, эртең офиске келишимди өтүнүштү. Эртеси мойнума галстук илип алып жетип бардым. Фирманын башкаручусу кабыл алды.

— Биздин фирма Сиз алып келген тонгарияктарга жогорку бааларды берип жатышат, — деп баштады ал. – Айрыкча… э-э… жаштар.

— Рахмат, -мен кубанып калдым.

— Бирок ошол эле мезгилде… м-м-м… тиги, жашы улуулар, андайлар да бар, бул тонгарияк эмес деп атышат. Ошентип Сизди колдогондор да, каршы болгондор да болуп жатат.

— А-а… – дедим эмненин башын чаргытып жатканын түшүнгөнгө аракет кылып.

— Ошондуктан директорлор кеңеши тонгар каргаларынын пикирин угуу тууралуу чечим кабыл алды.

— Тонгар каргалары? Ал эмне деген каргалар?

Башкаруучу мени түшүнбөй калгандай тиктеди:

— Бу кандай? Сиз тонгар каргалары тууралуу билбей туруп конкурска катыштыңызбы?

— Кечирип коюңуз. Андай кылуу менин оюма да кирбептир…

— М-мм… Эми эмне кылабыз! – башкаруучу башын чайкады. — Ушундай кантип болсун? .. Болуптур эми. Жүрүңүз мени менен.

Биз анын бөлмөсүнөн чыктык, коридор менен жүрүп, лифтке түштүк, алтынчы кабатка көтөрүлдүк да кайрадан коридордо болуп калдык; анын акырында темир эшик бар экен. Башкаруучу коңгуроо кнопкасын басып, ошол замат чымырынан келген, албеттүү кароолчу пайда болду, ким келгенин көрүп, ачкыч менен эшикти ачты. Укмуш кайтарышат экен, — деп ойлоп койдум.

Бул жайда тонгар каргалары жашайт, — деди башкаруучу. —  Өзгөчө порода. Тонгарияктар менен гана азыктанышат, башка эч нерсе жешпейт.

Башка түшүндүрмөнүн деле кажети жок эле. Биз кирген жайда жүздөн ашык каргалар бар экен. Ушул шыбы беш метрдей, бош складка окшогон жайдагы атайын орнотулган шырыктарга тонгар каргалары конуп алыптыр. Алар кадимки каргалардан алда канча чоң:  эң чоңу – бир метрдей, кичирээктери —  алтымыш сантиметрдей бар. Карап,  каргалар сокур экенин байкадым. Көздөрүнүн ордунда агарган бир май бүртүкчө.  Ага кошумча мына-мына жарылып кетчидей көлтөйүп   семирип алышыптыр.

Биздин дабышыбызды угуп, канаттарын кагып, чарылдап калышты. Алардын чарылдаганы башында кулакты тундуруп,  бирок бир аз көнгөндөн кийин алар: “Тонгарияктар! Тонгарияктар!”- деп кыйкырганын баамдадым. Кебетелери адамдын кускусун келтиргендей, шумдук жандыктар.

Башкаруучу кутудан тонгарияктарды алып полго чачып койду. Ошол замат жүз баштуу үйүр конгон жерлеринен үзүлүп түшүп, жан талаша чачылган таттууга киришишти.  Бири биринен жула качып, чокулашып, айрыкча  бири биринин көзүн чокуганга аракет кылып, кадимкидей салгылаша  башташты. Мына сага… Алар эмне үчүн сокур экендиги эми түшүнүктүү болду.

Башкаруучу экинчи кутудагы, менимче мурдагылардан эч айырмасы жок тонгарияктарды полго чачты.

— Бул конкурстан өтпөй калган тонгарияктар, — деди.

Каргалар кайрадан тамакка үзүлүп түшүп, бирок эмнегедир жебей коюшту жана ачуулана чарылдай башташты.

— Тонгарияктар! Тонгарияктар! Тонгарияктар! – деп учуу чарылдашат. Алардын ачуу үнү бөлмөдө жаңырып, кулакты тундурат.

— Карабайсызбы! Алар накта тонгарияты гана жешет, — дейт кубангандай башкаруучу. Аларды алдай албайсың!

— Тонгарияктар! Тонгарияктар! Тонгарияктар!

— Эми сиздин жаңы тонгарияктарыңызды берип көрөлү. Жеп калышса – конкурстан өткөнүңүз, жебесе айла жок – тагдырыңыз ошол.

Мен шашып калдым. Бул сыноо жакшылык менен бүтө койбосун сезип турдум. Ушундай да болмок беле. Ушундай маанилүү ишти жапайы банданы тойгузуу аркылуу чечүү кантип болсун. Бул туура эмес. Бирок башкаруучу менин пикириме түкүрүп да койгон жок, шыпылдап менин “конкурстук чыгармамды”  полго чачып кирди. Каргалар буйдалбай атылып киришип, түшүнүксүз нерселер башталды. Айрым каргаларга менин тонгарияктарым жагып, жей башташты. Айрымдары бир тиштеп, кайра түкүрүп: “Тонгарияктар”! – деп айкырык салууда. Эч нерсе тумшугуна илинбей калган карга жини келип, тонгарияк жеп жаткан карганы жемсөөгө чокуп калды.

Кан чачырап кетти. Дагы бир карга түшүп кеткен тонгариякка умтулду эле, килейген чоң карга “Тонгарияктар!” –деген ураан менен анын кардын жыра чокуп салды. Тапырап, каргалар ортосунда согуш башталып кетти. Кан дагы кан чыгарганга, бири-бирин жек көрүү ого бетер күчөп  улана берди. Деги маанилүү бир нерсе болсо кана… Ушул болбогон бир таттуу үчүн… Бирок каргалар үчүн абдан маанилүү болсо керек. Накта тонгариякпы же накта эмеспи…Же өмүрдүн, же  өлүмдүн  маселеси.

— Карасаң эмне болуп жатканын! —  дейт башкаруучу. — Мен жөн эле, чачып эле койдум, алар жинди болуп кутуруп кетишти го.

Мен согуш талаасын таштап чыга качканга шаштым. Лифт менен ылдый түшүп, фирманын имаратынан чыктым. Эки миллион албай калганыма албетте ичим күйөт, бирок калган өмүрүмдү ушул каргалар менен иш жүргүзүп өткөрүү… кудай сактасын.

Мен мындан кийин өзүмө жаккан нерсени  гана — өзүм үчүн жасоо дурус болот деп чечтим.  А каргалар маа десе бири-бирин өлтүрүп койгуча чокулаша берсин.

Орусчадан которгон Марсел Исаков

[1] Япон тарыхындагы 794–1185-жылдар.

[2]Япон поэзиясынын X кылымдын башында жазылган биринчи антологиясы.

[3] Кызыл фасолдон жасалган япондордун салттуу таттуусу.

[4] Бир дюжина -12 даана.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.