Асылбек Жоодонбеков: Күкүк ата, күкүк энелер – улуттун коркунучу

Кайнимдин сунушу менен бул жолу Жалал-Абаддан Ошко маршрутка менен кете турган болдук. Ал бизди автовокзалга жеткирип, маршрутканын  коопсуз жана ыңгайлуу экендигин баса белгиледи. Чындыгында эле токтоп турган он чакты бусиктин көбү  жаңы моделдеги, мыкты авто-унаалар экен. 120 сомду кассага төлөп, чек кыркып бергендиги да кубандырды. Шофер байке биздин таң калганыбызды, кызыкканыбызды байкап, маршруткасын ийне-жибине чейин мактады. Анысы мактагандай эле бар.  Менин боюмдун узун экенин көрүп: – Кел, кир, үкөм отур, бутуң алдыңкы отургучка тийип калса акчаңды кайра берем, – деп […]

Куба жомогу: Ыйык Лазардын көгүчкөнү

Торкавота деген негр чиркөөгө келип ыйык Лазарга таң эрте мергенчиликке чыгаарын, эгер эки көгүчкөн атса анын бирөөсүн өзүнө энчилерин айтып сыйынды. Ошол түн абдан суук болсо да, Торкавота таң ата эринбестен туруп, мылтыгын алып мергенчиликке жөнөдү. Токой аралап бир топ барып, алды жактагы бадалдардын арасынан жер чокуп оттоп жүргөн эки көгүчкөндү көрүп, жакшылап мээлеп атты эле, алардын бири бырпырап ордунда калып, экинчиси уча качты. — Ыйык Лазарь! Тигине сенин көгүчкөнүң сага баратат!  Энчиңди кабыл ал! – деп кыйкырган Торкавота эргул […]

Брайн Ленгфорд: Өнөкөттүн балакети

АҢГЕМЕ Поезд бир калыпта зымырайт. Анын коридорунда келаткан Мартин Форндайк бош купедеги орундукка көчүк басты. Колундагы кичинекей сумкесин тизесине коюп, көйнөгүнүн этегин бырышып калбасын дегендей акырын түздөдү. Негедир олдоксон кыймылдап, сумкесинен упа салынган кутучаны алып чыкты. Тикчийген капкара жасалма кирпиги көздөрүн коймолжута, ыгы менен боёлгон эрини бөйтөйүп, барпайган аксаргыл кеп чачы аны татынакай аялдан эч айырмалантпайт эле. Ал өзүн-өзү күзгүдөн кыйлага чейин кандайдыр бир канагаттануу сезими менен карап олтурду. Ушундай келбетке жетишүү үчүн акчанын көзүнө карабай чачканына ичинен ыраазы болду. […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын шаары – Үй-бүлө

Үй-бүлөнү, адатта, никеге жана туугандык байланышка негизденип, мүчөлөрү бирге жашоого жана бири-бирине күйүмдүү мамиле жасоого ынтызар коомдук чакан топчо катары билишет. Ал эми элибиз «Үй-бүлө – капкалуу шаар» деп аныктап келген. Мында үй-бүлөнүн жашоо мыйзамы, тирлик турмушу, рухий дөөлөтү ж. б. жактары элестүү чагылып турат. Үй-бүлө турмушун шаар жашоосуна салыштырууда аша чапкандык жок. Шаар – дайын-дареги тарых тереңинде жаткан, турмушу сан түркүн окуяны ичине каткан, татаал инфраструктуралуу, там-тарагы тозгон сайын тургундары жаңырып, жаш-курагы озгон сайын жан-дүйнөсү жашарып турган ырдуу да, […]

Абдыкерим МУРАТОВ: Очок

АҢГЕМЕ «Атам, ой, атам, ой!» – Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты… Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта албай келе жатсам да бул жолу «аталап» түштүм. Биринчи жолу «аталаганымды» эми келбес жайга кеткен маркум атам укпай калды… Аңырайып ачык турган дарбазадан […]

Евгений Пермяк: Машанын кантип чоңойгону

АҢГЕМЕЛЕР Кичинекей Маша бат эле чоңойгусу келчү. Аябай. Бирок канткенде чоңоёрун билчү эмес. Ал эмнелерди гана кылып көрбөдү. Апасынын туфлисин кийип ары-бери басты. Чоң энесинин үйгө кийген шөлбүрөгөн чоң көйнөгүн кийди. Чачын Катя жеңесиникине окшоштуруп тарады. Мойнуна шуру, колуна саат тагынды. Баары бир чоңойгон жок, бардыгы аны шылдыңдап күлүп жатышты. Бир жолу ал пол жууп көрмөк болду. Анан шыпырды. Шыпырганда да таптаза шыпырды, апасы таң калып мындай деди: – Машенька! Чын эле сен чоңоюп калдыңбы? Маша идиш-аякты мизилдете жууп, кургата […]