АҢГЕМЕ

«Атам, ой, атам, ой!» – Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты…

Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта албай келе жатсам да бул жолу «аталап» түштүм. Биринчи жолу «аталаганымды» эми келбес жайга кеткен маркум атам укпай калды…

Аңырайып ачык турган дарбазадан кирерим менен эле, жаштуу көзүм менен атам отурчу чарпаяны[1] карадым. Азыр эле биз атамдын сөөгүн гүлкайырлар баскан мүрзөлөр арасына  жашырып, кабырын дөмпөйтүп, үстүнө эч качан, эч кимдин жардамы менен чыга алгыс кылып топурактарды очойто үйүп кайтсак да, атам баягы ордунда – дарбазадан кире бериштеги ордунда отургансып чарпаяны карадым. Чарпаянын үстү аңгырып бош туруптур…

Элде «Ат карыса эшек менен дос болот, адам карыса төшөк менен дос болот» деген эскиден келе жаткан сөз болсо да, атам төшөк менен дос болбоду, эптеп туруп ушул чарпаяда отуруп калганга тырышар эле.

Атамдын атамсыз чарпаясын көргөндө көзүмдү жумдум, ичтен чыккан муздак бир демби, кыжаалаттыкпы, же бир суюк нерсеби – айтор, билинбеген бирдекени көөдөндөн чыгардым да, «Атам ой, атам, эми кайдан көрөйүн…» деп дагы төрт-беш кайталап кыйкырып алдым. «Кой, эми» дегендей болду бирөө. Артыман ээрчий келген, азыр эле көрүстөндө атамдын жаңыдан пайда болгон кабырын тегеректеп турган көпчүлүк убай-чубай үйгө кирип, куранга бата кылып, мени менен кучакташып кулагыма шыбырып кетип жатты:

«Сабыр кыл!»

«Жакшы киши эле!»

«Пенделик да!»

«Атаңдын эми а дүйнөсүн берсин!»

«Кайрат кыл!»

«Эми улуу бала катары балдарга баш-көз бол!»

— Келгиле, чайга киргиле!

— Чай ичкиле?

— Ичкериге! – Жакын туугандар келгендерге ушинтип жатышканы менен үйгө эч ким дале кирбеди.

Аягы үзүлбөгөн катар тизилген батачылар көз көрсөтүп, курандан кыска сүрөө окулган соң жүзүнө бата тартып, дарбазадан чыгып кете беришти. Мен тааныгандар бар, тааныбагандар бар, аталарына, бир туугандарына окшотуп «баланчанын балдарынан го» деп болжолдогондор бар.

Атам бир нерсе болсо, акыры ушулар келет, ушулар кирип чай ичет деп эски үйдү бузуп, жаңысын тургуздук эле го?.. Булар эмне кирбей жатышат? Эмнеге үйдү бузуп, башкадан салдык экен? Акыры бир жыл коё турсак болмок экен го? Туугандар эле «Атаңар бойго жетип калды, үйүңөр эскирди, жаман айтпай – жакшы жок…» деп туруп алганынан он бир тууган ортодон эски үйдү бузуп ошол эле короонун бир бурчуна жаңысын салмак болдук…

Ошол бир жыл мурда бузулуп кеткен эски үйдүн ордун карадым. Орду-түбү менен жок. Чөп басып, кесек-таш аралаш бир чалдыбар жатат.

Мына топурак арасында эски очоктун орду калыптыр. Кара көө баскан таштарынан очокту тааныдым. Биздин очок…

*     *     *

Он бир туугандын жок дегенде үчөө-төртөөбүз катарлаш өстүк. Очокту тегеректеп отурчубуз. Очок – биздин жашоо эле. Таң атпай апабыз улууларыбыз менен тамеки үзүүгө кетип, энебиз уй саап атканда атам бир кесесин көтөрүп жанына барар эле. Жалгыз баласы жанына келгенин жытынан билген энем саанын токтотуп, сүттүн бетин үйлөй-үйлөп, кылы болсо терип, уулуна – биздин атабызга кесесине мелт-калт толтуруп жаңы саалган сүттөн куюп берер эле. Ашказаны тынымсыз ооруган атамдын ушул сүт гана дартына даба боло тургандай баарыбыз анын сүт ичип жатканына ыраазы боло карап турар элек…

Анан атамдан калган сүт биздин тезек калап от жага баштаган кара казанга куюлат, биз сүткө отту улуулатып, карап турабыз. Бети каймактай баштаганда аралаштырып, сапырабыз, ташытып ийбей, бышканда башка идишке куюп алабыз. Очоктун эле боюнда машинага тартабыз, каймагы менен сүтүн бөлүп алабыз. Машинадан чууруп түшүп жаткан каймакты ушундай жегибиз келсе да, май кылабыз деп жечү эмеспиз. Анан сүт тартылып бүткөн соң сүт машинанын табактарын талашып жалап-жуктап тазалап киребиз. Бизге ыраазы боло түшкөн атам жумушуна – тамекиге жөнөчү…

Жайдын ысыгында ушул очокко атала кайнатчубуз. Кыз дебей, бала дебей очокко казан асып, май салып, ун же талкан кууруп, анан суу куюп, жакшы аралыштырып, атала кылып алганды баарыбыз эле билер элек. Ысыгында тамак, суугунда суусундук болчу бул атала тээ тамеки эгүүдөн тартып, тамеки орууга чейин ушул очокто кайнап турчу. Өзгөчө Ак-Таш, же Артылма деген бөксө тоолордо чөп орок башталганда, буудай талаадагы комбайындан кийинки топон талашта ар бир адамдын жанында атала боло турган. Атам менен чөп оргону биз да жөнөйбүз. Салкында бир-эки солдон чалгы чаап түшкөндөн кийин эле атам бизге карап, «эми дем алгыла, аталаңарды ичкиле да, карт кекирип, карагандын түбүнө жата тургула, же алып келген китебиңерди окугула» дейт да, өзү алып келген аталасын көтөрүнүп ары жакта чалгы чаап аткан теңтуштарына – Буркан акаби, Мамыразак акаби, Жээнбай акаби, Атазак акаби – иши кылып бирине кетет. Кээде биринен экинчисине өтүп да кетет. «Атам аларды алаксытпаса экен» дейбиз, болбой эле жандарына бара берет да, кечки салкын түшөрдө «кетелиби» деп жаныбызга келет…

Ошол очок – мына. Атамдын аталалары бышкан очок, атам ар кимге барып мактап ичирип келген аталалар кайнаган очок… Очоктун изи турат. Атам жок… Атала кылган кишилер да жок… Атам аталарын мактанып ичирип келген кишилер да жок…

Очоктун үстү жагында – шыпта чабалекейдин уясы боло турган. Жылда кышта бузулуп калчу да, жазында келип убара болуп кайрадан уя салчу ача куйрук чабалакейлер.

Ошол чабалекейлер маал-маалы менен чурулдап калчу. Апам же энем, «келди, баягы дагы келди» дечү. «Бар, Тойгон тагаңы чакыр, ол жок болсо Нүрдүндү чакыр!» дечү атам эркек балдардын бирине карап. Кимибиз болбосун чуркап кетер эле. Калганыбыз, шыпка асылып, чабалекейдин уясына өз үйүнө бараткандай беймарал бараткан кара чаар жыланды карап турар элек. Тойгон тага, же Нүрдүн ака, же көчөдөн өтүп баратканда биз чакырып келген бир киши дарбазадан кирери менен бешилик даярдап турчубуз. Атам болуп азыр өлүүчү жыланган жай камдап коёбуз. Чубалган жыландын өлүгү келгенде жайын ачып чагып кете тургансып корумдап таштачубуз. Болбой эле кийин дагы бир жылан пайда болот…

Жай аяктап, күз башталганда очоктун ооматы дагы келет. Мака дүмбүл болот. Атам келерге жакын тамаркадагы жүгөрүнү аралай чаап, мака баштарынын көк чапанын бир жерден тешип, данга жеткенде баш бармактын тырмагын матырып көрөбүз, сүт чыкпаса, көк баш экен деп, кийинкиге калтырып, сүтү чыккандарын кайрып алып очоктун башына алып келип тизип коёбуз. Канча адам болсок, ошончо дүмбүл алып келебиз. Атамды ороп отурабыз. Атам бизге адагенде чокко кактап, күйгүзбөй, арасынан анча-мынчасын сонун кылып парсанактатып дүмбүл бышырып берет. Кимдики биринчи бышса да бөлүшүп жейбиз. Кийин тамак бышып, оттун табы кайтканда, «жүргүлө, эми тамакка» дечү да, анын оттун коруна дүмбүлдөрдү көөмп коёр эле. Уктабасак жейбиз, уктап калсак, саар катыратып жеп кирмей…

Мына ошол атамдын колу тийген очок, адам бизге мака дүмбүр бышырып бирген очок. Очоктун орду турат… Турушу турат… Ана, атамдын чарпаясы турат. Ээн турат. Элсиз талаадай, эрме чөлдөй турат. Кийинки жылдарда бир да бош болбогон, бир да адамсыз турбаган чарпая кимдир бирөөнү жоктогондой, жоктоп тымызын ыйлап айткандай өксүп турат.

*     *     *

Анда кыш оор түшөр эле. Үйгө мешке от жаксак да, көбүнчө көмүрдү аяп, ушул очокко тезек калайт элек. Тезек эмне, күздө талаадан терип аласың, же малдардын богун чылап, көмүрдүн майдасын кошуп жууруп, саратанда дубалдын бетине жаап койсоң бир жумада сонун отун даяр болот.

Ошентип кышта да очокко тезек жагабыз. Атам звеновой катары көбүнчө тамекинин пресстелген таңгактарын даярдоо канторасына өткөрүү үчүн районго кетет. Ачык машинанын үстүндө ак тонун кийип кетет. Эрте келгенде, тамекилеринин баарын өткөрүп келгенде, дарбазадан эле аттарыбыздан чакырып көңүлдүү кирет. Биз да атабыздын алдынан чыгабыз. Калп эле уктамыш болуп атсак да жүгүрүп барабыз. Анткени атам бизге – ар бирибизге бирден чоң корозкант алып келет. Короз кылып жасалган, астына таякча сайылган мындай таттуулар Ноокаттын базарында колдо гана сатылчу. Атам ошолордон атайын алат. Анан атама апам же энем очокто ысык турган тамагын куюп берет.

Тамак ичкенче атам өз тагдырын айтып отурат. «Бир жолу, — дейт – Арча-Мазарга отунга бардык. Көп алып, эшектерибизге ашыкча жүктөп алыппыз, Кара-Жардан эптеп өтүп, Артылмага келгенде – айылдын чарактары көрүнүп калды. Чарчадык. Шериктерим отундарын эшектен чечип, суу алган аңга калтырып, «талаага кетебиз» дешти. Мен «ушунда кала берем» дедим. «Отундарды карап жатам» дедим. «Коркосуң жүр», десе, зеригип «барбайм» дедим. Алар жүгүн түшүрүп, эшектерин минип айылга кетти. Жата бердим. Ойгонсом күн кыйла көтөрүлүп калыптыр. Шериктерим келип отундарын кайра жүктөп атат. «Корккон жоксуңбу» деп таң калышат. «Корккон жокмун» дедим. «Ошондо суук өткөн да бул буттарга» деп коёт да атам кимибизге болбосун бутун сунат. Биз болсо бир сасыктан сасык – жыландын, же аюунун, же балыктын майын буттарына сүйкөп беребиз.

Анан дагы атам кебин улантат: «Апаңарга жаш үйлөнүп алды» деп кодулай баштады. «Качып кеткиле» деди. Качтык. Кара-Суунун Өзбекстан жагында Ак-Таш деген айыл бар эле. Апаңардын бир акаси ошол жакта экен. Ошонукуна качып барып жүрүп калдык. Пахта кырманда күндө күрөш болот. Ана палвандар. Бири-бирин көтөрүп чабат, бири-бирин жыгат. Мен ноокаттык мусапыр бир четте карап турам. Бир күнү бир түрк киши баарын жеңип, акыры ага эч ким чыкпай калды. Белге чейин чечинген, көкүрөгүн капкара жүн баскан дөөдөй кишиге ким эле даап барсын. Ары айланды, бери айланды. Калыс колун кармап турат, эч ким чыкпаса жеңиш ушунуку деп көтөргөн атат. Табакел дедим. Жыгылсам жер көтөрөт дедим. Эл арасынан суурулуп чыктым. Бой бар. Толуп турган убагым. Адамдар баары мени карашты. Калыс шылдыңдагандай белдеги курларыбыздан карматып койду. Тиги түрк шарт эле көтөрүп чабайын дегенде бой менен ныгырып таштадым. Тизелеп отуруп калды. Кайра турду. Кайра белден алыштык. Көпкө алыштык. Темирдей оор адам экен. Чарчаттым. Акыры жамбашын жер жыттаттым. Элдин кол чапканын айт. Мени көтөрүп ыргытып атышат, ыргытып атышат. Ошентип жаш кезде бир намыска жарагамын».

Атамдын мындай айткан сөздөрүн очок боюнда жыргап угабыз. Чын эле атам сулуу киши эле, жылдыздуу эле, жеңелери «узун» деп тергешер эле…

Анан тамеки кабыл алуу пунктунан жолу болбой келе жатканда дароо билчүбүз. Эч кимди чакырчу эмес, оокатын да ичсе ичип, калп эле уктамыш болуп жаткан, азыр эле «тургула» десе тура калчу бизди карап да койбой, апама наалый баштайт: «Ушул прёмчиктики өттү. Окууну бүткөн имиш. Жаш бала. Мен кантип ушунча жыл иштеп тамекинин биринчи сорту менен экинчи, үчүнчү сортун билбей калайын. Биринчи сортту экинчи деп алат. Эки тайымды ным экен деп албай коёт. Ого пул бериш керек экен. Же гулгулу тоок, арак көтөрүп барыш керек экен. Мен андай кылбайм. Акыры алат, албай каякка барат». Ушундай сөздөр чыга баштаганда эле басып уктап кетебиз.

Атам кимдир бирөөлөргө нараазы боло берет. Башкалардай пара бергенди билбейт. Айтмакчы, кийин-кийин Жаңы-Базар деген чоң айылга мечит салмакчы болушат. Бир таза киши такпайына биринчи ташын коюп бериши керек экен. Ал киши өтө пакиза болсун, жебеген-ичпеген, зина кылбаган киши болсун дешиптир. Бул ишке эч ким батынбаптыр. Анын кошуна айылга – атама келишиптир. Атам мечиттин биринчи ташын алып бериптир…

*     *     *

Очок алдында дагы да ойлор келет… Очоктон чубалып чыгып көккө сиңип кеткен биз жаккан оттун түтүндөрүндөй ойлор чубап чыгып, каякадыр сиңип кетет…

Анда биз Адиш үкам экөөбүз ишке жарай элек кезибиз. Тамекиден колу бошобогон атам эптеп ара-чолодо бизди энеме кошуп Көк-Дөбөгө жайлоого чыгарып коёт. Аерде башка кошуналар каралашат. Жүктү түшүрөрү менен эң биринчи атам очок казып кирет, чатыр тигилүүчү жерден алыс болбосун деп төрт-беш кадам арыдан жумшак жерди чукулайт да, булак жактан төрт таш таап келип очок кылат, казан туура келсе болду, очок даяр. Адегенде капкара болуп калган абдестеге булак суусунан куюп келип, атайын ала келген темир арматурага аны асып чай кайнатабыз. Оо, жайлоонун чайы! Кийикот кошулган чай! Анан биздин жайкы турмушубуз ошол очокко байланат: чай, сүзмө кайнатабыз, сүт бышырабыз, тамак кылабыз, каттама, созмо, чабаты, нан кылабыз, очокко деп куураган карагандарды, долоно-четиндерди терип келебиз. Айылдан чыгып келери менен атам очокту карайт, бузулган жокпу дейт, таштардын арасы оюлуп баратса шыбап коёт…

Мен анда Ошко окууга киргем. 1-курста пахтадан келерибиз менен махаларды кыдырып квартира издемей, «о, айа-а, квартира борми» деп кыйкырабыз, ичкериден «йок», «кет», «кема» деген үндөрдү угуп апсалабыз кайтат. Ошентип жүрүп акыры бирөө көп жыл карабай койгон бир жайына киргизип алды. Кыш башталып, бирге жаткан Алтымыш, Абжалил, Акмат, Турдубай – бешөөбүз кезектешип темир жол вокзалынанбы, же кочегарларданбы, иши кылып бир-эки чакадан көмүр таап келебиз. Анан меш жаксак, аныбыз жарытылуу күйбөйт.

Бир күнү кабар алганы атам келип калды. Айылдын жанат алмасы менен картошкасын салып алган. Адатыбызча атам айткандай «тоңуп» отурабыз. Мешибиз быкшып күйбөйт. Атамдын дале устачылыкка эби жок, бирок биздин абалыбызга ачынды, жини келди, мешти бир сыйра ачып, морлорун күүп, анан бир жактан тараша таап келип от жакты эле, эми бир жыргал, отубуз лаулдап күйө баштады. Тамакты да мешке жасап жыргай түштүк. «Жашоонун – башы очокто, — деген атам, — эң биринчи очогуңарды оңдогула!»

*     *     *

Өмүрүнүн акыркы жазында бир туугандар чогулуп айылга бардык. Колхоз бузулганда бөлүп берген үлүш жерлерге бак кылалы деп бардык. Жерди айдаттык, алма көчөт алып келдик. Анан ошол Төрт-Күл деген аңыз жерге очок кылып, эт салып койдук. Көчөт тигебиз деп баарыбыз машиналарга чыгып жөнөп калсак, чапанын сүйрөп атам да «Мен да барайын» деди. Араң турган кишини кантип калтырыштын айласын таппай жаттык. «Төрт-Күл менен коштошуп келейин» деди жүрөктү эзип. Машинага салып алдык.

Аңызга барганда, Төрт-Күлдү көргөндө кадимкидей ооруп жаткан денесине кан кирип, жандана түштү, канчадан бери боппоз турган ыраң-башына кызыл жүгүрдү. Акыры токсонго келген атамдын бүткүл өмүрү ушул Төрт-Күлдө өттү. Ушул жерде тамеки сугарып жүргөндө чагылган түшүп, белинен ылдыйкы кийимдерин бүт күйгүзүп кеткенде ооруканага жатып чыкканын айтпаганда өмүрү ооруканага да барбады, курортто да жатпады, чет өлкөгө да чыкпады. Тамеки талаасы – анын тагдыры болду. Тогуз-он аялга, бир сугатчыга башчыны звеновой деп койчу. Атам звеновой эле. Чилде чыгары менен камыш оруп келип, сарайда кыша токутту, ал кышалары менен парниктерин жаптыртты, Кичи-Алай, Чөгөм деген тоо жактардан кык ташып келди, парник каздырып, урук септирди, парник ототуп, күндүн көзүнө карап парнигин ачып-жаптырып турду, талааны табы менен айдатып, жөөк алдырып, аларга эгүүнүн алдынан да, артынан да жылжытып суу берип, көчөт эктирди, анан алты-жети жолу суу койду, тамекини үзүү-тизүүсүн өткөрдү, тизилген тамекилерди рамкеге илип кургатып, кургай электе жаан себелеп ийсе сарайга киргизип, же үстүн жаап баласындай бапестеди, кургаган рамкедеги тамекилерди аванке деп алып сарайга, же казармага илди, кыш келгенде аларды чийискеледи, сортуна карап тай-тай кылып пресстеди, анан аларды даярдоо кантораларына тапшырды.

Ушул кайталанган жашоосу жарым кылымдан ашык созулду. Бир жолу дарыгерлер текшерип, «ушунча да тамеки тартасызбы» деп урушкан экен. Өмүрү арак да, бозо да ичпеген, нас да чекпеген, сигаретке жолобогон атамдын дене-бою никотинге толуп калган экен да…

Ошол атам ошол Төрт-Күл талаасы менен коштошуп жаткан экен. Мейкин талааны көрсөтүп, «ушул жердин ар бир топурагына кетмениңиз тийсе керек ээ, ака» десем, «бир эмес, он жолудан тийгендир, кетменим гана эмес, колума алып канча бир кесектерди топурак кылчумун» деди күлүмсүрөй…

Атам сагынган аңызын бир көрүп алды…

Ошондон бир-эки күн өтүп, биз Бишкекке чыга бердик. Эки кыз калган. Ошол карындашымдын бирине – эң кичүүбүзгө туруп эле мындай суроо бериптир: «Бүгүн пайшамби ээ?». «Ооба» дептир Назгүл. «Эртең жума ээ?» дептир кайра. «Ыы». «Эртең жума намазды биздин мечитте окуйт ээ?». Ошентиптир да бир чүчкүрүп алыптыр. Бир чүчкүрүк менен атамдын жаны учуп кетиптир…

*     *     *

Мына ошол атамды жоктоп, баарыбызды бириктирген очокту карап отурам… Балалыгымдын очогу, он бир туугандан ырыскысын бөлөштүрүп бирген очок, жаңы аял алып келгенимде энем менен апам келинине өткөрүп бере албай, өзүбүз эле ээлик кылабыз деген очок, келинге карап, кайын энелери «баягы майда кесмеңен бүгүн бир жасачы» деп жаш зайыбымдын кесмесин бышырган очок, «очогуңдан от өчпөсүн» деп атам жанында туруп батасын берген очок…

Ошол очок бузулуп, күлгө көмүлүп жатат… Аны да биз кылдык… Баарына өзүбүз күнөөлүбүз… Ушул очок бузулбай турганда атам да өлбөй турат беле деп ичим өрттөнүп, жүрөгүм күйүп жатты…

*     *     *

Мен аялым менен шаардан келип, машинадан түшөрүм менен атам чарпаядан ыргып келип, көкүрөк кагыштыра көрүштү. Токсонго чыкканча мындай кучакташып көрүшпөгөн атамдын мындай кылганы менин да дилимди жибитим, бир кездеги алп денени, азыр эми кагырып калган бош сөөктөрдү өзүмө бекем тарттым. Айтмакчы, мындан он жылдай мурда атам Мекетилла-Медийнадан ажылык сапардан кайтканда ушундай көкүрөк тийгизген элем. Анда атамдын денеси бошоп, кыбыласы айланып калган экен. Үйгө келгенче жанында коштоп жүрүп, алдуу-күчтүү жигиттер кучакташып өзүнө тартканда алардан коргоп «секин-секин», «кучактабай эле көрүшкүлөчү» деп келгенмин.

Анда да атам жашыраак экен. Азыр эмне үчүн ордунан тура калганын, эмне үчүн кучактап учурашканын эми атамды жайына коюп келген соң сезип отурам…

Көрсө, эң акыркы тиреги, акыркы сөздү айта турганы мен экенмин…

— Мынабуларың үйдү бузабыз деп атышат, — деди салам-дубага келбей эле. – Кантип бузушат. Акыры ушул үйдө онуң тең туулдуңар, өстүңөр. Туш-тушка кеттиңер. Жок дегенде сен айтчы – үйдү бузбагыла дечи! Улуусу сенсиң – сени угушат!

Мен не кыларды билбей калдым. Атамдын ушинтип айтарын ойлосом да, мынчалык каршы болот деген эмес элем. Селейдим да туруп калдым. Бул үй мен үчүн да эстелик эле. Апамды жаман оору тооруп, жанайласы кылып онтоп, ыйлап жатканда ушул үйдөн узаттык. Жүз он үчкө чыгарына бир-эки күн калганда намазын окуп келип, супсулуу бойдон кете берген энемди ушул үйдөн узаттык…

— Ушул үйдүн кыбаласын карап намаз окуган сайын сенин окууңду, ишиңди, балдарыңды, жарыңды атап бата кылчу элем го, эми ушул үйдү буздурасыңбы? – Атам дагы мага жалооруй карады.

Башка бир туугандардын алдында, үйдүн дубалын уратууга жакындап келип калган бульдозёрдун алдында, ушул үйгө деп куран окутуу үчүн маарап турган кара кочкордун алдында атам экөөбүз эч нерсеге арзыбас бир камгак болуп турдук.

Беш-алты жашымда болсо керек эле – ушул үйдү куруп жатканды элес-элес билемин. Ашарга келгендер көчө жактан тамбашына чыга турган эки тактай орнотуп, ага тепкич катары шадаларды мыктап, ошо менен чыпталап, чакалап, замбарлап ылай, топурак, гыш ташып чыгып атканы эсимде калыптыр. «Үйдү бүтүп эле эки балама сүннөт той беремин» деп мени жана иними көрсөтүп коёт атам ашарчыларга.

— Сен билерсиң, — деди атам оюмду бузуп, — оо ылдыйыраакта таятам менен таянемдин үйү бар эле. Ошону бузуп келгенбиз. Бир адам зорго көтөргөн чечен гыштары бар эле, ошолордон жетишинче иштеткенбиз. Ал кезде айылда тунуке үй жок, биринчи биз тунукелегенбиз. Ушул үйдө балдар баарың катар бир төшөктө жатчусуңар. Сабакка бирдей даярданат элеңер. Анан улам чоңоюп, окууга, аскерге кеттиңер. Үйүңөр болсо силерди сагынып турар эле. Онуңар бапырап келгенде үйдүн ичи шарактап бир сонун болор эле. Алты баламды ушул үйдө үйлөп, төрт кызымды ушул үйдөн чыгардым. Онуңардын түгөл өскөнүңөргө ичимден кудайга ыраазы болуп жүрдүм… Эми силер ошол үйүңөрдү – силердин үйүңөрдү бузуп саласыңарбы? Эсиңде барбы – ушул үйдө чабалекейдин уясы болор эле, ал уясын буздурбай, уясына жыланды жолотпой кандай чыйпылыктайт эле?

Атам ушинткенде не кылар айламды таппай дагы бир топ турдум. Башкалар болсо мени карашат. Акыры үйдү бузууну, анын айрым тактайларын жаңы үйгө иштетүүнү чечип алганбыз. Ал гана эмес онубуз он бөлмөнү жасалгалоого чейин бөлүшүп чыкканбыз. Айылдагылар айткан: бир жолу үйгө келген келиндер үйдү кантип бузуп, жаңы үйдү кантип салууну сүйлөшүп жатканда атам үстүлөрүнө кирип келип, өмүрүндө биринчи жолу сөгүнүп аларды кууп чыгыптыр деп… Ошондон кийин алар атам барда биздин короону атташпай калыптыр…

— Түшүнөсүз да эми, — дедим атама акырын буулган үн менен, — баары эскирет экен. Бул тамдын салынганына элүү жылдан да ашыптыр. Мен анда эс кире элек бала элем. Азыр алтымыш аштым. Үйдүн асты чөгүп кетти. Дубалдары ураганы турат. Полдору чириди. Бул үй бир убакта айылдын асты болсо, азыр жепирейген жер тамга айланды. Орусиядан акча келип адамдар ысык суусу, муздак суусу ичинде, фундаменти бийик, жер төлөөсү, гаражы бар үйлөрдү салып атат. Сизге да түнү эшик-эликке чыкпай турган, дааратканасы, даарат ала турган жайы, намазканасы ичинде болгон үй салып берели деп атабыз.

— Мен үйдөгү дааратканага кирбейм, үйдөн даарат албайм! – Атам ачуусун токтото албай жатты. Чын эле шаарга барганда этаж үйлөргө бир күн да жашабай, жер үйлөрү бар балдарыныкына качып турчу, туалетке да кирчү эмес, даарат да алчу эмес. Ошонусун эстедим.

Бульдозёр жакын келгенин мен да, атам да көрүп турдук. Атамды сай жакка барып келели десем да, кошуналардыкына чыгалы десем да болбойт. Эски үйдөн көзүн албайт. Жаш толгон көзүн карадым. Көзүндө азыр эле бузулуучу эски үй турат.

Бульдозёр тумшугу менен дубалды сүздү. Үй былк этпеди. Дагы сүздү. Дагы былк этпеди. Жадеп мындайга көнүп калган бульзозёрист күү менен дагы бир сүздү эле дубалдын бир бурчу оюлуп түшүп, чечен гыштар шагырап жатып калды.

— Ана кетти, — деди атам, — жолборстун эки баласы качып кетти!

Мен таң калып, тамашалап атабы десем, атам чын эле качып бараткан жаныбарларга көз салгандай каректери менен аларды узаткандай, улам жылдырып карап жатыптыр. Мага жолборстун балдары түгүл, мышык да, ит да көрүнбөдү. Уюлгуган чаң, мени менен тең камыштын кышалары, самандар жер жайнап жатты. Коркуп кеттим. Атам адаша баштады. Же чын эле ушул үйдө колдоочулары бар беле дедим. Аларды качырып ийдикпи дедим. Дедим да өзүмдүн ичим ачышты. Анан атам бул үйдө чай ичишти эле деп айылдагы өлгөн адамдарды бир-бирден санап кирди. «Мен да силерге барамын» деди. «Бул жакта теңтуштарым да калбады» деди. Жүрөгүм тыз этти… Аттиң ай дедим…

*     *     *

Арадан бир жылдай өтүптүр. Жаңы үй бүттү. Атам ага кирген жок, эски времянкада кала берди. Эски үйдүн четинде ушул очок калыптыр.

— Батачылар келди! – дешти менин оюмду бузуп. – Эшик астына коюлган отургучтарга келип отуруп калдым. Куран окулуп бата кылынды.

— Чайга киргиле, чайга! Жаңы үйгө! – дедик.

-Ырахмат! – деп батачылар бизге кайрат айткан болуп көкүрөктөрүнө сыга кучактап, «жакшы адам эле, жаннаттан жай берсин» деп чыгып кете беришти…

Бишкек шаары, 2018-жыл, 19-август

 [1] Чарпая – сөрү (орусча – тапчан)

6 Replies to “Абдыкерим МУРАТОВ: Очок”

  1. Журогум ыйлайт,коодонум толуп козумдон жаш куюлат. Рахмат сизге,аке,откон кундорду
    терендетип эске салдыныз.Бар болунуз!!!
    Уканыз Абдыкалык

  2. Көркөм, терең ой-толгоолорго жана турмуштук байкоолорго бай эскерүү, философиялык аңгеме. Бизтдн муун үчүн өзгөчө маанилүү. Бу кишилер, биздин ата-бабалар үчүн үй, англичандар айткан сепилден да кымбат жай экенин мен да байкагам. Аксакал айтып жатпайбы: «…Ушул үйдө балдар баарың катар бир төшөктө жатчусуңар. Сабакка бирдей даярданат элеңер. Анан улам чоңоюп, окууга, аскерге кеттиңер. Үйүңөр болсо силерди сагынып турар эле. Онуңар бапырап келгенде үйдүн ичи шарактап бир сонун болор эле. Алты баламды ушул үйдө үйлөп, төрт кызымды ушул үйдөн чыгардым…» Эгер анлгичандар үчүн үй-сепил болсо, биздин аталар үчүн алар өз колу менен курган дүйнөнүн орун-очогу, өмүрүн жана тукумун улачу уул-кыздарынын бешиги эле да. Европалык бир топ элдер жана америкалытар ата-энелеринен мураска калган жерине, турак-жайына, буюм-теримдерине аздектеп, аяр мамиле кылышат. Сакташат, муундан муунга калтырышат. Бул салт бизде али калыптана элек. Аны Абдыкерим береги көпкө ибарат болчу чыгармасында абдан сонун чагылдырыптыр. Ырахмат!

    1. Атанын жаны салынып жаткан мечиттин биринчи кышын коюп бергенинде эле канча терен ой жатат. Бироонун акысын жебеген тазалыгы, чынчылдыгы, Зина кылбагандыгы… Абдыкерим агайдын кандай атанын колунан тарбияланып чыкканын айтып турат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.