АҢГЕМЕЛЕР

Кичинекей Маша бат эле чоңойгусу келчү. Аябай. Бирок канткенде чоңоёрун билчү эмес. Ал эмнелерди гана кылып көрбөдү. Апасынын туфлисин кийип ары-бери басты. Чоң энесинин үйгө кийген шөлбүрөгөн чоң көйнөгүн кийди. Чачын Катя жеңесиникине окшоштуруп тарады. Мойнуна шуру, колуна саат тагынды. Баары бир чоңойгон жок, бардыгы аны шылдыңдап күлүп жатышты.

Бир жолу ал пол жууп көрмөк болду. Анан шыпырды. Шыпырганда да таптаза шыпырды, апасы таң калып мындай деди:

– Машенька! Чын эле сен чоңоюп калдыңбы?

Маша идиш-аякты мизилдете жууп, кургата сүртүп койгон кезде апасы эле эмес атасы да таң калды. Таң калганын ал баары тамак ичкени олтурганда айтты:

– Маша кантип чоңойгонун билбей да калыптырбыз. Карагылачы, полду эле жуубастан идиш-аякты да жалтырата жууп салыптыр.

Азыр бардыгы Машаны чоңоюп калды деп бат-бат айтышчу болду. Ал дагы эле өзүнүн кыска көйнөгү, кичинекей туфлисин кийип жүрсө да, өзүн чоң сезип калды. Шурусу, сааты жок эле. Көрсө, кичинекей балдарды бул нерселер чоңойтпойт окшобойбу.

Миша апасын алдагысы келгени

Мишанын апасы жумушунан келип, алаканын шак койду:

– Миша, бул кандай, велосипедиңдин дөңгөлөгүн эмне кылып сындыргансың?

– Апа, ал өзү эле сынып калды.

– Көйнөгүңдү эмне кылып айырдың, Мишенька?

– Өзү эле айрылып калды.

– Батинкең кайда? Аны каякка таштап салдың?

– Билбейм, өзү эле жоголуп кетти, апа.

Анда Мишанын апасы айтат:

– Баары шүмшүйгөн немелер! Ал шүмшүктөрдүн сазайын бериш керек!

– Кантип? – дейт Миша.

– Ал оңой эле, – деди апасы. – Алар өздөрү сынганды, айрылганды, жоголгонду билишсе, эми өздөрү сынган жерлерин оңдоп, айрылган жерлерин тигип, жоголгон жеринен өздөрү келгенди үйрөнүп алышсын. А биз Мишенька экөөбүз аларды күтүп олтура турабыз.

Миша сынган велосипединин, айрылган көйнөгүнүн, жанында жылаң аяк олтуруп алып көпкө ойлонуп жатты. Кебетеси, ал ойлоно турган нерселер да бар окшобойбу.

Биринчи балык

Юра чоң жана ынтымактуу үй-бүлөдө жашачу. Бул үйдөгүлөрдүн баары тыным билбей иштешчү. Бир гана Юра иштечү эмес. Ал болгону беш жашта эле.

Бир жолу Юранын үй-бүлөсү балык кармаганга барышты. Алар көп балык кармашып, чоң энесине беришти. Юра да кичинекей чабак кармап, ал дагы чоң энесине берди. Чоң энеси балык сорпо бышырды. Үй-бүлөсү менен оттун жанында казанды тегеректеп олтуруп алышып, чоң энеси бышырган сорпону мактап жатышты:

– Юра кармаган чабак балык аябай семиз тура, ошондуктан биздин сорпобуз даамдуу болду,— деди чоң энеси.

Юра кичинекей болгону менен чоңдор аны тамашалап жатканын түшүнүп турду. Кичинекей балыктан кантип эле сорпо даамдуу болуп кетсин? Бирок баары бир кубанып жатты. Анткени, чоң үй-бүлөсүнүн сорпосунда, анын да кичинекей балыгы бар эле да.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

One Reply to “Евгений Пермяк: Машанын кантип чоңойгону”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.