Үй-бүлөнү, адатта, никеге жана туугандык байланышка негизденип, мүчөлөрү бирге жашоого жана бири-бирине күйүмдүү мамиле жасоого ынтызар коомдук чакан топчо катары билишет. Ал эми элибиз «Үй-бүлө – капкалуу шаар» деп аныктап келген. Мында үй-бүлөнүн жашоо мыйзамы, тирлик турмушу, рухий дөөлөтү ж. б. жактары элестүү чагылып турат.

Үй-бүлө турмушун шаар жашоосуна салыштырууда аша чапкандык жок. Шаар – дайын-дареги тарых тереңинде жаткан, турмушу сан түркүн окуяны ичине каткан, татаал инфраструктуралуу, там-тарагы тозгон сайын тургундары жаңырып, жаш-курагы озгон сайын жан-дүйнөсү жашарып турган ырдуу да, сырдуу да, анан, чырдуу да калаа.

Үй-бүлөнүн уникалдуулугу ага да дал ушул касиеттердин мүнөздүүлүгүндө жатат. Үй-бүлөнүн үзүрү – ушулардын бардыгынын толтосунда турган адамды жаратып, анын дээр-зээнин өрчүтүп, намыс-арын курчутуп, адамзат коомунун тегин улап, акыл-эс жана адептик парасатын асылдантып тургандыгында!

Үй-бүлө биздин заманга чейин далай жолду басып келди. Көп никелүү (полигамия) коомдон бир никелүү (моногамия) коомго, кандаш, тектеш адамдардын никелешүүсүнө жол берген адаттан (эндогамия) ага тыюу салган салтка (экзогамия), аял бийлик кылган (матриархат) доордон эркек үстөмдүк жүргүзгөн (патриархат) доорго чейин не бир кыйчалыштуу кезеңдерди башынан кечирди. Бүгүн илимпоздор үй-бүлөдө аял же эркек эмес, экөө бирдей, тең укукка ээ болгон биархат (bi – эки, arche – бийлик) заманы келгендигин айтып жатышат. Атүгүл, айрым өлкөлөрдө ар башка жыныстагы (гетерогендик) эмес, бир жыныстагы (гомогендик) адамдардын никелешүүсү тууралуу маселелер кыйгач коюлууда. Ушунун баары үй-бүлө дале болсо мезгил сынына түшүп, доор мүшкүлүн башынан кечирип жаткандыгын күбөлөп турат.

«Үй» түшүнүгү эне тилибизде бир нече мааниге ээ:

  1. Адам турагы.
  2. Имарат.
  3. «Жыйна», «чогулт», «топто» деген сөздөргө маанилеш этиш сөз.

Эгер боз үйдү тигүү учурун элестетсек, ал чынында эле «үйүлүп» – керегеге уук, уукка түндүк отуруп, чий каланып, жабыкбаш чалынып, үзүк-туурдук жабылып – айтор, «курулуш материалдары» бири-бирине үйүлүп тургузулганын көрөбүз. Бирок боз үйдү жалгыз адам «үйө» албайт. Ал – жасалышынан тартып тигилишине чейин коллективдүү эмгектин үзүрү.

Боочуу, тутууларын аял, сөөгүн эркек бүтүрөт. Түндүк ээси – эркек, коломто ээси – аял деп эсептелет.

«Бүлө» кыргыз тилинде «адам» деген маанини билдирип, үйгө тиешелүү адамды, башкача айтканда, анын бир мүчөсүн туюнтат. Жаңы келген келинди да бүлө дешет.

Бүлөлүк сапат – адамдын адистик же башка жөндөмүн эмес, үй-бүлөлүк чөйрөгө таандык болгон өзгөчө сапаттарын талап кылган. Бул үчүн, баарынан мурда, үй-бүлө өзү кам көргөн («Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат»).

Атаганат, бүгүн «бүлөгерлик» өнөргө адамды эч ким, эч жерде даярдабайт. «Бактылуу болуу» деген бакубат түшүнүктүн башкы маңызы дал ушул үй-бүлөлүк чөйрөгө байланышып турса да, биз урпактарга көбүнчө үй-бүлөдөн сырткаркы тарбияны таңуулап келебиз. «Жакшы бүлө – кут, жаман бүлө – жут» экендигин көңүлгө албайбыз.

Асыресе, «үй+лөнүү» (үйлүү болуу) деген сөз эркектерге карата гана айтылып калгандыгы – берген калыңы «жука» болгонуна карабай, күйөөлөп келген тарап кээде «кош олжого тунуп» кеткен. Атасы кызына үй көтөрүп, жаңы турмушка «сеп» болчу оокаты менен кошо узаткан.

Алардын көбүн кыз өз колу менен бүтүргөн. Бул элдик салт элибизде кызды сатуу болбогондугун, ошондой эле үй ээси катары эркектин эки эсе чоң жоопкерчилигин да эскертип турат. Ошентип, үй-бүлө – адегенде адамды айбандан бөлүп чыгып, анан барып аял-эркектин эрк-сезимин чыңап, улам жаңы заман жараткан «ооруларга» даба таап, адам баласын ар кандай табигый да, коомдук да алааматтан калкалап сактап келе жаткан куттуу туур, кушубак уя.

Үй-бүлөнү бири-бирине тең эки жар түптөйт («Тең теңи менен», «Жар – жандын жарымы»). Ал эми акыйкатта ай-ааламда бири-бирине тең, барабар эч нерсе жок. Атүгүл, «беш кол тең эмес». Демек, теңдикти адам өзү жаратат. Турмушта теңдиктин маңызы – кемдик. Эгер адам башка адамды өзүнөн артык (демек, өзүн кем) деп баалай албаса, анда сүйүү да, баш кошуу да болмок эмес. Дүйнө өзүнүн «бири кемдиги» менен толук. Мына ушул акыйкатты аңдай билген жубайлар барга-жокко байымдуу, топуктуу, каниеттүү келип, бири-бирине көтөрүмдүү, кечиримдүү болушат.

Адамдын ушундай чынчыл, таза сезимине табият да курсант болуп, үй-бүлөнүн кемтигин толтуруу үчүн, ага асыл белек тартуулайт. Ал – бала!

Эгер жубайлар баланын кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коё алса, анда алардын жеке тагдыры үй-бүлөнүн өмүрүнө жуурулушат. Бала – эки адамдын сүйүүсүнүн кубулуп, чындыкка айланып калган бакыт кушу.

Бала – адамдын кайрадан төрөлүүсү. Демек, балага кылган мамиле – өзүңө кылган мамиле. Бала – жубайлардын каны-жанынан жаралган асыл данек гана эмес, ал – табият адамга калкалап-сактоого, жакшыртууга жана андагы купуя идиректи ачып, өнүктүрүүгө берген улуу мүмкүндүк.

Мына ушул жерде адамдын жаңыча социалдык, моралдык-этикалык, бүлөгерлик сезимдери ойгонот, адам буга чейин өзүндөгү белгисиз күчтөрдү, жөндөмдөрдү ачат, же, аттиң, ар кандай шылтоо менен бул «оор милдетти» аткаруудан жалакайланып качат.

Илимпоздор бүгүн үй-бүлөнүн ар кандай түрлөрүн (толук, жарты, чакан, чоң үй-бүлө ж. б.) бөлүп көрсөтүшөт.

Деген менен, кокус аялы каза болуп калса, балдызына үйлөнгөн (сорорат) же күйөөсү көзү өтүп кетсе, кайнисине турмушка чыккан (левират) салттын өзү эле, бир жагынан, кыргыз үй-бүлөсүнүн тамыры өтө терең, тарыхы өтө кенен экендигин айтып турса, экинчи жагынан, бардыгы үй-бүлөдөгү эң башкы дөөлөт – баланын кызыкчылыгына баш ийдирилгендигин таасын тастыктап турат.

Перзент тапкан аялзаты эне, апа, зайып аталып, бала төрөй элек келин – колукту, баласыз үй – түтүн аталган.

Бир түндүктүн астында үч муундагы адамдар (чоң ата, ата, небере) чогуу жашап, үй-бүлөнүн тышкы түйшүгүн ата, ички түйшүгүн эне көтөрүп, ал эми неберелерди тарбиялоо милдети чоң ата менен чоң энеге жүктөлгөн. Мындай табигый коллективде «аганы көрүп ини, эжени көрүп сиңди өскөн».

Көчмөн, тоолук элибиздин архитектуралык-куруучулук акыл-ою кийин отурукташып там салуу зарылдыгы келип чыкканда да өзүнүн ийкемдүүлүгүн көрсөттү. Бүгүн ар бир кыргыз айылынан кезиктирүүгө мүмкүн болгон, үстү балык жон болуп жабылып, мору бар ортоңку бөлмөсүнөн оңго, солго бөлүнүп кеткен узун тамдар кудум боз үйдүн ички жашоо турмушун элестетип (коломто, эр – ыпча жагы, аял – эпчи жагы), улуттук педагогикадагы уул-кыз тарбиясынын жандуу экспонаты болуп турат.

Бир эшиктүү боз үйдөн айырмаланып, шаар мына ушундай көп эшиктүү там үйлөрдөн турат. Капка – шаардын башкы, чоң дарбазасын билдирген. Анын эки жагында айбаттуу, катаал күзөтчүлөр туруп, шаарга кирип-чыгуу шаар башчысынын уруксаты менен гана жүргүзүлгөн. Шаарга ким каалаган эле ээн-эркин кирип-чыгууга укугу жок болгон. Ошол сыңары, үй-бүлө дагы дал ушул мыйзамга баш ийет. Үй-бүлөнүн ички турмушу «чоң дарбазанын» артында, ага анын мүчөлөрүнүн уруксаты жок кирүүгө, сырттан кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок («Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат»). Ошондой эле, үй-бүлөдөгү сырды да тышка ташып чыгара бергенге болбойт!

Тилекке каршы, бүгүн үй-бүлөнүн салттуу дөөлөттөрү өзгөрүлүп, жарандык нике, контракттык нике сыяктуу түрлөрү турмушубузга кире баштады. Үй-бүлөнүн башкы милдети – тукумду улантуу, башкы дөөлөтү – бала экендигин эске алсак, анда шаар маданияты үй-бүлө адебинен баштала тургандыгы, анын башкы кожоюну – бала экендиги («Балалуу үй – падышалуу үй») тууралуу элдик акылман нусканын төркүнү айкын болот. Ошентип, үй-бүлөнүн негизги миссиясы – бүлөнү үйүү, башкача айтканда, балдарды көбөйтүү! «Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар» дегендей, балалуу болбогон жубайлардын турмушу канчалык бакубат болсо да, өздөрүн бактысыз сезгендиги бекеринен эмес. Себеби, бала – чоңдордун чыдамын жана чыгармачылыгын сыноочу кичинекей тарбиячы («Балам, балалуу болгондо билесиң»).

Тегинден элибиз жубайлар ажырашканда «шаар бузулду» деп айтпайт. Анын сыңарындай, эгер мамлекет чың, бекем, турмушу бейкут, бакубат болсун десек, анда ал, баарынан мурда, ар бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгын биринчи планга коюшу керек. Мамлекеттик камкордук абстракттуу адамга эмес, ар бир үй-бүлө мүчөсүнө эсептелип, бүлө көбөйгөн сайын, үй-бүлөгө жардам да көбүрөк берилип, көңүл да көбүрөк бурулууга тийиш. Көп бала төрөгөн энелердин керт башы гана эмес, үй-бүлөнүн бардык мүчөсү: жолдошу, колундагы кайната, кайненеси, ар бир баласы ж. б. мамлекеттин даректүү камкордугуна алынышы зарыл.

Бүлөсүнүн биринин эле турмушундагы бүлүк «Баатыр энени» да уктатпайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрү дал ушундай үй-бүлөнү колдоо жолуна түшө баштады. Балким, кыргыз мамлекетинин социалдык саясатынын өзөгүн «Үй-бүлө» деген улуттук программа түзсө, анда элдин аң-сезиминде, психологиясында жасалма эмес, табигый өзгөрүүлөр жүрүп, жашоо-турмуш жагымдуу жагына өзгөрөр эле. Себеби, кыргыз коому үчүн талаада калган бала, таштанды ата-эне, кароосуз калган карылар деген түшүнүк түшкө да кирбес окуя болгон. Андыктан, биз заман жараткан терс көрүнүштөрдү күрөш жолу менен эмес, «Суу башынан тунат» дегендей, үй-бүлө сыяктуу табигый институттарга колдоо көрсөтүп, аларды сүрөш жолу менен гана майнаптуу чече алабыз.

Өзгөчө жаш үй-бүлө – мекендин куту, маданияттын тууру, улуттун уюткусу катары таанылышы керек. Ошондо гана кыргыз эли өзүнүн элдигин жоготпой, нарктуу, салттуу, байыркы эл катары өзүнүн өмүр көчүн улашы мүмкүн.

Ааламдашуунун алаамат бурганагына тамыры тереңге сиңип, өзүн ичинен жаңылап, «бутуна бекем турган» түбөлүктүү дөөлөттөр гана туруштук бере алат. Үй-бүлө ошолордун төрүндө турат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.