СҮЙҮҮ БАГЫ

Сүйүү багы багың ачам дедиңби,
Күтпөй жүрсөм күн көтөрүп келдиңби?
Кучак-кучак гүл үстүңө жыгылдым,
Гүлзарыңда мурда көрбөй жүрдүмбү?

Үстүмдөгү чечем кабат муңумду,
Үзүп салдым жүгөн болгон курумду.
Поэзия туу көтөрүп баратам,
Из калтырып кетейин деп жугумдуу.

*     *     *

Чырмалып ойлорумдун желесине,
Чыгалбай түшүп кеттим тереңине.
Чуу салып, кайдан келдиң кызарган чок,
Чыйрыгам жылына албай илебиңе.

Кабынан сууруп алдың жүрөгүмдү,
Капыстан тузак жайып түнөгүмө.
Кадалып туруп алды тагдыр өңдүү,
Капилет атылган жаа жүрөгүмдө.

Дүрмөтүң кызыл чоктон октоп алган,
Дүйнөмө ууга чыгып олжо алган.
Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын,
Дос күтүп, шыралгыга тышта мерген.

*     *     *

Көрө алдыңбы махабаттын бейишин,
Көл үстүнө ак-куулардын келишин.
Сага, мага таандык болчу көрүнүш,
Баш тартканбыз ачпай туруп эшигин.

Эки башка жолдо бардык түтүнгө,
Тандап алып айлансак да бүтүнгө.
Бири кемдей толбой турду дүйнө-ай,
Татымдары арзыбады өмүргө.

Күйүп өчкөн маңдайымда жылдызым,
Куштар элем издеп таппайт ый-муңум.
Катуу жааган жамгыр, өткүн өңдөнүп,
Кайра жанбас өмүрдөгү бир шамым.

*     *     *

Эх, үмүттүн бир учкуну тамызгы,
Көөдөнүмдө тартылгансыйт сыбызгы.
Турагыңдан түтүн чыгып жатса да,
Чарк айланам, шоола түшкөн сызыкты.

Бир муштум эт согуп турат күн-түнү,
Ар бир кагыш оордоп барат ар түнү.
Колдон түшүп сынган өңдүү быркырап,
Сыныктары тилген сайын ый, үнү.

*     *     *

Кондуң эле бутагыма күтүп жазым,
Көргөнүмдө баалагам сүртүп жашым.
Коругунда бакыттын сыйбай тургам,
Кантип сынды бутагым? Күтөм, жазым.

Кулагыма шыбырап айтчу эстүүм,
Алган жарым аманат чертилсин күүм.
Кайрыктарга элесиң сүңгүп кирип,
Ыр сабында маңызы бүтпөс эргүүм.

Конкурс: Учур адабиятынын жаңы дүбүртү

12 Replies to “Нускат Манкушева: Дүрбөлөң ойлорумдан кутулайын (конкурска)”

  1. Талантын ташкындап онорун оркундой бересин! Дагы дагы коп ырларды жаза бер.

  2. Эжеке ырларыңыз сонун, кандай керемет сөздөр.Талантыңызга таазим. Чыгармачылык ийгилик каалайм.

  3. Алтышка ырларын оркундой берсин,сени ин кубанычтабыз,калемин курчуй берсин

  4. Нускат Манкушева талантың өркүндөй берсин! Калемиң курчуй берсин, мындан дагы чоң ийгиликтерге жетишип жүрө бер алтышка! Сени менен сыймыктанабыз.

  5. Аябай сооун жазыптырсынИйгилик сага.Оркундоп осо бер.Калемин курчуй берсин ✍Алга

    1. Жази чоң рахмат. Окурмандарга жакса кубанычтамын. Ыраазычылык билдирем.

  6. Нускат манкушева талантын ташкындап .оркунун осо берсин.калемин курчуй берсин.ийгилик.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.