Мурун жана тил жөнүндө

Катянын эки көзү, эки кулагы, эки колу, эки буту бар болчу, мурду менен тили эле жалгыздан экен.

– Чоң эне, айтсаңыз, – дейт Катя, – эмне үчүн бардыгы экиден, а эмне үчүн мурун менен тил бирден эле?

– Йе, кагылайын неберем, – деп жооп берет чоң энеси,– сен көбүрөк көрүп, көбүрөк угуп, көбүрөк иш жасап, көбүрөк басып, анан аз сүйлөп, мурдуңду кереги жок жерге тыга бербесин деп ошондой жараткан. Түшүндүңбү?

Шашма бычак

Митя таякча жасамакчы болуп, жыгач жонуп аткан. Жонуп-жонуп, бир кезде ыргытып жиберди. Таякчасы ийрийип, тегиз болбой кыйшык болуп калыптыр.

– Мунуң эмне болуп калган? – деп сурады андан атасы.

– Бычак жаман экен, – дейт Митя, – жонсом эле кыйшайып калат.

– Жок, андай эмес, – дейт атасы, – бул жакшы бычак. Бирок бир аз шашмасы бар. Аны шашпаганга үйрөтүш керек.

– Кантип?– дейт Митя.

– Момундай кылабыз, – дейт атасы.

Ал таякчаны алып, акырын, жеңил кыймылдап, этияттап жонуп кирди.

Митя бычакты кантип шашпаганга үйрөтүү керек экенин түшүндү, ал дагы акырын, жеңил, этияттап жоно баштады. Бычак көпкө чейин анын айтканын уккусу келбеди. Шашып кеткенде кыйшайтып-мыйшайтып ийри-муйру кылып алат. Митя баары бир, аны шашпаганга үйрөттү.

Бычакты жакшы жоно баштады. Тегиз. Кооз. Элпек.

Ким?

Бир жолу үч кыз талаша кетишти – алардын кимиси биринчи класстын эң мыкты окуучусу.

– Мен биринчи класста эң мыкты окуучу болом, – деди Люся, – анткени апам мага мектепке көтөргөн сонун сумке сатып берди.

– Жок, биринчи класстын эң мыктысы мен болом, – деди Катя. – Мага апам мектепке кийгенге ак жакалуу форма тигип берди.

– Жок, мен… Жок, мен, – деп курбулары менен талашат Леночка. – Менин сумкем да бар, форма көйнөгүм да бар, андан башка чачыма тага турган ак бантиктерим да бар.

Кыздар үндөрү чыкпай, тамактары кырылдап калгыча талашышты. Алар Машага жөнөштү. Ким биринчи класстын эң мыкты окуучу болорун андан сурамак болушту.

Машага келишсе, ал алиппесин окуп отурган экен…

– Кыздар, мен кимиңер биринчи класстын эң мыкты окуучусу болоруңарды билбейм, – деп жооп берди Маша. – Менин убактым жок. Мен бүгүн үч тамганы жатташым керек.

– Анын сага эмне кереги бар? – деп сурашты кыздар.

– Эмнеге дейсиңерби? Анткени биринчи класстын эң начар окуучусу болгум келбейт, – деди да Маша кайрадан алиппесин окууга киришти.

Люся, Катя, Леночка ойлонгон боюнча унчугушкан жок. Алар ким биринчи класстын эң мыкты окуучусу болот деп талашканын ошону менен коюшту. Ал ансыз деле белгилүү болчу.

Баарынан коркунучтуу

Вова чымыр жана күчтүү бала болуп өсүп келаткан. Бардыгы андан коркушчу. Анан кантип коркпой коюшсун!  Досторунун баарын сабачу. Кыздарды рогатка менен аткылачу. Чоңдорго кебетесин бузуп, тилин көргөзчү. Пушка деген иттин куйругун толгоп ойночу. Мурзей деген мышыктын мурутун жулуп кууратчу. Кирпи чеченди шкафтын астына кубалап салган. Ал тургай чоң энесине каяша айтып, тилин албай коёр эле. Кыскасы, Вова эч кимден жана эч нерседен коркчу эмес. Ал анысына сыймыктанып,  аябай мактанчу. Бирок бул көпкө созулган жок.

Күндөрдүн биринде аны менен ойной турган бала калбай калды. Баары андан тескери бурулушту. Кыздарга барды эле, алардын эң боорукери да андан айланып качып жолобой койду. Пушкага барса, куйругун кыпчып көчөгө чыга качты. Мурзей болсо аны көрөр замат шкафтын үстүнө чыгып алып аны жапжашыл көздөрү менен кылтыя карап, таарынып олтурду. Вова шкафтын астынан кирпи чеченди алдап чыгарайын деди эле, кайдан! Кирпи чечен эчак эле кошунасыныкына качып кетиптир. Вова чоң энесине барды. Бурчта олтуруп алып чылпагын сүртүп, байпак согуп отуруптур, ал да таарынып калган эле, аны карап да койгон жок.

Дүйнөдөгү коркунучтуу нерселердин эң коркунучтуусу келди: Вова жалгыз калды. Таптакыр жалгыз!

Карагат

Танюша көчөттөр жөнүндө көп уккан, бирок ал эмне экенин билчү эмес. Бир жолу атасы бир таңгак жашыл таякчаларды алып келди:

– Бул карагаттын көчөттөрү. Мына, Танюша, эми карагат тигебиз.

Таня көчөттөрдү карап көрө баштады. Карандаштан бир аз узунураак кадимки эле таякчалардан айырмасы жок таякчалар экен. Танюша аябай таң калды:

– Кантип эле ушул жалбырагы жок, тамыры жок таяктан карагат чыксын?

Атасы ага мындай деди:

– Бирок анын бүчүрлөрү бар, бул тамырлап, үстүнкү бүчүрлөрүнөн жалбырактар ачылат, анан карагаттын сабагы өсүп чыгат.

Танюша ушундай кичинекей таякчадан карагат өсүп чыгарына көп ишене берген жок. Ошондуктан өзү текшерип көргүсү келди. Ал карагатты өзү багып өстүрмөй болду. Терезенин түбүндөгү кичинекей аянтча жер уйгак басып жатчу. Анын тамыры аябай бекем экен, жулуп алыш кыйын болду.

Чоң энеси жардам берди. Алар уйгакты жулуп, жерди сая башташты. Тапталып калган жердин кыртышын сайып, оңторулган катуу топуракты талкалаш оңой болгон жок. Топуракты майдалап, көчөттү отургузкуча бир топ тер төктү. Атасы үйрөткөн боюнча сайылган жерге жыгач казыктарды кагып, аларга жип керип, көчөттөрдү түптүз кылып, катарга тизип олтургузду. Күндө сугарып, күтүп жүрдү. Көптөн күткөн күн да келди, көчөттөр жалбырак ачышты. Күзүндө көчөттөр кырчын чырпыктары өсүп, майда бадалчаларга айланышты. Кийинки жылы алар гүлдөп, биринчи мөмөсүн беришти. Ар бир түптөн бир уучтан карагат терип алышты.

Таня карагатты өзү өстүргөнүнө кубанып жүрдү. Аны көргөн адамдар да сүйүнүп жатышты:

– Карагылачы, Калинниковтордун үй-бүлөсүндө кандай татынакай карагат өсүп келатат. Аракетчил, иштерман. Чачына ак бантик тагынган кара көз.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

One Reply to “Евгений Пермяктын алакандай аңгемелеринен”

  1. ♥♥♥♥♥ Ушу кичинекей ангемелерде баланы тарбиялоо жолдору корсотулгон: мээрим, чондор — улгу катары, балага болгон конул.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.