Аман САСПАЕВ: Жылуулук…

АҢГЕМЕ Келин баланы жакшы көргөнүмөн, өзүмдүн кыздарыма деген мээримимди ага арнаган учурларым көп. Туугандарымдын үйүндө болсо да, ушундай бир эби кыйышып турган бүлөнүн жашап турушу эмнегедир боюма жылуу кан чурката берүүчү. Кокус ал үйгө барып калганымда, биздей карттардын алдынан ийменип мындай боло бергенинин өзү көп келиндин колунан келе бербес. Айталык, мен өңдүү карт педагогдор буга кантип ыраазы болбосун! Асмандан түшкөн периштедей болгон бул келин асиресе чай куюп отурганда, монтоюп, кичине баласын алдына алып, бакыракай көздөрү менен жоош гана карап коюп, […]

Александр Куприн: Демир-Кая

Чыгыш легендасы Жел жок. Бүгүн деңиз үстүндө түнөп калганга туура келет окшойт. Жээкке чейин отуз чакырымдай. Эки мачталуу фелюга[1] улам бир капталына жай  чайпалып, ным болгон парус шалбырайт. Кайыкты боз туман  чүмкөп, жылдыз да, асман да, деңиз да, түн да көрүнбөйт. Биз да жарык жаккан жокпуз. Кир, жылаң айлак, фелюганын кары капитаны Сеид-Аблы, акырын, шашпай, басмырт, колдураган үнү менен, мен чын жүрөгүмдөн ишенип аткан байыркы окуяны кеп салып жатат. Анткени түн адаттан тыш жым-жырт, астыбызда көрүнбөгөн деңиз, биз туман  чулганып, […]

Жолдошбек ЗАРЛЫКБЕКОВ: Күйдүм, күйдүм, күйдүм чок

Йе, Жокем, улагабызды аттап кирип келчү элең. Кирсең эле көзүң жалтактап турат дайым. Бир кишинин алдында деле, көптүн алдында деле тартынып, кысынып турганыңды туяр элем. Өзүң айтмакчы “жер карама мүнөз” элең. “Бирөөгө тике карап сүйлөй албайм” деп, өз сырыңды да өзүң жакшы билчүсүң. Ооба, мага берген интервьюңда ушинтип ымандай сырыңды айтканың бар. Ал эмес ошол жер карамалыгыңдан улам – журналистикага аралашып жүрбөймүнбү дегендей ойду кыйыткансың. Көп мааниде айтылган чындык эле бул сөзүң… Сүйлөсөң да, жазсаң да ушинетип кабат ойлорду туюнтат […]