АҢГЕМЕ

Келин баланы жакшы көргөнүмөн, өзүмдүн кыздарыма деген мээримимди ага арнаган учурларым көп. Туугандарымдын үйүндө болсо да, ушундай бир эби кыйышып турган бүлөнүн жашап турушу эмнегедир боюма жылуу кан чурката берүүчү. Кокус ал үйгө барып калганымда, биздей карттардын алдынан ийменип мындай боло бергенинин өзү көп келиндин колунан келе бербес. Айталык, мен өңдүү карт педагогдор буга кантип ыраазы болбосун!

Асмандан түшкөн периштедей болгон бул келин асиресе чай куюп отурганда, монтоюп, кичине баласын алдына алып, бакыракай көздөрү менен жоош гана карап коюп, табияттын дал өзүндөй эркин, нары сыпаа болучу. Анын алдында жайнап турган идиш-аяктан бир да бири кагылышып үн чыгарбайт. Келиндин эки колу тынымсыз кыймылдап, төрдө канча киши отурса да, баарына чай куюп үлгүрүүчү. Бир да бир чыны самоор түбүндө кезек күтүп калганын көрбөйсүң.

Ал эми анын дүкөнгө барганы кандай дейсиз! Кызыл сактыяндан тигилген бөйрөктүү, кооз корзинаны колуна кармап дүкөндө жопжоош кезек күтүп турганы өзүнчө бир көрк.

– Тиги байпагыңыздын баасы канча болду экен? – дейт шашпай гана тегерек чоң көздөрүн балбылдатып.

Мындай мүнөз менен дүкөнчүнүн катып койгон нерсесин да чыгарып алууга болот эмеспи. Ким эле болсо ушундай сүйлөй алышы мүмкүн, бирок ушул бир жөнөкөй сөздү машына келтирип, карай тургандардын мээрин төгө айтуу кыйын да.

Кыскасы, келин бала кыргыздын эң жакшы мүнөз-жоруктарын толук өздөштүрүп, аны аң-сезимине кантип сиңирип алганын ойлоном да ойлоном. Бирок биз муну да ойлойбуз, ал киши болгон соң жалаң эле көөр менен акактан жасалган кооз буюм эмес да. Бул «жакшы» деген ар кандай кишинин бир же андан көп кемчилиги болот деген сөз. Келин баланын да бардык жакшы жагын терске чыгара турган начар жагы бардыр, бирок мен аны көргүм да, уккум да келбейт. Ал жөнүндөгү жакшы таасирлердин ичимде өмүр бою таптаза калып коюусун каалаймын. Ошол себептүү болсо керек, жадакалса, жакын кишилериме да келин бала жөнүндө сөз козгоодон ар качан чочулаймын.

Кокус алар: «О-о, анын башка жагын билбейт турбайбызбы!» деп калса, балага деген мээримиме шек түшүп, ичиме сактаган жылуу сезимдер жазгы кардай былбырап, мен үчүн бир көңүлсүздүк болбосун дейм. Ушундай ойлор болорун өз башыман карыган гана кезимде өткөрүп отурам.

Келиндин күйөөсү биздин иничек. Анын жоош же азоо экенин ажыратуу кыйын. Канткен менен азыркы жаштар бизден акылдуу эмеспи, анын максатсыз бир да адым аттабасын билемин. Аны мындай койгондо да, өздөрүнүн чарбачылык иштери эсептүү экенин укчумун. Ачыгын айтканда, үй-бүлөлүк кириш-чыгыштар өтө так жүргүзүлөт. Акчаны шатыра-шатман жумшоо жок. Ал түгүл үйдүн кара жумуштары да кадимкидей убакыттарга бөлүнгөн. Ал эми ошону иштеп жүргөн өзүлөрүнүн эрки кандай болду экен? Рухий дүйнөлөрү кандай тартипке келтирилди болду экен? Жашоону чарбалык жактан уюштуруу колдон келет деңизчи. Бирок адамдар өз тегерегин бардык жагынан нукура моюн сундуруп алышы кыйын иш да!

Иничек өзүнүн үй турмушу же бир кыйынчылыгы жөнүндө кишилерге наалып айтып жүргөнүн көргөн эмесмин. Бул да бир жакшы касиет дей бериңиз.

Биздин көзүбүзчө экөө бири-бирине кайдигер карагансыйт. Мен болсом, инимдин келин баланы чын жүрөктөн сүйүүсүн каалаймын.

Менин оюмча, тигиндей аялы бар бир жаш, эң бери дегенде; өзүн бактылуу сезип, эртең менен ар качан күлүп ойгонушу гана керек! Жашыра турганы жок, баарыбыз эле жаш болгонбуз. Көрчүсүн көрүп, өткөрчүсүн өткөргөнбүз. Ал эми азыркы күндө болсо, жаштардын кээ бир жактан андай болбостугун каалайбыз. Өзүбүз турмушка ашырып көрбөгөн «чындыктарды» акыл кылып аларга таңуулайбыз. «Антсең андай болот да, минтсең мындай болот!» дейбиз. Аны өз колубуз менен иштөөдөн көрө ооз-эки айтуу опоңой болгондуктан, баштарыбыз койкоңдоп, сүйлөгөн сайын сөз көркүнө чыга түшөт эмеспи.

Күндөрдүн биринде «өз турмушу жөнүндө ооз ачпаган иним» мени издеп үйгө келип калды.

– Кандай? – деп баратып өзүмдү токтотуп калдым, анткени, анын келишине байланыштуу кандайдыр шекшип, келин бала жөнүндө сурап коё жаздаган болучумун.

– Жакшы.

– Иштериң жакшы болсун, анан өзүң жакшы бол. Калганынан кам санаба, – дедим да ыңгайсызданып, мына бул сөздөр менен инимдин көөнүн башкага бурдум. – Калганы – биз, агайын-тууган, эли-журтуң жакшы да…

Шекшинүү кесепети экөөбүзгө таасирин бирдей тийгизип турганы ачык эле.

– Жакшы, – деди иним саал кылмышкер түргө келип. – Сиз менен жалгыз он минута сүйлөшүп алсам дедим эле…

– Макул. Бирок мени күтпөгөн түйшүккө салуудан оолак болгун.

– Жок, сиз үчүн түйшүк болбос деп ойлойм.

– Анда жакшы. Айта бер…

Иним мага муңайым карады да, күлдү. «Жүрөгү жумшак куу чал бирдемени сезип жатат» деп ойлосо керек.

Экөөбүз ээрчишип бакка чыктык да, өрүк түбүнө коюлган узун орундукка отурдук. «Иш келин бала жөнүндө болбосо экен!» деп тынчсызданганым шончо, эгер ал жөнүндө начар ойлор айтылса, ордуман туруп баса бермекмин. Иним жерден бир чөптү жулуп алды да, тегеретип карагылай баштады. Кыязы, анын мага айтуучу сөздөрүн чөп кургур бир жерине жашырып алган өңдөнөт.

– Ошентип, мени менен он минута сүйлөшөм дедиңби?

Иним чөбүн таштап, башка жактарга карап анан кайра дагы бир чөп жулуп алды. Азырынча чөптү таштоо зарыл эмес өңдөндү.

– М-м, сүйлө…

– Чынын айтсам, байке, бир аз тартынып турам.

– Мынча келген соң, тартынууң кандай, сүйлө.

Иним түзөлүп отурду да, колундагы чөбүн биротоло таштап айтууга камынды:

– Аба, улуу сөздө уят жок. Келин балаңызга күмөндөнүп жүрөм. Ортодо бир суукчулук пайда болуп калбасын деп…

Түшүнүктүү да! Мен анын ары жагын уккум келген жок.

– Андай сөздү кой, – деп жибердим. – Сенден аны күтпөйм. Күмөн деген күмөн! Кантип ошол бала жаман жолго түшсүн?! Эмне айтсаң да менин таптакыр ишенгим келбейт. Айтканыңды уккум да келбейт.

Мен ордуман турмакчы болдум.

– Жок, аба мен аны абдан…

– Кой, көлөкөм, ал жөнүндө абдан ойлон. Анан дагы сүйлөшөрбүз…

Иним кайра ооз ачкан жок. Бирок жер карап бүгүлө түштү да өтө ыңгайсыз абалда калганын сездирип койду. Эгер мен кетип калбасам, ал ошол өрүк түбүн түбөлүккө мекендеп калуучу түрү бар.

Балага боорум ооруп, бутумду айкаштыра кайра жайланып отурдум да, ошондой жорук жөнүндө түшүндүрө баштадым.

– Мындай ишти, иним, ойлоп келсең, тарыхый тамырлары көп. Эгер келин бала чыны менен ошол жолго түшкөн десек, биздин айылда ал жалгыз эмес, албетте. Илгерки заманда сүйүүнү, махабат дегендерди малга сатып алуучу. «Чал акең, албайт, мал акең алат!» деген ылакап бекер чыккан дейсиңби? Адамдарда сүйүү сезими өлгүчө болот. Беш көкүл кыздарды өзү сүйбөгөн кишиге кармата берүү натыйжасында андай катыштын кымбаты да аз болучу. Ал эми азыркы кезде иш мүлдө башка.

Сөз ушуга токтогондо иним бир аз сергий түштү.

– Башка болгон себеби, – дедим, – азыр бир үйдө жашоо үчүн бир-бирин өздөрү табышат. Табышкан бул экөө эмес, жалпы кишилер менен кишилер сыйлашып, ынак жашоо мүмкүндүгүнө чулганат. Чындыгында мындай махабатка үчүнчү киши кабылып бирөөнүн ынак жашоосун өз кызыкчылыгы үчүн бузса, албетте, бул бери айтканда наадандык! Ошон үчүн бери кара, ал жөнүндө абдан ойлонуп бир чечимге келиш керек.

Иним ордунан козголду да мындай деди:

– Мен аны кызганбайм, аба, биз, алиде узак бирге жашайбыз. Ошол узак жолдо экөөбүздүн тең бири-бирибизди алдабаган, бири-бирибизге ишенген жүрөк менен болуубузду гана каалаймын.

– Бул ар бир ак адил эркектин тилеги.

Иним улуу тынып алды.

– Мен сизден акыл сурап келдим. Эмне кылышым керек? Мына бул катты окуңузчу…

Ал ички чөнтөгүнөн кичине кагазды чыгарып мага сунду. Анысын алгым келген жок.

– Анын мага кереги жок, – дедим. – Алтын табиятта көбүнчө керексиз кошмолору менен кездешет. Анысына карап алтынды эч ким жерибейт. Кайра аарчып, тазалап, чыныгы алтынды жаркыратат. Мына бул – кишилик милдет!

Айласыздан кайпактап айткан сөзүм балага кандай таасир бергенин билбейм. Бул жолу ал майышып туруп сүйлөдү:

– Же алтынды тазалоо жолун билбейм, же алтындын керексиз кошмосун көрбөй туралбайм. Мен сизди бир жол көрсөтөр деп келдим эле…

Баланын абалы оор. Эми тобокелге бел байлабасам болбоду. Иш баары бир жакын арада «жарылууга» тийиш өңдөнөт. Баланы мындай жаңдоо менен жолго салуу «жарылууну» тездетип же күчөтүп жибериши мүмкүн.

– Келе, берчи, – деп жаңкы каргашалуу кагазды алып жатканымда колдорум калтырап, бүткөн боюм дүркүрөп бара жатты. Андан көрө кара чаар жыланды кармоо мага оңой болмок!

«Эмки дем алыш күнү саат үчтө кетем. Эгер келе алсаң, саат бирде кел. Келе албасаң, кош!» Кагаздагы жазуунун бар болгону мына ушулар гана.

– Мунуңду ким жазган? – Жийиркене сүйлөгөнүмдү өзүм да сезип калдым.

– Ошол, анын кишиси жазган. Мага тааныш кол…

– Бул иттин кагазын кайдан таап алдың? – дагы ыңгайсыз үнүм катуу чыгып кетти.

– Очоктон… плитанын ичинен, – бечара иним кылмышкер болуп, тантып кете жаздады.

Кимге, эмнеге ачуум келип жатканын өзүм да билбейм, ордуман турдум да бирден алкынып кеттим. Жүрөк ооруум козголуп, катуу демиге баштадым.

– Сен ушундайча… тырмак көбөөсүнөн кир издеп, каранээт…

Бала бүкчүйө түштү.

– Сен эбак тытылган кагазды… арам ой менен иреттеп, мына буга чаптап, канча кишинин тынчын алмаксың, ыя? Билесиңби, бул деген эмне?

Жүрөгүм катуу согуп чыдабай бараттым. Дагы жаңкы жексурун кагаз бар жерде тура берсем, абалым оор болуучу түрү бар. Үйдү көздөй темтеңдедим…

Үйгө жетээрим менен эски досум – «сердечная капляга» жабыштым. Ал менин жан күйөөрүм. Өмүрдө каржалып оорусам ал мени аяп, жүрөгүмө тынчтык берет.

Түн бою жакшы уктай албай, өзүмдү тынчытуу менен болдум. Эртеси күн жадырап чыгып, кыйла көтөрүлүп калганда ойгондум. Бечара кемпирим күтүп убараланууда.

– Бирдеме айтып көчөдөгү шумпай ачууландырды окшойт, – дейт ал күбүрөп.

– Жок, анда айып жок, бүгүн күнгө эмне?

– Жекшемби.

– Жекшемби дейсиңби?

– И.

– Саатты карачы, канча?

– Он.

Али эрте экен. Кечөөгү каргашалуу каттын болучусу бүгүн болууга тийиш. Ордуман туруп жатканымда да, чай үстүндө да оюм ошолордо болду.

Иним бир жаман жорук чыгарбаса болду. Анан… таптатынакай эки жаштын үйү сөзсүз бузулат. Кээ бир аялдын сөзү менен айтканда: «Эркек деген, бирдемени мурду сезсе болду, куру бекер эле кожоңдой берет!» эмеспи. Бул эмне деген жорук! Турмуш куруп, экөөлөп бул даражага оңойлук менен жетти беле. Эгер бала күмөндөнүп өзү туудурган окуя болсо же булардын ынтымагын бузмак болгон бирөө жасаган окуя болсо, анда балага кошулуп акмак болгонумду жайгаштыра алар идиш табылар бекен менден? Ар ким өз жолунда ашкере жүрүүгө гана тийиш.

Тушта илинүү турган асма саат он бирди согуп токтогондо, башымды көтөрүп, эшикке чыкмак болдум. Кемпирим таягымды камдап, колтугуман сөөй баштады.

– Тим кой, – дедим ага, – азыр абдан айыгып калдым. Башка иштериңди кыла бер. Мен көчөгө чыгып, кайра келем…

– Көчөдө эмне бар, жатсаңчы эс алып.

– Келе тиги дарыны.

«Эски достон» бир доза ичип, өзүмдү чыңдап алганымдан кийин, кечөөкү инимдин үйүн көздөй жүрүп отурдум.

Саат он бир жарымдарда алардын үйүнө жеттим эптеп. Үй ичи мурдакыдай, кечөөгү окуянын кыпындай да шеги билинбейт. Иним ордунан тура калып зор изаат менен тосуп алды. Келин бала өз адаты боюнча ийменип мындай боло берди. Ал мурдагыдай эле сүйкүмдүү, периштедей таза көрүндү көзүмө. Аны кантип гана жаман жолго кыяйын!

– Оорум кармаганда азыраак сейилдеп бассам пайдалуу өңдөнүп жүрөт, кийинки күндөрдө… – дедим мен.

– Кары кишиге ары-бери басуу эзелтен эле пайдалуу да, – деди иним мага жооп иретинде. Анан ал келин балага эскертти: – Самоор кой, түш да болуп калса керек, бүгүн күн дем алыш да…

Келин балам монтоюп, унчукпастан самоорду алып, муңайым гана эшиктен чыгып кетти. Эч нерсе капарында жок. Иним кичине баласын алдына алып ойнотуп отурду.

Ушундай учур мага жакпайт. Бир үйдө отурган – азыркы биздин тышыбыз башка, ичибиз да башка. Кандайдыр бир күч баарыбызды моюн сундуруп, аңдышканыбызды тышкы жактан байкап билдирбей турат.

Келин бала эшиктен бир айланып кирип, буфет жакта бирдеме кылып жатканда иним атайын мындай деди:

– Токон да саат он эки жарымда догдурга барам деп жатты эле, түндө бейтабыраак жатты…

Менин жүрөгүм «зырп» дей түштү. Эгер чын болсо, келин бала ишти түндөтөн бери баштаган экен…

– Дем алыш күнү карайт бекен? – дедим мен.

Иним унчукпай келин балага жалт карады. Бечара баланын көзү жашылданып, бир-эки кыбыктап да жиберди.

Келин бала кебелбестен, буфетти карап, бирдеме иштеп жатып акырын гана:

– Тааныш акушерка, Клава… – деп сөзүн аяктабай жым болду, өңүнөн эч нерсе байкалбайт.

Иним мен жакка карабайт, баласын эркелетимиш болот. Бирок анын ичин бирдеме жалмап баратканы анык!

Келин бала чайын бат эле дайындап үлгүрдү. Кыймылы кандайдыр мурдакыдан жандуу. Чай ичип отурганда иним уясына жакындаган торгойдой чырылдай баштады:

– Клава үйүндө болсо, –деди ал, – саат үчтө деле барасың. Аңгыча менин да жумуштарым бар…

– А экөөң тең, баруучу жериңерге бара бербейсиңерби, балаңарды көтөрүп алып. Үйгө кулпу салгыла да, – деп койдум. Келин дароо баласына көз таштады.

– Муну үйдө калтырат, – деди иним баласын көрсөтүп.

– Түшүнүктүү, – деп жибергенимди өзүм да сезбей калдым. Бирок бул түшүнүк өзүмдүкү эле.

– Клава бая күнү саат бирде кел деген, – деди келин назик үн менен.

– Ал эч кайда кетпейт. Саат үч-төрттөрдө барарсың же баланы ала кет.

Келин бала көзүнүн агын көбүрөк чыгарып күйөөсүн бир карап алды.

Унчуккан жок. Түшүнүп турам. Мен али бала бойдон турбаймынбы! Болгондо да наристе…

Ушундай абалда чай ичилип болгондо келин бала камына баштады.

Баягы кызыл сактыян корзинаны ички үйдө оозун ачып кайра жапты. Бул кезде саат он эки жарымдан ашып калган эле.

– Жок дегенде баланы эмизип кет, – деди иним, – азыр эле ыйлай баштайт мунуң…

– Карды ток эле, – деди келин ички үйдөн башын чыгарып, таарынчы аралаш кыңыр карап.

– Мынча эмне шаштың? Сөзсүз саат бирде барыш керек бекен? – деп жиберди иним, ичине толуп кеткен ачуусун, ачууга аралаш буруксуп ачыган кызгануусун араң басып. Бирок бул желге учуп кеткенсиди.

Келин бала плащын кийип, жоолугун татынакай байланып корзинасын көтөрүп, ички үйдөн шам чырактай жанып чыга келгенде бир сүйкүмдүү жыт мурдубузга жетип үлгүрдү. Мен ооруман коркуп, сактанып, жүрөгүмдү зор күч менен басып отурдум.

Ушул учурда инимдин колундагы наристе да кыңылдай баштады.

– Me, эмизип кетчи кичине…

Келин эч кандай тартынбай эле эриндерин кымырып, күйөөсү менен суук түрүн чыгара бир нече секунда тиктеше калды да, бирден эле эшикти көздөй умтулду. Бирок каргаша болуп, ал эшикти ачаары менен кошуна кемпир Чүрчө сүзө кирип калды.

– Токон айланайын, бир жакка баратасыңбы, жаңкы ийигимди…

– Ай-ий, деги, – деп жиберди келин бала бети-башын чүрүштүрүп. – Келгенде алыңызчы! – Ал эшикти шарт жапты да верандада кетип бара жаткан «тыкылдаган» үндү гана угузду бизге.

Делдейип калган кемпир кыйладан кийин бизге карады. Иним чырылдаган баласын сооротумуш болот, баш көтөрүп мени карай алычу түрү жок. А мен болсом, бул бир тактыгы бар жылуулугу жок үйдө шашканыман алаканым менен сол көкүрөгүмдү сыйпалай берипмин! Бул кеминде он беш күн жатып калуума жетерлик себеп экенин билдим. Бар болгону кыжырым келип иниме кыйкырдым:

– Мени түйшүккө салбайм дебедиң беле! Бирөөнүн сүйүүсү эмес, сен өз сүйүүңдү чектей аласыңбы? О, эси жок акмак…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.