Эмне  үчүн мугалим болгум келет?

Мугалим болуу мага оңой болду. Чынында, бул тандоого караганда балалык кыялымды чоңойгондо реалдуу максатка айландыруу процесси десем болот. Үй-бүлөмдө көп педагог бар жана канымда мугалим болуу бар. Ата-энем мени ушул багытка үндөштү. Алар мага жайкысын балдар менен иштешүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн – жайкы иш тапканга жардам беришти. Мен ал иштерди дайыма пайдалуу, кызыктуу көрүп, моралдык жактан канааттанчумун. Балдар менен иштөө жыргал болгондуктан, мектепти бүтүргөнүмдө карьерамды мугалимдикте көрдүм. Мектептеги парттайм ишимде жана ЖОЖдогу окуумдагы мугалим болуу сезимим кээде солгундап, караңгы туңгуюкка сиңип […]

Олжобай Шакир: Өлүмгө чакырык таштаган таксырлар

“Диндин басып өткөн тарыхын карагыла, ал бизге эмне берди? Алардын бардык жердеги терс аяктыгынан жер үстүндө өлүктөр жайнап, кара жер кан жутту, шаарлар өрттөлдү, канча өлкөлөр ойрондолду, бирок дин адам баласын асылдандыра алган жок”. Клод Андриан ГЕЛЬВЕЦИЙ (1715-1771), француз философу Аргаң жок күлөсүң таксырларга. Коомчулукта ЛГБТ көйгөйү көтөрүлдү эле, селдечендер жер сабаган тукурукту баштады. Чубак ажы Жалилову чыкты гейлерди өлтүрүүгө чакырык таштап. Феминисттер уюштурган акция ушунчалык шаштысын алган экен, тезинен муну коомчулукка жайылткыла, депутаттарга талап койгула, атайы мыйзам кабыл алсын […]

Валентин Распутин: Кемпир (конкурска №34)

АҢГЕМЕ Ал ичээр суусу түгөнө жаздап, көргө буту салаңдап турган кемпир болучу. Жүзүн каптаган бырыштардын терең кеткен катмарлары желеленип, ичинде болуп жаткан кубанычтын да, кайгынын да жышаанын билдире албай калган. Мындан ары бырыша турган деле жери жок эле. Андыктан мелтейип, бир калыпта кыймылсыз жүрүүчү. Ошол кыймылсыздыкты көрүп туруп, ушу бешенеде дале кан жүрүп, жашап атканына акыл жетпей кетет. Кызы андан кырк жашка кичүү эле, бирок, анысы деле кунары кайткан кеч күздүн күндөрүн кечирип жашап жаткан, эгерде муну жашоо деп эсептей […]

Лев Толстойдун тарбиялык тамсилдери

Карышкыр жана мергенчилер Карышкыр бир койду жеп салды эле, койчулар карышкырды кармап сабай башташты. Карышкыр аларга кайрылды да: – Мени эмне кыйнайсыңар… Өңүм көк болгону үчүнбү? Анда койчулар мындай дешти: – Сенин өңүң көк болгону үчүн эмес, койду жегениң үчүн жазалап жатабыз. Ичке жиптер Бир алам токуучуга ичке жип ийирип берүүсүн суранды. Токуучу ага ичке жип ийирип берди, бирок ал ага ыраазы болбой мындай деди: – Бул жип мага анча жакпай калды, мага мындан да ичке жип керек. – Эгерде […]

Журналисттерге чакыруу

Урматтуу журналисттер,  ММК жетекчилери жана өкүлдөрү, сиздерди  2019-жылдын 5-28-апрелинде өтө турган «Жибек жолу» интерактивдүү Көргөзмөсүнө арналган пресс-кафеге чакырабыз. Чай үстүндө баарлашууда   Интерактивдүү Көргөзмө, анын максаты, өзгөчөлүгү, мазмуну, катышуучулар жана башка кызыктуу учурлар  тууралуу сиздерге кеңири  айтып беребиз.  Сиздер уюштуруучулардан, өнөктөштөрдөн жана эксперттерден өзүӊүздөр кызыккан бардык суроолорго жоопторду ала аласыздыр. Пресс кафенин спикерлери  Кендирбаева Догдуркүл – “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык Коомдук Фондунун аткаруучу директору,  Асангулова Айдай – “Кийиз дүйнө” Коомдук фондунун директору жана эксперттер  Тентиева Чолпон , тарых илиминин кандидаты […]

Сабатсыздыктын башында турган расмий документтер…

(же булак башынан качан тунат?) “Кандай гана улут болбосун, аны жок кылуу үчүн сөзсүз эле атомдук бомбанын кереги жок. Болгону билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү – жетиштүү. Ошондо: доктурлардын колунан адамдар өлөт; укук коргоочу, соттордун колунан чындык чыркырайт; мыйзам чыгаруучулардын колунан башкаруунун башы айланат; билим берүүнүн кыйрашы – улуттун кыйрашы”. (Түштүк Африканын  университетинин кире беришине   жазылган маалыматтан) Советтик доордо Кыргызстанда сабаттуулук 99%ды түзүп, өлкөбүз интеллектуалдуу аймак эсептелсе, азыр бул көрсөткүч караанын көрсөтпөй, тескерисинче, 2018-жылдын сентябрь айында Булан институту Кыргызстанда мектептеги билим […]

Өмер Сейфеддин: Пара (конкурска №33)

АҢГЕМЕ Базар аянтынын бийик чынар теректери, жерге түшкөн көлөкөлөрүн ала-була кылып шуудурап жатышты. Катуу шамал болуп жаткан. Адвокат Хажы Намык Эфенди, кагаздарым учпасын деп изумруд камера өңдөнгөн кичинекей дүкөнүнүн айнектерин түшүрдү. Анан жөнөдү, ачык эшигин бекитээрде куржуну жонунда, токулган атынын чылбыры колунда, селдечен кыска бойлуу тоголок бир айылдыктын жакындаганын көрдү. — Салам алейкум, Али Молдо, — деди, — мындай убакытта эмне издеп жүрөсүз бул жакта? Базар күнүнө дагы эки күн бар эмеспи… Айылдык, кара тоголок эки чекитке окшогон кичинекей көздөрүн […]

Кыргызстандын Баатыры наамын алгандарды «герой» десекпи, кошоматчы десекпи?

Сыймык эмне, «баатырың» ким, Кыргызстан!? Президентке ачык кат Өткөн жылдын ноябрында атактуу партиялык-мамлекеттик ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдык маарекесине арналган жыйында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун  “Султан Ибраимовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын беришибиз керек” дегенин окугандан кийин, катуу “таасирленип”, ага ачык кат жазмакка киришип (90-жылдардын аягында президент Акаевге, андан 10 жылдан кийин Бакиевге ачык кат жазган тажрыйбам эске түшүп…), минтип баштадым эле: “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз антип айтып, оозуңузду жыйганча эле ой-демилгеңизди улагандар чыкты. Мисалы, Жогорку  Кенештин депутаты Акылбек Жапаров […]

Калмак эл жомогу: Гелүнг менен манжик

Бир калмактын энеси өлүп, азадар уулу өз энесинин жаны бейишке түз барсын үчүн гелүнгдин[1] дуба окуп беришин суранат. Гелүнг дароо элпек-манжигин[2] ээрчитип калмактын боз үйүн көздөй жөнөйт. Напсиси бузулуп көбүрөк пайда тапмак болот. Анүчүн жолдон териси баалуу суур кармап алып, аны элпек-манжикке карматат. Жаны чыккан кемпирге дуба окулган маалда суурду бошотосуң дейт балага. Аза күткөн калмак муну энемдин жаны деп кабыл алып, көбүрөк акы төлөйт деп ойлойт кууланган гелүнг. Келишти. Көрүштү. Гелүнг дубасын окуду. Жанындагы элпек бала кыңылдап коштоп турду. […]

Умар Нусубалиев: Жанымдын эрип турат миң тамыры (конкурска)

БИР КЕЧТЕ Бир кечте сен сүйүүмдү жерге чаптың, Бир кечте мен гүлүмдү жерге чаптым. Бийикте турган биздин бийик сүйүү – Бир кечте, бир күндө эле жерде жатты. Ал кечте рамкадагы сүрөт сынган, Ал кечте ачуу-таттуу мүнөт сынган. Айнектей ошондогу бырчаланган; Айнектей бырчаланып жүрөк сынган. Бир жүрөк сынган ошол сендик эле, Бир жүрөк сынган ошол мендик эле. Ал сынган жүрөктөрдү бириктирүү, Биз жасар сүйүүдө чоң эрдик эле. Ал кечте мендей ыйлап жаштык үнү, Мен чапкан гүлдөй жерде жатты сүйүүм. Ал ыйым, […]

Гүлзина Искендерова: Балалыктын жыты (конкурска)

АҢГЕМЕ Жаз мезгили аяктап калган учур. Айылдагы элдин кай бири талаа жумуштары, кай бири мал менен алек. Ошондой айылдын жайкерчилик турмушунан айрым адамдар ырахат алып жашашса, кээ бирлери артта калган турмуш катары карап, иренжий турганы айтпаса да белгилүү. Кең-Суу айылы тоо этектей жайгашып, узунунан кеткен эки көчөнүн оң капталындагы чоң сайдагы суу жайдыр-кыштыр тынымсыз агат. Өзгөчө ушул маалда шарына адамды агызчудай болуп, күркүрөп кирип калат. Айылды карап турган тоонун тектирине чыгып көз чаптырсаң, замандын агымы менен салынган эки кабаттуу үйлөр, […]

Бейне: Эр ортону 50 жаштагы Сакем (2-баян)

<<<<<< 1-баян “Айтыш” фонду акырындап маданий очокко айланып, анын тамызгысын тутантуу үзгүлтүксүз уланган үчүн канатыбыз жайыла берди. Он күн сайын Ашыке менен Туканын мектеби туурасында кулагы чалгандын баары босогобуздан үзүлбөй, куркулдайдын уясындай бөлмөбүзгө төкмөлүк өнөргө шыктуулар шыкалып калчу болду. Көчүк айланбаган жерде көңкө кыргыздын улуу өнөрү сыгылып турганы оңой бекен. Бөлмөнү кантип кеңейтебиз деген маселе чыкты бара-жүрө. – Бүгүн могу жерди бошотобуз, – деп чыкты Сакебиз бир күнү. Үстөлдөрдү тиякка жылыштырдык, биякка жылыштырдык. Болбоду. Андан кеңейип кеткен жок бөлмө. Үйдөн […]

Путин келер алдындагы беделдүү сунуш суу кечеби?

Бекназаров. Путин. Расмий тил. Революциянын эле эмес, саясаттын, укуктун да таш челген бульдозеру Азимбек Анаркул уулу аралашпаган тармакты табыш кыйын. Жаз алды менен ал Кыргызстандагы тил саясатынын тизгинин силкип, эчак бүтүп калган жаранын картын чукуп койду эле, орус тилдүүлөр, киргиз тилдүүлөр, аларга жан тарткандар бир дүрбөп барып токтоду. Келип кеткен орус тышкы иштер министри да ушул “мелочко” маани берип, сөөмөйүн кезегенине караганда старший брат биздин таз кейпибизди көрүп туруп, чоңдугуна сала берээри айдан ачык болуп калды. “Азаттыкка” адеп чыккан жылы […]