Жунай Мавлянов: Өргөө

АҢГЕМЕ Ушул өргөөнүн, бул айылга келген чоочун кишинин көзүнө биринчи урунуп, кызыгуусун туудурчу өргөөнүн тигилгенине быйыл жыйырма тогуз жыл толот. «Самарбектин үйү». Сууну бойлоп жайлашкан бир ат чабым жердеги бул кыштактагылардын бала-чакасына чейин аны ошентип аташат. Ал өргөө кышын-жайын бүгүлбөйт. Бирок ушул жыйырма тогуз жылдын ичинде анын үзүк-туурдуктары, курчоолору төрт жолу жаңыланды. өрт жолу анын ичинде отурушуп ушул үйдүн колу-коңшулары, урук-тууганы ак дасторкондон даам татышты. Төрт жолу Самарбекти чогуу отуруп эскеришти. Төрт жолу анын аман-эсен келип калышын тилеп беттерине бата […]

Мо-цзы: Өрнөктүү адам жумшаган мээнет суу менен абага сиңип кетпейт, элге сиңет

Жакшы жаа оңой керилбейт, бирок анын жебеси бийик учуп, терең сайылат. Жакшы тулпарга араба чегиш кыйын, бирок ал оор жүгүңдү алыскы жолго жеткирет. Арийне кашкөй талант да таамай баасын алышы кыйын, аны эң мурда даанышман таанып, таланттын кадырын падышага чейин жеткирет. ♦ ♦ ♦ Азиз адамга «акак таш» же «таш көмүр» дегенди айттырсаң айтат, бирок бул экөөнүн түсү кандай экенин сурасаң айырмасын ажыра албайт. Анткени ал акак таш ак, таш көмүр кара болорун өмүрүндө көргөн эмес. ♦ ♦ ♦ Эптеп […]

Олжас Сулейменов менен Мария Кобец Абибилла Пазыловдун котормосунда

Олжас СУЛЕЙМЕНОВ (казак акыны) АПТАП Чаң баскан алманын түбүндө, Чалк өйдө көөшүлөт бир сулуу. Ак төшүн аймалайт күн нуру. Аккан суу шылдыры Угулуп-угулбайт, Сабагы бүктөлгөн, Сары чөп бүрүндө, Саратан чырылдайт. Шүк барам ээрде, Шүдүгөр жээктей, Карындаш, садагаң, Капталга  жайылган чачтары… Карабай калтаарыйт, Карыган ат дагы. Алма бак. Уйкуда бир сулуу. Алакан отундай күн нуру. Мария КОБЕЦ (белорус акыны) КҮН Жоодар куштун уясына жол улаш, Жол жоробун жортуп өткөн Күн билет… Жолоочуга жолукпастай эгерим, Жерден ыраак, жетпес жакта Жез табак. Жок, […]