Жазуучу, кинодраматург Талип Ибраимов менен болгон бул интервью 2010-жылы “Киргиздерден” кайсы кыргыз зыян тартыптыр?!” деген аталыш менен “Айат-пресс” №04 (53) гезитине жарыяланган эле. Арийне, Талип Ибраимовдун көзү өтүп кеткенден бери деле күнү бүгүнкүдөй эскире элек ачуу чындыктар али арбын. Азыр деле боркулдап кайнаган казандын буусунун илеби солгундай элек. Талип агабыз көз жумуп кеткени менен, биз сөз кылган жагдайлар көз жума турган эместей…

– Соңку убакта кыргыз өзүнүн баатыр, улуу жана көчмөн эл экенине көбүрөк корстон болуп жүрөт. Сиз буга кандай карайсыз?

– Мактанчаак эл экенбиз, эмне кылалы. Сен айткан корстондугубуз, баатырдыгыбыз акыры түбүбүзгө жетер бекен. Ошол дүйнөдөгү эң мыкты элбиз деген кыргыз кечирген турмушту карасаң, жиниң кашаят. Мактанганыбыз жакшы дечи, бирок эмнебизге? Тарыхый факт барбы? Кыргыздын фантазиясы менен жаралган мындай баатырдык өтө көбүртүлүп-жабыртыла берип, мындан да терең сазга батканы калдык. Тарыхта өзүн өзү ашкере мактап, кокурайган эч бир эл өскөн эмес. Тескерисинче, өз кемчилигин туюп, өзүнө сын көз менен караган элдин тарыхы өрнөктүү, тажрыйбалуу болот. Азыркы цивилизация жолунда өнүгөр элдер ириде өзүн өзү камчылаганы үчүн башкалардан өсүп кетти. Алар полемика менен акыры бир позицияга келип өнүгүүдө. А бизде кемчиликти айткан кишини улутка акаарат келтирген душман, эл бузаар санагандар бар. Карама-каршы пикир айтуу маданияты өнүкпөгөн элдин кантип келечеги болсун. Прогрессивдүү көз караштар калыптанмайын миң жолу баатыр эл, улуу эл бол, не опаа! Эгерде кыргыз улуу эл деген бакырчаактардын баары эле патриот болсо кана биз четте эле карап туралы. Карап да турдук. Он тогуз жыл бакырганыбыздан эмне өзгөрүлдү, кана – патриоттордун Кыргызстанды өнүктүргөнү?! Так ошол улуу элбиз деген идеологдор элибиздин түбүнө жетет. Вавилон менен хетт цивилизациясы эмне болуп жок болгон? Алар ошол корстондукка баткан мактанычтан жок болуп тынды.

– Чынында дүйнө элдеринин дээрлик көпчүлүгү көчмөн эл экен, анан эле дүйнөдөгү көчмөн элдерден жалгыз кыргыз калгансып мактанабыз…

– Чынында улуттун баары эле көчмөн цивилизация жолун басып өткөн. Бири тезирээк басып өтсө, бири кечеңдеп дегендей… Анан азыр миңдеген жылдарга артка кайтып, көчмөн турмушту самаган “идеологдорубуздун” мээси ордунда экенине кээде ишенбей да кетем. Биз азыр жашоонун башка этабы, башка дооруна өткөнүбүздү унутпашыбыз керек.

– Улуттук идеологияны табуу ошончолук кыйын маселе деп ойлойсузбу?

– Эй, чепуха да. Манастын тукуму болгонубуз идеология эмес экенин түшүнбөй койдук. Туура, “Манас” улутубуздун жерпайы. Бирок биз жерпайыбызды түп кылбай, төбөбүзгө көтөрүп алсак, кантип өсөбүз? Биз жүргүзөр идеология эң эле жөнөкөй.

– Жөнөкөй болгондо кандай?

– Сергек ой жүгүртүп, арданып, биз адистик билими жок, жатып ичээр жалкоо, мажүрөө, кошоматчы, митайым, ууру, саткын элбиз деп өзүбүздү таанып, кемчиликтерибизди моюнга алмайын жалаң мактанчаагыбыз менен өзүбүздү камчылай албайбыз. Бизге азыр мындан башка идеологиянын кереги жок. Идеология эң жөнөкөй, элге сиңимдүү, жеткиликтүү болушу керек. Тескерисинче, өзүбүздүн терс жактарыбызды ачык айтып, сынчыл көз карашыбызды калыптандырмайын Манастын арбагын козгой бергенден эчтемке чыкпайт. Өнүккөн дүйнө элдеринин идеологиясын карасаң, демократиялык баалуулуктар менен адам ресурстарын өнүктүрүү, анан эле дин саясатын туура жүргүзүү. Бүттү. Анан эми “дүйнөдө “Манастан” чоң эч бир чыгарма жок. Биздин идеология “Манас” болуш керек” деген кептер жөн эле былжырак.

– Соңку кезде уруучулдукту идеологияга айланткысы келгендер да андан бетер арбыды. Буга да куйкаңыз курушуп аткандыр…

– Курушпагандачы. Уруучулдук саясат – масштабдуу эчтеңке бербейт.

– Акын-жазуучуларыбыздын баары апологет болуп бүттү.

– Аны бир айтасыңбы, миң айтасыңбы – аларыңда ар-намыс бар дейсиңби? Баатыр улутпуз дегенибиз менен уятка сыйбаган канча иштерди кылып атабыз да, ошонун баарын бийик риторика, пафоско айландырып көнүштү. Үзөңгү-Кууш, Каркыра коңшу элдерге кеткенде акын-жазуучуларыңдын мекенге күйгөнүн көрбөдүкпү! Чырылдап коюшкан жок ко, чиркин. Жарым сабаттуу коомчулуктун башын айланткан жазуучулар өздөрү билимсиз болсо, караламан калк жөнүндө сөз кылганда не…

– Курманжан датканын 200 жылдыгына карата мамказынадан миллион сомдор каралып, кино тартылганы турат. Муну айткан себебим, жеке эле Курманжан датка эмес, дегеле тарыхый инсандардын 100, 150, 200 жылдыгы келсе эле алардын жасалма бейнесин жаратуу өнөкөтү күч бизде. Жалпы адамзат баалуулугуна таазим этер көркөм мурастарды жаратуу биякта калып, театрлар тарыхый инсандардын белгилүү даталарына карата спектакль коюп, жазуучулар хан же баатыр кылып жараткан “тарыхый чыгармалар” арбыды. Ал эмес “Манас-1000” мааракесин өткөрүп деле ошол маараке улутка рух-дөөлөт боло алган жок. Болгону, мамказына чыгым тарткандан бөлөк пайдасы жок. “Маданий окуяларды” жаратуунун эмне зарылчылыгы бар деп ойлойсуз?

– Театр көрсөткөн “Курманжан датка” спектаклин деле көрдүк. Баягы эле кургак акыл айткан чыгарма. Менимче, ал жөнүндө фильм деле ошол контексттен ашпайт. Окуя тарыхый фактыдан ары өнүгөрүнө көп ишенбейм. Ары-бери койкойтуп бастырышат. Анын кимге кереги бар? А Курманжан датка өзү ким? Юбкадагы король. Б.а. трагедиялуу тагдыр. Ошон үчүн илгери Курманжан датканын сценарийин жазууну мага заказ беришкенинен дароо баш тарткамын. Себеби, жоопкерчилигин сезгемин. Бир жагынан өкмөт көзөмөлдөйт экен. Андай заказдын эмне кереги бар, үстүңөн бирөө текшерип турса… Көркөм ой жүгүртөр жерлерин жактырышпай, “кыргыздар андай эмес, мындай болгон” дечүлөр четтен чыгат деп жазган эмесмин. А мен көркөмдүк концепциясы жок чыгарманы чыгарма деп санабайм. Көркөм символ, поэтикалык метафора аркылуу философиялык жалпы бир ойго алып келбеген чыгарманын кимге кереги бар? Тек, Курманжан датканын 200 жылдык мааракесинин шылтоосу менен чыгарма элге көрсөтүлөр, бирок ал келечекте көркөм-дөөлөт бойдон калабы, жокпу – кеп ошондо.

– Дегеле сиздин кыргыз кино тармагынан кетип калууңузга эмне себеп болду?

– Эч кимге керегим жогун сездим да, кетип калдым. Сүйлөгөн сөзүм эч кимге жакпаса, сын угайын деген киши болбосо, андай былгыган жерде кантип иштейсиң? Өзүм бапестеп, ар бир нерсени деталынан бери түшүндүрүп жүрүп өстүргөн режиссёрлор “чоңоюп” кеткенден кийин кеңкейип калышат экен. Өзгөчө кыргыздарда. Алардын дайым эле жетишкен жактарын мактап турушуң керек экен. А мен табиятыман бирөөгө кошомат айтканга көнгөн жан эмесмин. Оюмдагыны тарс айтам. Жакшы көргөнү жакшы, жаман көргөнү жаман көрөт. “Менсиз эле силерге жакшы болсо, кошкула!” деп басып кеткемин. Азыр кыргыз-түрк “Манас” университетинде студенттерге сабак берип, болочок кино ишмерлерин тарбиялап атам.

– Азыркы жаштар кайсы кинолорго сценарий жазганыңызды деле билбей калышса керек, ошолорду атай кетсеңиз…

– Кийинкилерден Тынай Ибраимов тарткан “Үзүлбөгөн үзөңгү” учурда тартылып бүткөнү калган. Актан Арым Кубаттын “Свет аке” фильминин сценарийин жаздым. Совет мезгилиндегилерден “Эл арасында” (Б.Шамшиев), “Айыл мозаикасы” (Д.Садырбаев, Б.Шамшиев), “Кошокчу” (А.Сүйүндүков), “Я не хочу так больше жить” (О.Байжигитов), “Пейзаж глазами с принтера” (Ш.Жапаров). Андан башка деле Москвадан жарабайт деген канчалаган фильмдердин сценарийин башынан-аягына чейин оңдоп жаздым, кино өндүрүшүнө жараттым, бирок көбүнө фамилиямды жаздырткан эмесмин. Алардан сырткары далай документалдуу фильмдерге жаздым. Баарынын эле аталышы эсимде жок. Жетимишке чыксам кайдан. Быйыл казактар бир сценарийиме фильм тартып атышат. Азыр заказ менен беш сериаялуу “Эртөштүк” фильмин жазып отурам. Гонорарымды болсо жарым-жартылай алып койгом.

– Эми казактар чыгарып аткан “Абышка жана периште” аттуу повесттер жыйнагыңыз туурасында айта кетсеңиз. Кандай болуп казак боордоштор сиздин чыгармаларга кызыгып калыптыр?

– Кудай жалгап, интернеттен бир повестимди окуп калышыптыр. Бир күнү эле номурумду кайдан тапканын билбейм, Казакстанданмын деп басмакана ээси телефонуман “уруксат берсеңиз, китебиңизди чыгаралы” дегенинен “кудай жалгасын” дедим. Көрсө, 2006-жылы эларалык “Русской премии” адабий сынагында мен биринчи орунга илинип, кийинки жылы Москвада чыккан китебимдин бетачар аземи болуп атканда залда кара каш, кара көз жаштар отурган. Мен аларды Орусияда оокат кылып жүргөн кыргыздар деп ойлосом, жок, казактар экен. Менимче, ошондон улам казактар арасында кеп болуп калсам керек…

– Баса, ошондогу сыйлык тапшыруу аземинде Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинен бир да киши басып барып, сизди куттуктаганга жараган эмес экен.

– Кыргыз качан биринин ийгилигине экинчиси кубанчу эле. Сыйлык тапшырылган жер менен элчиликтин аралыгы он мүнөттүк жол болсо да бир жан басып келген жок. Аттокуров дегени жаңыдан элчиликке бекиген кези болсо, тоотпостук кылды го. Мен повесттер боюнча биринчиликти алсам, романдар боюнча Турусбек Мадылбаев экинчиликти алып атканына кыргыздар кубанбаганына ушунча таңгалдым. Өз мекендештерибизден көрө казактар куттуктаганга жарады. А үчүнчү орунду армениялык бир жазуучуга тапшырышты эле, айланыйын аны ошол жерден улуттук “геройдон” бетер көкөлөтүп жатып калышты. Орусиядагы Армения элчилигине кудай эле берип койду. А күнү армяндар Москваны төбөлөрүнө көтөрүп чуулдашты.

– Демейде эстрада ырчылары кайсы бир фестивалда жөн эле бери жактагы сыйлыктарга илинип келгенин дуулдаган жаңылык кылмайыбыз бар, эмне себептен бул жакка келгениңизде деле чоң бир маданий окуя катары атпай-журтка маалымдалган жок?

– Башкасын кой, ушул эле Жазуучулар союзу менен кыргызфильм тармагында өмүр бою чогуу иштегендер көңүл бурган жок. Болгону, “а Москвадагы досторуңдун арты менен алгандырсың” демиш болушту. Бирок кыргыздын мунусуна да таарынбайм. Себеби, биздин элдин мүнөзүн билем да. Өзгөчө эгемендикке жеткенибизге эдиреңдеген мезгилден бери олуттуу адабият, искусствонун өнүгүүсү унутта калып, капкайдагы көрпөй-шөрпайлардын заманы келбедиби. Болбосо 90-жылдардан кийин публицистика, кино тармагында менден көп жазган киши болгон жок ко. Канчалаган документалдуу фильмдерге сценарий жаздым, жеке студиялардын далайы бутуна таканчыктаганына жардам бердим, повесттерим Киев, Москва, Алматыдан чыгып атат; Москва басылмаларынан канчалаган сын макалаларым чыгып; эларалык сынактарда сыйлыктарды жеңип келгеним кыргыздар үчүн түккө татыбайт көрүнөт.

– Мындан сырткары деле искусство боюнча Кыргызстан жөнүндө канчалаган журналдар, китептер чыгып, ошонун баары сиздин башсөзсүз чыккан жери жок, демек, сизди чет өлкөлүктөргө кыргыз элин, мамлекетин абройлуу көрсөтүш керек болгондо гана пайдаланбасак, эч кимге керегиңиз жок экен да!

– Силерге керегим жок болсо, кемпириме, уул-кыздарыма керекмин. Баарыбир эч кимге таарынбайм. Мени кадырлап алгыла деп эч кимге догурунгум да келбейт. Мунун баарын таарынганымдан айтып аткан жокмун. Тек сен оозумду “тырмап”, айттырбаганды айттырып албадыңбы… Мага кандай сыйлык-наам беришпесин, Талип баягы эле Талип бойдон калат. Сен айткан эл аралык деңгээлдеги журналдарга башсөз жаздыргандардын мага келген себеби: “Чет өлкөгө Кыргызстан жөнүндө сиз гана бийик деңгээлде жазып бере аласыз” деп алдап-сооласа, жибип кетмейим бар, иттики. “Менден башка киши таппайсыңарбы деп канча айтсам да, кайра эле мага келишет. Анан бир кыргыздар арасында “киргиздерди” жериген жаман тенденция пайда болду. Байкасаң, мамлекетибиздин, дегеле кыргыздын аброюн дүйнөлүк деңгээлге көтөрүүдө мендей “киргиздерден” кайсы кыргыз зыян тартты?! Жалаң эле фольклорго батып калган элди дүйнө эли кантип таанысын? Чыныгы искусство жаратууга жөндөмдүү эл экенибизди дүйнөгө таанытып аткандар азыр чындап келсе киргиздер экенин танбашыбыз керек.

Ооба, фольклорубузду өстүрүшүбүз керек, бирок жалаң эле фольклор деп үстөмөндөп жатып алган эл башка элдерден артык болуп кетерине көзүм жетпейт. Жанагы теңирчиликке батып жүргөн “киргиздер” жараткан искусствону өмүрү көргөн эмес. Алар ошон үчүн “киргиздерди” өздөн чыккан жат санайт. Бирдеңке болсо эле “Манасты” билбейт деп чыгышат. Мен керек болсо “Манасты” алардан артык билем. Түпкү философиясын мүмкүн алардан терең түшүнөм, себеби, 60-жылдары орус тилине которуп, Океевдин “Манас” жөнүндө тарткан фильминин текстине автор, редактор болгом. Кийин М.Убукеев менен “Манас” боюнча далай иштештим. Айтор, биз да совет доорунда кыргыз фольклору боюнча далай-далай эмгектерди кылганбыз. “Чоорчу”, “Кыял” деген фильмдерге менден башка редакторлорду чакырышчу эмес. Илгери айылдан шаарга келген кыргыздар орустан коркуп жашаганда деле кыргыздарды таяктан арачалаган кимдер эле? Мага окшогон жинди “киргиздер” болчу. Так что…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Жазуучу Талип ИБРАИМОВ: Аял менен арак көйгөйүн көп тарттым

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.