Олжобай Шакир: Саясатчыларга эмес, саясый ишмерлерге муктажбыз

«Президент саясатчыга айланган күнү – коом бузулат». Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ Кыргызстан саясатчыларга тоюп бүттү. Эми саясый ишмерлер калыптанар доор келип жетти. Муну табигый жол катары карашыбыз керек. Кыргызстан өз эгемендигине ээ болуу мезгилинен тартып мамлекеттик ишмерлер менен саясый ишмерлерге чукак жылдар болду. СССР ыдырап жок болоруна көзү жеткен соң, төшүндөгү ыйык туткан партбилетин ыргыткан коммунисттер жапырт бойдон демократ болуп чыга келишти. Арасында бийликке жеткендери тоталитардык идеологияга кан-жанынан уугуп калган көнүмүш адаттары менен ар кимиси дараметине жараша бийлик жүргүздү. Ал эми бийликке […]

Бектуруш САЛГАМАНИ: Митайым чычкан

АҢГЕМЕ Аябай куу, митайым чычкан жашаган экен. Өзү ар кандай жамандыктарды жасап, анан аны башка, айыпсыз бирөөлөрдүн мойнуна иле койгонго өтө маш, эптүү болуптур. Кожоюндун  жазында сепкенге  сактаган уруктук үрөнү кампада турчу. Аны  куу чычкан  байкап койгон. Ошон үчүн ал күндүзү кечке чейин уктайт да, түн ичи тыным албастан баягы каптагы жүгөрүлөрдү өзү  оюп жасап алган үйүнө ташый берди. Ошентип жүрүп,  жарымын ташып алганга жетишти. Бир күнү чычкан ташып алган  жүгөрүлөрүн  караса – бир-эки жыл иштебей эле жатып алып  жесе  […]

Азамат ОМОШ: Аракечтин бир күнү

АҢГЕМЕ Ойгонду. Жаткан керебетинин чекесине отурду да, караңгылыкты теше тиктеди. Зыңылдап ооруган башын мыкчый кармап, кечээ эмне болгонун эстегенге аракет кылды, кайра эле колун шилтеп, ордунан турду да, көзүнөн муздак суу өтүп, ашканага жөнөдү. Тим эле каны катып, оозу батташып, кечээги арак менен чылымдан чыла даамданып калыптыр. Караңгыда тапичкесин буту менен издеп атып, балтыры, билектери тартышканын сезди. Жүрөгү да лакылдап, тез согуп жатыптыр. Тапичкесин таппаган соң, ашканага жыңайлак эле жөнөдү. Коридордон ашкананын жарыгын жандырды да, муздак сууну шарылдатып ачып, чоргого […]

Азиз Кочкоралы уулу: Сан түркүн ойлорумдун жетегинде (конкурска)

КАТ ЖАЗДЫМ Билгизбей мен өзүңө сүйүү дартын, Жүрөктөн аккан жашым ичке каттым. Суроолуу ак баракка чиймеледим, САЛАМ деп баш жагына жазып каттын. Сагынып кездешүүгө шашабызбы? Аралап сейил багын басабызбы? Сырдашып көздөр менен үн-сөзү жок, Сырларын ак сүйүүнүн ачабызбы? Ойлорго түркүн кыял батабызбы? Ойлонгон ойлорубуз катабызбы? Бир төшөк, эки жаздык жаздана албай, Кусалуу бакыт даамын татабызбы? Сан түркүн ойлорумдун жетегинде, Кат жаздым актай барак беттерине. Ар дайым жашайсың деп жүрөгүмдө, Катымдын жүрөк тарттым этегине. СУРАНАМ Өмүрдө ойноп-күлүп жыргагыла, Досторум менин сөзүм […]

Беганас САРТОВ: Роботтун туулган күнү

(Фантастикалык аңгеме) Табылды толкунданып экрандан көзүн албай ол турду… Ал конструктордук бюродо иштечү. Алардын институту өзүн аң-сезимдүү башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, алыскы жапайы планеталарга чалгындоо жүргүзүүчү роботторду даярдашчу. Бул жагынан институт арымдуу баскычтарга кадам шилтеген. Бирок роботтор канчалык акыл-эстин жемиштери менен сугарылса да, алыскы жапайы, же өнүккөн метагалактикаларда — программаланган инструкциялардын запасынан башка, белгисиз, көрсөтүлбөгөн кыйынчылыктарда эмне иштээрин билишпей ойлоно беришип, акыл-эстен ажырап, келесоо болуп, катардан чыгып калчу. Ошентип, алыскы сырдуу дүйнөлөр менен катнаш жасоо мүмкүнчүлүгү ар дайым чектелип турган. […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Даңк эмне, атак эмне, таалай эмне

*   *   * Төрөлдүң… Төрөлгөнүң энең көрдү… Эл көрдү…Төрөлгөнүң көрдү дүйнө… Күрөң так болгон эмес денеңде түк, Күткөн жок төрөлгөндө сени түрмө. Ойдо жок ыр жазат деп чуулгандуу, Ойношчул коюндарга өлөт деген. Тек гана: бир перизент туулган бу Жашоодо жана жашай берет деген. Жашадың. Шарап ичтиң. Катын сүйдүң. Дууладың. Кадыресе чектиң азап… Акыры басты сени кайдан күүгүм, Бардыгын сен эмнеге кеттиң таштап… 20.10.71-ж. БИР АВАЗ I Кытыгылап ойготкон, Кыярбас үмүт күндө миң; Сары азгырык жолдордо Сапарлаш болуп жүрбөгүн. Көздөрүң ураан […]

Мидин АЛЫБАЕВ: Баалуу байпак

АҢГЕМЕ «Кайсы жериң ооруса жан ошо жерде» деген эмеспи. Ошол эле сыяктуу эмнеден кемчил болсоң ошого зар болоруң да шексиз. Пальтоң жок болсо, жайкысын да эч нерсе эмес, кышкысын кордукту көрөсүң. Шымың жок болсо, өзүнөн өзү белгилүү. Үйдөн чыга албай каласың. Эми бул чоңдорду коё туруп майда-чуйда кемчилик жөнүндө эле айткым келет. Маселен, бет аарчы жок. Бул алакандай эле чүпүрөк болсо дагы, элдин арасында олтуруп кокус чүчкүрүп ийсең жеңиң менен мурдуңду аарчый албайсың. Демек, кемчилик иши кылып кайсынысы болсо да […]