АҢГЕМЕ

Аябай куу, митайым чычкан жашаган экен. Өзү ар кандай жамандыктарды жасап, анан аны башка, айыпсыз бирөөлөрдүн мойнуна иле койгонго өтө маш, эптүү болуптур.

Кожоюндун  жазында сепкенге  сактаган уруктук үрөнү кампада турчу. Аны  куу чычкан  байкап койгон. Ошон үчүн ал күндүзү кечке чейин уктайт да, түн ичи тыным албастан баягы каптагы жүгөрүлөрдү өзү  оюп жасап алган үйүнө ташый берди. Ошентип жүрүп,  жарымын ташып алганга жетишти.

Бир күнү чычкан ташып алган  жүгөрүлөрүн  караса – бир-эки жыл иштебей эле жатып алып  жесе  кенен жеткидей.

— Кой!- деди  анан өзүнчө ойлонуп. – Ушуга канаат кылайын. Былыгымдын артын жабайын. Антпей, дагы эле капты бошото берсем, үйдүн ээси билип калып, мышык табып келип, шорумду кайнатат. Ошон үчүн кожоюн көрбөгөндөй кылып, башка бир айла табайын!- дейт.

Чычкан ойлонуп отуруп, сыртта кукулуктап жүргөн корозго барды:

— Эй, курсагың ачпы?

— Ачка!

— Таттуу, ак бадырактай жүгөрү жегиң келеби?

— Ой, албетте да. Кана, ал кайда экен?

Күлдөбөнү, чириндилерди тырмактап чачып, курт-кумурскаларды  табалбай, курсагы ачка жүргөн короздун көздөрү кызарып, кубанып кетти.

— Жүрү анда, мени ээрчи! — деди Чычкан ичинен кымыңдап. Анан  аны кампага ээрчитип кирди.

Ырас эле бурчта жарым капка жакын жүгөрү турат. Ушунча жүрүп, муну билбегенине короз өкүнүп да алды. Анан каптын үстүнө туруп алып, жүгөрүнү жыргап жей баштады. Чычкан болсо ийинине кирип кетти.

Дал ушул тушта кожоюн корозду көрүп калды. Анан кампанын эшигин ичинен жабып туруп, корозду кармап, союп салды.

Ошондон кийин “Айран ичкен кутулуп, челек жалаган тутулуптур” деген кеп айтылып калган экен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.