«Президент саясатчыга айланган күнү – коом бузулат».
Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

Кыргызстан саясатчыларга тоюп бүттү. Эми саясый ишмерлер калыптанар доор келип жетти. Муну табигый жол катары карашыбыз керек. Кыргызстан өз эгемендигине ээ болуу мезгилинен тартып мамлекеттик ишмерлер менен саясый ишмерлерге чукак жылдар болду.

СССР ыдырап жок болоруна көзү жеткен соң, төшүндөгү ыйык туткан партбилетин ыргыткан коммунисттер жапырт бойдон демократ болуп чыга келишти. Арасында бийликке жеткендери тоталитардык идеологияга кан-жанынан уугуп калган көнүмүш адаттары менен ар кимиси дараметине жараша бийлик жүргүздү.

Ал эми бийликке жетпей көзү кызаргандын көбү демократия түшүнүгүн ээн ооздук катары кабыл алды да, эл топтоп, көчөгө чыгып бакырды. Бийликке сес көрсөтүмүш этишти. Муну менен алар өздөрүн бийликтин оппоненти катары санап, упай топтогон саясатчылардын санын арбытып келди. Алардын арасынан кимиси саясый ишмер болуп чыкты? Баш тырмап, жооп таппайсың.

Эки мертебе мамлекеттик төңкөрүштүн аркасында деле эч бир мамлекеттик ишмерлер менен саясый ишмерлер жок үчүн, бийликти 12 мүчө жилик сыяктуу бөлүп-бөлүп алышканын кийин алардын ортосундагы таарынычтар көрсөттү. Ошол себептен системалык түрдө өнүгүү жолун таба алышкан жок. Көрсө, бизде мамлекеттик ишмер катары калыптанып чыккандардын саны эки колубуздун манжасына да жете тургандай эмес экен. Баары эле курулай саясатчы экенине эми-эми түшүнөр учур келди, бурадар!

Мамлекеттик дөөлөттү, улуттук мүдөө-максатты түптөй турган саясатчыларыбыз калыптанып чыкпаганына көзүбүз жеткендей болду. Эгер бизде мамлекеттик түзүмдү башкаргандардын арасында саясый ишмерлер менен мамлекеттик ишмерлер арбын болгондо мынчалыкка чейин чарбабыз чачылып кыйрап, экономикабыз эңшерилбейт эле. Элибиз жумушсуздуктан топ таштай чачылбайт эле.

Кезинде белгилүү аалым-жазуучубуз Чоюн Өмүралиев Аскар Акаевдин сымаптай кылтыңдаган саясатчы болуп чыга келгенинен чочулап, керээт кейигенине айрымдарыбыз түшүнбөппүз. Көзү ачыктай минтти эле: «Акаевдин кечээги расмий сөзүн уктуңарбы, жигиттер?» – деп калды. Оозун карап турсак, баарыбызга сырдуу жылмайды. Даанышмандын сөзү жөнөкөй деген ушу, минтип улады кебин: «Мамлекет аралык саясатта президентибиз «ат жүрүш (ход конём) кылабыз» дегенине маани бербедиңерби?.. Эми Кудай урбаса болду, падышанын оозунан мындай кеп чыкпашы керек эле. Бул сөздүн кесепети чума оорусундай баарына тарайт эми. Муну эми тегерегиндегилер саясый маданият, саясый өрнөк катары калыптандырып алышат», – деп ойго батты эле.

Көрсө, башкаруучунун оозунан чыккан кеп коомдун, өзгөчө бийлик чөйрөсүндөгүлөрдүн адеп-ахлагынан акыл-аңына чейин терең сиңип кетер таасирге ээ экенине Чоюн Өмүралиевдин ошондо эле көзү жеткен тура.

Мына анан, мамлекеттик саясатыбызда «ат жүрүш» салты калыптана берди. Бийлик курчоосундагылардын да, оппозициядагылардын да «ат жүрүшү» түмөн түркүн саясатчыларда кадыресе кулк-мүнөзгө айланды. Алар үчүн «ат жүрүш» тактикасы норма катары калыптанды.

Кудум шахматтык фигуралардын арасында башкалардын үстүнөн дайыма аттап жүргөн «ат жүрүш» тактикасы менен башка өлкөлөрдөн грант алмай; «ат жүрүш» тактикасы менен саясый оюндардан утуп чыгуу; «ат жүрүш» тактикасы менен бийликтеги таасирин өстүрүү ыкмасы Кыргызстандын туңгуч президентинен мураска калгандай өнөкөткө айланды.

Президент саясатчыга айланган күнү коом бузуларын Чоюн агабыз ошондо эле какшаган. Тынчсызданганынын жөнү бар экен, андан бери А.Акаевдин да, К.Бакиевдин да, А.Атамбаевдин да саясый ишмердиги эмес, саясатчыл мүнөздөрү гана кашкайып көрүнүп келди. Баарынын таянганы да, ишенгени да өздөрүнүн саясый партиялары болду. Ал эми саясый партиялардын кайсынысы партиялык мектеп катары калыптанды эле, бизде?!

Же кайсы президент бийлигинен кеткенден кийин ошол партиялары кийин опол тоодой таяныч болгонун көрдүк? «Алга, Кыргызстанбы?», «Ак жолбу» же КСДПбы?.. Бир кездеги тирек туткан лидеринин ооматы оогон күнү башка таасирдүү күчтүн колтугунан жылымтык издешерин А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун ортосундагы ажырым тушунда көрдүк.

Айтор, баары, баары «ат жүрүш» тактикасын гана колдонуп, саясатчылар бир партиядан экинчи, экинчисинен үчүнчү партияга өтө качкан гана туруксуздукка күбө болуп келатабыз го! Ушунун өзү биз сөз кылган саясый ишмердик деген түшүнүктүн калыптанбаганын туюндурат.

Мамлекеттик дөөлөт, партиялык түзүм, идеялык баалуулук дегенден ташжалак түшүнүгү жоктор анан албетте, кызыл кулак саясатчылыктан башка жөндөмгө ээ болот беле? Андыктан азыркы президент өз курчоосунан саясатчыларды оолактатып, көлөкөдөй ээрчиген кошоматчылардан кол үзүп, чыныгы мамлекеттик ишмерлер, чыныгы саясый ишмерлер жана жарандык коомдун чындыкка тике караган өкүлдөрү менен гана ымала түзүү жагын эсине алганы ийги. Эси болсо мурунку президенттердин катачылыгынан сабак ала турган бирден-бир жолу ушул.

Болбосо, тиги же бул саясый топтордон туруктуу таяныч издөөгө мүмкүн эмес. Себеби алдыда парламенттик шайлоо келатат. Арийне, азыркыдай камырдан кыл сууругандай кылдаттык менен гана эч бир партияга жан тартпаган позициясын бекем тутунууга тийиш.

«Вазир жакшы – хан жакшы» демекчи, учурдагы президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен президенттин басма сөз борборунун жетекчиси Толгонай Стамалиеванын азыркы иш стилдери кандайдыр бир кынтык издөөгө жол бербей келатканы кубандырат. Аныгында бул эки кызматтын түпкү озуйпасы – коомчулук менен байланышка гана жоопкер милдетти аткарып бергени ийги.

Болбосо буга чейинки ушул кызматты аркалап келгендердин канчасы саясый фигурага айланып чыга келишти. Канчасы бийликтин көшөгө артындагы ордо оюндарын жүргүзбөдү?!

Асыресе, Кыргызстандын президенти мындан ары да өз командасындагылардын арасына кирип алган саясатчылардан сак болуп, саясый оюндардан өзүн оолак туткан саамалыкты көрсөтө алса гана «ат жүрүш» тактикасын колдонгон саясатчылардын кайнаган базары токтойт. Алардын соодасы жүрбөй калат.

Ошондо гана өлкөдө саясый ишмерлердин жана мамлекеттик ишмерлердин катмары каймактайт. Жаңы түшүнүк, жаңы идеяларды жаңы ысымдар гана жаратат!

Учурда москвалык тажик жазуучусу Тимур Зулфикаровдун «эл кайсы бир убакытка чейин чоң жазуучусуз деле жан сактай берет, а чыныгы журт башысыз жок болуп кетет» деген учкул ою азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тарыхый жоопкерчилигин арттыра турган мезгилге айланса кана, аттиң!

Бирок тилекке каршы, президент азыр тегерегиндеги саясый топтордун жана диний чөйрөнүн таасирдүү өкүлдөрүнүн жетегинен анча бошоно албай аткандай таасир калтырат. Агер ушул бойдон мындан ары да кызыл кулак саясый топтордун, диний таксырлардын кеп-кеңеши менен кайсы бир чечимдерди чыгарар жолго түшүп алса, ал эч качан өзүн мамлекеттик ишмер катары көрсөтө албайт.

Анда ал тек гана биз сөз кылган көп саясатчынын бирине айланып тынат. Андыктан учурдагы президент, ашкере саясатташып тынган коомдун шарын ээрчибей, өз курчоосуна прогрессивдүү ой жүгүрткөн, реалдуу чындыкка тике караган сынчыл көзкараштагы жаш кадрларды топтосо деген изги тилек каалар элек.

Арийне, улут тагдырын, өлкө келечегин мамлекеттик жана саясый ишмердиги жетик кадрлар гана байсалдуу жолго багыттайт.

Ал эми президент саясатчыга айланган күнү – коом бузуларын түшүнөр абалга жеткендей болдук го, бүгүн!

“Азаттык”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.