Евгений Пермяк: Апам жана биз

АҢГЕМЕ Балалык кезден айта берсе жумалап айтсаң да түгөнбөйт болуш керек. А кээ бир нерселер жөнүндө айтса болот. Мына, мисал үчүн мындай бир окуя болгон эле… Биз дубал газета чыгарып жатып, мектептен кеч чыктык. Сыртка чыкканда иңир кирип бараткан. Каалгып учкан, кебездей жумшак аппак кар жаап, көп суук жок, жылуу болчу. Ошондуктан, кыздар жолду карай кардын бүртүкчөлөрүн туурап бийлеп келатышты. Мени күтүп, үйгө кетпей жүргөн иним, тигилерди карап шылдыңдап кирди: –Биринчи класстын кыздарындай секиресиңер да! Сампарлап жааган кар барган сайын […]

Эсенбай НУРУШЕВ: Бектуруш Салгаманинин акындык өзгөчөлүктөрү

Азыр акындар көп, ошолордон Бектуруш эмнеси менен айрымаланат жана өзгөчөлөнөт? Баарыдан мурда Бектурушту синестетик акын десек болот. Нейрофизиологияда синестезия деген түшүнүк бар, ал сырт дүйнөнү кабылдоонун өзгөчө бир ыкмасын билдирет, аны аралаш кабылдоо (смешанное восприятие) дешет. Мындайда ар кандай кубулуш же көрүнүш, буюм, зат кошумча касиеттерге ээ болот. Эралиев “ак жыттар” деген эпитет колдонгондо жыттын да түсү болот беле деп элдин көбү чалкасынан кеткен. Бул дал ушул синестезиянын мисалы. Калифорния университетинин профессору Шон Дэй музыканы, кайрыкты ак, көк, сары ж.б. […]

Айрым акындардын ырларына жазылган пародиялар

КУЙРУГУМ ЖОК КАНТЕЙИН Жараткан күлкү берсе күлгөнүм чын, Жашоону эл катары сүргөнүм чын. Кудайдан коркпогон ким, мен да корком, Куйрукту катуу кысып жүргөнүм чын. Надырбек Алымбеков Жашоону ушунчалык ысык сүйүп, Көп эле тойдо болдум, ичип…, күлүп. Кудайдан коркпогон ким? Мындан ары Жашайын куйругумду кысып жүрүп. А бирок, мен пендемин куйругу жок, Көчүк бар былпылдаган, кыймылы жок. “Куйрукту катуу кыстым” – деген сөздүн, Бул жерде кымындай да чындыгы жок. Адамда болуш керек нысап деген, Анан да ток пейилдик, ызаат, ченем. Эчкинин […]

Учкай сөздө: Куйтулукка ууланган улуу окумуштуунун тагдыры

Көрө албастыктын курмандыгы болгон тилчи—окумуштуу Жээнбай Мукамбаев тууралуу азыноолак ойлор. Кыска өмүрүндө кыргыз сөзүнүн деңизин жаратууга дат баспаган алтындай баалуу салым кошкон, бирок өз кезегинде ак эмгеги үчүн ырахмат угуунун ордуна тескерисинче ары аянычтуу, ары татаал тагдырга туш келген кыргыздын тилчи-окумуштуу уулу, эр ортону элүү жаш курагында дүйнөдөн өткөн Жээнбай Мукамбаев тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Чынын айтканда, бул инсанды эскерүү коомчулук үчүн да, анын ичинде шакирттери үчүн да өтө аянычтуу. Кыргыз тил илимин, анын ичинде диалектология илимин өнүктүрүүгө бүткүл […]