КУЙРУГУМ ЖОК КАНТЕЙИН

Жараткан күлкү берсе күлгөнүм чын,
Жашоону эл катары сүргөнүм чын.
Кудайдан коркпогон ким, мен да корком,
Куйрукту катуу кысып жүргөнүм чын.
Надырбек Алымбеков

Жашоону ушунчалык ысык сүйүп,
Көп эле тойдо болдум, ичип…, күлүп.
Кудайдан коркпогон ким? Мындан ары
Жашайын куйругумду кысып жүрүп.

А бирок, мен пендемин куйругу жок,
Көчүк бар былпылдаган, кыймылы жок.
“Куйрукту катуу кыстым” – деген сөздүн,
Бул жерде кымындай да чындыгы жок.

Адамда болуш керек нысап деген,
Анан да ток пейилдик, ызаат, ченем.
Эчкинин чычаңындай куйрук болсо,
Айттырбай аны катуу кысат элем.

Турмушта учур болот кечиримдүү,
Чыгарба мага өктөм чечимиңди.
Эл-журтка уят болуп калбайын деп,
Жүрөмүн катуу кысып көчүгүмдү.

ЧЫМЫНДАРЫМА
Келгилечи кайдасыңар, чымындарым?
Келбесеңер жашкы го кырылганың.
                        Темирбек Алымбеков

Жаш кезимде ырларды жазып жүрдүм,
Анча-мынча гезитке басып жүрдүм.
“Поэзия” деген кен таап алып,
Калем менен күн-түндөп казып кирдим.

Достор менин ырымды кеп кылышчу,
“Чымының бар турбайбы?” – деп турушчу.
Чымындарым, силерсиз ыр жазылбай,
Өңдөн аздым, кыйналдым, бет бырышты.

Чымындарым, акылдуу болгулачы,
Куру бекер учканды койгулачы.
Акыр-чикир төгүлгөн жерге конбой,
Бал тамызган тилиме конгулачы.

Ыр жазайын олтуруп үстөлүмө,
Мага укмуш идея, күч бергиле.
Сынчы деген аягыз “жөргөмүш” бар,
Силер анын торуна түшпөгүлө.

Чыга электе чыркырап чымын жаным,
Келе берсин ыр жазып, ыр ырдагым.
Эгер консом “халтурщик” деген атка,
Баарыңардын жакшы го кырылганың.

МОНЧОДОГУ АК БАТА
Кир басып бой, тулкуңду, денеңди да,
Кычышса – кумарың куп кангычакты,
Жылаңач жатып алып катыныңа
Жонуңду тырматканың кандай жакшы!
                                   Бектуруш Салгамани

Мончого “Жыргал” деген бардым дагы,
Белеттин арзанынан алдым дагы
Энеден туума болуп чечиндим да,
Жуундум… Ай, ошондо жан жыргады.

Ысыдым, суусап кеттим, таңдай катты,
О, анан, мага ой келди балдай таттуу:
“Пиво ичип, беш крушка, катыныңа
Жонуңду жышытканың кандай жакшы!

“Сулк” жатып эч бир келбей кыймылдагың,
Бейиште жүргөн сымал кургур жаның
Катының тырмап турса – керемет ко,
Жонуңду, белди, белден ылдый жагын!”.

Оюмду бузуп, анан, ак дамбалчан
80ди багындырган бир карган чал
Келди  да  мага сунуп мочалкасын,
— Аркамды жышып кой, — дейт. Аргам канча?

Улууну сыйлаш керек. Жышып бердим,
Чекеден тер куюлуп, ысып келдим.
“Болгун, — деп, — эл акыны” бата берди,
Мен дагы ал батаны түзүк көрдүм.

“АРАШАН” АКЫНДАРГА ТӨРӨТКАНА
Акушерсиз жарылып каканагы
“Арашан” төрөткана, төрөткана акындарга!
Жолочу Рысбаев

Сезилип ар бир күнүм мага шаңдуу,
Токтотпойм чымчыкейди, тамашамды.
Толгоом келип төрөөгө жакын калды,
Эстедим мен ошондо “Арашанды”.

Убара кылды Кудай неге мени,
Мен барсам “Арашанга” төрөгөнү.
Орун жок. Жайнап жүрөт прозаиктер –
Роман, повесттердин энелери.

Каяктан төрөт үйүн издемекмин?
Дароо эле көл тарапка – Түпкө кеттим.
Бишкектен эртең менен автобуска
Түштүм да, туулган жерге түштө жеттим.

“Кудай!” – деп келтиришип чындап келме,
Кооптонот төрөөр кезде курган пенде.
Төрөттөн мен эмнеге коркмок элем,
Көп эле ыр төрөдүм туулган жерде.

Кез болгон толгоо кыйнап таң атырган,
Кез болгон эсте бекем кала турган.
“Арашан”, же көчөдө төрөсөк да.
Негизи, ыр болбосун ара туулган.

СУМКАДАГЫ БУЮМДАР
Башканын бизде иши не?
Баспадың жайлап кичине.
Супсулуу ырды жазгым бар
Сумкеңдин кирип ичине!
Кожогелди Култегин

Карабай кара түсүнө,
Болсо да, чакан кичине
Ыр жазгым келип апаппак,
Сумкеңдин кирдим ичине.

Сумкеңде деги эмне жок?
Буюм көп экен менде жок.
Сарамжалдуулук жагынан
Өзүңдөй бөтөн элде жок.

Аңтарып көпкө карадым
Бар экен күзгү, тарагың.
Зажигалка, чылымды
Кутусу менен табамын.

Жасана турган кезиң ээ,
Крем бар сыйпаар бетиңе.
Оо, анан таптым бир бурчтан,
Экинчи размер “резина”.

Өткөрүп күнүн бойдоктун,
Өзүңдү гана ойлопсуң.
Ойлосоң мени, сумкеңе,
Сүрөтүм салып коймоксуң.

Жашсың да, аны түшүнөм,
Аңтармай ишти бүтүрөм.
Ыр жазбай калдым, сумкеңдин
Ручка таппай ичинен.

МУЗ ТҮШТҮ МЕНИН ИЧИМЕ
Серт өңү сулуу көрүнүп,
Сезимге сезим төгүлүп.
Турса да алыс ал менден,
Тургандай болчу өбүлүп.
…Ойдо жок жерден ок болуп.
Муз түштү менин ичиме.
Сейит Жетимишов

Өңүң серт көөнү жапкандай,
Сулуусуң мага ак таңдай.
Турсаң да алыс сен менден
Туямын бирге жаткандай.

Бир учур болуп кез келген,
Кеп кылып өткөн-кеткенден.
Жалбарып сага сөз айтсам,
Жаш өткөн кезде сексенден.

“Билбейт ко адам баласы,
Эмнеге жетет чамасы.
Экөөбүз эгер “кошулсак”,
Эмне дейт элдин арасы?

Тийишпей улуу, кичүүгө
Сактайлы сыйды “кичине” –
Деген сөз тийип, ок болуп,
Муз түштү менин ичиме.

ТООЛОРУМДУ ДАҢКТАЙМЫН
Тоолорсуз жашоо агылбас,
Жаныма жарык жагылбас…
…дүйнөнү түгөл кезсем да
Өзүңдөй мага табылбас.
Тургуналы Молдобаев

Тоолорсуз мага жашоо жок,
Тоолорсуз тамак ашоо жок.
Жаныма жарык жагылбай,
Тоо жокто өңүм бозорот.
Тоо турса тегиз жер издеп,
Турагын кимдер которот?

Тоолорум деп эр жеттим,
Тоом үчүн жанды бермекмин.
Эгерде тоом жок болсо,
Аргасыз көлгө келмекмин.
“Ысык-Көл, каухар, берметсиң!
Көлүм!” – деп жүрүп өлмөкмүн.
Жашабай, бирок, тоо жакта
Сары-Өзөн Чүйдү жердепмин.

Жакыпбек Абдылдаев

 

2 Replies to “Айрым акындардын ырларына жазылган пародиялар”

  1. Cонун пародияларды окуп алдык. Жакыпбек агайдын пародиялары илгертен эле мыкты чыгып жүрчү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.