Индей эл жомогу: Жөргөмүш менен түлкү

Жөргөмүш бир күнү ээн талаага ууга чыкты. Окчонтоюн окко толтуруп алган. Окту эмнеден жасамак эле ал, чөп-чардан да. Алдынан Түлкүгө кабылды. – Ийе, Түлкү тууганым кандайсың? – деди Жөргөмүш, – Тирлигиң кантип атат? – Кайдагы Түлкү болмок элем, – деди күңкүлдөп тиги, – кечээ Бизонго[1] бир жылдан бери эчтемке жебей ачкамын десем, кээде чөп-чар деле жеп тур деп мени да Бизонго айлантып салды. – Мына де, бир жылдан бери ачка болуп, – жандана түштү Жөргөмүш. – Э айланып кетейин, Түкөш, […]

Кожогелди КУЛТЕГИН: Сүйүүнүн сүрөтчүсүмүн

Кыргыз Эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркияда жазылган жаңы ырлары ЖАЛДЫРАП ТИКТЕЙ ТУРГАН ЖАН ЭКЕНСИҢ Чачымды Сталинче тарап алып, жаагымды алаканга тайап алып, жалдырап тиктей турган жан экенсиң – жа-ай сүйлөп… жашылданып… жараланып… Капташпай – эки кадам ыраак болуп, карегим жүзүңө урган чырак болуп, эзилип тиктей турган жан экенсиң – ээгимди утуру уучтап-сылап койуп… Тетири, олтургучту, койуп алып, тетири карай андан орун алып, телмирер жан экенсиң – кумдуу чөлдөй демжип көз койууланып… ойууланып… Чыдайбы кош дешке анан эт жүрөгүм? Чынында көйгөй […]

Ясунари Кавабата же дагы бир жолу котормодогу жоопкерсиздик жөнүндө

Ар бир адабият күйөрманы үчүн бир жакшы китеп окуп чыгып, өзү үчүн дагы бир чоң жазуучуну ачуу, анын мыкты деген чыгармалары менен көзмө-көз таанышуу ар бир жолкусунда айтып бүтүрө алгыс жаңылык, ар бир жолкусунда рухий дүйнөнүн тымызын салтанаты, очор-бачар майрамы. Чоң жазуучу менен кездешүү, анын улуулугун, кайталангыстыгын өз акыл-эсиң, интеллектиң менен баамдап, өз көзүң менен ынануу, сөздүн тике маанисинде — окуя, а айрым учурда андан да маанилүүрөөк… Тилекке каршы, күндөлүк практикада мындай парадокстар да кездеше калат: ал түгүл гений жазуучунун […]

Харуки Мураками: Чизкейка[1] түспөлүндөгү жардылык

АҢГЕМЕ Биз бул жерди “үч бурчтук” дечүбүз. Анан кандай болмок эле?  Башкача айтылышы мүмкүн да эмес. Бул жер чындыгында эле чийип койгондой, бир да кемтиги жок, үч бурчтуктун формасында болчу. Биз ал жерде экөөбүз жашадык, жетимиш үчүнчү же жетимиш төртүнчү жылдар болсо керек эле. Биздин үч бурчтукту силер гректердин дельта тамгасындай толук үч бурчтук экен деп ойлосоңор жаңылышасыңар, биздин үч бурчтук андай эмес, кууш, ичке  шынаага окшогон үч бурчтук болчу. Сүрөттөп берейинчи: алдыңарга тегерек чизкейк турат. Аны бычак менен он […]

Самсак СТАНАЛИЕВ: Жоругу жорго сөзгө айланган Шолоховдун Дед Щукары

Адабиятчылардын  изилдөөлөрүнө караганда жазуучунун каармандарынын бир канчасы турмушта болгон адамдар. Андан да кызыгы – Шолоховго мени жазгын деп өздөрү каарман болгондор да көп. Ал тургай ал мен болчумун деп бир каарманды  бири-биринен талашкандар бар экен. “Көтөрүлгөн дың” романы жарык көргөндө андайлардын саны арбыган дешет. Айрыкча Кондрат Майданниковдун  тегерегиндеги  талаш-тартыштар, Шолохов мени жазыптыр, менин эле өзүм, бир бурмалап койгон жери жок деп чыгышкандар да болуптур. Роман жарык көргөндөн кийин ушундай сөздөр жаңыдан эл арасына тарап жаткан маалда Дон казактарынын ансамбли Москвага […]