Бахтияр ШАМАТОВ: Дөңгөлөк жылдар

<<<<< Башы Бирөө келип ажыкыздана тийише баштады: – Эй акам, бизди кечирип коюң, саал кызуучулук болуп кетти. Жаман көрүп атасыз окшойт а? – Менин сага айтаар кебим жок, тур ары, ушунчаңарда кетип калгыла. Бирдеме дейин деп барып сурум бузулуп турганын көрдүбү же проводниктерге тийишпеш керек, кокус тийишип алса мунун арты жаман бүтөөрү эсине келе калдыбы, иши кылып бурулуп басып кетип калды. Петропавловск Петуховодо турабыз. Баш чыгарып карап турсак капкара кара таандай топ аркы баштан олтурду. Жетелеп алган иттери бардай көрүндү. […]

Куба эл жомогу: Куу гаитилик

Кант камышында иштеген кишилер бир бөлмөдө жашап жүрүшөт. Бир күнү аларга бир гаитилик кошулат. Бир ай өтүп гаитилик маяна алып базардан кумара сатып алат да, ага үч песо акчасын салып, таштын түбүнө катат. Түн бир убак болуп калгандыктан, үйгө кирип жылуу төшөккө жайланышкан көңүлү да кошо жайланып, кыңылдап ырдайт: “Кумарамда үч песом бар, эмкиде үчтү кошсом алтоо болот”. Жанында жаткан коңшусу уктагандай болуп бышылдап жатканы менен ойгоо болчу, анын ырын угуп калат. Убакыт закымдай учуп кийинки маяна алчу күн да […]

Исламидин Дооров: Жаңгак (коңкурска)

АҢГЕМЕ Асман сызып таңкы жеңил булуттар өз багытында. Кыштын акыркы күндөрүнүн бири, кар сейрек болгону менен аба суук. Эки караан орус мүрзөнү аралап келатты. Түрлүү жасалгаланган православ кресттери төөнүн өркөчүндөй дөңчөлөрдөн кол жайып турушту. Таңдын назик шоолалары бийигирээк келген кресттердин чокусун, ар-ар жерден жылаңачтанып турган эмендердин бели-боюн сарыга боёп, жеңил үйлөгөн жел чырпык башын улам ийип турат. Шапкесин баса кийген кашы калың жигиттин аты — Максат, күрс-күрс жөтөлүп келаткан арык чырай жигитти Касым деп аташат тааныгандар. Мүрзө ортосуна келгенде Касым […]

О`Генри: Жүрѳктѳр жана колдор

АҢГЕМЕ «Жүрѳктѳр жана колдор» алгач 1902-жылы жарык кѳргѳн. Ал О`Генринин ѳз жашоосунан алынган. Ѳзүнүн чыныгы аты-жѳнү — Уильям Сидни Портер. Ал банкта иштечү, банкта акча (853 $) жетпей калып, изин жашырып Гондураска кетип калгандыгы үчүн беш жылга кесилген. Ал түрмѳдѳ үч жыл, тѳрт күн жаза мѳѳнѳтүн ѳтѳгѳн. Жаза үйүндѳ лицензиясы болгондугу үчүн фармацевт болуп иштеп, аңгемелерин жазган. Бул аңгеме жарыяланганга чейин эркиндикке чыгарылган. Оригиналдуу сюжеттери үчүн аны адабий сынчылар америкалык Киплинг, америкалык Мопасан, америкалык Гоголь, америкалык Чехов деп аташкан. Денверде […]

«РухЭш» колдоо акциясы Автандил Кулбараковдон Эльвира Сурабалдиевага өткөрүлдү

Адабият, маданият – коомдун эң башка приоритеттеринин бири. Ошол маанилүү приоритетти өнүктүрүү багытындагы «РухЭш» сайтынын рухий коом агартуу жараяны колдоого алынаар иш-чара. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары арасында улантылып келаткан эстафетаны мага ишеним менен тапшырган Чыныбай Акунович Турсунбековдун сунушу менен эстафетанын шарты боюнча аталган сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине жеке өзүмдүн атымдан беш миң сом көлөмүндө жардамымды котордум. Азыркы мезгилдеги электрондук адабиятты өнүктүрүү менен бирге маданият жана билим берүү багытындагы гуманитардык долбоордун негизинде келечек муунду тарбиялоодо дүйнө эл […]

Дооронбек САДЫРБАЕВ: Күтүү

АҢГЕМЕ Түн. Терезеден лапылдап кардын жааганы көрүнөт. Аялым жанымда жатат, анын таттуу уйкусуна сугумду артып карап коём. Анткени, өзүмдүн көз ирмемегим азап… Кыялым уйгу-туйгу түнкү ойлор, дагы жетелеп жөнөдү… *     *     * … Жакшынакайым! Шок көздөрүңдүн каканактаган каректерин кадаганыңда сезимим дүрт эле дей түштү. Сен кайра-кайра ошенте бердиң. О жараткан өңүмбү же түшүмбү? Мындай махабат сепкен көз карашты өмүр бою издеп келатпаймынбы? Бүткөн боюм ымыр-чымыр болуп, оозума сүйүүнүн даамы келди. Кыялымда билектей болгон эки өрүм чачыңан сылагылап, балкыган алкымыңдан жыттадым. […]

Депрессияга кабылгың келбесе жаңгак же

Жаңгак кишинин депрессия болуу ыктымалдыгын азайтат. Байыркы кишилер үчүн ит сырдана дос катары болгон. Cууну зыяндуу бактериядан тазалоонун жаңы жолу. Дүйнөдөгү бардык атомдук реакторлорду көзөмөлдөчү детектор курулат. Жаңгак жегендер арасында депрессияга кабылгандар жаңгак[1] жебегендерге салыштырганда 26% төмөн, ал эми жаңгактын бөлөк түрлөрүн жегендер арасында бул көрсөткүч 8% төмөн болорун Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары өткөргөн эпидемиологиялык изилдөө көрсөттү. Буга чейинки көптөгөн изилдөөлөр Жер ортолук деңизи диетасын карманган адамдарда депрессия болуу ыктымалдыгы бир кыйла төмөн экенин айгинелеген. Мунун жаңгак жегенге канчалык тиешеси […]