Жаңгак кишинин депрессия болуу ыктымалдыгын азайтат. Байыркы кишилер үчүн ит сырдана дос катары болгон. Cууну зыяндуу бактериядан тазалоонун жаңы жолу. Дүйнөдөгү бардык атомдук реакторлорду көзөмөлдөчү детектор курулат.

Жаңгак жегендер арасында депрессияга кабылгандар жаңгак[1] жебегендерге салыштырганда 26% төмөн, ал эми жаңгактын бөлөк түрлөрүн жегендер арасында бул көрсөткүч 8% төмөн болорун Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин окумуштуулары өткөргөн эпидемиологиялык изилдөө көрсөттү.

Буга чейинки көптөгөн изилдөөлөр Жер ортолук деңизи диетасын карманган адамдарда депрессия болуу ыктымалдыгы бир кыйла төмөн экенин айгинелеген. Мунун жаңгак жегенге канчалык тиешеси бар экенин доктор Ленор Араб (Lenor Arab, David Geffen School of Medicine at the University of California, Los Angeles) жана кесиптештери аныктоону чечишкен. Ал үчүн 26 миңден көп жаран бир-эки күндүк тамак-аш рациону жана акыркы эки аптада депрессияга тиешелүү симптомдор тууралуу суралган.

Атап айтканда, алардын кайсы бир ишти аткарууга ынтаасы кандай болгону, чала уйку болгону же көп уктаганы, чарчаганы же дарманы качканы, ошондой эле ою ар нерсеге алып учуп, бир нерсеге кунтун бөлө албаганы сурамжылоонун негизинде бааланган.

Ошондо күнүнө 24 грамм жаңгак жегендер ишке жан дили менен кызыгып, бүт дити менен ишти аткарууга киришкен. Аларда оптимизм күчтүү болгон.

Жашын, жынысын, расасын, кирешесин, тулкунун массасынын индексин (BMI), чылым чегүүсүн, алкоголдун ичимдиктерди ичүүсүн жана үй-бүлөлүк абалын эске алганда да жаңгак жегендерде депрессия көрсөткүчү пас болгон.

Жаңгак жеген жана депрессия көрсөткүчү эркектер менен аялдарда бирдей болсо да, анын эффекти аялдар үчүн алда канча күчтүү болгон. Себеби, аялдар депрессия симптому жана антидепрессанттарды колдонуусу тууралуу эркектердей жаап-жашырбай ачык айтышат.

Башка жаңгактарга салыштырмалууу грек жаңгагы уникалдуу май кислотасына ээ. Алардын курамында көп каныкпаган майлар[2], анын ичинде көп сандагы өсүмдүктөрдүн омега-3 альфа-линолен кислотасы (2.5 грамм/унция) бар. Бул башка жаңгактарда жок.

Д-р Арабдын айтымында, АКШнын Ооруларды контролдоо жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, чоңдордун ар бир алтынчысы өмүрүнүн бир учурунда депрессияга туш болот. “Ошого депрессиянын пайда болуу жыштыгын азайтуу үчүн тамакаштын рационун өзгөртүү сыяктуу жеңил аткарылчу жана арзан кийлигишүүнү тапкан маанилүү. Ушул негизде грек жаңгагы пайдалуу тамактардын тизмесине кошулду”, — дейт илимпоз.

Cууну тазалоонун жаңы жолу

Кытай окумуштуулары сууну бактериялардан тазалоонун эффективдүү жана энергоэффективдүү усулун иштеп чыгышты. Ал үчүн көмүртектин нитрит графити сыяктуу өңү жашыл жана эки өлчөмдүү пластина колдонулду.

Суу тазалагычтын прототиби 30 мүнөт арасында патогендүү микроорганизмдерге бай суудагы бактериялардын 99,9999% жок кылды. Мындай суу Кытайдын стандарты боюнча таза жана ичкенге жарамдуу деп саналат.

Көмүртектин нитрит графити тейдеги эки өлчөмдүү пластина фотокатализатор сыңары иштейт. Анын бетине жарык тийгенде бөлгөн электрондор кычкылтек менен кошулуп, микроорганизмдерди өлтүрчү химикат жаралат.

Кытай илимдер академиясынын Технологиялык долбоорлоо институту жана Цзянсу шаарындагы Янчжоу университетинин аалымдарынын иштелмесинде башка ушу сыяктуу технологиялардын кемчилиги жок.

Азыр колдонуудагы эң мыкты деген фотокатализатор сууга кошулганда өзүнөн уулуу затка айланчу металл бөлөт. Ал эми металл эмес фотокатализаторлордун эффективдүүлүгү төмөн.

Кытай окумуштуулары көмүртектин нитрит графитинен супержука пластинка жасап, ага кислота жана кетондор сыяктуу химиялык аралашма кошкон. Кислота жана кетондор электрондорду пластинанын четине алып кетет. Ал жерден электрондор суудагы кычкылтектин атому менен жупташып, суутектин кычкылы — H2O2 сыяктуу жана бактерияларды жок кылчу химиялык аралашма пайда болот.

Бул аралашма 10 литр сууну бир саатта тазалаган. Мынча сууну тазалоо үчүн металл эмес фотокатализаторго эки эсе көп убакыт керек болмок.

Проф. Ден Вандын айтышынча, алар иштеп чыккан технология арзан жана борборлоштурулган куурлары жок алыскы аймактарда колдонууга ылайыктуу.

“Сууну тазалоонун мындай технологиясы болочокто таза суунун жана глобалдык энергиянын таңкыстыгын азайтууга орчундуу салым кошот”,-дейт Дэн Ван. Бирок, профессор зыяндуу микроорганизмдерди жок кылуунун бул системасын сууну тазалоонун башка жолдору менен айкалыштыруу зарыл экенин белгилейт:

“Сууну тазалоо үчүн, ошондой эле, оор металлдардын иондорун жок кылчу, чөйрөнүн кислоталуулугун (pH) корректировкалоочу жана калдыктарды сүзүп алчу шаймандар керек”.

(Булагы: https://www.cell.com, https://www.sciencedaily.com)

Дүйнөдөгү атомдук реакторлорду көзөмөлдөчү детектор

WATCHMAN (Water Cherenkov Monitor of Antineutrinos) детекторунун салмагы 6500 тонна жана Британиянын Норт-Йоркшир районундагы ICL Boulby кенинде 1,1 км тереңде жайгашат. Ал дүйнөдөгү атомдук электр станциялар иштеп чыккан зыянсыз субатомдук бөлүкчөлөр – антинейтринолорду сезип, алардын параметрлерин дистанциондук режимде өлчөп турат.

АКШ жана Британия ортосундагы Advanced Instrumentation Testbed (AIT) деп аталган бул ири долбоорду ишке ашырууга Шеффилд университетинин окумуштуу-физиктери тартылган.

WATCHMAN детектору 2022-жылы ишке кирет деп мерчемделүүдө. Долбоор ийгиликтүү болсо, глобалдык коопсуздукту камсыздоону, анын ичинде ядролук куралдарды ташууну көзөмөлдөөнү олуттуу жакшыртат.

Детектор 1100 м тереңде жайгашкандыктан, ага Жерди тынымсыз “бомбалаган” космостук нурлардын бөлүкчөлөрүнүн таасири аз болот. Ал үчүн 25 км жууктагы Хартпул АЭСи антинейтринонун таганчык булагы болот.

Детектордун ичиндеги абдан мыктылап тазаланган 5 000 тонна сууга курамында гадолиний бар аралашма кошулат. Гадолиний элементи детекторго антинейтринону жазбай сезгич кылат.

Нейтрино жана антинейтринонун бөлүкчөлөрүн Күн жана башка жылдыздар эсеп жеткис санда жаратат. Береги бөлүкчөлөрдүн массасы аябагандай кичине жана электр заряды жок болгондуктан, алар кадимки материя менен өтө эле сейрек карым-катнаш түзөт. Ошон үчүн космос тууралуу маалыматы бар нейтринонун бөлүкчөлөрүн изилдөө машакаттуу иш.

AIT-WATCHMAN долбоору, Британиянын башкы академиялык изилдөөчүсү, доктор Мэтью Малектин айтымында, ааламды көп деңгээлде билип-түшүнүүнү, ошондой эле ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча инновациялык программаны колдоону мүмкүн кылат.

“Биз табияттын фундаменталдык курулуш блогунун бири -нейтринону изилдейбиз жана аны биздин галактикадагы супержаңы жылдыздарды издөө үчүн пайдаланабыз. Ошол эле маалда Брита-ния жана калган дүйнө өлкөлөрүнө оң таасир этчү технологияларды иштеп чыгабыз”, — дейт Шеффилд университетинин окутуучусу д-р М. Малек.

(Булагы: https://www.sheffield.ac.uk, https://phys.org)

Байыркылар үчүн ит сырдана дос болгон

Пиреней жарым аралында “Чуңкур” (орус тилинде культура “Яма”, англис тилинде Pit Grave culture) маданияты 4200-3600 жыл мурда пайда болгон. Ал кезде жарым аралды байырлаган жергиликтүү уруулар арасында иттерди курмандыка чалуу кеңири жайылган жана алар ээси менен кошо жайга берилген. Иттердин жана ээлеринин диетасы дээрлик окшош болгон. Булардын баарын Барселона автономиялык университети менен Барселона университетинин (Universitat Autònoma de Barcelona & University of Barcelona) окумуштууларынын изилдөөсү көрсөттү.

Окумуштуулар Барселона дубанындагы байыры төрт саганадан табылган 26 иттин калдыгын анализдеп көрүшкөн. Адамдар иттердин жашоосун канчалык деңгээлде контролдогонун билүү үчүн 18 иттин калдыгы изотоптук анализден өткөрүлгөн. Алардын арасында бир айдан алты жашка чейинкилери бар. Бирок көпчүлүгү 12 — 18 айлык.

Илимпоздор иттердин жашын тишине карап аныкташты. Иттер тегерек кылып казылган мүрзөгө киши менен чогуу же жанына коюлган. Бир нече ит өзүнчө көмүлгөн. Саганадагы бир да иттин сөөгү сынбаптыр. Ушундан улам иттер ырым-жырымга же диний жөрөлгөгө ылайык курмандыкка чалынган жана көмүлгөн деп эсептешет аалымдар.

“Бир жашка чейинки айбандын тандалганы, ал атайын максат менен тандалганын жышааналайт. Ит кишиге тамак үчүн курмандыкка чалынган деп боолгосок да болот. Бирок, иттердин кишилер менен жанаша көмүлгөнү, алардын атайын максатта жана көргө коюу ырымжырымына ылайык өлтүрүлгөнүн жышаана кылат”,-дейт Барселона университетинин зооархеологу, д-р Сильвия Альбизури (Silvia Albizuri).

Ошо доордо Түштүк Франция жана Түндүк Италияда жашаган элдер итке ушундай символикалык маани бергенин буга чейинки археологиялык изилдөөлөр да тастыктаган.

Саганалардан табылган иттердин жана кишилердин калдыктарына жасалган изотоптук анализ иттердин көбү кишилер жана алар пайдаланган төрт аяктуу айбандарга окшош тамактанганын көрсөткөн. Атап айтканда, буудай жана жер-жемиш иттердин негизги рационун түзгөн. Эки күчүктүн калдыгында азот өтө аз табылганына карап, күчүктөр башка иттерден айырмаланып, негизи вегетариан диетасы боюнча тамактанганын ырастайт.

“Алынган маалыматтар иттер жана кишилер коюн-колтук жашаганын, атүгүл кишилер иттер үчүн жержемиштерди пайдаланып, атайын тамак даярдаган болушу мүмкүн экенин көрсөтөт”,-деп түшүндүрөт Барселона автоном университетинин доценти, биолог-антрополог Эулалия Субира (Eulàlia Subirà). Илимпоздун айтымында, алардын изилдөөсү неолит доорунда жер-жемиштин бир нече түрү кишилердин тамак-аш диетасына кошулганын жана иттер неолит урууларынын турмушунда маанилүү орун ээлегенин айгинелейт.

Андан тышкары, жез кылымынын этегинен коло кылымынын башына чейин иттерди киши менен кошо көмүү Пиреней жарым аралында кеңири жайылганын күбөлөйт. Балким иттер мал кайтарууга жана күзөтүүгө жардамдашкан үчүн алар мүрзөгө кишилер менен чогуу көмүлгөн болушу мүмкүн.

Мүрзөдө көмүлгөн эң байыркы ит бүгүнкү Германиянын аймагында табылган. 14 000 жыл мурда көмүлгөн алдагы күчүк ооруп калганда, аны кишилер тамак берип караганын күбөлөгөн далилдер археологдордун чоң кызыгуусун жараткан.

Амирбек АЗАМ уулу

“Азаттык”

[1] Бул жана кийинки сүйлөмдөрдө жаңгак деген сөздү грек жаңгагы деп түшүнүңүз.

[2] Көп каныкпаган майлар (англисче polyunsaturated fats, орусча полиненасыщенные жиры) же витамин F. Майлар биомедицинада үч типке бөлүнөт: каныккан, моноканыккан, көп каныккан. Көп каныккан майлар: жүгөрү майы, рапс майы, пахта майы, зыгырдын уругунун майы, грек жаңгагынын майы, энотера майы, күнжүт майы, жүзүмдүн уругунун майы, бадыраң чөптүн (орусча огуречник, латынча Borago) майы. Моноканыккан майлар: зейтун майы, рапс майы, арахис майы, авокадо майы. Каныккан майлар: сары май, какао майы, пальма майы.

(Булагы http://www.sci-news.com, https://medibulletin.com)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.