Нурболот АЗАМАТОВ: Китептердин эволюциясы — ой казынага нуска

Мен бир жакшы-ы китеп жаратууну кыялданган (али максат эмес) бала катары ар убак окурмандарды эмне кызыктырат, азыр кайсы китептер актуалдуу жана адамдарга эмне жетишпейт экендигине байкоо жүргүзүп, көз сала жүрөм. Соңку учурда шыктандыруучу (мотивациялык) китептерге басым жасагандар арбыды. Классикалык китептер дээрлик окулбай калгандай. Баары эле ийгиликке жетүүнүн же бактылуу жашоонун сырларын үйрөнө салууну каалашат. Мен кызыгып, барактап көрдүм. Ойлогонумдай болбоду. Адамдар чын эле ушундай эң жөнөкөй кеңештерге муктажбы? «Ар дайым күлүп жүр», «Айланаңдагыларга сылык бол», «Өзүңдү анализде», «Өзүңө гана ишен» […]