“Тоолор кулаганда романы” повести

Бул чыгарманы окуп жатып, коомдо болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, адам баласы мезгилге жараша өзгөрүлүп, байлыкты туу тутуп, өз кызыкчылыгын көздөөрүн сездим. Бул көрүнүшкө каршы туруп, эл жерин коргоп, сүйүүнүн кадырына жеткен журналист Арсен Саманчиндин кайгылуу өмүр жолу мага унутулгус сезимдерди калтырды. Бул романда жаныбарлардын ички дүйнөсү, жан шериктерине жасаган ысык мамилелери, бири-бирине болгон кусалыктары сыйкырдуу чагылдырылган.

Жаабарс жаш кезинде жалама тик аскаларды көзгө илбестен, бир кырдан экинчи кырды атылган октой ашып, жолундагы олжосун баса калып, ысык канды шимире жутуп, жан шеригин эч жанга бербеген Үзөңгүлөш кырка тоолордун кырааны болгон. Ал тууралуу окуп, менин оюма “жаштык кез, жалындап күйүп турган кызыл от” деген ой кылт этти.

Жылдардан жылдар алмашып, ак мөңгү тоолордун кырааны Жаабарс картайды. Буттарынын күчү кетип, өз үйүрүнөн, жан шеригинен айрылган. Ызасы жан дүйнөсүн жеп, аска жаракасында узун куйругун жазданып, көздөрүнүн оту учуп турган кези.

Арсен Саманчин кезектеги сүйүүсүн соода менен алектенип жүргөн Элестен тапкан. Экөөнүн жылдыздары бирге жанып, жүрөктөрү кош согуп, суу боюнда махабат түндү бирге өткөрүшкөн. Түбөлүк бирге болууга антташып, бири Саратовго, бири Үзөңгүлөш кырка тоолорго бөлүнүшөт. Алгач көрүшүп эле, сүйүүнүн отуна кабылса болот деген чындык тура.

Арсен Саманчин Үзөңгүлөш кырка тоодогу боло турган алааматты болтурбоону ойлосо, жан дүйнөсү өзүнө батпай, айла-амалы түгөнүп, кеңешке муктаж болуп турган учуру. Байлыктары  ашып-ташып турган чет элдиктерге кыргыз жерин, Ала-Тоонун таза жаратылышын тепсетпөөгө, тоо кийиктерин, Жаабарска окшогон жан курбусун олжолотпоого болгон патриоттук сезими күч алып, туулган жердин топурагы ыйык деген нускалуу сөз оюнан кетпейт.

Туулуп өскөн Туюк-Жардагы айылдаштарын, ага-туугандарын, жада калса бузуку зөөкүр классташы Таштанафгандын абийирин төккүсү келбеди. Аргасыздан Үзөңгүлөш тоо арасында: “Кеткиле, кеткиле бул жерден, бул жер биздики!” – деп, ай-талааны дүңгүрөтө кыйкырды. Колундагы каардуу курал менен туш тарапты аткылаганда, буктурмада жаткан Таштанафгандар “Чыккынчы, акмак чыккынчы!” – деп, ач кыйкырык салышып, Арсен тарапка ок жаадырышты. Тоо арасы алай-дүлөй болуп, аска тоолор кулап, чаң асманга көтөрүлүп турганда, чет элдиктердин Алласы ооздоруна тыгылып, көз ачып жумганча көздөн кайып болушкан. Бул окуядан жарат алган Арсен Саманчин менен Жаабарс Моло-Таш үңкүрүндө түбөлүк жайга бирге сапар алышкан.

Кандай өкүнүчтүү “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деген таамай сөз, ушундайлардан калган тура. Бул окуяны уккан Элес Жаабарсованын жан дүйнөсү өрттөнүп, өзүн коёорго жер таппай, жер жаңырта ый чыгарып бул дүйнөгө нааразы болгон.

Элес ак сүйүүлөрүн, берген анттарын бекем тутуп, Арсен Саманчинди акыркы сапарга узатуу аземине катышып, алакан жайып бата кылганы, адамкерчиликтин туу чокусу десем жаңылбайм.

Кылмерген менен Кызкайыптын ички дүйнөлөрү бири-бирине шайкеш келип, сүйүүлөрү бирге жанганда, кудалашып баш кошушкан. Баш кошкон жаш жубайлардын урматына дүңгүрөтө берилген той эл арасында азыркыга чейин айтылып жүрөт экен. Кылмерген кайын журтун тоо кийиктердин эти менен сыйлап, баалуу терилерди тартуулоо максатында мергенчиликке жөнөп кетет. Кылмерген менен Кызкайыптын сүйүүлөрүн көрө албаган бузукулар ортого от жагып, Кызкайып мурунку убадалашып койгон ашыгына качып кетти дешип, жалган ушак таратышат да, Кызкайыпты уурдап кетишет. Кылмерген бул окуяны угуп жигиттик намысы менен ак-мөңгүлүү тоолорду көздөй көздөн кайып болгон экен. Кудай тааланын жардамы менен Кызкайып бузукулардан бошонуп, ак карлуу Ала-Тоону көздөй зымырык куштай учуп, көздөн кайып болгон. Ушул күнгө чейин Кызкайыпты эч бир жан көрбөгөн. Бирок ал сүйгөнү Мергенди издеп, “Сүйгөнүм кайдасың? Мен мындамын, менин сүйүүм сен үчүн ак, таза, бузукуларга ишенбе, кел бери, мен мындамын” деп, тоо аралап жар салып жүрөт экен. Китептин ушул жерин окуп жатканда, Кызкайып Ала-Тоонун ак карлуу мөңгүлөрүндө “Кайдасын сүйгөнүм, кел бери, мен мындамын – деп азыр эле жар салып, – оо, жаш окурман, Кылмергенди көрсөң кабарлап кой!” дегени кулагыма жаңыргандай болду. Бир аз ойго чөмүлүп, сүйүүнүн күчү керемет дегенге баш ийип, сүйүү үчүн күрөшкүлө дегим келди.

Ала-Тоо кыркаларын аралап, Хан-Теңири тоо чокусуна конуп, “Кел классташым, кел бул тарапка. Экөөлөп элибиздин келечегине дүрбү салып, окуучулук күндөрдү тизмелеп, Мерген менен Кызкайыптын кудалашкан күндөрүн эскерип, анан өзүбүздүн алдыга койгон максатыбызды… ” дегиче, “Тур, тур мектептен кечигесиң” деген апамдын үнү түшүмдү бөлүп жиберди.

“Ох! Биртке коё турганда классташым экөөбүз Кызкайыпка жолугат белек” деп ойлонгончо кийинип, шашыла даам сыздым. Ак шумкардай Бишкекти аралай сызып, класска кирип келдим да, классташымдын жанына тып отуруп калдым.

Бул романды жараткан Чыңгыз атага, көргөн түшүмө ыраазычылык айтып, өзүмдү башка ааламда болгондой сезип жүрөм.

Бишкек шаарындагы Айдаркан Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиянын 11-классынын окуучусу Асакеев Элхан Адилетович

Дареги: Аламүдүн району, Лебединовка айылы, Мичурин көчөсү 291

Өспүрүмдөр чыгармачылыгы боюнча конкурс!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.