Мидин АЛЫБАЕВ: «Акын»

АҢГЕМЕ Ар ким кергөнүн жазат. Укканын жазгандардын көпчүлүгү калп болуп чыгат. Ошондуктан ушул аңгемеде мен анык көргөнүмдү жазам. Ушул азыр да эмгек кылбагандарды көрсөң, өмүрүңдө жүзүн жуубаган немени көргөндөй жийиркенесиң. Жаныңа жолоткуң, үйүңө киргизгиң келбейт. Ырас, элдин баары эмгек кылат. Бирин-серин эмгектен качкандарда «чөп башылап» кызмат кыла башташты. Ырас, ар кимдин өзүнчө кесиби бар. Ар ким өз кесиби боюнча эмгек кылат. Бирок, кандай кесип? Ушул кесип жөнүндө бир топ талаштар бар. Кандай талаш? Кимдер талашат? Кесиптен куру калгандар талашат да. […]

Олжобай ШАКИР: «Кырк чороңор» коргоосу жокторго корсоңдобосун эй!

Кара күчкө таянган доор артта калып кетти. Өрнөктү карай өрлөгөн адам баласы феодалдык-патриархалдык түшүнүктөн эбак бошонгон. Ал эми өздөрүн «Кырк чоронун» өкүлү санаган сомодой «жигиттерибиз» бүгүн урунарга тоо, урушарга жоо таппай турганы – барып турган караңгылык! Ооба, караңгылык! Биз муну коркпой-үркпөй так ушундай аташыбыз керек! Эгер расмий бийлик мындан ары булардын тизгинин тарта албаса, кыргыз деген улутту дүйнө коомчулугуна шерменде кылар көрүнүштүн бири – «кырк чорочулардын» чектен ашкан кылыктары болуп калышы толук ыктымал. Демократия багытында өнүгүү жолун тандаган Кыргызстан феодалдык-патриархалдык […]

Таалайбек АБДИЕВ: Ат, аттан кийин жат…

Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын көчмөн турмуштагы, жоокерчилик замандагы маанисин, ээлеген ордун баарыбыз жакшы билебиз. «Ат – эрдин канаты», «Эрдин аты эрге тең», «Ат, аттан кийин жат», «Аты жоктун буту жок», «Ат сыйлаган жөө калбайт» деген сыяктуу макалдар бекеринен чыккан эмес. Анан калса жылкы баласы биздин аймакта, тагыраак айтканда, азыркы Казакстандын мейкин талааларында 5000 жыл мурун биринчи жолу колго үйрөтүлгөнү акыркы мезгилдерде тастыкталууда. «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «ат» деген сөздүн мааниси төмөнкүдөй чечмеленет: «1. Үйүргө кошулбай турган (бычылган) жылкы; 2. […]

Үмөт Молдонун “Жүз жигит” күүсүнүн маани-маңызы

Ар өнөрдүн башын кармоо, ар тармактуу билимге эгедер болуу бул чыгыш ойчулдарынын эзелтеден өзгөчөлүгү катары бааланып, ал акылмандыктын, даанышмандыктын демейдеги белгиси катары каралган. Кыргыз элинин ойчулдары, агартуучулары да бул традицияны ырааттуу улантуучулар болушкан. Ушул жагдайдан алып караганда Үмөт Молдо да өз мезгилинде ойчулдук агартуучулук, дарыгерлик, тарыхчы-санжырачылык менен катар саяпкерлик, аба ырайынын алдын ала эсебин алуучу санчылык, манасчылык, дастанчылык, акындык, комузчулук өнөрдү уучуна батырып, уук башын бириктиргендей кошо кармап, аздектеп, рухий жаназык катары рахат алган, эл журтунун алкышына татыган. Ошолордун ичинен […]

Антон ЧЕХОВ: Комик

АҢГЕМЕ Комик Иван Акимович Воробьев-Соколов колун кенен шымынын чөнтөгүнө салып, айнектен маңдайдагы үйдүн терезесине көңүл кош көз салып турду. Беш мүнөттөй унчуккан жок… – Зериктим! — деп оозун алаканы менен калкалап эстеп койду ingénue Марья Андреевна. – Эмне сүйлөбөйсүз, Иван Акимыч? Келип, ролду жаттатпай тоскоол болдуңуз, эми келгенге жараша жок дегенде сүйлөңүз! Кызык эле адамсыз да… – Гм… Сизге бир нерсе айтсамбы дедим эле, оозум барбай жатат… Эркектер ушундайсыңар да, жөндөн-жөн туруп эле дейсиз го… Шылдың кылып күлөт болушуңуз керек… […]