АҢГЕМЕ

Комик Иван Акимович Воробьев-Соколов колун кенен шымынын чөнтөгүнө салып, айнектен маңдайдагы үйдүн терезесине көңүл кош көз салып турду. Беш мүнөттөй унчуккан жок…

– Зериктим! — деп оозун алаканы менен калкалап эстеп койду ingénue Марья Андреевна.

– Эмне сүйлөбөйсүз, Иван Акимыч? Келип, ролду жаттатпай тоскоол болдуңуз, эми келгенге жараша жок дегенде сүйлөңүз! Кызык эле адамсыз да…

– Гм… Сизге бир нерсе айтсамбы дедим эле, оозум барбай жатат… Эркектер ушундайсыңар да, жөндөн-жөн туруп эле дейсиз го… Шылдың кылып күлөт болушуңуз керек… Жок, айтпай эле койгонум жакшы окшойт! Тилимди тарта турайын…

“Эмне жөнүндө айткысы келип жатты экен? — деп ойлоп койду ingénue. – Толкунданып алыптыр, көз карашы да башкача, бир ордунда тура албай тыбырчылайт. Сүйүүсүн билдиргиси келип жатабы? Гм… Булар баш көтөртпөс болушту го! Кечээ биринчи скрипкач сүйгөнүн мойнуна алса, бүгүн репетиция аяктагыча театрдын кеңешчиси көзүн албай кайра-кайра үшкүрүнөт… Зериккендеринен жинди болуп баратышат!”

Комик терезеден бурулуп комоддун жанына келди да, ал жерде жаткан кайчыны, помаданы кармалап көрдү.

– Тэк-ссс… Айтайын дейм… оңтойсуз болуп жатат… орусчасынан эле балп эткизип айтайын дейм… а сиз эмне деп ойлоп каласыз! Олдоксон! Орой! Уятсыз! Жана ушу сыяктуу… Биз силерди жакшы билебиз го… эң жакшысы сүй-лө-бө…

“Чындап эле сүйөм десе эмне деп жооп берем?” — деп ойлоно баштады ngénue. – Ал ак көңүл, таланттуу жакшы жигит, бирок… мага анча деле жакпайт. Көзгө толуму жок…бүкүрөйүп басат, бетинин баары безетки… Үнү кирилдек… Жүргөн-турганы да… Жок, болбойт!”

Комик унчукпай бөлмөнүн ичин бир айланып басып келип, креслого олтурду, үстөлдүн үстүндө жаткан гезитти шуудуратып колуна алды. Бир кызыктуу нерсе издегендей гезитке тез-тез көз жүгүртүп алды да, бир чекитке кадала карап, ошо калыбында үргүлөй кетти.

– Оо жараткан кудай… жок дегенде чаап өлтүргөнгө бир чымын жок! – деп кобурап койду ал. – Бир аз алаксыйт белем…

“Кантсе да көзү тирүү, – деп ойлонуусун улантып жатты ingénue. – Анын мүнөзү жакшы, кеп эркектердин сулуулугунда эмес, кыялы, акылы дегендей…Күйөөгө чыкса болот, бирок чогуу жашоо… жок, эч качан! Анткен менен көз карашы укмуш… Эритип жиберет ко, чиркин! Түшүнбөйм, ушунчалык да өтүмү жок болобу!»

Комик терең дем алып, күрсүнүп алды. Эки бети албырып, оозун бир жагына кыйшайтып алган… Жүзүнөн катуу кыйналып жатканы көрүнүп турду.

“Негизи, муну менен бирге жашасам деле болчудай, – деп ой жүгүртүүсүн улантты ingénue. – Эмнеси бар экен, айлыгы кудайга шүгүр… Эч нерсеси жок кайдагы бир сандырактаган капитанга караганда төөчөлүк өйдө эмеспи. Мейли, макул деп эле коёюн! Байкуштун шагын сындыргандан эмне табам? Ал ансыз деле кыйналып жүрөт!”

– Жок! Оозум барбайт! – деди комик, гезитти ордуна ыргытып. – Ушундай бир кайраты жок байкушмун десеңиз! Эми кантем! Мейли сабаңыз, мейли тилдеңиз, эмне кылсаңыз да айтам, Марья Андреевна!

– Айтыңыз, айтыңыз. Көп эле экилене бербеңиз!

– Эжекебай! Кең пейилдик кылып мени кечирип коюңуз… чөгөлөп башымды ийип суранам… – Комиктин көздөрүнөн буурчактай жаш тегерене түштү.

– Эми айтпайсызбы… каракчы десе! Эмне болду?

– Айланып кетейин эжекебай… бир рюмка арак жокпу? Жаным чыгып баратат! Оозумун ичинде кечээкиден кийин эмне болуп жатканын мен деген химиктер да биле албайт болуш керек! Ишенесизби? Чыдабай калдым! Өлүп баратам!

Ingénue кызарып чыкты, кабагын бүркөп, анан эсин жыйып, комикке бир рюмка арак куюп берди… Тигил аракты көңтөрүп жиберип, жандана түштү да, анекдот айта баштады.

Которогон Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.