Ар өнөрдүн башын кармоо, ар тармактуу билимге эгедер болуу бул чыгыш ойчулдарынын эзелтеден өзгөчөлүгү катары бааланып, ал акылмандыктын, даанышмандыктын демейдеги белгиси катары каралган. Кыргыз элинин ойчулдары, агартуучулары да бул традицияны ырааттуу улантуучулар болушкан.

Ушул жагдайдан алып караганда Үмөт Молдо да өз мезгилинде ойчулдук агартуучулук, дарыгерлик, тарыхчы-санжырачылык менен катар саяпкерлик, аба ырайынын алдын ала эсебин алуучу санчылык, манасчылык, дастанчылык, акындык, комузчулук өнөрдү уучуна батырып, уук башын бириктиргендей кошо кармап, аздектеп, рухий жаназык катары рахат алган, эл журтунун алкышына татыган. Ошолордун ичинен өзгөчө Үмөт Молдонун комузчулук жана дастанчылык өнөрүнүн мыкты үлгүсү катары “Жүз жигит” күүсү жана күүнүн тарыхын баяндаган дастаны тууралуу өз учурунда Үмөт Молдонун замандашы Ширгели карыя мындай деп айтыптыр. “Үмөт Молдо өзүнүн бул күүсүнүн улам бир кайрыгын чертип, тарыхын айтып, ортодон дастан кошуп, обонун созуп бир эт бышым убакыт баян куруп олтурчу. Уккан эл, комуз кылынын сыздап-боздоп чертилишине келгенде көздөрүнө жаш алышып, күүнүн салтанаттуу, шаңдуу обону, ыры жаңырганда сүрөөнгө алышып, окуяга кошо аралашып, толкун жүргөндөй, удургуп, ыргалып олтуруп угушар эле.”

Аттигиниң, Үмөт Молдонун “Жүз жигит” күүсүнүн  дастан түрүндөгү ыры да, күүнүн ыргагы, обону, кайрыктары, чертилиши да бүгүн белгисиз.

Ал эми “Жүз жигит” күүсүнүн кара сөз түрүндөгү тарыхы төмөндөгүдөй баяндалат. (Адабиятташтырып иштеп чыккан мен Э.Ү.)

…. Илгери кыргыздын карт тарыхынын бир бүктөмүндө калган жоокерчилик замандын биринде журттун туусун жыктырбаган, кара калмакты чекке киргизбей элин жоодон сактаган, эр көкүрөк, кайраттуу, балбан билек намыстуу жоокерлери менен даңазасы кыйла жерге кеткен “Көкүм” деген чоң айыл болгон. Айыл башчысы Алыш баатыр кыргыз-калмактын чегинде эки элдин мамилесин түздөп, кези келген жерде басып кирем дегендерге тике качырып, үстөмдүк кылып турат. Жылдан жыл алмашып, Алыш улгаят, ал-күчтөн таят. Баласыз өтүп баратканына арман кылып:

— Өлсөм элиме менден эстелик болсун, жоо келатканын алыстан байкоочу кароол жайгашсын, — деп айылга кирүүчү жолдогу бийик капчыгайдын эки тарабындагы тектирчелерди тегиздетип, атайын кароол секи даярдатат.

Ал жерге добулбас коюп, сак жигиттерден кароол уюштурат. Мезгили жетип Алыш баатырдын көзү өтөт. Эми эл ичиндеги мыктылар өз ара жаатташып, журттан ырк-ынтымак кетет. Мындайды көз кырынан кетирбей байкап турган душман, айылга бир түндө капысынан басып кирип, кыргын салат. Калмактын төрөсү өз жоокерлерине “Туткунга эч кимди албагыла, колуңардан келишинче кыргызга кыргын салгыла, бирок эмгектеп жүргөндөн тартып, төрт жашка чейинки эркек балдарды олжолоп тирүүлөй алып келип, мага тапшырасыңар”, – деп катуу буйрук берет.

Бардыгы жоонун ойлонгонундай чыгат. Бир кезде гүлдөгөн айылдын ордуна додолонгон күл калат, күңгүрөнгөн капчыгай, күрпүлдөп аккан суу калат.

…Мезгил зымырылып, чабылган элдин көкүрөктөгү жарасын дарылап, жашоо улана берет. Бирок жоо кылычынан аман калып, балдарынан тирүүлөй айрылган энелердин күйүтү, арманы ичте бара-бара комуз күүсүнө жана эл оозунда дастанга айланат.

Калмактын төрөсү болсо баягы олжолоп алып кеткен балдарды өзгө көзгө көргөзбөй, өзүнчө бактырып, катаал-татаал шартта күнү-түнү жоокерлик өнөргө үйрөтө берет. Балдар “ата-эне” эмне экенин билбей, көргөн-бакканы жоо чаап, алсызды баш ийдирүү, күчсүзгө ыза көрсөтүү болуп, жалаң кылыч шилтеп, найза сайганды гана үйрөнүшөт.

Калмактын төрөсү сынамакка баягы жигиттердин ичинен 100дү тандап алып казак, уйгур, кытай айылдарына жортуулга жиберип, өзү да, кол башчылары да чогуу алар менен кошо жүрүп, жигиттердин, өз каршылаштарын заматтын ортосунда өрттөй каптап, жылан сыйпагандай кылып жер менен жексен кылгандыгын көрүп, эми күч көрсөтүп башканы баш ийдирүү максатын көздөгөн тилегинин анык орундаларына көзү жетет.

Өзүнө жакын адамдары менен жашыруун кеңеш куруп:

— Ортодон жыйырма жыл өттү, кыргыз кайрадан жетилип келатат, эми аларга өзүлөрүнүн тукуму, шилтесе кызыл өрт болгон жүз жигит менен кыргын салууга убакыт келди,  – дейт.

Төрөнүн тегерегиндегилер анын мындай “акылдуу” чечимине эми гана түшүнүшүп, туш-туштан кубатташат.

Ошентип, кыргызга кайрадан кыргын түшөр мезгил жакындап, калмак менен кыргыз ортосундагы абал курчуйт.

Кыргыз тарап да бейдарек жата бербей, кандуу кармашка даярданат. Ошентсе да калмактын өрттөй каптаган жүз жигити жөнүндөгү кеп-сөздөр кыргыз кол башчыларынын жүрөгүнө тикенектей сайылып, түйшүккө салат.

Кыргыздар жыйын курушат, жоодон коргонуунун айла-амалын талкуулашат. Нары кетип, бери кетип бир чечимге келе алышпай, бел майышып турган чакта, эртеден бери бир ооз үн катпай ой басып олтурган, учурунда Алыш баатырдын ишенимдүү жигиттеринин бири болгон Кулбото карыя мындай дейт:

– Эртеден бери кеп-сөзүңөрдү угуп олтуруп, мага бир ой келди. Туура көрсөңөр, мен айтайын, силер уккула. Жүз жигит деп атасыңар, булардын өрт каптагандай кубат-күчүндө бир мандем бар. Менин оюмча, булардын жүзү жүз үйдөн чогулган эмелер эмес, булар бир жерден өсүп жетилген уялаштар, качан жаралганын билишпеген, жаалы кайнаган жетимдер. Эгер, ушул менин оюм туура болсо, алар мындан жыйырма жыл илгери чабышта олжого кеткен кыргыздын уулдары, биздин балдарыбыз.

Жыйын дуулдап, бир даары Кулбото карыяны колдоп чыгышканы менен, көпчүлүк эл бул айтылган кептин өзөгүнө анчалык ишене албай турушту.

Кулбото карыя, бир азга эл тынчыгандан кийин кебин улады.

— Демек, өзүбүздүн тукумубузга өзүбүздү чаптыралы, болбосо өзүлөрүнүн балдарын өзүлөрүнө кырдыралы, – деп тилек койгон душманды, жалаң гана найза, кылыч эмес, айла-амал менен болсо да жеңүү керек. Анда оюңарды айткыла, – деп элге кайрылат.

Бир эт бышым элдин сунуш-пикирлерин угуп олтуруп, акырында мындай бүтүм чыгарат.

— Жоо келсе бир гана Кыралгы капчыгайынын ичи менен селдей каптайт. Алыш баатырдын тектирчесине чейин эки тосот коёлу, биринчиси — жоокерлер болсун, кармашып көрүшсүн, экинчиси — балдары олжого кеткен энелерди коёлу, өз балдарын таанышпаса да, боор тартылып, сезимдер ойгонор. Андан бери капчыгайдын эки тарабындагы Алыштын тектирчелерине жоо көрбөгөндөй кылып сурнайчы, чоорчу, комузчуларды жайгаштыралы. Жоо мына ошол үч тосотту бузуп өтсө, калмактын жүз жигити биздин тукум эмес, айла жок жалпы эл-журтубуз кармашка түшүп, согушуп жатып өлөрбүз…

Ошентип, Кулбото карыянын сөзү менен жоого тосоттор коюлуп, кылым карыткан кыргыздардын башында кандуу согуштун дагы бир ала көлөкөсү айланып турду.

… Жоо чын эле өрт каптагандай байкоос басып кирди. Капчыгай өрдөй чабуулга чыккан жоонун селин алгач жоокерлер тосту. Кыргыз тукуму кыргызга кылыч шилтеди, найзалашууга өттү. Капчыгай ичи кан жыттанды, кылычтын ырайымсыз мизинен от жанды. Шукшурулган бүркүттөй жүз жигит баштаган калмактын аскери жыгачка чабылган курч балтанын мизи сыяктуу, кыргыздын биринчи коргонуусун бузуп өттү.

Мындайда чырылдаган энелердин үнүн ким укмак, кан жытына делөөрүгөн жоо тарап, жеңишине эргий алга умтула берди. Эми аларга эч тоскоолдук болгон жок. Тапыраган ат туягынын, каңгыр-шаңгыр курал-жарактын үнү капчыгай ичин жаңыртып, ажал оту кыргыз жерине бүркүлдү.

Аңгыча, каяктандыр сыбызгыган чоор үнүн улап, комуздун боздогон коңур үнү көк теңирдин тереңинен куюлуп, тербелди жаңыртты.

Шаң менен келаткан жоо үчүн бул күтүүсүз болду. Алдыга карай алгыр куштай серпилип, эми урушарга жоо таппай келаткан жүз жигит тегерете серп ташташып, бул, жүрөккө кылычтын мизи, найзанын учунан да катуу кадалган сыйкырдуу үн кайдан чыгып жаткандыгын биле алышпай, тизгин жыя башташты. Комуздун доошу эми ого бетер даана угулду. Анын ар бир кайрыгы сезимди көсөп, бирде алдыдан, бирде арттан, бирде оңдон, бирде солдон, бирде көк теңирдин тереңинен төгүлгөндөй туюлуп, жүрөктү титиретип, эки тарабы жалама бийик аскаларга жаңырып, комуз үнү эми ого бетер күчөгөндөн күчөдү.

Миң кубулуп, жүрөктү эзип, дирилдеген комуз кылдары жүз жигиттин таштай түйүлгөн муштумдарын жазып, суурулган кылычтарын кынына салдырып, сунулган найзасынын учун көктү каратты.

Селдей каптап бараткан жоонун жүрүшү жайлай түштү, жүз жигит көк теңирге жүз бурушуп, ат үстүндө кереметтүү комуз күүсүнүн кайрыгына эми чындап берилишип, тизгин жыйып, имерилип туруп калышты.

Комуздун эркти тушап, тирүү жандын рух дүйнөсүн куюндай сапырган бир укмуш кайталангыс кайрыктары ааламды күү мухитине чөктүрүп жибергендей туюлду. Күү ыргагы түрлөнүп төгүлө берди. Жигиттердин көздөрүнө жаш толуп, өзүлөрү да түшүнбөгөн, таң каларлык кусалык, сагыныч сезимдерин ойготуп, өзөктөрүнө өрт коюп, туулган жерлерине боор тарттырды.

Мындай шумдуктуу көрүнүш калмактын төрөсүнө жакпады. Өз колбашчыларынын бирин жиберип, жүз жигиттин бирине камчы шилтетти. Камчы жеген жигит демейдегидей баш ийип калбастан, калмактын кол башчысын кылыч менен шылый чапты. Комуз күүсү уланып, жүрөктү эзип сыздай берди. Калмактар эми жүз жигитти көздөй ат коюшту. Жүз жигит бир кишидей тайманбастан аларга бетме-бет чыгышты. Комуз күүсүнүн ыргагы күчөп эми шаңдуу, жандуу угулду.

Кайрыктарында жүз жигиттин бул эрдигин баяндап, “Сен кыргызсың, сенин элиң кыргыз, жериң Ала-Тоо, аны дилиң менен түшүнүп, жүрөгүң менен сезгин” – деген купуя улуу кеп баяндалып жаткандай туюлду.

Эми жалпы журт жүз жигитке кошулуп, “Кыргыздап” ураан чакырып, калмакка каршы аттанышты. Комуз күүсү эми теребелди шаңга бөлөп, жеңиштин салтанатын кубаттап Ала-Тоо ичин жаңыртты.

Эл-журту, өзөгүнөн өзгөгө кеткен жүз жигитти чоң салтанат менен тосуп алышты. Жүз жигит кыргызга чеп болуп, өмүр уланды. Ошентип, жүз жигиттин тагдырын баяндаган күү жаралды…

Жогорудагы Үмөт Молдонун “Жүз жигит” күүсүнүн тарыхы бул, уруучулуктан тартып, бүтүндөй доорлорду башынан кечирип, улут болуп өсүп жетилген, далай кызыл кыргын, жут тажаал мезгилди башынан өткөргөн улуу кыргыз элинин басып өткөн жолундагы миң сандаган окуялардын бири. Бардык учурда мекенчилдик, ар-намыстуулук, эрдикке, баатырлыкка жетелесе, элдин рухий баалуулуктары төкмөлүк, комузчулук, чечендик, манасчылык мына ошол өткөн ата-бабаларыбыздын калайык калкынын келечеги, эртеңи үчүн жасаган эмгегин, эрдигин, баатырлыгын сыпаттап келген.

Демек, элибиздин Манас, Кан Кошой, Эр Төштүк, Курманбек сыяктуу жүздөгөн уулдарынын кыргыздын келечеги үчүн жасаган эрдик, баатырлыгы рухий дөөлөттөрүбүзсүз миң сандаган жылдардын оош кыйышында унутта кала бермек. Ошондон улам Үмөт Молдонун “Жүз жигит” күүсүнүн тарыхындагы бир кыргыз айлынын башынан кечирген окуясы өнөр менен эрдиктин, рух менен баатырлыктын, акыл менен тайманбастыктын биримдигин даңазалап, улуттун мекенчилдик эс тутумун жаңылап, урпактарга сабак болчудай коңгуроо кагып, эскерткич катары биздин күнгө жеткендиги менен баалуу.

Бирок “Жүз жигит” күүсүнүн окуясы айтылып калганы менен күүнүн жогоруда белгиленгендей бир эт бышым чертилип, “кулактан кирип бойду алган” миң түрдүү кайрыктары ың-жыңсыз жоголушунун өзү өкүндүрбөй койбойт.

Тарых бүктөмдөрүндө элибиздин мына ушул сыяктуу канчалаган рухий дөөлөттөрүнүн өчүп кетиши ал түгүл бүгүн да уланууда. Биздин рухтук эс тутумубуз “ылайланып,” утурумдук жеңил-желпи, четтин музыка дүйнөсүнө тартылуубуз күчөдү. Бир кезектеги “Жүз жигит” күүсүнүн сыйкырдуу, бир жагынан таң калычтуу, генетикалык рухубуздун кодунун ачкычы сыяктуу өз элинин катарынан душмандын колуна кеткен уулдарын кайруу күчү бүгүн төгүндөй сезилчү заманда жашап жатабыз.

Өзгөчө мекенчилдик мокоп, рухий баалуулуктарыбызды, материалдык байлык көз көрүнөө тебелеп-тепсеп баратат. Бүгүнкү глобалдаштыруунун шартында ар-намыстуу, сыймыктуу, Манас Руху жана мекенчилдик жан дүйнөлөрүнө орногон илгерки ата-бабаларыбыздын көркөм дөөлөттөрү бизден көз көрүнөө обочолонууда.

Буга бир жагынан өткөн кылымдын 80 жылга чамалаш мезгилинде элдик кыртышка манкуртчулуктун үрөнүн сепкен Советтик административдик буйрукчул системанын да “салымы” чоң.

“Жүз жигит” күүсүнүн тарыхындагы өзөгүнөн өзгөгө кеткен жигиттердин кыргызга кайрылып келишинин жан дүйнөнүн тереңинен оргуп чыккан күчтүү мекенчилдик чакырыгы аркалуу берилиши – албетте, ошол кездеги Советтик “шири” идеологиясынын тар канондоруна төп келген эмес.

Көркөм дөөлөттөрүбүз таптык элек аркалуу жиктелүүгө тушуккан. Элдик жөө жомоктордон тартып, кийинки заманчыл акындардын ырларына чейин “ревизияланып”, керектүү дегендери гана тандалып, оңдолуп калгандары караңгы тамда катылып же жогорудагыдай түп орду менен жок кылынып жиберилген.

Рухий баалуулуктарыбыз менен катар улуттук ар-намыс жана уруучулук маселелерине келгенде элибиздин башына идеологиялык “шири” кийгизүү саясаты катуу жүргөн. Анын мисалы катары улуттук ар-намысыбыздын жана рухубуздун эң бийик көркөм үлгүсү болгон “Манас” эпосун өткөн кылымдын 50-жылдары саясаттын кыпкызыл чогуна аз жерден салып жибере жаздаганыбызды айтсак болот.

“Жүз жигит” күүсүнүн тарых баянында комуз күүсү алардын (Жүз жигиттин) жан дүйнөсүн мемиретип, дилдериндеги, көңүлдөрүндөгү өзүнө каршы келгендерди өлтүрүү, жоюу, талкалоого шайкештелген маңкурттук сезимдерин “миң кубулуп, жүрөктү эзип, дирилдеген комуз кылдары” жумшартты. Муну көргөн калмактын төрөсү жүз жигиттин бирөөсүнө камчы шилтеши, алардын өзөгүндөгү, дээриндеги буга чейин бугуп жаткан намыс отун тутандырып жиберди.

Дал ошол учурда алардын бирөөсүнө чабылган камчынын ачуу уусу баарынын жон терисин сыздаткандай сезилди. Демек, комуз күүсү алардын бир өзөктөн, бир элден чыккандыгынын улуу чакырыгы сыяктуу жигиттердин бир муштумга биригишине, алардын жамандыктан жакшылыкка умтулуусуна, буга чейин сезимдерин ээлеп келген маңкурттуктун торунан бошонуусуна себеп болду, эң негизгиси — алардын инсандык арын ойготууга түрткү берди.

“Эл намысы, жер намысы кыргыздардын тарыхында, акылдын күчү менен катар кылычтын мизи, найзанын учу менен да корголгон[1].”

Намыс тууралуу ушул ойду уласак, намыс бул – адамдын башын жерге салдырып ийилтпей турган өзөк ок. Ошондуктан кыргызда эзелтеден атанын, уруунун жана элдин ар-намысы өзгөчө бааланган. Уруу ичинде бирөө жаман иш жасап койсо биринчи кезекте анын уруулаштары, тууган-туушкандары уятка калган. Уруу ичиндеги жармач адамдардын бирөөсү башка урууга барып жалданып иштесе, уруулаштарына сөкөт кеткен. Ошондон улам уруу башындагылар колунан келишинче өз уруулаштарынын арасында жарды, жармач болбошуна аракеттенишкен.

Андайларды уруулаштары сүрөөнгө алышкан, саанына уй, союшуна мал берип, үстүнө үй көтөрүүгө ашар жасап, колдорунан келген көмөгүн көрсөтүп турушкан. Жетим-жесирлерге жетилген куракка чейин уруу ичиндеги “ынтымак чыгданынан” жылына атайын энчи бөлүнүп (азыркыча айтканда жөлөк пул сыяктуу), берилген малды улантып кетүү жагы көзөмөлгө алынган.

Жети атабыздын жана уруубуздун атына доо кетип калбасын деп адамдар жеке кызыкчылыгы үчүн бейчеки бейбаштыкка, тентектикке баруудан өзүлөрүн тыш кармоого аракеттенишкен.

Уруулар ичинде ушул сыяктуу намыскөйлүк, тартип эрежелери жалпы кыргыз элинин каада-салт, үрп-адаты менен бирге жуурулушуп келип кыргыз улуттук идеясынын керегесин түзүп, кыргыздарды бөтөн элдердин жашоо образынан айырмалап жана негиздеп турган.

Албетте, уруулар ортосунда чабыштар болуп, кан төгүлүүгө чейин барган учурлар болгондугун танууга болбойт. Бирок ошонун өзү бир жагынан алганда ар уруудагы кыргыз жоокерлерин курчутуп, чыйралтып, алардын бөтөн жоо менен кармашууга дайыма даяр болушун шарттаган.

Сырттан келүүчү жоо да уруу арасындагы чабыштарда кыргыз жигиттеринин күчүн, кармашууга дайыма шайма шайлыгын байкап, чукул басып кирүүдөн тайсалдап, чочулап турушкан. Четтен душман басып киргенде Кыргыз уруулары араздашууларын унутушуп, уй боор тарта бириге калышып, бөтөндөрдү өз жеринен сүрүп чыгуу үчүн муштумдай түйүлүп, бир атанын балдарындай аракеттенишкен.

Кылымдардын оош-кыйыш опурталдуу агымында жок болуп, урпактардын эс тутумунан тыш калбасын деп, байыркы бабаларыбыз алардын кимдигин, тегин, ошону менен бирге кыйын жылдарды, жер кезген опоосуз мезгилдерди, баатырдык менен боорукерликти улам кийинки муундун кулагына кумдай куюп, айтып отуруп, ушул күнгө чейин жеткирген.

Жаш адамдын саламын алик алган карыя көпчүлүк учурда ага кайрылып эки же үч суроо бере тургандыгына кичүүлөр дайыма даяр болушу, мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон.

“Кимдин баласысың?,” “Урууң кайсы?” жана “Жети атаңды билесиңби?” — ушул сыяктуу эки-үч суроого так жооп бере алган баланын сөзү карыялар үчүн ошол айылдын “визиткасы” катары кызмат өтөгөн.

Алыскы сапардан келаткан же бараткандар үчүн салам айткан баладан анын жети атасы тууралуу маалымат алуунун өзү көчмөндөр арасында элдик дипломатиянын миң жылдар бою калыптанган, алыстан келаткандарга “эгер сен бизге душман болсоң — жолуңду ула, биздин жердин аймагынан сага эч ким камчы көтөрбөйт, эгер сен бизге тууган же жакшы санаалаш болсоң, тартынбай түшүп сыйыбызды көрүп, көргөн билгениң тууралуу айтып кет” – деген эскертүү катары кызмат өтөгөн.

Дегинкиси кыргыз элинин миңдеген жылдык тарыхында балдардын тили чыга баштагандан тартып, жети атасын билүүгө тарбиялоо, уруучулукту бекем тутуу, бизди башка улуттарга, элге кошулуп кетип, өзүнүн ким экендигин унутуп коюудан сактаган рухий эн тамга, генетикалык “иммунитет” деп айтсак туура болот.

Ошондон улам “тегин, жотосун, жетесин, жети атасын билбегенди кыргыз, “тексиз, кул” деп атап, ошондон улам эр намысын козгогон нарктуу макал жаралган. Дүйнөдөгү мен  кыйынмын деген улуттардын эч кимисинде мындай уникалдуу улуттук эс тутум учурабайт.

Кыргыз элинде жазма тарыхтын жок болгондугунан улам ар бир үйдө атадан балага, жети атасынын, уруусунун көргөн күнүн, баскан жолун баяндаган улуу сөздүн уюткусу, угуту түрмөктөлүп отуруп бара-бара өз ичине кыргыз рухунун көп сырдуу жана көп кырдуу табиятын толук камтыган санжырага, ырга, күүгө айланган.

Уруучулуктун мына ушундай чоң касиети аркылуу жаралган санжыра, ыр, күү, эпостор кылымдан кылымга кыргыз элибиздин көөнөрбөс көркөм рух кенчи болуп, журттун биримдигин сактап эн тамга, белги, өзгөчөлүк катары бизди башкалардан айырмалап, ата тегибизди урпактардын эс тутумуна түбөлүк калтыруунун алтын эрежеси болуп кала берген.

“Жүз жигит” күүсүнүн тарыхы да элибиздин тоодой рух кенчинин томуктай бөлүгүн, калк башына каран түн түшүп, кара калмактар камалап турган катаал замандын бир окуясы катары Үмөт Молдонун жан дүйнөсүнөн жаралган, эрдикти, намыстуулукту, биримдикти, өзгөчө мекенчилдикти даңазалаган көркөм дөөлөт катары бүгүн да баалуу.

Эрмек ҮМӨТОВ, Философия илимдеринин кандидаты

Анткени, нечендеген кызыл өрт замандарды башынан кечирип, бирде таруудай чачылып, бели майышса да, бирде дөөлөтү түмөн аймакка угулуп, багы көтөрүлүп, муштумдай түйүлүп, бир камчынын өрүмүндөй бириге калып, душманынын туусун бөктөрүп, улуттун улуу намысын, салтын, жети атасынын баскан жолун, эл-журтунун бүтүндүгүн сактап калуу үчүн кашык канын аябаган эрдигин туу кылып, миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды карытып, Кыргыз эли болуп жашап келаткандыгынын өзүндө Үмөт Молдонун “Жүз жигитиндей” миңдеген уулдарыбыздын мекенчилдиги, эл-журтубуздун амандыгын, биримдигин жана ынтымагын сактап калган эмгеги турат.

Ал эми “Жүз жигит” күүсүнүн тарыхы бул бүгүнкү глобалдаштыруунун шартында жөргөмүштүн желесиндей туш тарабыбыздан чырмап бараткан маңкурттуктан арылалы деген улуу чакырык.

 

[1] Козубаев Ө. – “Манас – намыстуулуктун жана нарктуулуктун символу” Современность:  Философия и правовые проблемы

21-22-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.