АҢГЕМЕ

Ар ким кергөнүн жазат. Укканын жазгандардын көпчүлүгү калп болуп чыгат. Ошондуктан ушул аңгемеде мен анык көргөнүмдү жазам.

Ушул азыр да эмгек кылбагандарды көрсөң, өмүрүңдө жүзүн жуубаган немени көргөндөй жийиркенесиң. Жаныңа жолоткуң, үйүңө киргизгиң келбейт. Ырас, элдин баары эмгек кылат. Бирин-серин эмгектен качкандарда «чөп башылап» кызмат кыла башташты.

Ырас, ар кимдин өзүнчө кесиби бар. Ар ким өз кесиби боюнча эмгек кылат. Бирок, кандай кесип? Ушул кесип жөнүндө бир топ талаштар бар. Кандай талаш? Кимдер талашат? Кесиптен куру калгандар талашат да. «Кесиптен кантип куру калышты экен? — деп сурарсыңар. Бул суроого жооп эң эле оңой. Алар төмөнкүлөр: Биринчиси — мурун райондун «көрүнүктүү» кызматчысы болуп жүрүп, кийин кызматтан алынып, кайнагаларыныкында беш-алты ай жатып, аларды жүдөтүп, азыр кызмат издеп чыккандар.

Экинчиси — мурун айыл мектебинде мугалим болуп (кышкысын отун үчүн директор боло калып) быйылкы аттестацияда (мугалимдердин сыноосунда) жай бөлчөктү жакшы чыгаралбай калып, мугалимдиктен бошотулуп, колхоздо иштөөгө моюн жар бербей, айыл менен шаардын ортосунда же тебетей кийбей же шапке кийбей калгандар.

Үчүнчүсү — «чоңдор» десе, баласынын ойногон мышыгынан өйдө ала чуркап бирөөгө жагынып, бирди жамандап жүргөн кошоматчылар.

Төртүнчүсү — агрономдук окуусун үч ай окуп, доктордук окуусунан эки ай окуп, соттун курсунан окуп жатып «ооруп» калып, азыр же айкүр эмес, же таа эмес болгон интеллигенттер» жана ушул сыяктуулар.

Булардын баары ушул күндө ичинен азап тартып жүрүшөт. Анткени «эмгектин тартибин жолго коюу жөнүндөгү» партия менен өкмөттүн токтому бардык жерде кең жүргүзүлүп жатат. Ар ким өз билген ишинде иштейт. Жогорку мен эсептеп өткөндөрдүн колунан же докторлук, же инженерлик, же мугалимдик келбейт. Кара жумуш иштөөгө моюндары жар бербейт. Алар ичинен ойлошот: «Кесиптүү болуу үчүн окуу керек… окуюн десем жаш өтүбүрөөк кетти, эң жок дегенде Токмок менен Балыкчынын ортосуна шофёр болуп калсамчы…»

Мына ушундай ойлор менен башын айлантып, эмне кыларын билбей эси кетип жүрүшөт. Айласы кеткенде өтө жакындарына акыл салышат. Жакындары мындай деп акыл айтат: «Жаныңа тынч десең мугалим болууга тырыш, акчаны көп табам десең акын бол!» дейт. Ырас эле, акындык жагына асылып көрсөм кандай болот экен. Мугалимдик болсо, колуман келбейт. Ушул акындыктан түзүгү жок ко деген жыйынтыкка келет.

*     *     *

Силерге калп болбоо үчүн, айласыздан болгон бир «акындын» тарыхын айтып берейин. (Атын ачык айтпай эле коёюн. Анткени талма оорусу болсо, эки күнү ишинен калат. Ачуусу келет. Нерви кайнайт… Мени чийкилей жегиси келет…) Силердин эсиңерде калуу үчүн «Акынга» өзүбүзчө ат коёлу: мейли Торгой Булбулбаев болсун.

Ушул Торгой Булбулбаевди бир топ жылдан бери билем. Мындан бир топ жыл мурун кооператив техникумунан төрт ай окуп, анан акча техникумуна кирип, анда азыраак окуп жүрүп: «бухгалтер болуп, акчага сынып, кесилип жүргөндөн көрө» деп андан да чыккан. Андан кийин өз айлына барып биринчи класстын мугалими болуп жүрүүчү эле. Ал жерден үйлөндү. Аялы да мугалим болду.

Мен алардыкына көп баруучу элем. Терезесинде жыйылып турган эсеп, химия, ботаника китептерин көрчү элем. Бир дагы кооз адабият китебин учуратуучу эмесмин. Булбулбаев мени менен сүйлөшкөндө:

— Акын-жазуучулар «жарамазанчыга» окшогон бир кызык калксыңар ээ,— деп шылдың аралаштырып күлүп койчу эле.

— Артисттер менен жазуучулар калпты-чынды аралаштырып оокат кылышат да,— деп аялы бир жактан чыгат.

— Ырас, окуп-окуп мугалим болгондон жакшысы жок,— деп мен көңүл улоочу элем.

— Зээндүү кишилер окубай деле мугалим болот. Мен эч нерсе бүтпөй эле эки жылдан бери мугалим болуп жүрбөймүнбү, деп мактануучу эле Булбулбаев.

*     *     *

Мындан үч жыл мурун болгон мугалимдердин аттестациясында жарабай калган окуу китептерин кучактап, мектептен сүрүлүп чыккан эле.

Шаардан мага учураган сайын ал-абал, сыр сурашып Торгой өкөөбүз көпкө чейин сүйлөшчү элек. Адегенде «сыр» билгизбей: «ал-абал мыкты. Үйүм паланча көчөдө, түкүнчө номурлуу. Өзүм паланча кызматта иштеймин» деп жүрчү эле… Бара-бара учураган сайын эмне үчүндүр башкача боло баштады… Жолукканда: «Амансыңбы?» дегенден кийин эле «айлыгың канча» деп сүйлөшчү болду. Бул сөзүнөн кызматы жайсыз экенин билчү элем. Анткени айылда мугалимдиктен сүрүлгөн кишиге шаарда ого бетер кыйын эмеспи.

Кийинки бир кездешкенде: «Ылайыктуу кызмат бар болду бекен» деп сурады. «Шаардык мончого кассир керек» деп газетада кулактандыруу жүрөт эле» деген сөздү айтайын деп ойлоп, уруша кетерин билип оозумду жыйдым. Анткени, андан башка ага ылайыктуу мен билген кызмат жок эле.

Ушинтип Булбулбаев экөөбүз көп кеңешчү болдук. Ал мага бардык сырын жашырбай айтат, «өзүңө окшогон көп эле көңүлү жакындар менен сүйлөштүм дейт Торгой — көпчүлүгү: «Артист бол, театрга өт» — дейт, жакында жаңы артисттер алат экен ошого барып көрсөм кантет, — деди.

— Ушунча болуп сенин ырдаганыңды уга элекмин. Үнүң жакшыбы? — дедим.

— Бала кезде жакшы эле ырдоочу элем. Азыр өзүм да ырдай элекмин,— деп күлгөн болду.

— Ар дайым эле опера болуп турмак беле, драм-театрдын жакшы артисти болсоң болду да.

— Мен да ошол драма жагына ал дейм го.

Ушул артисттик да түзүк оокат көрүнөт. Бетиңе боёк сүйкөп алып, дептерге жазылган сөздөрдү жаттап айтып берүүнүн эмне кыйыны бар? Артист эле болоюн деди. «Артист болуу үчүн талант керек. Эгер өтсөң азабыңды режиссёр берер» — деп ичимен ойлоп:

— Бар, эгер алса, театрга кир, сендей неме колго түшкөн уурунун ролун аткаруучу эле,— деп тамашаладым.

II

— Сенден жашырып эмне кылайын,-—дейт Торгой,— менин бардык башымдан өткөргөнүмдү ук. Өзүң билесиң, былтыртан бери театрда иштейм. Режиссер сүйлөгөндөн бери, аялым театрга келбей койду. Адегенде эки ай эч нерсе иштебей эле, мага көшөгө тарттырып койду. Үч ай суфлёр болдум. Андан аялдын айта турган сөзүн эркекке окуп берип, эртесинде бир сөгүш алдым. Ай, ай… артист болгондон көрө тынч гана арабакеч болгон жакшы экен. Баарынан режиссёр дегендин азабычы… кайкаласаң да жакпайсың, эңкейсең да жакпайсың… «Тактайга тизең менен жыгылып түш» дейт, жыгылып түшөм. «Ыйла» дейт, ыйлайм… «күл» дейт, жинди болгон немедей күлөм… Баарына жакпайт. «Ажал ордуна» да качкын кыргыздын ролун аткарасың» дешти… Куп болот дедим.

Ырдаган кыргыздарга кошулуп ырдасам: «Үнүң кошок билбеген кемпирдин үнүндөй экен» дейт режиссёр. Айлам кеткенде ырдаган элдин оозуна карап, оозумду ачып-жаба берем. «Жөнөкөй кыргыздын ролун аткара албайсың… мандаш токунуп олтурууну үйрөн! Өтө эле интеллигент болуп көнгөн неме экенсиң!»,— деп жеп салды. Деги театрдан чыкканда, көчөлөрдө учураган колхозчуларды көрүп, кыргыздын кебетесин үйрөнсөң боло» — дейт режиссёр.

Мен аялымды ээрчитип атайын бит базарга барам. Жүгөрү саткан, чөп саткан кыргыздарды көрөм. Кайдан келгенин сурайм. Кебетесин карайм. Режиссёр «үйрөн» деген… Эмнесин үйрөнөм? Баары эле төкөлдөштүк колхозчулар.

Мага Ысык-Көлдөн келген колхозчулар керек. Анткени, пьесадагы окуя Ысык-Көлдө болгон. Төкөлдөштүн колхозчулары менен Ысык-Көлдүн ортосунда айырма чоң. Төкөлдөштөн үйрөнүп барсам режиссёр дагы курутат. Ысык-Көлдүктөр тебетей калпак кийишет. Төкөлдөштүктөр болсо, шапке кийүүчү болушуптур. Башына тебетей кийсе, бутуна батинке кийишет. Айтор, айырма чоң. Эч нерсе үйрөнө албайсың. Ушул бойдон кайра режиссёрго барасың. Ага эмне деп жооп айтам. Кыргыз таппай койдум деп барамбы? Айтор, артисттик мага жага турган эмес. «Артист болуу үчүн ык керек, шык керек, талант керек. Ар бир киши эле артист боло албайт. Андан көрө башкача кызмат тапкын жолдош Булбулбаев» деди режиссёр. Ошондон баштап, театрдан үмүт үздүм. Эми театрга белетти бекер берсе да келбеймин. Бул кесипти койдум» — деп аңгемесин бүттү Торгой.

— Эми эмне кылайын дейсиң?

— Деги искусствону жакшы көрөм. Ушунун тегерегинен чыкпасам дейм,— дейт.

— Кино жагына өтөм дейсиңби? Сүрөтчүлүккөбү?

— Ой, оңбогур, акындык жагына такыр жолоткуң келбейт ээ?! —деп мага өпкөлөнгөн болуп күлдү.

— Кудай жалгасын, акын болсоң андан жакшы. Бирок, акындыкты жаман көрчү эмес белең дедим.— «Бажа-бажаны көрсө башы кычышат» эмеспи. Мен мугалим болуп жүргөндө эле ыр жазуучумун. Акындын ичи тар болот эмеспи. Бири-бирин көрө алышпайт ко. Ага таарынба,— деди Торгой.

Торгойго акын болууну ким айтты болду экен. Мурун эч жазбаганын жакшы билем. Кийинки күндөрдө анын ырлары кээ бир газеталарга, журналга чыга баштады. Анын ырларын подписи (аты, фамилиясы) коюлбаса да мен дароо тааныйм.

Токемдин ырлары мындай деп башталат:

«Биздин жыргал заманда
Жарык тийди ааламга.
Бакыт тийди адамга…
Анан «каламга» «кадамга».

Ж. б. болуп узара берет. Булбулбаев көп убакка чейин мага келип ырларын окуп жүрдү. Мен анын катасын көрсөтсөм «өзүң эч нерсе билбейсиң» деп кетчү болду. Бирок ал мени менен сырлашып, бүгүнкү жазган ырын бүгүн, эртеңки жазган ырын эртең окуп берет. Майда ырларды кандай жазса ошондой эле, газетага чыга калат. Анткени саясы жагынан туура. Уйкашы өз ордунда. Кармап туралбайсың.

Бара-бара майда ырлар калып, поэма дегендерге түшө баштады. Бир күнү мага чоң дептер толгон поэма көтөрүп кирди (чынын айтайын, майда ырларын араң укчу элем, поэмасын көрүп алып, эсим чыгып кетти). Жакын олтуруп алып поэмасын окуй баштады.

Колума алдым каламды,
Мурунку доор караңгы.
Тарых айтып турган соң
Жашырып аны жабамбы?

ж. б. деп созо берди. Чынын айтайын, ал аны окуп жатканда мен: «Сенде акындыктын жыты да жок. Ырыңды газетага чыгарып коюп, сен экөөбүздү тең убара кылып жарыялаган редактор оңбосун… Ушуну окугандан көрө аялыңдын кошогун алып келип окуп берсеңчи….» деп, ичимен ар нерселерди ойлоп жатып үргүлөй баштадым.

Ал поэмасын качан бүткөнүн билбейм же бүтпөй эле кетип калганбы, белгисиз. Мен кызык уйкуга кетипмин… Ал ошондон бери мага ыр окуганын койду. Мен да сүйүнүп калдым.

Торгой Булбулбаевдин бир жакшы «касиети», күндөлүк газетаны окуп жүрөт дагы, кандай жаңы окуя болсо, дароо ыр жазмакка киришет. Акындык кесипке ээ болгондон бери мурунку мүнөздөрүнөн башкача боло баштады. Сүйлөсө: «лирика», «поэма», «поэзия», «талант» деген жаңы үйрөнгөн сөздөрүн аралаштыра сүйлөчү болду. Мурун редактордун кабинетине кирүүдөн чочуучу эле, эми сыя челектин маңдайына чукул олтуруп алып, ырын баспай койгон күнү редактор менен челкилдешүүгө жарап калды.

Мени менен тааныша баштады. Жыйналыштарда: «Биз жазуучулар» Адам жанын куруучу»… деп баштоочу болду.

Булбулбаевдин алдында мен айыптуумун (чынын айтайын: күнөөмдү кечире көр!). Бир күнү үйүнө барсам, өзү жок экен. Үстөлүнүн тартмасын кокусунан ача коёмун деп, «кол жазмасын» көрдүм. Окусам кат экен. Улам кызыгып олтуруп бүт окуп чыктым. Катын өзүнө окшогон кесиптен кур калган немеге жазса керек.

Анын мен уурдаган каты мына:

«Кадырлуу досум! Сен өткөн катыңда менден акыл сурапсың. Акыл таптым. Тилимди ал… Менин айтар кеңешим акын бол. Акын болуу ат такалагандан да арзан экен. Мен деле сага окшош эмес белем. «Ырды кантип жазам» деп ойлоорсуң, эң эле оңой. Адегенде ыр китептерди көп сатып ал, былтыркы, мурдагы жылкы чыккан газеталарды таап алып, ыры болсо кыркып ката бер (маада, саа да кереги тиет). Кээ бир ырлардын аягынан, башынан кыркып ал, (муунун кара) маанисине карап жабыштырып, өзүң да уйкалыштырып бир неме кошуп кой (кат билесиң, «акылды», «какылды» ж. б. уйкаш сөздөрдү деги билесиң). Эң негизги саясы жагынан жаңылба. Редактор билбейт. Ал былтыркы ырларды жаттап жүрүптүрбү? Ырдын ээси сени менен мушташа албайт.

Чатакты чоң көтөрөм десе: «Таланты бирдей келсе, ырлары да окшош болот» деп кутулабыз. Адегенде бир, эки ырың чыгып элге таанылсаң. Анан акындарга тааныш болосуң (аларга таанылсаң, өлбөйм деп ойлой бер). Акындар боорукер, жакшы эл болот экен. Жыйналыштарда бирин-бири макташат (ошол мактагандардын бири мен), сын деген аз болот. Менин айтар акылым ушул. Мындай оңой кесипти өмүрүмдө көргөн эмесмин. Баарынан да акчасы (бир жолу — бир сом!)

Кош, колуңду кысып акындык саламым менен Б.Торгой.

*     *     *

Мына! Оңой кесип издегендер дароо эле Торгойду табышсын. Азыр Торгой акын. Мугалимиң менен иши жок. «Режиссёрду кежигемдин чуңкуру көрсүн» деп айтат дейт. Жакында ырлар жыйнагынын 3-китебин тапшырыптыр деп уктум. Эми аны акындардын арасынан сынамак түгүл, укурук менен куусаң да чыгара албайсың.

Жаман көрбө, Торгой жолдош! Сенин атыңды айтпасам да ичиңди ачып койдум. Келечегиңди күтөм.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.