Түрк элдеринин, анын ичинде кыргыздардын көчмөн турмуштагы, жоокерчилик замандагы маанисин, ээлеген ордун баарыбыз жакшы билебиз. «Ат – эрдин канаты», «Эрдин аты эрге тең», «Ат, аттан кийин жат», «Аты жоктун буту жок», «Ат сыйлаган жөө калбайт» деген сыяктуу макалдар бекеринен чыккан эмес. Анан калса жылкы баласы биздин аймакта, тагыраак айтканда, азыркы Казакстандын мейкин талааларында 5000 жыл мурун биринчи жолу колго үйрөтүлгөнү акыркы мезгилдерде тастыкталууда.

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө» «ат» деген сөздүн мааниси төмөнкүдөй чечмеленет: «1. Үйүргө кошулбай турган (бычылган) жылкы; 2. Унаа катары колдонулуучу, минилүүчү жылкы» (КТТС 2010:126). Бул сөздүн этиш омониминен (ал бул макалада каралбайт) тышкары зат атооч омоними да бар: «ат II: 1. Адамдардын туулганда энчиленип берилген ысмы; 2. Атак-даңк; 3. Энчиленген ысым катарында эмес, адамдардын же айбандардын белгилүү бир түрүн жалпылап атоо үчүн колдонулат. 4. Жер-суунун, көчөнүн, шаардын ж.б. географиялык наамы; китептердин, газета журналдардын, чыгармалардын энчилүү наамдары» (КТТС 2010:126).

Бир караганда бул эки омоним сөздүн ортосунда эч кандай маанилик байланыш жоктой сезилет. Түркологияда да бул экөө «ат» жана «аат» түрүндөгү эки башка сөз катары каралат жана келип чыгышы да эки башка чечмеленет (ЭСТЯ 1974:197-199). Бирок ошондой болсо да азыркы кыргыз тилинде бул экөөнүн ортосунда байыркы бир убактарда семантикалык байланыш болсо керек деген божомолго жем таштай турган айрым бир кызыктуу фактылар бар. Мисалы, «аты чыкты» дегенди эки түрдүү чечмелесек болот: 1. аты ат чабышта биринчи болуп келди; 2. ысымы элге белгилүү болду, атагы чыкты. К. Юдахин «аты чыкпай калгандар» деген сөз айкашынын эки маанисин берген: 1. «те, чьи кони (на скачках) отстали»; 2. «те, чьи имена не названы» (Юдахин 1965: 77).

Ушул эле сөздүктө жаманатты (< жаман аттуу) бол— «быть опозоренным, опороченным» жана жаманатты кыл- «позорить, порочить», жакшы атка кон- «получить известность, прославиться», жаман атка кон (< жаман атка мин)— «приобрести дурную славу» деп чечмеленген. Калыбы, бул идиомалар да бир убактарда жогоркулардай эле кош мааниге ээ болуп, бирок кийинчерээк алгачкы тике мааниси унутулуп кетсе керек.

Аккула окко учкандан көп өтпөй эле Манастын дүйнөдөн кайтышы, Тайбуурул тартууга кеткен соң Семетейдин кайып болуп кетиши («Тайбуурулдун тартуу болуп кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени»), андан бери келсек, Телторуну атасы бербей койгонунан улам Курманбектин Дөлөндөн найза жеп, ошондон оңоло албай кайтыш болушу ж.б. фактылар ушундай деп болжолдоого негиз боло алат деп ойлойбуз.

Тилдин азыркы абалында эки башка сөз катары каралып жүргөн бул эки омоним катышкан фразеологизмдердин маанилик жактан жакын болуп чечмеленип жатышы кокустукпу, же болбосо бул экөөнүн теги бирби?

Бул жагынан алганда, түркиялык белгилүү түрколог Абдүлкадир Инандын ою абдан кызык. Түшүнүктүү болуш үчүн үзүндүнү кыргызчага которуп берели. Ал мындай дейт: «Баатырга ат коюу салты якут, Алтай-Енисей, казак-кыргыз жана байыркы огуз дастандарында окшош экени байкалат. Хан же бек уулума ат койгула деп элине буйрук берет. Эч ким ат таба албайт. Ошол учурда «ак боз атчан бир эр» пайда болот да, балага ат коёт. «Коркут ата» дастанында баатырларга атты Коркут ата коёт. Ата менен эненин койгон аты чыныгы ат эмес; баатыр чыныгы атын эрдик көрсөткөндөн кийин ат менен бирге алат. Мага ысым маанисиндеги «ат» менен [жылкы маанисиндеги] «ат» бир сөздөн келип чыккандай сезилет. Баатыр атка минбестен туруп «атка» ээ боло албайт» (İnan 1991:206).

Кыргыз тилиндеги «чоӊоюу, эр жетүү, бойго жетүү» маанисиндеги ат жалын тартып минүү //ат жалын тартуу деген фразеологизмдин (КТФС 2001:56) келип чыгышы да балага ат коюу жана ага ат мингизүү салты менен байланыштуу болушу мүмкүн.

«Манас» эпосундагы төмөнкү салтка айланган саптар да ушул ойго жетелейт:

«Манас, Манас болгону
Манас атка конгону»

Бул жерде жылкы жөнүндө кеп болуп жатабы же ысым жөнүндөбү? Биздин оюбузча, муну да жогорудагы сөз айкаштарындай эле эки түрдүү чечмелесек болот:

  1. «Манас, Манас болгону
    Манас деген ысымга ээ болгону»
  2. «Манас, Манас болгону
    Манас атка мингени»

Эпоско сереп салып көрсөк, түрк элдериндеги баатырга ат коюу жана ат мингизүү салтынын издери байкалбай койбойт. Алсак, эпосто Манас баатыр алгачкы эрдиктерин көрсөткөндөн кийин гана «Чоӊ Жинди» аты калып, Манас деп атала баштайт. Манас менен кошо туулган Аймаӊбоз да кийинчерээк өз ордун баатырдын чыныгы аты Аккулага бошотуп берет. Ал эми кыргызда Манас деген баатыр туулат деп кытайлардын бичигине жазылганы, ушундан улам Эсен кан аны издеткени, ушуга байланыштуу Манас баатырдын бала кезинде «Чоӊ Жинди» аталып жүргөнү сыяктуу сюжеттик линиялар кийинки манасчылар тарабынан кошумчаланса керек деп болжолдоого болот. Эпостун кылымдар бою жазылбастан, ооздон оозго өтүп жашап келгени да ушуну шарттайт.

Баатырдын эрдик көрсөткөндөн кийин чыныгы атына ээ болуп, атка мингени «Коркут ата» дастанында да баяндалат. Окумуштуулардын ою боюнча, XV кылымдарда эле кагазга түшүрүлгөн бул дастанда жогорудагы салт кыйла тагыраак чагылдырылгандыгы байкалат. Алсак, Дерсе хандын уулу алты киши чынжыр менен алып чыккан буканы өлтүргөндөн кийин атайын чакырылган Коркут ата бул эрдигинен улам ага «Богач» (букачар) деген ат коюп, мингенге узун моюн бедөө ат бергиле деп буйрук кылат.

Ал эми башка бир баатырдын ысымы аты менен бирге коюлат: «…(теперь) пусть его имя будет Бамси-Бейрек, владелец серого жеребца. Имя ему дал я; долгую жизнь пусть даст ему бог!» (Книга моего деда Коркута 1962:34).

Түрктөрдүн ат коюу салты жөнүндө Л.Гумилев мындай деп жазган: «Тюрки не носили одного и того же имени от рождения до смерти, как европейцы. Имя тюрка всегда указывало на его положение в обществе. Мальчиком он имел кличку, юношей — чин, мужем — титул, а если это был хан — то титул менялся согласно удельно-лестничной системе» (Гумилев 1967:60).

Муну Орхон-Енисей жазма эстеликтеринин материалдары менен да тастыктоого болот. Мисалы, Енисей жазма эстеликтеринде 11 кишинин «эр аты» берилген. Бул терминди атайын изилдеген окумуштуу Н.Усеев төмөнкүдөй корутунду чыгарган: «Жыйынтыктап айта турган болсок, эр ат термини менен а) кандайдыр бир эрдик жасалгандан кийин берилип, ошол эрдиктин даражасын көргөзүп турган жаӊы ат; б) бир эркектин балалык атынын ордуна коюлган жана анын эрезеге жеткенин билдирген ат берилген (Усеев 2011:233).

Абдүлкадир Инан «Коркут ата» дастанында баатырлар минген аты менен кошо айтыла тургандыгын белгилейт (İnan 1991:206). Мындай көрүнүш «Манас» эпосунан да кездешет.

Мисалы:

«Чок-Табылгы жайлаган,
Чоң кара атын байлаган,
Коңурбайга барып айт.» (Манас 1990:84)

«Келиштирип кермеге
Кертөбөлдү байлаган
Айдаркан уулу эр Көкчө» (Манас 1990:91)

Мындай биримдик алтайлыктардын эпосунан дагы ачыгыраак байкалат:

«Бажы куудый кажайган,
Тижи куулыдый саргарган,
Бар-чакыр атка минген
Байбарак деп баатыр jуртады.» (Алып-Манаш 1985:7)

«Кызыл-коныр атка минген
Козын-Эркеш баатыр
Агаштар бажыла учуп ийди.» (Алып-Манаш 1985:134)

Мисалдардан көрүнүп тургандай, баатырдын аты аталган жерде анын аты да сөзсүз айтылышы керек. Байыркы көчмөндөрдүн түшүнүгүндө баатыр менен анын аты ажырагыс биримдикти түзгөн. Жогоруда айтылган баатырлардын атынын соңунан каза болушу ушул түшүнүктүн эпосто чагылышы болсо керек деп айтууга болот.

А эгер баатыр атынан мурун каза болсо эмне болгон? Көптөгөн тилдик, этнографиялык фактылар көрсөткөндөй, баатырдын аты да баатырдан кийин жашай алган эмес, аны кошо көмүшкөн. Мисалы, Чоң казатта өлгөн Алмамбеттин сөөгүн Таласка алып келген Сарала аны менен кошо көмүлөт. Кыргыздарда азыркыга чейин киши өлгөндө жылкы союлуп жатышын ушул байыркы салттын жаӊырыгы катары кароого болот.

Ат менен адамдын мындай биримдиги башка элдерге да таасир эткен. Атактуу түрколог В.В.Радлов бул жөнүндө мындай деп жазган: «Но как только алтаец садится на лошадь, меняется вся его осанка. Здесь он чувствует себя на месте, его взгляд становится свободней, тело выпрямляется, кажется, что в его жилах течет обновленная кровь. Лошадь и всадник сливаются в одно целое, и. глядя на них, начинаешь понимать, как могла фантазия древних греков создать из северных народов, не расстающихся с конем, кентавров» (Радлов 1989:153)

Тилдин теориясынан маалым болгондой, кээ бир көп маанилүү сөздөр бара-бара омонимдерге айланып кеткен учурлар аз эмес. «Лингвистикалык энциклопедиялык сөздүктө» белгиленгендей: «Наиболее продуктивным и исторически наиболее сложным фактором появления омонимии является разрыв первоначально единой семантики многозначного слова: рус. свет («лучистая энергия») и свет («мир, вселенная»); нем. Zug «течение, тяга» и Zug «поезд». (Лингвистический энциклопедический словарь 1990:345).

Ушундай эле пикирди Ю.С.Маслов да айтат: «В других случаях омонимы являются так или иначе связанными по происхождению, например, производными от одного корня или даже прямо – один от другого. Сюда же относятся омонимы, возникающие в результате распада полисемии, когда связь между значениями многозначного слова ослабевает настолько, что перестает ощущаться членами языкового коллектива» (Маслов 1975:133).

Тилде ошол эле учурда биротоло калыптана элек омонимдер да бар экендиги да белгилүү. Мисалы: орус. гладить — 1. «гладить белье»; 2. «гладить ребенка по голове»; волочиться — 1. «волочиться по земле»; 2. «волочиться за девицами». Кыргыз тилинен буга төмөнкүдөй мисалды келтирүүгө болот: сүз — 1. «сууда сүзүү»; 2. «бир нерсени сүзүү».

Жогоруда айтылгандарга таянып, азыркы кыргыз тилиндеги ат сөзү бир кездерде 1. ысым; 2. жылкы маанисин туюндурган көп маанилүү сөз болсо керек жана кийинчерээк мезгилдин өтүшү менен маанилик байланыш начарлап, эки маанинин ар бири өзүнчө сөзгө айланып кетсе керек деп божомолдоого болот. Кандай болгондо да бул сөздүн өзөгүндө түрк элдеринин байыркы инициация ырымы сакталып калгандыгы шексиз.

Калыстык үчүн айтыш керек, «Түрк тилдеринин этимологиялык сөздүгүнөн» бул божомолго негиз боло турган фактыларды таба алган жокпуз. Бирок мында да илинчек боло турган бир нерсе бар: «В некоторых татарских диалектах ат означает «сам»: атыма бир «дай мне (самому)» (ЭСТЯ 1974:197-198).

Ат менен адамды байыркы бир замандарда бир бүтүн нерсе катары кароонун издери айрым бир сөздөрдө, ал турсун грамматикада да сакталып калгандай. Мисалы: токун — «седлать для себя»; артын — «навьючивать для себя»; бөктөрүн — «приторачивать для себя (к своему седлу)» (Юдахин 1965). Бул этиш сөздөргө жалганган өздүк мамиленин –ын мүчөсү кыймыл-аракеттин аны аткарган субъектинин өзүнө багытталгандыгын билдирет. Мисалы, кий+ин деген сөз менен салыштырып көрүңүз. Демек, мында адам менен ат бир бүтүн нерсе, бир субъект катары каралат. Бастыр, тепсет, омуроолот, чап деген сыяктуу сөздөргө да мына ушунун эле өзүн айтууга болот, башкача айтканда, аттын өзү айтылбаса да анын бар экендиги сөздүн семантикасынан сезилип турат.

Дагы бир кызыктуу нерсе, кыргыздар аттын алдыңкы бутун кол деп да айтышат. Мисалы: Ат ийинге колун салып алды. Биздин билишибизче, бул башка жаныбарларга карата көп айтыла бербейт.

Жыйынтыктап айтканда, биз жогоруда айтылган Абдулкадир Инандын пикирине кошулуу менен, «ат» деген омоним сөз башында көп маанилүү сөз болгон жана ал балага берилүүчү ысым менен ага мингизилген жылкыны түшүндүргөн деп божомолдойбуз.

Таалайбек Абдиев
Кыргыз-Түрк «Манас» университети доценти

Пайдаланылган адабияттар

  1. Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү. Фрунзе, 1984.
  2. Юдахин К.К. Киргизско-русский словарь. Фрунзе, 1985.
  3. Кыргыз тилинин фразеологиялык сөздүгү. Бишкек, 2001.
  4. Книга моего деда Коркута. пер. академика В.В.Бартольда. М.-Л., 1962.
  5. Усеев Н. Енисей жазма эстеликтери. Бишкек, 2011.
  6. Гумилев Л.Н. Древние тюрки. Ленинград, 1967.
  7. Манас. 3-китеп. Москва, 1990.
  8. Улагашев Н.У. Алып-Манаш. Горно-Алтайск, 1985.
  9. Радлов В.В. Из Сибири. Москва, 1989.
  10. Лингвистический энциклопедический словарь. Москва, 1990.
  11. Маслов Ю.С. Введение в языкознание. Москва, 1975.
  12. Севортян Э.В. Этимологический словарь тюркских языков. Общетюркские и межтюркские основы на гласные. Москва, 1974.
  13. İnan A. Göcebe Türklerin Destanlarında Kahramanların Dogumları Ad Almalari ve Başka Hususietleri, Makaleler ve Incelemeler, II. Cilt, Ankara, 1991.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.