Аман Токтогулов кыска өмүр сүрүп, артына ар кыл адабий жанрдагы мурастар калтырып кетти.

Ал бала чагынан ыр жазган себептүү ыр кураштыруунун техникасын беш колундай билген, ар кандай ой-пикирди оңой гана ырдык калыптарга чөгөрүп коё алган. Экинчи жактан, Аман эне тилинин сөз байлыгын, сөздөрдүн маанилик жөн-жайын, көркөмдүк жана элестүүлүк күчүн мыкты билген, ыр жазып же которуп жатканда өтө мол тил казынасынан дайыма эң керектүү, орундуу, мукамдуу сөздөрдү тандап, сүйлөм тизмектерине кыт куйгандай кынап коё алган. Демек, ал кыргыз ырынын мыкты устасы эле.

Аман Токтогулов тирүүлүк көрүнуштөрүн нукура акынча кабыл алган, акындык ойлордун поэзиялык касиети барларын кармай билген, айтайын дегендерин тиешелүү интеллектуалдык даражада, талап кылынган өлчөмдө айтууга жараган калемгер болучу. Анын адабий билими да, табити да шайма-шай дегидей бар эле. Ушул айтылгандардын жүйөөсү барына Амандын “Ибарат” (1982), “Барал” (1982), аттуу жыйнактарынын ичиндеги ырлар жана поэмалар, баары болбосо да көпчүлүгү кадыресе ынандырат.

Албетте, ыр жаратуу жагынан Амандын колунан көп нерсе келе турган, бирок ал поэзиянын сырын билиши, көркөм сөздүн жалган-чынын ажыратышы, адабиятты түшүнүшү жагынан алдына кыргыздан аз эле кишини чыгара тургандай азамат эле.

Аман жалаң эле ыр жаздырып коё берчү сүрөткер болучу. Тилекке каршы, кыргыз шартында карандай ыр жазып, жазгандарын китеп кылып чыгаруу менен бала-чака бага тургандай акча-каражат табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан Аман жогорку мектепти бүтүргөн соң журналисттик жумушка башын байлады, сын макалалар жазууга мажбурланды. “Кыргызстан маданияты”, “Ала-Тоо” басылмаларынын сын бөлүмдөрүн башкарып, улуттук адабий сындын жанданышына үлүш кошту.

Аман өз өмүрүндө таржымачылык менен да иришти. Алардын ичинен “Менин Дагстаным” кыргыз арасында өзгөчө кадыр-барк тапты. Аны орус тилинен прозалык тексттерди кыргызчага аңтара салуу өнөрүнүн бийик үлгүсү деп тайманбай айта алабыз. Дегинкиси Аман колуна тийген иштин баарын берилгендик, билермандык, тырышчаактык менен бүтүрүүгө көнгөндүктөн котормолорун да куду өз текстиндей ийине жеткире иштөөгө жан үрөгөн.

Аман жүйрүк калем, эмне жазса, кыйналбай жазып таштагандай көрүнө турган. А чынында ал сөз азабын, ой азабын бирдей тартып, кадыресе тогуз толгонуп, чайналып жазган. Чыгармачылык иште мээнеткечтик көрсөткөн. Мунусу деле закон-ченемдүү болчу, анткени табият талант тартуулаган кишисине эмгекчилдик жөндөмүн кошо берет эмеспи.

Аман Токтогулов адабий чыгармачылыкка карандай тубаса жөндөмү жагынан, балким, Чыңгыз Айтматовдон кем калышпаган даражада жаралгандыр. Ал бүт убактысын акындыкка арнаса, акындарыбыздын биринчи катарынан орун алмак, прозада такай иштесе, андан да эң мыкты акыбеттер чыгармак. Тилекке каршы, ал өзүнүн өзгөчө бүткөн талантынын тең жарымына жакынын да ача албаган бойдон кетти. Көр-оокат, бала-чака багуу түйшүгү аны чиновник жумуштары менен иришүүгө мажбурлады. Убактысынын көбүн кызмат ыбыр-сыбыры жеди. Жазуу иштери менен дем алыш күндөрүндө, отпуска мезгилинде, ара-чолодо тийип-качып алпурушууга аргасыз болду.

Акырында Аман Токтогуловдун адамдык сапатынан да сөз козгой кетели. Анын тунук акылы, жайдары мүнөзү, өткүр юмору, жылдыздуу жагы бар эле. Келбети келишкен, өңү-түсү ийги эле. Айтор, тышкы кебетеси ички дүйнөсүнө шайкеш болчу. Ошон үчүн ага жакшы санаалаштар, аны чындап жакшы көргөндөр кыргыз интеллигенциясы арасында абдан арбын эле. Ошон үчүн анын мезгилсиз өлүмү тааныш-билиштеринин каңырыгын чындап түтөттү, ал эми менин бир капталым эңшерилип түшкөндөй абалга кирептер кылды. Себеби Аман экөөбүз, арабызда он жаштай айырма барына карабай, аябай ынак, санаалаш, сырдаш элек. Балким менин өмүрүмдө абдан көп баарлашкан, кошо күлүшкөн, адабият жагынан аңгемелешкен адамым Аман болгондур.

Мен Амандын өтө эле эртелеп көз жумганына дайыма кайгырам, чын дилимен арман кылам. Андай жаркын пейил, акыл-эстүү, таланттуу сыр билги адам кыргызда жыл сайын эле туула бербейт. Аз элден өзгөчө жаралган адамдар аз чыгат. Андайлардын өлүмү жеке үй-бүлөлөрүнүн же тааныш-билиштеринин гана кабыргасын кайыштырып тим болбойт, жалпы журтчулуктун да көңүлүн оңкулдатып кетет.

Салижан ЖИГИТОВ

Таберик ырдын тарыхы

Амандын 50 жылдыгына арнап, анын көзү тирүүсүндө жарык көргөн чыгармаларын жана котормолорун кыскартып топтоп, замандаштарынын эскерүүлөрүн кошуп “Таберик” деген жыйнак чыгарылган эле. Ошондо жубайынын үйдө жарыяланбаган жазмалары калбаганын айтканын укканмын. Кийин радио-телевидениеге, айрым газеталарга Аман жөнүндө интервью берип жүрдүм, бирок анын баарында Амандын мага арнап калтырган табериги – ыры – жөнүндө бир ооз сөз болгон эмес. Анткени мындан кырк жыл чамалуу мурда жазылган ал ыр күндөлүктүн бетине унутулган бойдон кала бериптир.

Аман экөөбүздү ынак кылган түштүктүн пахта талаасы болду. Бассак-турсак биргебиз. Жаңы барганда бир жумача кызыгып, жанды үрөп тергенибиз 65 кило болду. Андан кийин теримге кызыгыбыз жоголо баштады да, көрсөткүчүбүз төмөндөп кетти. Бирден солду “минип алып”, адабият, поэзияны кеп кылабыз, ыр окуйбуз. Түштөн кийин пахта термей жок: этектин түбүнө олтура тургандай пахта теребиз да, тыттын түбүнө көлөкөлөп олтуруп алып, дарбыз жейбиз.

Маркум Халил Бапаев кураторубуз. Жаш кези: чачы дүпүйүп таптармал, сулуу, келишкен жигит, кандидаттык диссертациясын жаңы жактаган, эрдин жалап коюп дайыма кызуу жүрөт. Бир күнү Аман экөөбүз тыттын түбүндө дарбыздан жеп кыялданып олтурсак, үстүбүздөн чыкты. Саал кызуу. “Эй күспуруштар, терген пахтаңар кана? Силерди окуудан чыгартам. Жүргүлө штабга”- деп бизди ээрчитип алды. Биз чындап корктук. “Агайладык” – болбоду. Штабга келсек, кудай жалгап, жетекчиси Токтогулов деген агай жок экен. Аны издеп улам бир терим пунктуна барып жүрүп эки саат өттү.

Акыры табылбаган соң: “А күспуруштар, ырысыңар бар экен, баргыла эми, мындан кийин жакшы иштегиле”, — деп бизди коё берди. Мына ошондон көп өтпөй эле беш-алтообуз каткырыкты салып, дарбыз жеп олтурсак баягы биз издеп табылбай калган штаб жетекчиси Токтогулов, маркум Абдыгул Жапаров, Халил Бапаев карп-курп келип калышса болобу. Баарыбыз жапырт ордубуздан туруп, башыбызды жерге салып калдык. Халил агай: “А күспуруштар, экөөңө баякүнү сабак болгон эмес экен, эми чындап окуудан чыгасыңар. Кана терген пахатаңар?” — деп эле күпүлдөп кирди. Кулда-кулак жок, дулдуюп унчукпайбыз.

— Силер пахта тербей эле дарбыз жегени келген турбайсыңарбы, — деди Бапаев, ортодо жаткан ончакты майда дарбызды көргөзүп. Ошол учурда анын көзү дал маңдайында курсагын чердейтип турган Жакып деген студентке түшө калды.

— Эй, бул эмне? – деп курсакка сайып калды эле, тигил андайды күтпөгөн бейтаалайдын оозунан бир бүртүк дарбыз ыргып кетсе болобу! Шашып кетип:

— Агай, кечээ жедим эле, — деп турбайбы.

— Ха, кысталак, айтканын кара, — деп Халил агай каткырып калды.

Биз пахтадан кайтып келгенден 20 күндөн кийин мен армияга чакырылып кете бердим. Аман ошол күнү (17-ноябрь 1963-ж) кечинде телевидениеден ыр окумак. Саат төрткө чейин мени менен жүрдү да, менин күндөлүгүмдү сурап алып, Жаш гвардия бульварында  орундукка олтура калып, бирдеме чиймелеп жаткан, 15-20 минутадан кийин: “Мырзаш, эми аман бол, кыргызды уят кылбайсың – ишенем, кош! – деп кучактады да, — эстеликке бир нерсе жазып койдум, окуп, мени эстей жүр” – деп күндөлүктү мага сунду.

Амандын жазганын мен эртеси поездде күндөлүк толтуруп жатып окудум. Заматтын ортосунда жаза салганына баа бердим. Ошол күндөлүктөгү Аман жазган таберик-ыр:

Алыска сапар жөнөдүң,
Аркырап поезд сабалап.
Чын ниетим, жүрсө болгону
Чымындай жаның саламат.

Эр жигит турмуш билеби,
Элинен алыс бөлүнбөй
Үч жылың кетсин бат эле,
Үч күнчөлүк көрүнбөй.

Ар-намыс туусун көтөргөн,
Ак калпак кыргыз элденсиң.
Ал-кубат кетсе начарлап,
Ата-Журт сага дем берсин.

Атыр жел, тунук булактуу,
Ала-Тоо аттуу жерденсиң.
Бакай, Манас сыяктуу,
Бабалар сага дем берсин.

Мырзаян ТӨЛӨМҮШЕВ

 

Акынды көргөн өлбөсүн

Аман аганын жан-дүйнөсү жалаң гана армандын бийигинен, сүйүүнүн тунугунан жаралган окшобойбу?.. Өтөгөн кыска өмүр арман, эстегенде көкүрөктү күйгүзө күлкү аралаш көз жаш апкелген шайыр мүнөзү арман, окуганда таасын айткан асыл сөзү, нукура поэзиясы, которсо котормосу, анан да ыр созсо, ыры арманга айланган бу замандашыбыздын көзү өткөнүнө туура он жыл болуптур. Ооба, жазмыштын буйругу экен, өлгөн тирилбейт, бирок турмуш уланат. Акындын бактысы – анын экинчи өмүрү болгон чыгармаларынын өмүрү. Бу жагынан алганда Аман Токтогуловдун аз да болсо кыргыз адабияты менен маданиятында калган салмактуу орду бар экен. Күнү бүгүнкүгө чейин анын окурмандары “Барал”, “Ибарат” ырлар жыйнагын, “Менин Дагстаным” котормосун, көптөгөн публицистикалык макалаларын “Жарыкта шам жагып” окуп келишет.

Акындын замандаштары, курбалдаштары айтса аңызга айланган кептери эле өзүнчө чоң китепке жарачудай тура. Адамдык асыл сапаты менен улуу-кичүүгө кылган бийик адамгерчилиги жомокко айланган устатыбыз Амандын шакирттери, анын көзүн көрүп калган, таалим-тарбиясын алып калган жаштар үчүн өзүнчө эле таберик дүйнө.

Муну биз акындын мектебинде чыгармачылык сапарга аттанган ондогон, жүздөгөн жаштардын атынан айта алабыз. Көрсө, ар бир доордун акылманы, көркөм сөз чебери, куудулу, акыны, саясатчысы болот тура. Акындын ысмын алып, керемет дүйнөгө түйшүктүү сапарга чыккан “Барал” адабий ийриминин жаштары үчүн Аман Токтогуловдун:

Неге адамга берилет кайран жаштык
Көккө шаңшып бир ирет учпаган соң?
Намыс күтүп, ар күтүп не кыласың
Катарыңдан суурулуп чыкпаган соң?
Неге жейсиң тамакты лапылдатып
Турмушуңда бир мөөрөй утпаган соң?!
– деген саптары бөтөнчө кабыл алынып, өзүнчө бир ыйман таалиминин мектебине айланган.

Бишкегим! Ордо калаам! Кай жакты карасам да Аман агамдын курбулары, санаалаштары кезигет, кадимкидей кайраттанам. Акынды көргөн өлбөсүн… деп коём ичимден. Жакшынын шарапаты менен… жапжарык таңдай аруулук деми сезилген бул инсандардын ар биринен Аман агамдын мүнөзүн, ошол доордогу не бир кайталангыс сонун иштердин демин сезип, жан-дүйнөмө кабыл алам. Ошол дүйнө керемети болгон асыл сезимдер соолубасын. Алакандай кыргызымдын уюткулуулугун, элибиздин сабырдуулугун, меймандостугун, нарктуулугун жолдоп  турган улуу Сөз бар болсун!

Жийде АСАНБЕК кызы
Аман ТОКТОГУЛОВ атындагы “Барал” адабий ийриминиин жетекчиси

“Кыргызстан маданияты” №6 (1504) август, 2002

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.