АҢГЕМЕ

Башында бардыгы ойдогудай сезилген: мен айтып бергиче аярлай тургула. Билл Дрискол экѳѳбүздүн оюбузга барымтага алуу идеясы келгенде, биз түштүктѳ Алабамада болчубуз. Билл кийинчерээк айткандай «бизди жин даарып жүргѳн мезгил экен» кѳрсѳ; бирок биз аны кеч түшүндүк.

Ал жакта Саммит аталган жайык жерде шаар бар эле, бирок аталышы кызыктай — Чоку дегенди билдирет. Андагы негизги жашоочулар качандыр бир убакта май шыргыйынын айланасында топтолушкан, кумурскага да зыяны жок, кудайы момун дыйкандар эле.

Билл экѳѳбүздѳ болгону 600 долларыбыз бар болчу, Батыш Иллинойсто жер тилкесин чайкоочулук менен сатып, акчага марыш үчүн бизге дагы 2000 доллар керек эле. Биз мейманкананын кире беришиндеги тепкичте талкуулап турганбыз. Чет жакаларда эл кѳп балалуу келишет эмеспи, анын үстүнѳ кызуу талкуу чыгарууга жупуну кийинген баяндамачыларды жѳнѳтѳ турчу гезит-журнал жеткиликтүү жерлерге караганда мындай жерде уурдоо жакшы ийгилик жаратчудай. Саммитте полиция айымдар бирин-экин ыкшоо шимшилеген иттери менен, апталык Фермерлердин бюджетинде азыноолак ызы-чуудан башка коркунуч жаратпастыгын билчүбүз.  Ошентип бардыгы ойдогудай сезилген.

Эбенезер Дорсет аттуу чыгаан адамдын жалгыз уулун барымтага алууну тандадык. Ал кадыр-барктуу, чымыр ата, дүнүйѳкор, катаал бирок чиркѳѳдѳ чынчыл акча чогулткуч болчу. Бетин сепкил баскан он жаштагы баланын чачынын ѳңү, поюзга түшѳрдѳ күркөдөн сатып алган журналдын тышынын түсүндѳй эле. Билл экѳѳбүз Эбенезерден ашык-кеми жок эки миң доллар кагып алабыз деп ойлогонбуз. Бирок аярлай тургула.

Саммиттен эки миля узакта жыш кедр менен капталган дѳбѳчѳ боло турган. Ошол дѳбѳнүн ары жак энкейишинде үңкүр бар эле. Ошол жерге керек жарагыбызды жеткирип алдык.

Бир күнү кечинде, күн батканда Дорсет чалдын үйүнүн жанынан багги[i] менен ѳтүп баратканбыз. Бала бет мандайдагы короодогу мышыкты таш менен ургулап кѳчѳдѳ жүргѳн экен.

— Эй, балакай! – деди Билл, — машинеге түшүп, бир кап таттуу жегиң келеби?

Бала кыштын сыныгы менен Биллди түз эле кѳзгѳ бир урду.

— Чалга дагы беш жүз доллар кошулду, – деди Билл дѳңгѳлѳктүн үстүнѳ чыгып атып.

Бала биз менен орточо салмактагы күрѳң аюдай кармашты; бирок аны акыры машинеге салып, полуна жаткырган боюнча айдап кеттик. Биз аны үңкүргѳ алып бардык, атты болсо кедр багына байлап койдум. Кеч киргенде автоунааны арендага алган үч миля алыстыктагы кыштакчага айдап бардым да кайра тоого жѳѳ кайттым.

Билл денесиндеги тытык менен шишиктерге пластырь чаптап атыптыр. Үңкүрдүн кире беришиндеги чоң таштын аркасында от күйүп турган, кызыл чачына жорунун эки талын тагып алган бала кайнап жаткан чайнекти карап турган. Мен жакындап келгенде, колундагы таягын мага кезеп айтты:

— Ха! Кудайдын каарына калган боз жампа, коркунуч талаасына, Кызыл Капитандын лагерине кире аласыңбы?

— Азыр ал жакшы, — деди Билл шымынын багалегин түрүп, бутундагы кѳк ала шишиктерди карап жатып. – Биз индейлерди ойнодук. Мен Кызыл Капитандын туткуну, аңчы, карыган Хенк болдум, таң атканда менин баш теримди сыйрымай болду. Кудайды карабай тебет экен!

— Жакшы, сэр, тиги балакай ѳмүрүндѳгү эң бактылуу күндѳрдү ѳткѳрүп жаткандай. Үңкүрдѳгү эс алуунун шаңы менен туткун экенин унутуп калган сыяктуу. Ал мени дароо эле Жылан Кѳз деп чокундурду, мен шпионмун, анын желдеттери согуштан келгенде, күндүн кѳзү кѳрүнѳрү менен мени шишкебек кылып жемей болушту.

Андан кийин биз кечки тамагыбызды жедик; оозуна бекон, нан, соусту толтуруп алып, сүйлѳп кирди. Анын тамак ичип жаткандагы сүйлѳгѳндѳрү мындайча болду:

— Бул жакта кандай жакшы. Мен эч качан лагерде болгон эмесмин; бирок менин колго үйрѳтүлгѳн опоссумум[ii] бар болчу, былтыр тогуз жашымда. Мектепке барганды жек кѳрѳм. Жимми Тэлботтун тайэжесинин чаарала тоокторунун он алтыдай жумурткасын келемиштер жеп кеткен. Бул токойлордо чыныгы индеецтер жашайбы? Мага дагы соус керек. Шуулдаган дарактар шамалды чыкырабы? Биздин беш күчүгүбүз бар эле. Хенк, эмнеге сенин мурдуң кызыл? Атамдын кѳп акчасы бар. Жылдыздар ысык болобу? Ишемби күнү Эд Уолкерди камчы менен эки жолу тарттым. Кыздарды жакшы кѳрбѳйм. Курбаканы жипсиз кармаш оңой эмес. Бука үн чыгарабы? Апельсиндер эмнеге тоголок? Үңкүрдѳ уктаганга жатак барбы? Амос Мюррейдин бутунда алты манжасы бар. Тоту куш сүйлѳй алат, бирок маймыл менен балык  сүйлѳй албайт. Канчага канчаны кошсо он эки болот?

Улам эле жаны тынбаган кызыл терилүү экенин эстетип, таягын алып алып, бутунун учу менен үңкүрдүн оозуна ѳзү жек кѳргѳн ак жуумал чалгынчыларга уурданып келип калат. Анда-мында картаң аңчы Хенкти титиреткен согуш ураанын кыйкырып турду. Тиги балакай башынан эле Биллдин жүрѳгүнүн үшүн алып коюптур.

— Кызыл капитан, — балага кайрылдым, — үйүңѳ барат белең?

— А эмнеге? – деп айтты. – Үйдѳ зеригесиң. Мектепке барганды жаман кѳрѳм. Бул жакта мага жакты. Жылан Кѳз, мени кайра үйгѳ алып барбайсың да, туурабы?

— Азыр эмес, — дедим мен. – Бул жакта жүрѳ турабыз.

— Макул, — деди ал. – Абдан жакшы. Мындай жыргал үч уктасам түшүмѳ кирген эмес.

Он бирлер чамасында уктаганы жаттык. Жерге кенен жууркан, жамынчыларды салдык да, Кызыл капитанды ортого жаткырдык. Ал качып кетет деп корккон жокпуз. Ал дагы үч саат бизди уктаткан жок. Бактын бутактарынын карсылдашы же жалбырактардын шуулдашы кандайдыр бир баш кесерлердин уурданып келаткандыгын элестетип алып, атып туруп, куралын колуна алып, Билл экѳѳбүздүн кулагыбызга кыйкырып турду. Акыры мен уктап кетиптирмин, түшүмдѳ кызыл чачтуу, ырайымсыз пират мени уурдап кетип, бакка байлап коюптур.

Таң эрте Биллдин ачуу кыйкырыгынан улам кѳзүм умачтай ачылды. Ал ач айкырык, сыздоо, кыйкырык, ураан же чаңырык эмес болчу, кадимки адамдын cүйлѳѳ органдарынан чыккан жѳн гана түшүнүксүз, коркунучтуу жана аянычтуу, кѳбүнчѳ аял кишилер ач арбакты же жылдыз куртту кѳргѳндѳ чыгара турган үн болчу. Алдуу-күчтүү, семиз, бирок аргасы кеткен кишинин таң заарда үңкүрдѳ токтоосуз кыйкырып турушу ѳѳн учурайт экен.

Эмне болуп кетти деп атып турдум. Кызыл Капитан бир колу менен Биллдин чачын тутамдай кармап, анын кѳкүрѳгүндѳ отуруптур. Бекон кескен курч бычак жалаңдап башка колунда экен; мурунку кечте чыгарылган ѳлүм жазасына ылайык, Биллдин баш терисин кескенге чындап берилип алыптыр.

Балакайдын колунан бычакты алып, жаткырдым. Бирок ошондон баштап Биллдин маанайы бузулду. Ал кырынан жатты да кирпик каккан жок. Мен бир аз тук эттим, күн кѳтѳрүлгѳнгѳ чейин Кызыл Капитан мени шишкебек кыларын эстедим. Мен бушайман болуп корккон жокмун; отуруп, канжаны күйгүзүп, ташка жѳлѳндүм.

— Эмнеге туруп алдын, Сэм? – деп сурады Билл.

— Менби? Далым ооруп кетти. Отурсам, жазылып кетеби дедим.

— Жалганчысың! – деди Билл. – Сен коркуп турасың. Күн чыкканда сени шишкебек кылмак, ошону кылбасын деп корктуң. Ал ширенке тапса, сѳзсүз кылмак.  Коркунучтуу бекен, Сэм? — Кичинекей тентекти кайтарып бергенде, бизге акча тѳлѳйт деп ойлойсуңбу?

— Албетте, — дедим мен. – Ушуга окшогон шок балдарды ата-энелери ѳзгѳчѳ жакшы кѳрүшѳт. Азыр Капитан экѳѳң туруп тамак жасаганга киришкиле, мен тоонун чокусуна барып, байкаштырып келейин.

Дѳбѳнүн так чокусуна чыгып, эки жакка кѳз чаптырдым. Саммит тарапта адепсиз ууруларды издеген, орок, айры менен куралданган дыйкандарды кѳрѳм го деп ойлогом. Боз эшеги менен жер айдап жүргѳн кишиден башка айлана тымтырс. Сууну бойлогон бирѳѳ-жарым кѳрүнбѳйт; алактаган ата-энесине эч кандай майнап чыкпагандыгын кабарлаган, ары-бери чапкылаган чабармандар деле жок. Алабаманын ошол аймагынын сырткы кѳрүнүшү менин кѳз алдыма мемиреген уйкудагыдай тартылды. «Мүмкүн, – дедим ѳзүмчѳ, – козуну бѳрүлѳр бѳктѳрүп кеткени билине элек. Бѳрүлѳргѳ кудай күч кубат берсин» дедим да, тамактануу үчүн тоодон түштүм.

Үңкүргѳ келсем, Билл араң дем алып, дубалга жѳлѳнүп туруптур,  кокос жаңгагынын жарымындай болгон таш менен бир коём деп бала опузалап турган экен.

— Далыма чоктой кызыл картѳшкѳнү коюп, буту менен эзди, — деп Билл айтып берди; – мен да кулак түпкѳ бир бердим. Сэм, мылтыкты ала келдиңби?

Баланын колундагы ташты алдым да жаңжалды токтоттум.

— Мен сага кѳргѳзѳм! — деди бала Биллге. – Кызыл Капитанды капа кылгандардын бирѳѳсү дагы эсебин албастан кутулган эмес. Абайлап жүр!

Эртең мененки тамактан кийин бала чѳнтѳгүнѳн жип оролгон булгаарыны алып, аны жандырган бойдон үңкүрдѳн чыкты.

— Тигиге эмне болот эми? – деди Билл таң калып. – Ал качып кетпейби, Сэм?

— Коркпой эле кой, — дедим. – Үйүн сагынган баладай кѳрүнбѳйт. Акча ѳндүрүүнүн планын ойлонушубуз керек. Саммиттин тегерегинде мунун жоголуп кеткендиги тууралуу ызы-чуу деле сезилбейт; мунун жок экендигин, балким, билише элек. Туугандары аны Жейн тайэжесиникинде же коншулардын бирѳѳсүнүкүндѳ жүрѳт деп ойлошу мүмкүн. Эмнеси болсо да бүгүн билинет. Бүгүн түнү аны куткарып алууга эки миң доллар талап кылган маалыматты атасына жеткирүү керек.

Дал ошо тапта Дэвид чемпион Голиафты жерге кулаткандагыдай согуш ураанын уктук. Кызыл Капитан чѳнтѳгүнѳн алып чыккан жипти башынан айлантып жаткан.

Катуу бир нерсе менден кайып ѳтүп,  дүңк эткенин жана Биллдин үшкүргѳнүн уктум, кудум аттын ээрин алганда ат чыгаргандагыдай үн. Жумурткадай капкара таш Биллдин сол кулагынын түбүнѳ тийди. Ал ѳзүн жоготуп койду да, отто чыны жууйлу деген сковородкадагы ысык сууга кулады. Аны сүйрѳп чыгып, жарым саат бою башына муздак суу куюп турдум.

Акырында Билл ѳзүнѳ келди, кулагын кармалап айтты:

— Сэм, Библиядагы сүйүктүү каарманым ким экенин билесиңби?

— Эч нерсе эмес, — дедим мен. – Мындан ары акылың менен иш кыла баштайсың.

— Герод король,- деди ал. – Мени жалгыз таштап, кетип калбайсыңбы, Сэм?

Сыртка чыктым да баланы сепкилдери титирегенче силкилдеттим.

— Адамча болбосоң, түз эле үйүңѳ жеткирем, — дедим. – Жакшы болосуңбу, же жокпу?

— Мен жѳн гана тамашалайын дегем, — деди муңайым. – Картан Хенкти капа кылайын деген эмесмин. Ал мени эмнеге муштады? Жылан Кѳз, үйгѳ жѳнѳтпѳсѳң, мени менен Кара Чалгынчыны ойносоң, жакшы болом.

— Мен ал оюнду билбейм, — дедим. – Билл мырза экѳѳң чечишип алгыла. Бүгүн экѳѳң ойнойсуңар. Иштер менен бир жакка кетип атам. Азыр кирип, аны менен элдешип, кечирим сура, антпесең дароо үйүңѳ кетесиң.

Аларды кол алыштырдым да, Биллди чекеге алып чыгып, үңкүрдѳн үч миля алыстыктагы Терек-Сай кыштагына барып, Саммиттеги  уурдоо тууралуу эмне сѳздѳр болуп жаткандыгын билип келеримди айттым. Дагы бир нерсе, бүгүн Дорсет чалга куткарып ала турган акчаны кантип тѳлѳѳ керектигин талап кылган Буйрук кат жазган жакшы го деп ойлоп атам.

— Сен жакшы билесиң да, Сэм, — деди Билл. – Жер титирѳѳ, ѳрт, сел —  покер оюндарында, мина жарылганда, полиция рейддеринде, поюздагы кол салган уурулукта жана добулда кабагым-кашым дебей жанында жүрдүм.  Тиги эки буттуу ракетаны уурдаганга чейин эч нерседен коркчу эмесмин. Ушундан коркчу болдум. Кѳпкѳ тиги менен калтырба, ошентесиңби, Сэм?

— Түштѳн кийин келем, — дедим мен. – Мен келгиче баланы алаксытып тур. Азыр биз Дорсет чалга кат жазабыз.

Кызыл Капитан жамынчыны оронуп алып, үңкүрдүн оозун кайтарган киши болуп, ары-бери каадалуу кишиче басып жүргѳнчѳ Билл экѳѳбүз кагаз, калем алып, кат жазганга кириштик. Билл эки миң доллардын ордуна бир жарым миң доллар талап кылууну аябай суранды.

– Илгертеден келаткан ата-эненин баласына болгон мээриминин нравалык баалуулугуна шек келтирейин деген ниетим жок, тек гана биз адамбыз го, кырк фунттук жапан таргыл мышык үчүн эки миң доллар кѳптүк кылат ко. Бир жарым миңге эле токтолсок кантет. Жетпей калган айырмасын менден аласың.

Ошентип ич ара келишип алдык да, тѳмѳндѳгүчѳ кат жаздык:

Эбенезер Дорсет Эсквайрга[iii]

Сиздин уулунузду Саммиттен узак жерге катып койдук. Издѳѳнүн жана детективдерге издетүүнүн кажети жок. Аны кайтарып алуунун жалгыз жолу – бул шарттарды аткаруу: аны кайтарып берүү үчүн бир жарым миң доллар талап кылабыз, акча кесек болсун; акча  тѳмѳндѳ сүрѳттѳлгѳндѳгүдѳй жообуңарды берүүчү жердеги кутучага калтырылышы керек. Ушул шартка макул десеңиз, бүгүн кечки саат тогузда жалгыз чабарман аркылуу жообуңузду бериңиз.  Үкү булактан ѳткѳндѳн кийин, Терек Сайды кѳздѳй кеткен жолдо, оң кол тарапта арпа талаасынын тосмосуна жакын бири-биринен жүз ярд алыстыкта жайгашкан чоң үч бак бар. Үчүнчү бактын маңдайындагы тосмо-тирѳѳчтүн түбүндѳ картон кутуча болот.

Чабарман жоопту ошо кутуга калтырып, дароо Саммитке кайтсын.

Алдап же кѳрсѳтүлгѳн талаптарды аткаруудан баш тартсаңыз, уулуңузду экинчи кѳрбѳйсүз.

Акча талаптагыдай тѳлѳнсѳ, үч сааттын ичинде уулуңуз эсен-соо кайтарылып берилет. Бул шарттар ѳзгѳртүлбѳйт, макул таппасаңыз, мындан аркы сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлбѳйт.

Айласыз эки киши

Дорсеттин адресин жазып, катты чѳнтѳгүмѳ салдым. Эми чыгайын деп жатсам, бала мага жакын келип сурады:

— А Жылан Кѳз, Кара Чалгынчыны ойносоң болот дебедиң беле.

— Албетте, болот. Билл мырза сени менен ойнойт. Ал эмне оюн?

— Мен Кара Чалгынчымын, — деди Кызыл Капитан. – Индеецтердин жакындап келатканын жашоочуларга билдирүү үчүн заставага ат минип барышым керек болуп атат. Индеецти ойногондон тажадым.  Кара Чалгынчы болгум келип атат.

— Болуптур, — дедим мен. — Зыяны жоктой сезилди. Жапайы тажаткырларды токтотууга Билл мырза жардам берет деп ойлойм.

— Мен эмне кылышым керек? – деди Билл балага шектене карап.

— Сен чу-чу болосуң, — деди Кара Чалгынчы. — Тѳрт аяктап тур. Аты жок заставага кантип бармак элем?

Планыбызды ишке ашырып алганча, зериктирбей турсаң жакшы болмок, — дедим. — Эс аласың.

Билл жерге тѳрт аяктап турду, анын кѳз карашы капканга түшүп калган коёндукундай эле.

— Заставага чейин канча бар, балакай? – сурады ал, үнү кирилдеп чыкты.

— Токсон миля, — деди Кара Чалгынчы. — Ал жакка убагында жеткиришин керек. Чу!

Кара Чалгынчы Биллдин далысына минди да теминип, буту менен аны капталга нукуду.

— Кудай үчүн, — деди Билл, — Сэм, мүмкүн болушунча эртелет. Миңден ашык сурабай эле койсок болмок. Тепкилегениңди токтотпосоң, туруп, акеңди таанытам.

Терек-Сайга жѳѳ келдим да почто менен дүкѳндүн жанында соода кылганы келген аш түгѳтѳрлѳр менен сүйлѳшүп отурдум. Эбенезер Дорсеттин баласы жоголгондугу же уурдалгандыгына байланыштуу бүтүн Саммит капа болуп жаткандыгын укканын бир мурутчан айтты. Ошону эле уккум келип турган. Махорка сатып алдым да, буурчактын баасын сурамыш болуп, байкатпастан катты салып, чыгып кеттим. Каттарды кат ташыгыч бир сааттан кийин келип Саммитке алып кетерин почточу айтты.

Үңкүргѳ келгенде Билл менен бала кѳрүнгѳн жок. Үңкүрдүн тегерегин караштырдым, кыйкырып да кѳрдүм, жооп болгон жок.

Канжаны күйгүзүп, мохтуу жээкте эмне болорун күтүп отурдум.

Жарым сааттан кийин бадалдардын шуудураганын уктум, үңкүрдүн мандайындагы түздүктѳ Билл аксаңдап пайда болду. Анын аркасында оозу кулагына жеткен бала чалгынчыдай шырп алдырбай басып келатты. Билл токтоп, шляпасын алды да, жүзүн кызыл бетаарчы менен сүрттү. Бала сегиз кадамдай артта токтоп калды.

— Сэм, — деди Билл, — мени куйту экен деп ойлошуң мүмкүн, бирок башка чарам калган жок. Чоң эле, эркекче иш кылган, ѳзүмдү коргой алган кишимин, бирок ушундай убакыт болот экен, намыс деген унутулуп, сабыр деген түгѳнѳт экен. Бала жок. Аны кетирдим. Баары бүттү. Илгери жапа чеккендер болгон, — деп улантты, алар жактырган ишин таштабастан ѳлүмгѳ дуушар болушкан. Алардын бири да мен кѳргѳн азапты кѳрбѳсѳ керек. Пландаган ишибизди аягына чыгарайын дедим; бирок чыдамым жетпей калды.

— Эмне болуп кетти, Билл? – дедим.

— Мен миңги болдум, — деди Билл, — заставага чейин толук токсон миля. Андан кийин, жашоочулар куткарылгандан кийин мага сулуу беришти. Кум желбей турган нерсе да. Бир саат бою мен ага эмнеге чуңкур бош болорун, жолдун эки тарабы бар экендигин, чѳптү эмне жашыл кыларын түшүндүрүүгѳ аракет кылдым. Чыдамым түгѳндү. Мен аны кѳк желкеден алдым да, тоодон ылдый сүйрѳдүм. Жолдо тиземден ылдый соо жеримди калтырбай тепкилеп салды; эки-үч жолу бармагымды тиштеди, эптеп канын токтоттум.

— Бирок ал кетти, — деп улантты Билл, — үйүнѳ. Саммитти кѳздѳй жолду кѳрсѳттүм да, учура бир тептим. Акчаны ѳндүрѳ албай калганыма кечирим сурайм; же Билл Дрисколл жиндиканага түшүп калмак, экѳѳнүн бирѳѳсү сѳзсүз болмок.

Билл кышылдап, бышылдап жатты, бирок албырган жүзүндѳ сүрѳттѳп бере алгыс эс алуу жана канааттанган бактылуулук сезилип турду.

— Билл,- дедим, — үй-бүлѳңѳрдѳ жүрѳгү ооруулуулар жок беле?

— Жок, — деди, — малярия жана бѳѳдѳ кырсыктан башка ѳнѳкѳт ооруулар жок.

— Анда бурулуп, артында карасаң, — дедим.

Билл бурулуп, баланы кѳрдү, ѳңү бозоруп, жерге талп деп отуруп калды да, чѳптү жана башка майда нерселерди максатсыз жула баштады. Бир саат анын акыл-эси жайындабы деп чочуладым. Анан ага планыбызды тезинен ишке ашырып, эгер Дорсет чал сунушубузга макул болсо, бүгүн түнгѳ чейин акчаны алып, биротоло бул иш бүтѳрүн айттым. Ошентип Билл болгон күчүн жыйнап, балага жылмайымыш болду да, бир аз жакшы болору менен Жапон согушундагы орусту ойнорун убада кылды.

Кесипкѳй уурулардан аша чапкан ою бузуктарга кармалып калбас үчүн акчаны алуу планын ойлонуштуруп койгом. Жоопту, кийинчерээк акчаны калтыра турган бак туш тарабы ээн талаа болгон жолдогу тосмого жакын эле. Эгерде полиция бригадасы жоопту алганы келген кишини кѳзѳмѳлдѳй турган болсо, ай талаадан же жолдон эле узактан ким экендигин кѳрѳ алмак. Жо-ок, жолдоштор! Саат сегиз жарымда бактын тѳбѳсүнѳ чыгып курбакадай жашынып алдым да, чабарманды күтүп отурдум.

Дал айтылган маалда велосипедчен чоңоюп калган бала картон кутуну тирѳѳчтүн түбүнѳ койду да, бүктѳлгѳн кагазды ичине салып, Саммитти кѳздѳй бет алды.

Мен бир саат күттүм, баары жайында экенине кѳзүм жеткенде, бактан түшүп, кагазды алдым да, тосмону бойлоп отуруп токойго кирип кеттим. Жарым сааттын ичинде үңкүргѳ келдим. Кат-калем сап менен тайтактап жазылыптыр, мааниси тѳмѳндѳгүдѳй эле:

Эки Айласыз Адамга

Мырзалар, уулума талап кылган акча тууралуу катыңар бүгүнкү почто менен келди. Менимче, талабынар бир аз жогору болуп калыптыр, ошондуктан мен киргизген сунушту кабыл аларыңарга толук ишенем. Жоннини үйгѳ алып келип, накталай 250 доллар тѳлѳйсүңѳр. Ѳз колуңардан алууга макулмун. Түнкүсүн келсеңер жакшырак болот, анткени коңшулар аны жоголуп кетти деп билишет. Баланы алып келип берген кишилерди кѳрүп калышса, бир нерсе кылышпайт деп кепилдик бере албайм.

Урматым менен,

Эбенезер Дорсет.

— Пензанстын улуу пираты, уятсыз, — дедим.

Биллди карадым да токтоп калдым. Анын кѳздѳрүндѳ тилсиз жаныбарлардын десемби же тилдүүлѳрдүн жүзүндѳгү жалдыраган сураныч бар эле.

Сэм, бизге эки жүз элүү доллар кеп бекен? Акчабыз деги бар. Бул бала менен дагы бир түн калсам, түз эле жиндиканага барып калышым мүмкүн. Дорсет мырза чыныгы жентелмен жана жоомарт экен, бизге ушундай сунуш киргизгенине караганда. Мүмкүнчүлүктү колдонуп калалы да, туурабы?

— Чынын айтсам, Билл, чалдын кичинекей кѳрѳр кѳзү менин да жиниме тийди. Үйүнѳ алып  барып, акчасын тѳлѳп, кутулалы.

Ал түнү биз аны үйүнѳ жеткирдик. Ага атасы күмүштѳн мылтык, макисин сатып алып койгондугун, биз болсо кийинки күнү аюга аңчылыкка чыгарыбызды айтып жатып үйүнѳ барууга араң кѳндүрдүк.

Эбенезердин эшигинин алдына туура саат он экиде бардык. Баштапкы сунуш боюнча бактын түбүндѳгү кутудан бир жарым миң долларды алып жатканымды элестетип турганда, Билл эки жүз элүү долларды санап, Дорсеттин колуна берди.

Биздин кетип жатканыбызды бала түшүнгѳндѳ, ач айкырыкты салып, Биллдин бутуна сүлүк курттай жабышып алды. Атасы аны жабышкак пластырды чыгарып жаткансып араң ажыратты.

— Канчага чейин кармай аласыз?

— Мурдагыдай алым жок, — деди Дорсет, он мүнѳт кармай алам.

— Жетет, — деди Билл. – Он мүнѳттүн ичинде Борбордук, Түштүк, Орто Батыш штаттарынан ѳтүп, Канаданын чек арасына кирип барган болом.

Караңгылыкка, ѳзүнүн семиз, ал эми менин  жѳѳ күлүк экендигиме карабай, Билл менден озуп, Саммиттен эки чакырымга узап кетсе болобу.

Англис тилинен которгон Алтынай ТОКТОМАТОВА

[i]  Багги – асты бийик, үстү ачык, жер тандабас жеңил автоунаа

[ii] Опоссум – Түндүк жана Түштүк Америкада кездешүүчү, бою мышыктыкындай чѳнтѳктүү сүт эмүүчү жаныбар

[iii] Эсквайр – бул жерде мырза дегенди билдирет

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.