Өзүм кааладымбы, демек болот.
Генри Форд

Сабак алаар каталарды эрте кетирген адам, артыкчылыкка ээ болот.
Уинстон Черчилль

Себепсиз эч нерсе болбойт — дүйнөдө болуп жаткан нерселердин бири — сыноо, бири — жазалоо, бирөө — сыйлык, а дагы бири — эскертүү.
Вольтер

Адам, өз көз карашын өзгөртүү аркылуу гана жашоону өзгөртө алат.
Вильям Жеймс

Ийгиликке жетем деп жеңилүүгө камдансаңыз, анда эле камданган нерсеңизди аласыз.
Флоренс Шин

Жашоого эки түрдүү көз караш бар. Биринчиси — дүйнөдө укмуштуу эч нерсе жок. Экинчиси — тегерегиңди жалаң кереметтүү, ажайып нерселер курчап турат.
Альберт Эйнштейн

Эгерде ар бир таңды жакшы тилек менен тоссоң, дал ошондой болот.
Уилл Смит

Баары эле дүйнөнү өзгөрткүсү бар, а өзүлөрүнүн өзгөргүсү жок.
Лев Толстой

Акылдуу адамдар менен лидерлердин өзгөчө касиети – бардык адамдар менен үстүртөн мамиле түзбөй, бир нече адам менен терең мамиле кыла билгендиги.
Хенрик Фенхеус

Мүмкүн эмес деген сөз — келесоолордун сөздүгүнөн.
Наполеон Бонапарт

Билген адам жасайт, билбеген адам бирөөгө үйрөтөт.
Жорж Бернард Шоу

Өзүңдү өзгөртүш кандай кыйын экенин ойлоп көрсөң, бирөөнү өзгөртүп жиберүү канчалык оор экенин түшүнөсүң.
Вольтер

Жакшы көргөн адамыңдын кемчилиги да жагымдуу, жаман көргөн адамыңдын жакшы жагы да каныңды кайнатат.
Омар Хайям

Айта турган эч нерсеси жок киши — бабыр.
Лев Толстой

Сулуу аял көздү сүйүнтөт, ак көңүл аял жүрөктү сүйүнтөт; биринчисин мыкты буюм десең, экинчиси — кенч.
Наполеон Бонапарт

Эрки бош адам — жалганчы.
Максим Горький

Майда адамдар текеберчил болушат.
Вольтер

Дайыма жылмайып жүрсөң, ички дүйнөң тазара баштайт.
Иммануил Кант

Пайда болгон көйгөйдү ал көйгөйгө алып келген ой-жорууларыңызды жана көз карашыңызды өзгөртмөйүн эч качан чече албайсыз.
Альберт Эйнштейн

Биз, көнгөн адаттарыбыздын кулубуз. Адаттарыңызды өзгөртсөңүз жашооңузду өзгөртөсүз.
Роберт Кийосаки

Бактылуу болуунун сыры, жөнөкөй нерселерден бакытты таба билүүдө.
Генри Уорд Бичер

Кыйынчылыкка туш болгон адам багынып, качпаш керек. Абалды байкап, аны чечүүнүн жолдорун издеңиз жана бардыгы жакшы бүтөрүнө ишениңиз. Сабыр кылуу — жеңиштин ачкычы.
Ник Вуйчич

Өзүңдү жоготпосоң, тагдырдын оюнчугуна айланбайсың.
Парацельс

Билим алуу жетишсиз, аны колдоно бил. Каалоо жетишсиз, аракет кыл.
Брюс Ли

Алган нерсең жакпаса, берген нерсеңди өзгөрт.
Карлос Кастанеда

Жашоонун маңызын түшүнбөсөң, жашап деле кереги жок.
Сократ

Жээкти көрбөй калгандан корксоң, океандан эч качан сүзүп өтө албайсың.
Христофор Колумб

Күндүн 2/3сүн өзү үчүн пайдалана албаган адамды кул деп айтсак жарашат.
Фридрих Ницше

Миң чакырымдык жол, кичинекей кадам жасоо менен башталат.
Лао Цзы

Биздин тагдырыбыз күнүгө 100 жолу өзүбүз байкабай кабыл алган майда-барат чечимдерден куралат.
Энтони Роббинс

Ийгиликке жетүүгө умтулба, жашооңдун маңыздуу болушуна умтул.
Бергман И.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.