“Ийгиликтин ээси көп” дейт элде. Учурда аңыз кепке айланган көчмөндөр оюну эл оозуна алынган сайын, анын арааны да, карааны калдайып баштаган тушта – бул идеяга автор болуу аракети айрымдарды тынч уктатпай калды көрүнөт. Арийне, андай авторлук насип мага буюруп калабы деген ич күйдүлүгүн белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев саналуу күн мурда туюнткансыды. Адегенде зирек окурмандардын акыл таразасына аксакалдын алакан отундай текстин толугу менен келтирели. Артынан анализ ой өзүнөн өзү чубурат…

“1992-жылы Аскар Акаев жаңыдан президент болуп иштей баштаган жылдары ага кирип: “Көчмөндөр оюндары боюнча бүткүл дүйнөлүк олимпиада уюштуралы. Бүт дүйнөлүк Олимпиада оюндары – бул Батыш дүйнөсүнүн улуттук оюндары, баскетбол, волейбол, футбол, кёрлинг жана башкалар. Ал эми биздин улуттук оюндарды спорттун түрү катары олимпиада оюндарына кошпой, жакындатпай келатышат. Ошондуктан биз өзүбүздүн бүткүл дүйнөлүк оюндарыбызды уюштурушубуз керек. “Олимпиада оюндары” деген бул бренд катары таанылган, ошол себептен “Көчмөндөр оюндары” деп аташ керек деп айттым. Акаев каршы болгон жок…”, – деп билдирди дүйнөгө белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев 5-каналдагы маегинде, –//kyrgyztoday.kg \Бейшемби, 7 Март 2019 — 18:45\

Мындайда: “Жоо кеткен соң – кылычыңды ташка чап” чындыгы жашачу эле. Биз билгенден Б.Шамшиев А.Акаев заманында да, К.Бакиев заманында да бийлик курчоосунан анчалык обочо сүрүлүп калбаган, бийлик башындагыларга сөзү өтүмдүү, кадыры калбааттуу көрүнгөн кошоматчылар коомунун башында турган аксакал эле. Көчмөндөр оюндары Кыргызстан үчүн бренд болуп калчу мүмкүнчүлүк экенин Акаев тушунда эле демилгелеп чыккан болсо, андан береги жылдар бою эмнеге үн катпай келди экен?..

Дегеле “көсөөнүн акылы түштөн кийин” болуп, неге кыргыз интеллигенциясынын аксакал мууну кезинде тилин тиштеп жүрүп эле, кайсы бир иштин оңтою келе калганда – караанын калдайтып капталдан чыга калышат?!.

Дүйнөгө белгилүү деген аксакалыбыздын бул билдирүүсү ага канчалык деңгээлде салабаттуу абырой алып келерине ишениш кыйын. Токсонду таяган аксакалдын минтип желпинген күүсүнүн артында не таарыныч жатканына жеңил-желпи жооп болбосун үчүн андан аркы ич күптүсүн төмөн жакта келтирилген тексттен туюп алаарсыздар…

Кинорежиссёр Болот Шамшиев

Кыязы, учурда коомчулук назарынан алыстабаган теманын бири “Көчмөндөр оюну” менен катар көкбөрү оюну көп талкуу жаратып жатканынан улам Болот Шамшиев өзүнө упай топтоого далбас урганы – соңку жылдары ал кишинин аты-жыты коомчулукка анча угулбай калбадыбы…

Бир жагынан мамлекеттик сыйлык-наамдардын кусаматы – кыргыз интеллигенциясын качан эле тынч уктатып келди эле. Ошондон улам ушул теманы көтөрүп чыгуунун айласы оңдуу олжодой көрүнгөн белем, 20 жыл мурунку эмгегин эл эсине салыптыр. Салганда да аксакалдык аброюна сыйбас, башка бирөөлөрдү жалган жерден каралап өткөн таарыныч менен коштолуптур анысы. Кептин чын-төгүнүн териштире келсек, карыянын дооматы караманча калп болуп чыкты.

Анын айткандарын “Көкбөрү” федерациясынын айрым өкүлдөрү жокко чыгарганынан улам биз жогоруда келтирилген анын текстине ой калчап көрүп, маселенин маңызы башка жакта жатканын туйдук. Көрсө, баягы эле сыйлык-наамдардын кусаматы кууратып аткан шекилденет…

Эмесе, аксакалдын таарыныч кебине кезек берип, анан ага карата “Көкбөрү” федерациясынын тарыхына тээ 90-жылдардан бери аралашып келген КР спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу, көкбөрү оюнунун белгилүү судьяларынын бири Муратбек Азарматов, “Дордой” командасынын капитан командири, Эл аралык класстагы чебер оюнчу наамы бар Эмил Бокошев жана “Рассвет” командасынын капитан командири, Эл аралык класстагы чебер оюнчулардын дагы бири Бөкөнбаев Индусбектин так-кесе жоопторун окурман журтунун таразасына коюуну эп көрдүк…

Адегенде Болот Шамшиевдин айткандарын толук келтирели:

“Көчмөн оюндары көк бөрүсүз кызыктуу болбой калат. 1997-жылы мен биринчи жолу көк бөрү боюнча мелдеш өткөрдүм. Ошондо көк бөрү дегенди мен ойлоп таптым. Эрежелерин мен өзүм жаздым. Өз колум менен жаздым, орусча. Анан менин орун басарым Темир Дүйшөкеев болчу, ал кыргызчага которду. Тайказан дегенди мен ойлоп чыгаргам ошондо. Бирок, аны бир жолу бир жерден көргөн болчумун. Оюнчулар улакты сандыктын ичине ыргытып жатышкан, муну бир кичине кезимде көргөн болчум. Кайсы жерде экенин азыр билбей калдым, Чүйдөбү, Ысык-Көлдөбү, Токтогулдабы же Таластабы, иши кылып көргөм. Балким түшүмдө көргөндүрмүн, иши кылып менин башымда сакталып калыптыр. Баскетболдо топ таштай турган алкак бар, хоккей менен футболдо дарбаза бар, топ киргизе турган, оюндун жыйынтыгын күйөрмандар көрүш керек. Менин кесибим режиссер болгондуктан мен оюндун кызыктуу жагына жооп беришим керек. Эски улак тартыш кандай болчу, 1 чакырым, 5 чакырым алыска алып кетип, өзүнчө ойноп эле жүрүшчү. Анан мас болгону көп болгон совет заманында.

Бала кезимде мен Орто-Сайда таэнемдин колунда өскөм. Улак тартышты көп көргөм. Бир белги коюлган жерге таштаса таштап, таштабаса алып кетип калышчу. Ошондуктан эрежелерди ойлоп таптым, эки команда болот, ар биринде мынча киши болот, эки тай казан болот, ким канча жолу улак таштаса ошончо упай эсептелет деп. Анан ошол кездеги улак тартыш боюнча адистерди жыйнадым, Мурат келди, калыстын атын унутуп турам, Арашандан Кайырбек деген келди, Алмалуудан келди, Бакайырдан… баарын чогултуп, өзүмүн машинама олтургузуп, аттарды жүк ташууучу машинага жүктөп алып келгенбиз. Анан стадиондун узундугун 250 метр, туурасын 80 метр кылдык… 1996-жылдан 2000-жылга чейин мен көк бөрүнү көзөмөлдөп турдум… 1996-жылы Көк бөрү федерациясынын уставын мен өзүм жалгыз жаздым. Федерациянын биринчи учредителдик съездин өзүм уюштуруп өткөрдүм. Съезд өтүп жатканда мен түшкө чейин өзүм алып бардым, түштө мени өкмөткө чакырып калышты. Мен съездди алып барууну Болот Шерниязовго тапшырып коюп өкмөткө кеттим. Кайра келсем Болот Шерниязов Көк бөрү федерациясынын президенти кылып өзүн шайлаптыр. Ал күнү федерациянын президенти мен болушум керек эле… Кийин Болот Шерниязов ушул Көк бөрү оюнунун биринчи бузукусу болуп калды. Бул адам мени алдап кетти. Мени өкмөт чакырып кеткенинен пайдаланып, федерациянын президенттигине өзүн-өзү шайлап алды. Ал күнү мен федерациянын президенти болуп шайланышым керек эле. Ал күнү Болот Шерниязов мага кара өзгөйлүк кылды. Мен эч нерсе деген жокмун. Эгер сага президенттик эле керек болсо иштей бер деп койдум. Анан Бириккен Араб Эмираттарына Кыргызстандын консулу кызматына кетип калдым. 22 жыл тим койдум, эмне кылашат экен деп. Жыйынтыгын көрүп жатасыңар, бардак кылышты… Казактар каалаган эреже менен ойной беришсин, бирок казактар бизди өз эрежебизден, тай казандан баш тартууга мажбур кылалбайт…”, – деди Болот Шамшиев.

Булак: http://kyrgyztoday.kg \Бейшемби, 7 Март 2019 — 18:45\ Бактыбек Эргешов

Азарматов Муратбек

Ал эми бул боюнча “Көкбөрү” федерациясынын ардагер өкүлдөрүнөн төмөндөгүдөй жоопторду алдык…

Азарматов Муратбек, КР спортуна эмгек сиңирген машыктыруучу, белгилүү судья:

– Кимди шайлайбыз болуп группировкалашып турганыбызда, көпчүлүк тарап Аскар Салымбековго токтолдук. Бирок бизди Болот Шамшиев: “Башын мен баштагамын, эмгек кылдым. Туура көрсөңөр мени президент кылгыла” деп бизди даярдап жүргөн. Жеке мага ошентип кайрылды. “Сен эми эски карышкырсың, көбүн тааныйсың, балдарга айт”, — деди. Анан мен тияк-бияктагылар менен сүйлөшүп баштадым. Советбек Токтогазиев ал кезде бакылдап турган кези. Таасири чоң. Ага айттым эле, көнө турган эмес. Ал чыкты Салымбековду же Шерниязовду шайлайбыз деп. Айтор, экөөнүн бирөө деди. А мен тамашаладым, “сен Таласыңа тартпа, жердешиңди сүрөп. Салымбековду эле шайлайлы”, — дедим. Башында көнбөй атып, кийин макул болду. “Ай бирок Шерниязовду шайласак болмок, ошонун колунан келмек көкбөрүнү көтөрүү”, — деп калды. Бирок көпчүлүктүн маанайы Салымбековго ооп калды.

– Чынын айтканда колунда акчасы бар кишиге ыктадыңарбы ошондо?

– Акчасынан мурда бизге көкбөрү десе ичкен ашын унуткан жетекчи керек эле. Анан албетте, акчасы бар киши шайланганы деле жаман эмес да. Себеби уюштуруу иштерине акчасы жок кишинин колунан бирдеңке келеби? Ошондон улам Салымбековду ылайык көргөнбүз. Ал кезде “Дордойдон” акчаны күрөп таап аткан кези болчу. Чынында ал кезде Болот Шерниязовду көкбөрүчүлөр арасында Токтогазиевчелик жакшы тааныган деле эч ким жок экен. Б.Шерниязов – болгону айылдык кеңештин депутаты экен ал кезде. Ошол киши эле Шерниязовдун талапкерлигин баарыбызга какшап туруп алды. “Мен кепил болуп бере алам, Шерниязов иштей алат”, — деген принцибинен кайтпады. “Көзүм жетип турат”, — деп эле күпүлдөп туруп алды. Анан ары кеттик, бери кеттик. Добуш берүүгө келгенде, мен азчылыктын арасында болуп калдым.

Баары эле Шерниязов тарапка ооп кетти. Ошону менен Шерниязов шайланып калды. Болбосо Шамшиев баарыбызды даярдап кеткен, мени шайлайсыңар деп. Баарыбыз эле макул көрүп турганбыз, бирок аягында баарыбыз Шерниязовго ооп кеттик. Бокең анан ошондон ары көкбөрүнү дүрүлдөтүп алып кетпедиби…

Баса, добуш коюуга келгенде Б.Шамшиевдин ысымы тизменин эң башында болчу. Анан Салымбеков, үчүнчү болуп Шерниязов болчу. Болгону ушул үчөө атаандашмак. Эл да анын талапкерлигин көрсөткөндү туура көрдү, себеби эмгеги бар дедик. Бирок эл деген эл да, кырдаалды байкайт экен. Салымбеков шайлоого келгенде, таптакыр баш тартып туруп алды. Мен болбойм деп талапкерлигин алдырып таштады. А шайлоо жыйынтыгына келгенде Шамшиевге бир да добуш салынган жок. Ошону менен көп добуш алган Шерниязов бекилди.

Индусбек Бөкөнбаев

Индусбек Бөкөнбаев, “Рассвет” командасынын капитан командири, Эл аралык спорт чебери:

– Бизге кимиси президент болот – баарыбир болчу чынында. Бизге улак тартыш оюну болсо болду да. Негизгиси бизге көкбөрү оюну көп-көп өтүп турганы гана маанилүү да. Мага айтышты, Шерниязовго добуш бер деп. Макул дедим, добушумду бердим. А Б.Шамшиевге бир да киши добуш салган эмес.

– Шайлоо жүрүшүндө ыйкы-тыйкылар болду беле, талапкерлер боюнча?

– Жо-ок. Баары тып-тынч өтүп, тарап кеткенбиз. Баланча талапкер өтпөй калды деп нааразы болгон кептер айтылган эмес эч бир.

– Болот Шамшиев ошондо залда отурду беле?

– Ооба, отурган.

Азарматов Муратбек: – Ооба, Шамшиев да катышып отурган залда.

– А Шамшиев жазып атпайбы, “…Мен съездди алып барууну Болот Шерниязовго тапшырып коюп өкмөткө кеткемин” деп.

Азарматов Муратбек: – Жок, андай болгон эмес, ал киши залда отурган эл менен катар. Ал киши өкмөтка барып келгенден кийин шайлоо болгон. Мунун баары протоколго жазылган да…

Индусбек Бөкөнбаев: – Ооба, залда отурган.

Солдон оңго — Эмил Бокошов

Эмил Бокошов, “Дордой” командасынын капитан командири: – Катышып отурган ал киши. Бул факт. Баарыбыз мандат көтөргөнбүз. Мага Мурат байке келди, Шерниязовду шайлайбыз деп. Мен анан ал кишинин кебинен чыкканым жок.

Бул туурасында Болот Шердин өзүнө да суроо узатып көрсөк, ал киши буга кыскача токтолду:

– Азыр баарынан сурасаңар болот, кимисине барып, мага добуш бергиле деп кайрылыптырмын. Мен да баш тартып, талапкерлигимди койбой тургандыгымды билдиргемин. Анан туш-туштан келе башташты, сени шайлайбыз дешип. Баары Салымбековго добуш сала турган болуп калган, бирок ал киши караманча баш тартып туруп алды… Шайлоодо үч жүздөн ашык киши болгон. Ошолордун эч кимиси калп айттырбас. Шамшиевге бир да киши добуш салбай койгону – аксакалды сындырып койгондой болду окшойт.

Болот Шамшиевдин мындай таарынычына эмне себеп болгонуна биз сөзгө тарткан күбөлөрдүн баары “Билбейт экенбиз” деген гана жооптор менен чектелишти.

Болот Шерниязов “Көкбөрү” федерациясын он жылдан ашуун убакытта эң мыкты башкарганын баса белгилеген Муратбек Азарматов буларды кошумчалады:

– Азыр көчөдөн өтүп бараткан кишиден сурасаң да айтат, “Көкбөрү” федерациясын Б.Шерниязов жетектеп турган жылдары дүйнөлүк денгээлге кандай көтөрүлгөнүн. А азыр ушул турган казактарга теңеле албай калдык. Кийинки президенттердин эч кимиси Шерниязов бардагыдай иш-чаралардын жарымынын жарымынчалык да уюштуруу иштерин кыла алышкан жок. Муну элдин баары айтат. Анан эле кандай кишилер муну тескери бурмалаганына таңгаласың.

«Көкбөрү» федерациясын негиздөөчүлөрдүн бири — Болот Шер

Оюн учурунда кээси кырсыкка кабылат, аттар өлөт экен дешет. Мен деле бала күнүмдөн аралашып жүрөм, көкбөрү оюнунан башы айрылган жигиттердин эч кимисин көрө элекмин. Бирөө-жарым кырсыкка кабылса, калыстар жооп берчү. А азыр калыстарды оюнчулар сабап атышпайбы, сыйламак тургай. Башын жарып салышат. А Бокенин убагында, судьяга өйдө карай алышчу эмес оюнчулар. Дароо оюндан чыгып калышчу. Мени Таку деген оюнчу, “Энеңди…” деп сөгүп койгону үчүн бир жыл оюндан чыгарылган. Ал кезде дисквалификация эрежесин катуу карманчубуз. Азыр кайдан?! Мыкты оюнчулардын бири болчу ал, ошого карабай бир жыл бою оюндан четтетилген.

Ошондон кийин бир да оюнчу, судьяларга өйдө карабай калган. Тартип деген ушул да. Азыр энеңди сөгүп, ит акмагыңды чыгарышат оюнчулар. Чар жайыттык азыр. Кийинки президенттерибиз талкалашты баарын. Бакиевдин тушунда Конгантиев, Атамбаевдин учурунда шоопурду президент кыла коюшту эле, эмне болду? Демилгени казактарга алдырып коюшту. Көкбөрүнүн баягы заманы жалп өчтү. Айтор, федерация иши Шерниязов кызматтан кеткенден кийин таптакыр өлдү!

P.S. Мына, азиз окурман! Улуусу болобу, кичүүсү болобу – кыргыздын көралбастык, ичи тардык ооруусу кайда жатат?! Айыккыс дартпы бул бизде?!

Учурда “Көкбөрү” федерациясы кургуйдагы абалга кептелип, коңшу турган казак боордошторубуз менен болгон оюнчулар арасындагы таарынычтын аркасы эмнеге алып келди? Азыр Кыргызстан менен Казакстандын оюнчулары ортосунда ынтымак ыдыраганы аз келгенсип, дүйнөлүк мелдештерди уюштуруу маселеси ыр-чырга айланып ырбап турган кезеңи. А Бакай бабабыздай акыл-кеңешин берер карыларыбыздын калпты чындай койгулаштырганынын аркасында не таарыныч барбы, не ич күйдүлүк барбы – аны окурман журтунун таразасына калтыралы…

Тек, көөнө ата-бабабыздын көкбөрү оюну Кыргызстанды кыйырга таанытар кезеңде минтип ич ара ыркыбыз ыдырап, ырысыбызды чачып отурбуз! Кайсынысы маанилүү?..

Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.