Мамлекеттик казынадан миллиондогон акчалар жумшалса да бирок натыйжалуу, жыйынтыктуу иш жүргүзө албаган мекемелерибиз толтура. Ал эми “«РухЭш» сайты жеке адам тарабынан түзүлүп, финансылык эч бир колдоосу жок болсо да кыргыз тили менен катар улуттук адабияттын өнүгүүсүнө опол тоодой күч үрөп келе жаткандыгын социалдык тармактар дайыма жазып жүргөнү белгилүү.

Келечек муундагы жаштарыбызды көркөм адабиятка кызыктырып, ал эми өспүрүм курагындагыларга дүйнө эл жомокторун кыргыз тилине жеткирүүдө талыкпай эмгектенип келе жаткандыгы үчүн аталган сайттын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин аракетин колдогон Жогорку Кеңештеги кесиптештеримдин эстафетасын мен да кабыл алдым.

Маданият, адабият жаатындагы өкүлдөрдүн интеллектуалдык аянтчасына айланган «РухЭш» сайтынын гуманитарлык багыттагы иштери үзгүлтүксүз улана беришине тилектештигимди билдирем. Жана ушул сайттын 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине жеке өзүмдүн атыман беш миң сом көлөмүндө колдоо көрсөтүүнү чечтим. Ошондой эле мындан ары карай эне тилибиздеги электрондук адабияттын өнүгүшүнө кайдыгер карабайт деген чоң ишеним менен эл өкүлдөрүнүн арасынан Тулендыбаев Пархат Розымовичке эстафетамды өткөрүп бермекчимин…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.