АҢГЕМЕ

1920-22-жылдардын аралыгы кыргыздар менен жамаатташ жашаган Луговой, Меркени жердеген казак эли үчүн өтө оор мезгил болгон. Ачарчылыктан жана мал жанды кылыч чапкандай мойсогон жут, казактарды Чөңөр, Калмак-Кыя ашуулары аркалуу Кушчу, Жетиген уруулары мекендеген Талас өрөөнүнүн жогору жактагы чөлкөмүнө баш калкалап келүүгө аргасыз кылган.

Ал кезде казактарга салыштырмалуу биздин эл журтубуз тың жашаган. Кеңеш өкмөтү жаңыдан баш көтөрүп, бирок тоо арасындагы алыскы айылдарга өз өкүмүн анчалык жүргүзө элек мезгил болгон. Ошондон улам бир уруу казактар Жетигендин белгилүү манаптары Нанайдын Токтогулу менен Кудабайдын Асанын жек жаатчылык байланыштардан улам беттеп келишип азыркы Талас районундагы Арал айылынын аймагында туруп калышкан.

“Атадан алтоо болсоң, ар жалгыздык башта бар” деген сыңары, келген казактарга убактылуу кыргыз элинин арасында жашоого уруксат берилгени менен, ар ким өз арбайын согуп, ачарчылыктан жакындарын сактап калууга аракет жасашкан.

Ошолордун бири Жакутсары аттуу казак жигит, чиедей беш уул-кызын, сексен жашка таяп калган ата-энесин кыштан аман чыгарып, ачарчылыктын ач тырмагынан канткенде эсен-соо сактап каларын билбей чарк айланып, айласы куруду.

Жакутсары казак ичинде саяпкерлиги менен атак алган, таптаган күлүктөрү дубан бузуп кыргыз-казак ичинде белгилүү болуп, улуу-кичүүгө кызматы өтүп калган мыкты жигиттердин бири эле. Бүгүн болсо минтип башына жакырчылыктын көйгөйү үйүлүп, өзүнүн гана эмес үй-бүлө, ата-энесинин жашоосу туюкталып турган мезгилде колунда таяна турган акыркы жөлөгү, күлүктүн күлүгү Торучаарды кыштан чыгарлык аштыкка алмашууга пейил салып, көкүрөгү түтөп, аргасы түгөнүп турду.

Базарга деле алып чыксамбы деп ойлонду, бирок атынын баркын, наркын, атагын билбеген мажирөө бирөөнүн колуна арзанга кетип, кор болуп калышынан чочулады. Торучаардын маңдайынан сылап, кирпиктери төгүлүп, шамдай жанган жашылданган көздөрүн тике карай албай, анын улам окуранып, жерди чапчып турушун башка бирөөнүн колуна кетээрин туюп, өзүнө нааразычылыгын айтып жаткандай сезип, атынын алдында күнөөлүү болуп, этек-жеңи узарып шөлбүрөдү.

… Торучаарды тай кезинде бүгүн убактылуу жашоосун өткөрүп жаткан дал ушул кыргыз айлынан жетелеп кетип баратканда алчактаган аты менен улам алдын торой бастырып, бир топко чейин өзүн ээрчип:

— Жакутсары, ушул тайга менин да көзүм түшүп жүрчү эле, байлыгың бар экен, сен илип кеттиң, буйруса, чагы келгенде казак, кыргыз ичинде дубан бузган күлүк болот. Дурустап багып, өксүтпөй асыра. Антүү колуман келбейт десең, муногу мен минип турган күлүккө алмаш, үстүнө эки батман буудай берейин, таштап кет, — деп өзүнө жашташ курактагы Медетбек туткактаган.

Анда Жакутсары тигиге кызыраңдап:

— Бул торутайды кудай казакка буйруп койсо кантесиң. Мен да бул жаныбардын келечегин алаканга салгандай көрүп турам. Эми мындан ары кыргыздын сайган байгесин, намысы менен кошуп казакка чыпчыргасын коротпой алып берип турганы эле болбосо, бул торутайдын силерге кылы да тийбейт.

— Чү, жаныбар, – деп атын теминип тыпылдаган торутайдын башын кейкеңдете өктөм жетекке алып жөнөй бергени эсине түштү.

Медетбек да бул кезде Жакутсарыдай атагы алыска кетпесе да, өз алынча күлүк кармап, аттын сырын, сынын мыкты билген саяпкер, айыл ичинде кадыры бар орто чарба, дыйканчылыкка ыктуу оокаттуу адам эле.

Жакутсары айласы жок сабылып, эми минтип өзү теңине алып салам бербеген Медетбектин эшик алдында турду.

Ал-жайды сурашып, төрдөгү көлдөлөң үстүнөн орун алгандан кийин, өзүн көп казактын бириндей суз кабыл алып калбаат олтурган Медетбекке карап, кеп учугун Жакутсары өзү баштады.

— Меке, сенин жашоо шартыңды да көрүп турам, жеңил эмес көрүнөт. Ошентсе да менин Торучаар күлүгүмдүн наркын, баркын бул жерде сенден мыкты билер эч ким жок. Бир кезекте кесир сүйлөп, “Торучаар казакка гана буйруган мал” деп бейооздонуп койгонум бар эле, аны оюңдан алып сал да, кыштан чыкканга үч пуд арпа таап бер. Торучаар сеники болсун. Тай кезинде көзүң түшүп калды эле, көрсө кудай баралына келгенде бул күлүктү сага буйруган экен. Торучаарды бир гана сен кор кылбай, кызыгын элге тартуулап, кызылын энчиңе бастырып, күлүктүн күлүктүгүн түмөн журтка даңазалай алаарыңа көзүм жетип, ыйманым сүрүлүп, ар-намысым сынып турса да эшигиңе келдим.

Медетбек Жакутсарынын убадасын бекемдөө ниетинде сунган колун кыса кармады:

— Сен Торучаар үчүн үч пуд арпа сурап жатасың, мен ага дагы бир пуд кошуп, төртөө кылып берейин, бирок экинчи менин үйүмдүн эшигине кайрылып келбе, аштык сага буйрусун, ат мага буйрусун.

Жакутсары Торучаар күлүгүнө алмашкан төрт пуд арпасы менен өз үй-бүлөсүн гана эмес, ачкачылыктан шишик баскан ондогон жакын тууган-туушкандарын да ажалдан арачалап аман алып калды.

Өлбөгөн кулга жаз келип дегендей, жер жарылып көк чыгып, анча-мынча жуттан аман калган мал тоюнуп, эми айран-сүткө аралашкан казактар, бир тиштем нанына чейин тең бөлүшүп көз көрүнөө кыргындан алып калган кыргыз айлына ыраазычылыктарын айтышып, өз жерине сапарын улашты.

Арадан үч жыл өттү. Жакутсары тың жигит эмеспи, өз жерине баргандан кийин бат эле мал-келин курап, бардар турмушка аралашты. Канчалык оокат ашы жакшырып, эл ичинде кадыр-баркы көтөрүлгөнү менен Жакутсарынын жүрөгүн эзген күйүтү күчөй берди. Ал мындан үч жыл илгери айрылган Торучаар күлүгүнүн кайгысы эле. Кийинки күндөрү өткөн кездин баары эстен чыгып, эмне үчүн төрт пуд арпага атымды алмаштым экен деп өзүн-өзү күнөөлөп, ал түгүл Медетбек атын алдап алып койгондой сезиле баштады.

Кыргыз менен казакта “Адам жылкы мүнөздүү, кечээкисин бүгүн унутат” деген сөз бекеринен чыкпаса керек. Же мүмкүн булар жылкы баласына өтө жакын болгондон улам анын беш күн жайлоо көрсө баарын эсинен чыгарган, атырылган, жулкунган, чакчырылган мүнөздөрү оошуп, жугушуп олтуруп бири-бирине болгон ысык ымала-мамилеси ошондон жаралганбы деп да ойлоп кетесиң.

Дал ушундай жылкы мүнөздүүлүк эми Жакутсарынын жан дүйнөсүн сапырып, аны Медетбек чындап эле арбап, алдап атын алып калып, өзүн айдап жибергендигине ишендирип салды. Азыр эле аттанып чыгып, Медетбектин коргонунда байланган Торучаарды жетелеп жөнөгөнү көз алдына элестеп, жүрөгүнүн башында өзү да түшүнбөгөн ичи тардыктын, көрө албастыктын оту жалындап көкүрөгүн тээп, ызага уукчу болду. Бир жагынан кыргыз тарапка жек-жаатчылык байланыштар аркалуу барып келген казактардын оозунан:

— Ой, бой-ай, бизге ашуулаш тиги кыргыз айлында Медетбек дегендин Торучаар күлүгү дубан бузуп биягы Олуя-Ата, тиягы Аксы, Чүйгө чейинки ат чабыштарда эч кимге намыс алдырбай, ээсин байгеге тундуруп жатыптыр, — деген сөздөрү Жакутсарыны акылдан таптакыр адаштырды.

Жакутсары Торучаарды уурдап да болсо алып келүүгө камына баштады. Бирок өзү жалгыз, дайыма кайтарууда турган малдын ээсинин көзүн канткенде жазгырмак. Ойлонуп, толгонуп олтуруп, өзү менен ынак, айткан тилинен чыкпаган, күч десе күчү, акыл десе акылы бар, ортолорунан кыл өтпөгөн досу Курмангалий гана бул опурталдуу иште ийиндешип туруп берээрине ишенип, ага барып акыл салды.

Жакутсарынын кызууланып сүйлөгөн кебин бөлбөй кунт коюп уккан Курмангалийдин кабагы бүркөлүп, түнөргөндөн түнөрдү. Анан Жакутсарынын жүзүнө тике карап:

— Досум, башка жактан бир баш эмес бир үйүр жылкы чаап кел десең да даярмын. Бирок башыбызга оорчулук түшүп турган мезгилде бир кочуш талканын балдарынын оозунан тартып бизге берип, бир айыл элибизди кыштан аман асырап чыккан ашуулаш кыргыздарга сенин бир атың үчүн абийириме камчы басып уурулукка бара албайм. Ошол атыңа алмашып келген төрт пуд арпа менен жалгыз сен гана эмес мен да, биз сыяктуу канчалар кыштан эсен-соо чыкканы эми курсагың тойгондо эсиңден чыгып кеткен экен. Торучаар үчүн ошончолук ичиң күйүп, жаныңды коёрге жер таппай турсаң, биздин Кулансарык жайыгында жайлоокерчилик өткөрүп жаткан Эркебулан болушка барып арыз муңуңду айтып көр. Ал киши казак ичинде гана эмес кыргыз ичинде да өзүнүн адилеттиги, калыстыгы менен оозго алынып, эки элдин ынтымагына данакер болуп жүргөн нарктуу адам. Анын үстүнө Арал айылынын манаптары Нанайдын Токтогулу, Кудабайдын Асаны менен эски жек-жаатчылык жайы бар. Эмне болсо да бул жумушту эл ичине бүлүк түшүрбөй, сабырдуулук менен чечкенибиз оң болот, – деп Курмангалий Жакутсарынын көкүрөгүндө калыңдап кеткен ышын күбүп узатты.

Эртеси эки дос Кулансарык жайыгында жайлоонун рахатын көрүп, кирип чыккандар үзүлбөгөн сегиз канат ак өргөөдө эс алууда жаткан Эркебуланга жетип барышты.

Жакутсары менен Курмангалийдин Торучаар күлүк тууралуу баянын уккан Эркебулан бир эт бышым ойлонуп олтуруп, тигилерди кайра чакырды.

— Бир төөгө сегиз пуд буудай артып, эки мыкты ат жетелеп жөнөй берели, калганын кыргыз боорлордун дасторконунун үстүндө көрөбүз, – деп ал өз бүтүмүн чыгарды.

Күн аралабай Арал айылынын манабы Нанайдын Токтогулунун үйүндө той түштү. Эки элдин ортосунда кара нардай кадыр-баркы бар Эркебулан жоон топ узатуучулары менен Токтогулдун өргөөсүндө кенен жайылган дасторкондун четинде олтурушту.

Казактар келген күнү жылкы союлуп, жакшылап коноктолду. Мейманчылыктын шарты боюнча ал-жайды гана сурашканы болбосо, кыргыз тарап Эркебуландын максатын билип турса да, дасторкон үстүндө башка сөз козгошпой, сыпайы сый көрсөтүшүп тигилердин эрки менен болушту.

Эртеси шашкеде гана барып Эркебулан баштаган казак тарап Нанайдын Токтогулу менен Кудабайдын Асаны баштаган кыргыз тарап өзүнчө тигилген ак өргөөгө киришти. Сөз кезегин озунуп Эркебулан баштады.

— Токо, Асаке, өркөчүндөй төөнүн, эмчегиндей бээнин эзелтеден жамаатташ жашаган эл журтпус. Бирибизди-бирибиз ачта да, токто да көмөккө алып өстүрүп өйдөлөтүп, жөлөктөп келатабыз.

Кептин ток этер жери, мындан үч жыл илгери биздин эл азып-тозуп айлыңарга келгенде байкоос жерден бул Жакутсарынын Торучаар күлүгү төрт пуд арпага алмашылып кеткен экен. Бүгүн биз силерге төрт пуд арпанын ордуна сегиз пуд буудай, бир аттын ордуна эки ат алып келдик. Торучаарды казакка кайрып беришиңерди өтүнүп алдыңарга келип олтурбуз. “Бутак баскан арчаны сомдосо болот, байкабай жасалган ишти оңдосо болот” эмеспи, Торучаар күлүгүбүздү кайрып бергиле…

Эркебулан өзүнүн тилинен асели тамган ширин сөзүнө кулак төшөп олтурушкан Жетигендин мыктыларын муютуп көпкө сүйлөдү.

— Ооба.

— Ошондой.

— Сөз эмес бекен, – деп анын айткан ар бир кебин коштоп олтургандар казак тараптан гана болуп, кыргыздардын тымып олтурушу – сөзүн аяктап, алдындагы кымыздан кулк-кулк жутуп жаткан Эркебуланды саал эсине келтиргендей болду.

Кыргыз тараптан Нанайдын Токтогулу:

— Эркебулан сенин атагың, даңкың кыргыз-казак ичинде өтө үлкөн эмеспи. Сен түз эле бизге жапырык жасаба. Бул жигит Торучаарды чын эле төрт пуд арпага байкоос алмашкандыр. Ошентсе да алыстан баш паанек издеп ашуу ашып, кыш күрөөдө кыргыз ичине келген казактарды билбейм, бирок мындан үч жыл илгерки ачарчылыкка кошул-ташыл жут каарыган кыш айлары биздин көкөйүбүздө азыр да сакталуу. Кантсе да меймандын жолу улук, атайын арзып сурап келген малыңарды берүүдөн мурда калыстыкка келели. Ал үчүн ушул жердеги эки тараптан чогулган карыялар эртең шашкеге чейин эки суроого жооп дайындап келишсин. Биринчиси, ошол кезде базарда үч пуд арпанын баасы канча болгон?

— Төрт пуд арпа деп айтыңыз. – Эркебулан Нанайдын Токтогулунун сөзүн оңдоду. Кепке Кудабайдын Асаны аралашты:

— Жакутсары, жигитиңиз кашыңызда олтурат, ат үчүн сураганы үч пуд арпа, бир пудду Медетбек өзү ашырып кошуп бергенин сиз билбейт көрүнөсүз.

Бетине каны тээп, ак жуумал, болпоң жүзү албыра түшкөн Эркебулан башын жерге салып олтурган Жакутсарыга атылчу курч жебедей көзүн кадап, тизесин бир мыкчып алды.

Нанайдын Токтогулу бир калыпта сөзүн улады:

— Экинчи суроо, ошол кезде базарда Торучаар сындуу күлүк аттын баасы канча болгон? Ушул суроолорго жооп алынса, экөөсүнүн баасынын айрымасы тиешелүү тарапка төлөнүп берилсин да, ошондон кийин күлүктүн башы чечилсин.

Нанайдын Токтогулунун мындай сөзүнө Эркебулан башын ийкеп гана сөз кайрыбай олтуруп берди.

Казак меймандарга кайра мал союлуп, тамак асылды. Эми дасторкон толо тамак-ашка да кечээгидей көңүл бурулбай, эки тарап тең кийинки күнкү жолугушууга өз-өзүнчө даярдана башташты.

Эртеси белгиленген убакта дасторкон жайылган үйдөн обочо жыты аңкыган жайлоонун жашыл майсаңына, жаңы журтка тигилген ак өргөөдө Торучаар күлүктүн тагдырын чечээр жыйынга эки тарап кайрадан чогулушту. Кандай чечим чыгар экен деп казганактап каптап келген айыл элин дайындалган жигиттердин тобу обочо сүрүп, тосмолоп, жыйын өргөө тарапка жолотпой, тартипти бек сактап турушту.

Ак өргөөнүн төрүндө кабаттай салынган кош аюу талпак үстүндө Токтогул менен Эркебулан “кана эмесе сүйлөгүлө” деген тейде олтургандарга суроолуу көз ташташты.

Боз үй ичи тымтырс. Ортодон чай кайнам убакыт өтсө да эч ким озунуп кеп учугун үзүктөп баштай албай, анча-мынча шыбырашкан болушуп олтура беришти.

Аңгыча эшик ага катары ак өргөөгө кирип чыгып, меймандардын тамак-ашын, ат көлүгүн ийгерип жүргөн Ташматтын темирди темирге чапкандай өктөм үнү үйдөгүлөрдү селт эттирди.

— Урматтуу агалар, бир чай кайнам убакыттан бери бирөөңөр да лам деп ооз ачпадыңар. Мен жашмын, силердин алдыңарда озунуп сөз баштоого акым да жок. Ошентсе да кечээги айтылган эки суроого жооп камдап келдим эле, уруксат берсеңиздер айтайын. Жок десеңер унчукпайын.

Токтогул баягы Ташмат дагы баштадыбы дегендей ага акырая карады да:

— Сен өзүңө тапшырылган ишти жаса, же бизди карыяларында сөз калбай, эшик ага жигиттери кеп талашып калыптыр деп сөзгө сындыргың келип турабы…

Кепке эртеден бери ойго батып мелтиреп, кечээги таттуу, баптуу сөзүнүн бири жок, суз олтурган Эркебулан аралашты.

— Токо, Ташмат жигитиңиз үнү бийик, көзү тик, тили так, көкүрөктүү, тайманбас эр көрүнөт, айтса айтып көрсүн, жаштын акылы, таштын асылы, кедейдин бакыры баркталган заман башыбызга келатат, бир чай кайнам эч нерсе дей албасак суроого жооп тапкан азаматка кезек берели.

— Болуптур, сиздин бир ооз өтүнүчүңүз анттан күчтүү… Ташмат, бери кирип айтаар сөзүңдү айтып кал, – деп Токтогул алаканын шак-шак эки чапты. Ташмат, боз үйдүн ичинде тегерете жардана олтурушкан калдайган карыялардын ортосуна – коломтонун четине келип сыңар тизелеп олтура калды.

— Урматтуу акелер, баш кесмек бар, тил кесмек жок дейт казак менен кыргызда. Токомдун эки суроосуна берер жообум мындай, ошол кезде атак-баркы билинбеген күлүк аттын мал базардагы баасы бир кадак талкан болгон, ал эми Жакутсары Медетбекке Торучаар атын алмашкан үч пуд арпанын баасы бир башбармактай казак болгон. Ташмат сөзүн, оң колун бийигирээк көтөрүп, теке мүйүз ийилген баш бармагын төрдө олтурган Эркебулан тарапка кесей сүйлөп бүтүрдү.

Бир саамга түзүлө калган тунжураган жымжырттыкты, Эркебуландын онтоо аралаш, өкүнүчтүү, армандуу, алсыз үнү бузду.

— Шылый чапкан курч кылычтын мизиндей ушул жоопту кулагым укпаса деп эртеден бери беймаза олтурдум эле, акыры айтылаар сөз айтылды. Дал ушул сөздү түндө түшүмдө былтыр күздө сексен үч жашында дүйнөдөн көзү өткөн мынабу олтурган Жакутсарынын атасы жайкалган ак сакалын бириндетип ачуулуу, мага беттеп айтканда чочуп ойгонуп, келме келтирип, арбагына багыштап куран окудум эле. Бүгүн болсо минтип, өңүмдө Ташматтан угуп олтурам.

— Токо, биз аттаналы, Торучаар кыргызга, Медетбекке буйруган мал экен, калсын. Ташматты капаатка алба, сөзгө жыгылдык, ал бүгүн атан төөнү алдына тартаар калыс сөзүн айтты. Төөнүн үстүндөгү аштыгы менен Ташматка бергиле. Ал эми Жакутсарынын тулкунан шайтанын айдаар мына мындай беш камчы.

Эркебулан ордунан ыкчам тура калып, капшытта башын жерге салып олтурган Жакутсарыны күтүүсүздөн жон талаштыра колундагы сабына күмүш чабылган булдурсуну менен эки удаа тартып жиберип, а бу дегиче эшик алдында жигиттери суулуктап турган чымкый кара жоргосуна шап минди да, жөнөй берди. Артынан аны менен келгендер да чү коюшту.

Казактар айылдан бир аз узагандан кийин, бирөөсү тигилерден бөлүнүп, мингисин эч максатсыз шөлп-шөлп желдирип таптакыр башка тарапка, атынын жалына өбөктөгөн калыбында кетип баратты. Ал Жакутсары саяпкер эле.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.