Көпчүлүк учурларда зыяндуу азык-заттарды жебесек да, тамактангандан кийин өзүбүздү жаман сезебез. Тескерисинче, баары пайдалуу деген: алма, банан же бир чөйчөк быштактан эмне үчүн ооруп калышыбыз ыктымал?

Аныгында, ар бир азык-заттын жей турган убактысы болот, эмнени качан, канча жегенди билсең баардыгы жайынча болот.

  1. Быштак

Быштакты жатаарда жеген оң, ал жеген тамагыңыздын сиңишин жакшыртат. Эртең менен аны жебей койгон оң. Эгерде суук тийип бат-бат оорусаңыз – ички органдардагы илээшчек былжырды көбөйтөт, андыктан иммунитеттин начарлашына алып келет. Анткени жабышчаак суюктук азык-заттардын сиңимдүүлүгү азаят.

  1. Күрүч

Аны түштө жеген жакшы, себеби организмде зат алмашуу күндүз жакшы жүрөт, анын курамындагы кычкылтек толук сиңет. Жатарда жесеңиз – салмагыңызга салмак кошулат.

  1. Алма

Алманы эртең менен жеген пайдалуу. Анын курамында пектин көп, ал ичеги-карындын иштешин жакшыртат, заңдын катып калышынан сактайт жана зыяндуу заттардан тазалайт. Түнкүсүн пектин тескерисинче, тамактын сиңиришин начарлатып, ашказандагы кычкылдуулукту көбөйтөт. Бул жалпы жонунан дискомфорт жаратат.

  1. Таттуу тамактар жана дессерттер

Бул азыктарды эртең менен жеген оң. Аныгы – кандагы кантты сиңирүү күндүз жогорку деңгээлде жүрөт. А түнкүсүн жесеңиз — салмагыңыз кошулуп, уйкуңуз бузулат, мунун бардыгы дүүлүккөн нерв системасынын таасири.

  1. Банан

Түшкү тамак учурунда жесеңиз – тамагыңыз жакшы сиңип, зарнадан кутуласыз. Түнкүсүн жесеңиз  – былжырдын бөлүнүп чыгышын көбөйтөт. Ачкарын жесеңиз — ичеги-карындын  иштешин начарлатат.

6.Эт

Этти түшкү тамакка колдонгон оң. Ал шашпай сиңет. Курамында белок көп, күч-кубат топтоп, көңүл бурууңду жакшыртат. А түнкүсүн ашказаныңа күч келтирип, уйкуңузду бузат.

  1. Чанактуулар

Бул азык-заттарды жатарда жесең жакшы. Клетчатка көп болгондуктан, тамактын сиңишин жакшыртып, холестеринди төмөндөтөт, уйкуңду жакшыртат. Эртең менен түштө оборду ачып жибергендиктен – ашыкча тамактанып алышыңыз мүмкүн.

  1. Жаңгак

Кечкисин жеген туура. Жаңгак курамында көп пайдалуу заттар бар. Ал – мээнин иштешин жакшыртат. Эртең менен түштө жегенде эффективтүүлүгүн жоготот.

  1. Инжир жана абрикос

Эртең менен эрте жеген түзүк. Ал – зат алмашуу процессин ылдамдатат. Түнкүсүн газ бөлүнүп чыгууну көбөйтүп, ашказандын туура эмес иштешине алып келет.

  1. Сыр

Таң эрте жеген оң. Аны вегетарианецтер эт ордуна жешет. Ашыкча жебесең, салмак кошпойт. Түнкүсүн жакшы сиңбей, ашказанды бузат.

  1. Сүт

Сүттү жатарда ичкен оң. Ал – уйкуңду арттырат. Эртең менен кара жумуш кылбасаңыз же аз кыймылдасаңыз – начар сиңип, ичеги-карындардын иштешин начарлатат.

Интернеттен алып которгон  Абийрбек АБЫКАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.